Негизгиге Интервью Керим Турапов: Мага кыянаттык кылгандар жакшылык көргөн жок

Керим Турапов: Мага кыянаттык кылгандар жакшылык көргөн жок

116

Керим Турапов: «Мага кыянаттык кылгандар жакшылык көргөн жок»

Кыргызстандын алтын үнү, Кыргыз Эл артисти Керим Тураповдун “Бишкегим”, “Туулган жер”, “Айылга кат” деген чыгармаларын жакшы көрбөгөн жан болбосо керек. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору, маданиятыбызга орчундуу салым кошуп келе жаткан каарманыбыздын жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

Керим ага, учурда театрды оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жаткан экен…

— Оңдоо иштери июль айында башталган. Дагы эки айлык жумуш бар. Себеби театр буга чейин мындай оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Абалы аябай начар болчу. Шыптан суу тамып, полу кагжырап калган бөлмөлөр бар. Биз азыр дээрлик баарын оңдоп-түзөп жатабыз. Мен жетекчи болуп келгиче президентке “театр оңдолгон” дешиптир. Келсем мурдагыдай эле абалда экен. Сырты, кире бериши бир аз оңдолуптур. Мен өкмөткө кайра кайрылып бул жайдын абалы начар экенин айттым. Ошондо чоң консилиум түзүлүп, текшерилип, чын эле театрды оңдош керек экенин өздөрү көрүп ынангандан кийин каражат бөлүндү. Буюрса, ушул жаңылануу көп жылга чейин жетет. Мен убагында Филармонияны жетектеп турганда толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөргөм. Ошол абалында азыркыга чейин кызмат кылып, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын баары ошол жайда өтүп жатпайбы.

Бирок ошого карабай ал жайды жетектеп турганыңызда сизди “мамлекеттин акчасын жеди” деп айтып чыгышты эле…

— Ал учурда ШОСко даярдыктар башталган. Филармония убактылуу оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Каржы, акчага байланышкан иштерди президенттик администрациянын жетекчиси ыраматылык Медет Чоконович (ред.Садыркулов) колго алган. Жумушту убагында сапаттуу бүтүрөлү деп эки сменде иштегенбиз. Душман алыстан келбейт экен. Жанымда жүргөн достордун ичи тардыгынан эле болду. Убагында Адахан Кимсанбаевич экөөбүз аны депутат кылдык, министрге чейин көтөрдүк. Биздин колдообуз менен чоң-чоң кишилер менен алака түзүп, коюн-колтугуна кирип, дагы көтөрүлдү. Ал жигит – Ибрагим Жунусов болчу. Экөөбүз бир аз айтыша кеттик эле, артымдан текшерүү жөнөттү. Абийирим таза болгондуктан “билгениңди кылып ал” дедим. Эсеп палатасынан текшерүү жөнөтүп, алар кынтык таба алган жок. “Мындай жарабайт, Керимдин кармай турган ишин тапкыла”,- дептир. Алар “мыйзам буза албайбыз” деп баш тартышыптыр. Ошондо жеке аудиторлорду жалдап, коллективден айрым адамдарга “наам алып берем” деп кызыктырып, мага каршы тукуруп баштады. Кийин уксам мага мыйзамсыз иш баштаган аудитор да, мага каршы арыз жазган коллективдеги киши да каза болуп калыптыр. Экөөнүн өлүмү Ибрагим Жунусовдун абийиринде.

Азыр ал адам менен мамилеңиз кандай?

— Азыр көрүшкөн жерден чуркап келип учурашат, бирок мен жаныма жакын жуутпайм. Кандай адам экенин билип калдым. Кийин деле мамилени оңдогонго ортого киши салып жүрдү. Макул болгон жокмун. Мүнөзүм ушундай.

Кызматтан кеткенден кийин он жыл аралыгында эмне менен алек болдуңуз?

— “Бета Сторестин” президенти Юсуф Бей досум болот. Мен жумушу жок калганда өзүнө кеңешчи кылып алган. Кылган деле оор жумушум жок, кычыраган кабинетте отурам, алган айлыгым беш миң доллар. Ошого татыктуу иштеп, кызмат кылайын десем андай деле жумуш табылбады. Маянамды актай албай аткандай жүрөгүм өйүп жаман болуп жүрдүм. Эки жыл иштедим дагы, “досум, сага эки дүйнөдө ыраазымын” деп кете бердим. Себеби даяр оокатка, ашыкча мүлккө алкымымды агытып көнгөн эмесмин. Өмүр бою таман акы, маңдай терим менен акча таап келдим. Дагы бир себеби, ал жакта иштеп жатканымды Ибрагим угуп, Юсуф Бейге чыгып “кызматтан кетир” дептир, Юсуф “ал менин жакын досум” деп көнбөптүр. Мен кызматтан кетсем тынч уктасын, санаасы тынсын деп ал ишти да тапшырып бергем. Бул аралыкта чыгармачылыгымды уланта бердим, элдин жакшылыгында, иш-чараларда ырдап жүрдүм. Кайрадан кызматка чакырып иштеп бер дешти. Ошентип, жыл жаңырганда бул жайга жетекчи болуп келдим.

Чыгармачылыгыңыз жөнүндө айтып берсеңиз. “Туулган жер” ырыңыз шаарда жашаган айылдык жигиттердин гимнине айланып калган эле, эми анын ордун “Айылга кат” ырыңыз басты. Бул эки керемет чыгарманын өз жашооңузга тиешеси барбы?

— Мен беш бир туугандын кичүүсүмүн. Биринчи Оштогу музыкалык окуу жайга тапшыргам. Ортодон аскерге барып кызмат кылып, кайра келип окуумду уланттым. Бир жылдан кийин үйлөндүм. Борборго келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун даярдоо курсуна тапшырдым. Жаңы тирилик болуп эч кимден эч нерсе сурабай оокат кылдык. Жайкы эс алууда балдар үйлөрүнө барып эс алып, апалары баштыгына салып берген айран, сүт, каймагын көтөрүп келишет. Энелери узатканын көрүп бала кезим эске түшүп, көкүрөгүм ачышып, ичим уйгу-туйгу болуп чыкчу. Себеби апамдын көзү өтүп кеткен, үйдө жалгыз эле атам жашачу. Ээн калган үй, жалгызсыраган атам зээнимди кейитчү. Окуумду таштап, жанына барайын десем өзү да, туугандарым да “окушуң керек” деп көнүшкөн жок. Каникулдан айылга баруу мен үчүн оор эле. Ошол жылдары “түндүгүнөн түтүн булатып, апам жапкан нанды сагындым” деп ыр жаздым. Көкүрөгүмдө айылга, ата-энеге болгон кусалык азыр деле калган. “Айылга кат” деген чыгарманы жаратардын алдында досторум менен айылга бардык. Бозоруп, бек турган үйүмө бардым да, бир сыйра короо-жайды айланып чыгып кеттим. Дагы турсам көкүрөгүмдөгү кусалык санаага салчудай. Досторум абалымды айттырбай түшүнүштү окшойт. Айылды аралап карасам, меникиндей бозоруп, кароосуз калган үйлөр көп экен. Ырдын идеясы ошондо пайда болгон. Үйгө келгенде кабинетимде ноталар түшүрүлгөн толтура сары барактар бар эле. Арасынан жарымы айрылган эски барак көзүмө урунду. Автору жазылбаптыр, “эски там ээн турат кыштагыңда…” деген саптарды окуп баштаганда эле ички туюмум “ушул ыр” деди. Обонго салып келинчегиме ырдап берсем, көзү жашылданып ыйлап жатат. Анын да үйү айылда ээн калган да. Демек, жакшы чыгарма болот дедим да, толугу менен иштеп чыктым. Кийин бул ырды укканда көп адам жашып ыйлаганын көрдүм. Бир чети алардын талуу жерин тырмап жатканыма ыңгайсыз болуп кетем.

Демек, биринчи сынчыңыз жубайыңыз экен да?

— Менин чыгармачылыгымдагы ийгиликтеримдин көбү жубайымдын аркасы менен болду. Экөөбүз Ош шаарындагы окуу жайга экзамен тапшырганы барганда таанышканбыз. Убагында мугалимдер Салиянын музыкалык жөндөмүн, талантын жогору баалашкан. Чыгармачылыкка кетсе чоң ийгиликтерди жаратмак. Бирок ал өзүн үй-бүлөгө арнады. Убагында КТРКда иштеген. Кийин ал жумушунан чыгып алды. Мен эч качан аялымды иштебе деп тыйган эмесмин. Тескерисинче, “кааласаң иште, кийин иштебей калдым деп мага таарынба” десем, “мага үй-жай күткөн, неберелерди баккан жагат” деди. Ал кылган жумушунан ырахат алса, бери жакта карап отуруп мен да кубанам.

Уул-кызыңыз сиздин жолду жолдодубу?

— Кызым Айтурган менин жолумду жолдоду. Пианинодо ойнойт, Консерваторияны бүткөн. Уулум Канат башка тармакка кетти. Учурда экөө тең үйлөнүп-жайланып, бизди үч неберелүү кылышты. Азыр Салия экөөбүздүн жыргалыбыз – ошолор. Небере дегенди канча жыттасаң да тойбойт экенсиң. Жумушка кетип баратканда “чоң ата, жумуштан эрте келиңизчи” деп узатышат.

Сиз кандай ойлойсуз, аз балалуу болуп, сапаттуу жашоо түзүп берген оңбу же өп-чап болсо да көп балалуу болгон жакшыбы?

— Жогоруда жубайым экөөбүз шаарга келгенде кыйналдык дебедимби. Тун балам жаңы төрөлгөндө стипендиямды жеткире албай түнкүсүн кароолчу болуп, таң атпай короо шыпырып, уулума сүт алып келип коюп сабагыма кетчүмүн. Ошол кезде кыйналганда “бир уул, бир кыз жетет” деп туура эмес тилек кылып койгон экенмин. Негизи, эки уул, бир кыздуу болгонбуз. Улуу балабыз кичинесинде чарчап калган. Кийин жакшы жашоого жеттик. Уулум Канат экөөбүз өз колубуз менен ар бир кышты кынаптап коюп үй салдык. Ошондо бул бөлмөгө кыздарым, бул жагына уулдарым жатат деп жакшы тилек менен салгам. Бирок Кудай бизге башка бала берген жок. Ошондон кийин сөздү дагы этияттап сүйлөш керек экен деп калдым. Азыр ойлосом жок дегенде эки уул, эки кызым болуш керек эле. Бул да болсо буйрук экен. Азыр эми уулум менен кызыма мени көп неберелүү кыласыңар деп тапшырма бердим. Кудайым буюрса, неберелеримди чурулдатып кичи автобуска салып алып жер кыдыртып ойнотуп, жаратылышка алып чыгып эс алдырып, ырахатын таткым келет.

Талапты катуу койгон жетекчи окшойсуз, үйдө да бул сапатыңыз барбы?

— Ооба, андай сапатым бар. Бүт жерде тартипти, тазалыкты жакшы көрөм. Кичинекей бир кемчилик көзүмө көрүнсө тынчтык бербейт да. Бул жаман адат экен. Ширеңкенин талы жатса да беймаза болуп кетем. Башкаларга эле талап койбостон, өзүм да ошого жооп бере алам. Эркекке тиешелүү бүт ишти жасайм. Өзүбүзгө ылайыктуу чарбабыз бар. Жумуштан барганда ал жакты иреттеп, кыймылда болгондон ырахат алам.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here