Негизгиге Интервью Айымкүл Аманбаева, апасы: Балам келгенде ырдап , бир жылдык бугубузду чыгарып алабыз

Айымкүл Аманбаева, апасы: Балам келгенде ырдап , бир жылдык бугубузду чыгарып алабыз

144

Айымкүл Аманбаева, апасы: «Балам келгенде ырдап , бир жылдык бугубузду чыгарып алабы»

Шоу-бизнестин көрүнүктүү ырчысы Гүлжигит Сатыбеков чыгармачылыкка түйшүк менен келгенин айтып келет. Башынан кандай кыйынчылык өтсө да, ата-энесине үн катпаган ырчынын апасы уулу тууралуу айтып берди.

Айымкүл эже, беш уул, бир кыздын энеси экенсиз, Гүлжигит канчанчы уулуңуз?

— Өзүм үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан, үйдүн да, сырттын да жумушун кылчумун. Ошондо “эркек балдары көптөргө жакшы болсо керек, алар эр жеткенде үйгө келинчек алып келишет, анан алардын аялдары үйдөгү жумуштарды кылышат” деп ойлоп, көп уулдуу болгум келчү. Кудай тилегимди берип, мага беш уул берди, кыздан да куру кылган жок. Гүлжигит менин экинчи уулум. 3-курста окуп жүргөндө аны Ошто төрөгөм. Ошондо Гүлжигиттин чоң энеси Ошту көрбөсө дагы Сулайман-Тоо тууралуу уккан да, атын Сулайман коёбуз деп чыккан. Дагы бир кайнагам “менин кара-суулук бир досум бар, аябай жакшы ырдачу эле, ошондой ырчы болсун” деп аты Гүлжигит болуп калган. Уулум төрөлгөндө атасы достору менен Аксыдан Ошко төрөтканага барып “жуушуп”, үйдөн мага салып берген оокаттарды бербей кайра көтөрүп кетиптир. Эртең менен кайненем турса бир түйүнчөк жатат дейт. Караса, менин буюмдарым менен кошо доктурларга арналган белектердин бардыгы кайра келиптир.

Эмне себептен уулуңуз таенесинин колунда тарбияланып калды?

— Кыргызда “эшигин ачып турат” деген сөз бар эмеспи, апамдын уул баласы болбогондуктан, “Гүлжигитти уул кылып алам, менин үй-жайымды карап артымда калат” деп андан улуу балам болсо деле негедир ушул небересине көңүлү түшүп, бир жашынан баштап багып калган. Анын үстүнө өзүм да студент болгонго ойлонбой эле берип койгом.

Атасы да каршы болгон жокпу?

— Гүлжигиттин атасы ак көңүл, ичинде кири жок, бирөөгө жамандык каалабаган адам. “Таенеси мугалим эмеспи, буюрса, уулума жакшы тарбия берет” деп турчу. Апам мектепте мугалим болуп иштеген кыйын аял эле, абдан катаал да болчу. Ал окубаган китеп калган жок окшойт. Гүлжигиттин китепти көп окуганы, сөзгө маани бергени ошондон болсо керек. Жумушка да бышып чоңойду. Үйдө таенеси экөө эле жашагандыктан, эшиктин да оокатын кылып, үйгө кирип гүлчөтайдан бери жасачу.

Сиздерге боор бербей алыс болуп калган жокпу?

— Жок, антпеди. Себеби биз бир эле айылда жашачубуз да. Үчүнчү уулумду төрөгөндөн кийин сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, айылыбыздагы мектепке мугалим болуп жумушка орношуп алгам. Күнүгө мектепке баратканда бир, келатканда бир тийип турчумун. Тамак жасаганда берип жиберем, кийимдерин жууп берем, айтор, үйлөрүбүз жакын болгонго биз менен аралашып эле чоңойду.

Кичинекей кезинде шок бала болгонун айтып калат го, кандай кылыктары эсиңизде калды?

— Апамдын катуулугуна карабай Гүлжигит жеткен тентек бала болчу. Өзгөчө өткөөл куракта үйгө турбай таенесин көп күйдүрдү. Андайда апам: “Балаңды алып кет, мен башкара албай калдым”,- дечү. Алып кетели десек таенесине көнүп калганга кетчү эмес. Кайнатам чабан эле. Алты жашында чоң атасы менен мал кайтарып жүрүп бир маалда кыйкырып ыйлап калыптыр. Атасы коркуп кетип атын чаап барса: “Мени карышкыр келип жеп койду, анан мен ичин жарып чыгып кеттим”,- деп ыйлаптыр. Ошондо кайнатам “артист болот го” деп күлүп келген. Жок жерден оюнан чыгарып ушинтип калп да айтып ийчү.

Балаңызга ырчылык талант ким тарабынан өткөн?

— Менин балдарымдын канында бар, баары эле ырдашат, бирок эл алдына чыкканы Гүлжигит эле. Кайнатам жамакчы болгон, отурган жеринен бирөөгө ыр чыгарып, түрдүү обонго салып ырдап жиберген адам эле. Кайнагам да комуз менен ырдайт. Бул өнөр тайларында да бар. Гүлжигит мектепте окуп жүргөндө үй жыйнап жүрүп шырдактардын астына, шкафтын үстүнө катып койгон ырларын таап окуп калчумун. Кээ бир ырлардын бир сабы бар, экинчиси жок чалды-куйду болсо, айрымдары толук болчу. Мен уулумдун ырчы болгусу келерин анда билген эмесмин, жөн гана хоббиси экен деп ойлочумун. Онунчу классты аяктап жатканда бир дептер толо ырлары бар экен, аны атасы райондук “Жаңы турмуш” гезитине берип, бир ыры чыккан. Ошол кезде жазган ырларына азыр да обон чыгарып жатат.
Гүлжигиттин айылга концерт коюп келген артисттерди үйгө чакырып келип чай берген адаты бар эле. Көрсө, балам өзүнчө алардан колдоо күтүп, ошолордой ырчы болууну кыялданып жүрчү экен. Бир баланын аккордеон ойноп жатканын көрүп кызыгып, сумкасын аккордеон кылып чертип ойночу. Үйрөтүүнү суранса “сенин тукумуңда эч ким чертпейт, убара болбой эле кой, баары бир үйрөнө албайсың” деп коюптур. Ошол сөзүнө намыстанып бирөөнүн үйүнө күнүгө барып жүрүп үйрөнгөн. Бирок уулум чыгармачылыктан башка математика, физикадан да кыйын болчу, спортко да жакын. Ошондуктан дене тарбия жаатына окууга тапшырган.

Уулуңуз ырчы болуу үчүн көп кыйынчылыкты башынан өткөргөнүн айтып жүрөт. Булардан сиздин кабарыңыз бар беле?

— Биз Гүлжигиттин ырчы болуп чыгуусун ойлогон эмеспиз. Жогорку окуу жайды аяктап келип эле күтүүсүздөн айылыбыздагы клубга жумушка кирип алган. “Эгерде ырчы болгуң келсе мурдараак айтып, ушул жаатта билим албайт белең”,- деп каршы болгонбуз. Ага деле болбой Дөөлөт Мадымаевдин иниси менен айылдарга концерт коюп да жүрүштү. Анда да биз: “Артист болуп кетет окшойсуң, таенеңди кара”,- деп алып келип койгонбуз. Мектепте дене тарбия мугалими болуп иште десек болбой клубда иштеп жүрдү. Кийин таенесинин көзү өткөндө багындагы алмаларды сатып акча кылды, биз да кичине тыйын-тыпыр кошуп берип, ошону менен Бишкекке кеткен. Ыр жаздыруу үчүн ал акчасы кайдан жетмек эле. Достору менен Өзгөнгө барып жаңгак терсе, анысы сатылбай ошол жерде калып көп эле кыйынчылык көрүптүр. Бизге алардын бирин да айткан эмес. Жакында эле Бишкекке барып, Гүлжигит экөөбүз бир көчөдө баратсак: “Ушул арыктарды казып, суу түтүктөрүн киргизгенбиз, мобул жолдорду оңдогом, жата турган жерим жок ушул жерлерге жатып иштегем”,- деп айтып берип жатпайбы. Биз болсо балабызды бир кафеде музыкант болуп иштеп жүрөт деп ойлогонбуз. Негизи эле балам көп нерсени айта бербейт, сурообузга “ооба” же “жок” деп эле жооп берет. Айылдан кеткенден кийин эки жыл өткөндө үй телефонуна чалып: “Бүгүн мен сыналгыга чыгам”,- деп кудуңдап айтты. Алгачкы жолу “Айбийке” деген ыры менен чыкканда, сүйүнгөнүмдөн ыйлап отуруп уккам.

Уулуңуз гастролдо көп жүрөт, сиздерге кайсы убакытта барып турат?

— Азыр көбүнчө тойлорго келет, ошондо үйгө тийип турат. Кээде эки-үч айлап деле көрбөй калабыз. Бирок 2-январь атасынын туулган күнүнө калтырбай келет. Гүлжигит келгенде баарыбыз чогулуп ырдап, бир жылдык бугубузду чыгарып алабыз. Карындашы менен агасы ырдаганда Гүлжигит: “Булардын жанында менин ырдаганым кыйын болуп атыры го”,- деп күлүп калат. Жайкысын Аксыдагы жети мазарга барабыз. Кайсы убакта келбесин сөзсүз таенесине куран окутат. Кээде эс алууга досторун кошо ала келет, жайкысын биздин үй мейманга толот. Уулум аркылуу ырчылар менен тааныштык, менин колумдан чай ичпеген ырчы калган жок окшойт

Небереңиз чоңоюп калдыбы?

— Ооба, неберем сегизинчи класска көчөт. Баскан-турганы, аз сүйлөгөнү, спортко жакындыгы, баары атасыныкы. Азыр жыйырма чакырым алыстыкта жайгашкан таенесинин үйүндө. Окуу башталганда Ошко кетет, себеби мектеби ошол жакта. Каникул учурунда, чоң атасынын туулган күнүндө келип турат. Күнүгө телефон же вотсап аркылуу сүйлөшүп турабыз.

Уулуңуздун үйлөнүү тоюн күтүп жатсаңыз керек?

— Ооба. Качан үйлөнөсүң десек, жаз, күз дейт. Улам сурай бергенибизден “апам качан айтып жиберет” деп безилдеп турат. Мурда чыгармачылыгымды өнүктүрүп алайын дечү эле, эми болсо “болуптур, апа” деп коёт. Мен балдарыма “өзүңөр каалаганыңарды алып келгиле. Силерге жакканы, мага да жагат” деп айтам.

🖊️ — Айгерим Токтобай кызы

 

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here