Негизгиге Ден соолук Күндө жеп жүргөн азыктар эмнеси менен зыян?

Күндө жеп жүргөн азыктар эмнеси менен зыян?

247

Күндө жеп жүргөн азыктар эмнеси менен зыян?

Төмөндөгү азыктар ар бир үйдө кездешет. Аларды күнүмдүк тамак-ашыбызга кеңири колдонуп көнүп калганбыз. Бирок ошол эле учурда бул азыктардын зыяндуу жактары да бар экенин жокко чыгарып болбойт.

Картошка
Картошканы кууруп, сууга бышырып, ботко түрүндө, шорпонун бардык түрүнө кеңири колдонуп келебиз. Картошка 70-80 % крахмалдан турат. Ал эми организмге керектүү болгон белок, клетчатка эң аз пайызын түзөт. Крахмал – көптө сиңе турган зат. Ал ысык суу менен аралашканда клей өңдөнүп калат. Организмге бул зат киргенде жоон ичегиге жабышып көптө сиңет. Жоон ичегиге улам ушундай үлүштөгү крахмал бара берсе ичегинин капталына жабышып, ташты пайда кылат. Ичегинин микрофлорасы бузулуп, керектүү аминокислоталарды иштеп чыга албай калат. Ал эми көпкө туруп калган, сырты жашыл болгон картошкада соланин уусу иштелип чыга баштайт. Мындай азыкты тамакка кошкондо ууланууга алып келиши мүмкүн. Картошканы узак убакытка муздаткычка сактоодо крахмал менен шекердин ортосунда ион алмашуу реакциясы жүрөт. Бул учурда азык кандай түрдө даярдалбасын кандын курамындагы шекерди көбөйтөт. Андыктан кант диабети, ашыкча салмактан жапа чеккендер, бөйрөгү ооругандар картошканы колдонбой койгону оң. Себеби анын курамында калий көп. Ал эми ашыкча калийди оорулуу бөйрөк фильтирлеп тазалаганга үлгүрбөйт.

Эмне кылуу керек? Азыркы учурда жаш, жаңы чыккан картошканы колдонгон жакшы. 100 грамм жаш картошкада 61 ккал бар. Ал эми кышы бою сакталган картошкага салыштырмалуу крахмал 20%га аз. Сырты ак картошкада крахмал азыраак болот. Жаңы картошканын 54-60 пайызын суу түзөт. Картошканы дайыма жеңил салат, жашылчалар менен кошуп жесе тез сиңет.

Шекер
Жүз грамм шекерде 99,8% пайыз углевод болсо, белок менен керектүү майлар жок. Шекер организмге барганда кандын курамындагы глюкоза көбөйө баштайт. Ушул маалда кандын курамындагы глюкозаны жөнгө салып турган инсулин гормону көтөрүлөт. Ал кандан болушунча глюкозаны тазалап чыгарууга аракет кылат. Бөлүнүп чыккан глюкоза жүрөккө, боорго биринчи зыян алып келет. Боорго барган глюкоза менен фруктоза акырындык менен майга айланат. Бул органды май басканда гепатит, цирроз оорусун пайда кылат. Кандын курамында глюкоза көп болгондо анын айлануу процесси жайлап алгач кан басымды көтөрсө, андан кийин жүрөк ооруларын пайда кылат. Адамдын ачка экенин жана тойгонун билдирип турган гормондор болот. Эгерде организмде глюкоза көп болсо бул гормондор баш аламан иштеп калат. Мындан улам адам тойгонун билбей жеп, ачка болбосо деле таттууга көз каранды боло берет. Бул кадам ашыкча салмакка алып келери талашсыз. Шекер рак клеткаларын ойготот. Окумуштуулар бул илдетке кабылган ар бир төртүнчү адамдын канынын курамында глюкоза нормадан көп болгонун белгилешет. Организмде зат алмашуу бузулганда рак клеткалары ойгонуп, тездик менен өөрчүй баштайт.

Эмне кылуу керек? Эгер таттууга жакын болсоңуз, шекерди балга алмаштырыңыз. Фруктозаны күнүнө 20-30 грамм жеп турса жетиштүү. 2 даана алма же 150 грамм кулпунай, он тоголок жүзүм фруктоза менен күнү бою камсыз кыла алат. Кургатылган жемиштен да глюкоза тапса болот. Мисалы, 100 грамм мейиз же кара өрүк бир чай кашык шекерге барабар.

Туз
Адам жылына 10 килограммдын тегерегинде туз колдонот. Анын курамындагы натрий организмдеги суунун балансын кармап туруу үчүн керек. Организмге күнүнө 1 грамм натрий барса жетиштүү. Туздун курамында натрийден башка эч кандай пайдалуу зат жок. Натрий организмде жетиштүү өлчөмдө болгондо гана тең салмактуулук сакталып турат. Ал эми көп өлчөмдө болуп кетсе ашыкча сууну сыртка чыгарбай, клеткаларда жана кан тамырларда кармап калат. Ошол себептен адам шишип, салмагы чоңоёт, кан басым көтөрүлөт. Туздан көбүнчө бөйрөк жапа чегет. Себеби, организмдин 60% суудан турат. Туз көбөйгөндо бул суунун тиешелүүсү сыртка чыкпай клеткаларда, бөйрөктө кармалып калат. Бул учурда орган канды фильтирлөөгө күчү жетпей кыйналат. Ал эми натрийдин көптүгү түздөн түз жүрөккө зыянын тийгизет. Жүрөктүн булчуңу жыйрылып ооруп приступка жеткирүүсү мүмкүн. Мындан тышкары туздун көптүгү аллергияга алып келет. Теринин кызарып, кычышкан жерлеринде натрий топтолуп калат.

Эмне кылуу керек? Биз сейрек колдонгон азыктардын курамында да натрий бар. Мисалы, балык, селдерей, сарымсак, алма уксусу, лимондо жана анын ширесиндеги натрийди колдонсо болот. Адам тузга эмес натрийге муктаж болгон үчүн туздуу тамак жейт. Жогорудагы азыктарды рационго кошуп, тамакты алгач тузу кем жегенден баштаса болот. 15-30 күн аралыгында адам тузу кем тамактан тузу жок тамака өтө алат.

Майонез
Салатты даамына чыгарган соус ар бир кожойкенин ашканасында бар. Бул азык ашыкча салмактан жапа чеккендер үчүн зыян. Себеби, 100 грамм майонезде 600 калорий бар. Бул калорийди сиңирип жок кылуу үчүн адам орточо ылдамдыкта 50 мүнөт чуркоосу керек болот. Калориясы төмөн майонездер болот. Бирок ага өсүмдүк майынын ордуна желатин, эмульгатор жана коюулатуучу химиялык каражаттар кошулат. Зыяндуу консерванттар биринчи кезекте боорго күч келтирет. Анын иштөө функциясын жайлатат. Ал эми соуска жыт бере турган кошулмалар ашказан чел кабыгын сезгентип жара пайда кылат.

Эмне кылуу керек? Майонезди ашыкча кошулмалары жок, каймак, жумуртка, май менен үй шартында жасоо керек. Же болбосо майлуулугу аз каймакка чеснок, укроп кошуп зыянсыз соус жасаса болот. Ал эми эттин бардык түрүн маринаддоодо бул азыктын ордуна лимон уксусун же кызыл шарап колдонсо пайдалуураак. Салат жасаганда бирдей өлчөмдөгү каймак менен айранды аралаштырып кошсо даамы мыкты, ошол эле учурда ден соолукка зыяны жок соус болот.

Йогурт
Бул азыкты адатта эртең менен колдонобуз, балдарыбызга үзгүлтүксүз сатып беребиз. Бирок анын курамындагы жасалма лактоза ичегилердин сезгенүүсүнө алып келгенин билбейбиз. Ичеги сезгенгенде адамдын заңы өзгөрүп, ичи көбүүсүнө алып келет. Жер-жемиш кошулмасы бар йогурттка көп учурда жемиштин өзүн эмес эссенциясын кошушат. Бутилацет деп аталган кошулма ачкарын ашказанга барганда анын былжыр челин сезгентип жараны пайда кылат. Кээ бир йогурттарга узак мөөнөткө чейин тоңдурулган жемиштер кошулуусу мүмкүн. Ал эми сатыкка чыккандан кийин сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн химиялык заттар кошулат. Мындай йогуртту жегенден кийин ооздун ичинде кычкылдуулук пайда болот. Ал шилекей аркылуу кызыл өңгөчтү, ашказанды сезгентет.

Эмне кылуу керек? Диетологдор йогурттун ордуна катардагы айранды колдонууну сунушташат. Ал эми үй шартында йогурт жасоо үчүн аптекадан даяр уюткуну сатып алсаңыз болот. Йогурт үчүн өтө ысык, майлуулугу 3,5 %дан ашпаган сүт колдонуу керек. Айран уюткан ыкманы эле колдоносуз. Даяр болгон йогуртка жемиш даамын бергиңиз келсе кулпунайды же малинаны блендерден өткөрүп, чыпканын жардамы менен ашыкча дандарын иргеп алып йогуртка аралаштырып жесеңиз болот.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here