Негизгиге Аялзат жана карьера Жамал Сейдакматова: 80 жаштын артыкчылыгы менен кошо кемчилиги да бар экен

Жамал Сейдакматова: 80 жаштын артыкчылыгы менен кошо кемчилиги да бар экен

99

Жамал Сейдакматова: “80 жаштын артыкчылыгы менен кошо кемчилиги да бар экен”

Бүтүндөй өмүрүн чыгармачылыкка арнап, үзүрлүү эмгегинин арты менен Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты аталып, «Туңгуч» театрын негиздеген залкар инсан Жамал Сейдакматова быйыл 80 жашка толду. Ушул жашында да жумушсуз тура албаган актриса учурда саламаттыгын чыңдап жаткан кези экен.

Дарыланып жаткан экенсиз. Ден соолугуңуз жакшыбы?

— Рахмат, азыр жакшы болуп калдым. Ушуга чейин ден соолугумдан маселе жаралчу эмес эле. Жөн эле доктурга бир көрүнүп алайын деп кайрылсам анализдерим начар чыгып, жүрөгүмдө бир аз илдет бар экени аныкталды. Он күн дарыланып жатпасаңыз болбойт дешкенинен көндүм. Азыр үйгө чыктым.

Буюрса, күз айларында 80 жылдык мааракеңиз өткөнү турат. Иш-чарага даярдыктар азыртадан көрүлүп жатса керек?

— 23-27-сентябрь күндөрү Ош шаарында Эл аралык “Арт-Ордо” деген театрлардын фестивалы өтөт. Бир нече өлкөдөн, өзүбүздүн жети облустун театрлары катышкан ошол фестивалды менин сексен жылдыгыма арнашыптыр. Көлдүк туугандар да мааракени белгилейбиз дешти. Андан кийин Филармонияда мамлекеттик деңгээлде сексен жылдыгым белгиленет экен. Бул мен үчүң чоң сыймык. Эмгегимди элим, мамлекет баалап жатканына кубанам.

Азыр деле киного тартылып жатасызбы?

— Жакында эле Султан Раевдин “Күн акыркы” деген тасмасында башкы ролду ойнодум. Бет ачары күз айларында болот. Алматыда тартылган “Талан” деген тасмага тартылдым. Азыр да казактардын бир киносуна тартылып жаткан кезим. Тынымсыз эле иштеп жүрөм, көп учурда спектаклдердин үстүндө иштөө менен алекмин.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Сексенге чыксаңыз да анча-мынча жаштардан көп жумуш бүтүрөт экенсиз. Энергияны кайдан аласыз?

— Сексен жаштан кийин басып-өткөн жолуң өзүнчө эле тарых болуп калат экен. Артка кылчайсам жашоомдогу көп нерсе көз алдыма тартылат. Карылыктын бир кемчилиги, ден соолукту алат тура. Ушул күнгө чейин ар бир аткарган ролумду жатка билем, бирок күнүмдүк тиричиликте унутчаак болуп баратам. Телефон, ачкыч, капчык дегендерди көп жоготчу болдум. Кудайдын ушунусуна да шүгүр. Ден соолук буюм эмес да, сандыкка салып койсоң жүз жылдар бою сакталып тургудай. Ошого карабай мен дайыма кыймылда жүрөм. Йога менен машыгам. Абышкам 84 жашка чыкты. Экөөбүз шаардын борборундагы сейил бактын жанында жашайбыз. Күндө эртең менен жетиде туруп алып сейилдейбиз. Ошол жакта машыга турган шаймандар орнотулган, ага машыгабыз. Көнүгүүлөрдөн кийин өзүмдү кадимкидей сергек, жеңил сезип, муундарым жумшарып жыргап калам. Жашоого жайдары карайм. Дайыма күлүп, жылуу маанайда жүргөндү адат кылгам. Бул да болсо жан-дүйнөнүн тынчтыгы үчүн жакшы жардам берет. Өзүм башынан эле майлуу тамактарды көп жебейм. Азыр деле бат-баттан аз өлчөмдө тамактанып турам. Жашың өйдөлөгөн сайын мүнөздөп тамактанганга өтөт экенсиң. Азыр абышкам экөөбүз дем алыш күндөрү шаардын сыртындагы үйгө барабыз. Муздаткычка тооктун, уйдун этин салып коюп четинен кайнатып жеп жата беребиз. Кобурашып чай ичебиз. Мындан өткөн бактылуу карылык, ырахат барбы?

Уул-келиниңиз өзүнчө турушабы?

— Ооба, алар өз оокатын кылсын деп башында эле чечкенбиз. Карыганда тынчтыкты каалап калат экенсиң. Анын үстүнө мен келин кайненеге кызмат кылыш керек деп стандартка салбаган кайненемин. Өзүнчө жашаганы менен, эки күндүн биринде келип турушат. Неберелерим келип үй тиричилигине жардам берет. Калган оокатымды өзүм эле кылам. Мага даяр, жеңил жашоо кызыксыз. Сырттан үшүп келип жылуу үйдүн ырахатын сезгенди жактырам. Ачка болуп келип ысык чай ичип тамактангандын ырахатын сезгим келет. Карыдым деп эле өзүмө бирөөнү милдеттендирип байлагым келбейт. Өз алдынча болгонго бала кезимден көнгөм.

Келиниңиз да чыгармачыл адам эмеспи. Башында оңой менен аны кабыл албаганыңыз чынбы?

— Асел менин жаш кездеги көчүрмөм. Мүнөзү, жүрүм-турумун өзүмө аябай окшоштурам. Уулумдун биринчи никесинен эки баласы бар. Балдарынын апасы менен оту күйүшпөй жүргөндө Асел менен табышып бири-бирин жактырышкан экен. Ооба, башында экөө баш кошобуз дегенде сестенгеним чын. Бирок ал мага жакпаганы үчүн эмес, неберелерим атасыз өспөсүн, үй-бүлөсү бузулбасын деген эле ниетим болгон. Тагдырдын жазганынан эч ким кутула албайт да. Нике кайып экен, экөө баш кошуп эки балалуу болушту. Келинимдин улуу неберелериме да мамилеси жакшы. Уулум эки жакка тең карайт. Балдары дээрлик Нурбектердин колунда. Жашың өйдөлөгөн сайын баланын баркын билип калат экенсиң. Убагында театр, жумуш деп жүрүп кээде балдарыма аябай жакшы эне, жолдошума мыкты жубай боло алдымбы деп ойлонуп кетем. Азыр анын баарын неберелериме кылып жатам. Кичүү неберем Сезимди жанымдай көрөм. Кучактап калса ичим эзилип, эреркеп кетем. Учурда уул, кызымдан алты небере көрдүм.

Убагында театр, чыгармачылык менен жүрүп эки бала менен чектелип калганыңызга өкүнөсүзбү?

— 22 жашымда актёр Болот Шалтаевге турмушка чыккам. Уулубуз Нурбек 7 жашка толгондо атасы оорудан каза тапты. Садырбек менен таанышканда ал шаардык кеңештин, мен райондук кеңештин депутаты болчумун. Жылдызыбыз келишип баш коштук. Ажар аттуу кыздуу болдук. Кудайыма шүгүр, бүгүнкү күнгө чейин бактылуу турмуш кечирип келатабыз. “Уркуя” тасмасына тартылганы Баткенге барганбыз. Ошол жактан ичимди кокустатып алып боюмдан түшүп калды. 3-4 айлык кези, кыз бала болчу. Ичим ачышып кала бердим. Андан кийин да “Ак боз ат” спектаклинде Эркайым деген байдын чиренген кемпиринин ролун аткарып жаткам. Боюмдагы бала ай-күнүнө жетип калган. Ролдо кемпир бешикти тоголото тээп салган жери бар. Ошол бешикти тээп жатканда эле “боюмда бар эмеспи, теппей эле койсом болмок” деп ичимден өкүнүп калдым. Ошол эле күнү балам боюмдан түшүп калды. Бул эки учур менин жашоомдогу трагедия болуп калды. Жеңил ойлуулук кылганым үчүн бул да болсо тагдырдын жазасы деп кабыл алдым. Башымдан өткөн оор күндөрдө жолдошум дайыма таяныч-тирек болуп келди. Кесибимди сүйөрүмдү билгендиктен, кыйынчылыктарга карабай азыркыга чейин колдоп келет.

Бир убакта жолдошум катуу тартипте кармады деген элеңиз. Азыр карылыкка моюн сунуп, мүнөзү жумшарса керек?

— (Күлүп) Садырбек жашоодо мүнөзү бир аз орой. Айтайын деген оюн кандай болсо ошондой балп эткизе айтып салат. Ошол эле учурда жүрөгү таза, чынчыл, принцип менен жашаган адам. Карыганда бир туугандай эле болуп калат экенсиң. “Туңгуч” театрын түзгөн күндөн баштап мага арка-жөлөк болуп келет. Убакыттын өтүшү менен мүнөзү жумшарды. Казан-аяк кагышкан учурда аял киши көтөрүмдүү болгону жакшы. Мисалы, менин жумшактыгым бар. Тил алчаак аялмын, ошол эле учурда өжөрлүгүм да кармап кетет. Азыр телевизорду талашып көрүп калабыз. Мен кино көргөндү жакшы көргөндүктөн көбүнчө пульт менден артпайт.

Турмуштук тажрыйбаңыз бай эмеспи. Артыңызда келе жаткан муунга кандай кеңеш бересиз?

— Чыдамкай болуш керек. Кандай кырдаал болбосун, кыйынчылык тоорубасын, баарын чыдамкайлык менен жеңиш керек. Башыңа канчалык оор жүк түшкөн сайын ошончолук өжөр болуш керек экен. Бир ишкер көп суммадагы насыя алып банкрот болот экен. Банкка акча төлөй албай айласы кеткенде атынып өлмөк болуп мылтыгын октойт. Өлөр алдында акыркы жолу күндүн нурун көрүп калайын деп көчөгө чыгат. Эки-жакты карап турса ары жактан “караңызчы, күн кандай сонун тийип турат” деген үндү угат. Үңүлүп караса, белине чейин чолок киши арабага отуруп тийип турган күнгө суктанып жатат дейт. Ошондо тиги ишкер: “Бул киши ушунча болуп шүгүр кылып жатат, алты саным аман мен атынып өлөмбү?”- деп арданып иштеп, баягы оор кырдаалды жеңген экен. Анын сыңары, башка кандай мүшкүл иш түшпөсүн, баарын чыдамкайлык менен жеңсе болот.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here