Негизгиге Ааламда Аскадан кулаган Сүймөнкул Чокморов

Аскадан кулаган Сүймөнкул Чокморов

98

Аскадан кулаган Сүймөнкул Чокморов

Кыргыздын жүзү болгон актёр тубаса бөйрөк оорусунан жапа чеккен. Бирок ден соолугун чыңдап, спорт менен машыгып бул дартты жеңүүгө аракет кылып келген. Ал көп ролдорун каскадёрсуз аткарган. “Жалаң эр-азаматтар” деген тасмага тартылып жатканда аскадан кулап кеткен. Ооруканадан доктурлар актёрдун башы менен урунганын, баш мээси чайкалганын айтышкан. Чыгармачыл топ актёр айыккыча бир нече ай съёмканы токтотуп турушкан. Кийин да тасмада сууда аккан, сүзгөн ролдорду өзү аткаргандыктан бөйрөк оорусу күч алган. Бир күндө эки стакандан ашык суу ичүүгө тыюу салышкан. Дайыма тамагы кургап, чаңкоо сезиминен арылыш үчүн актёр эки стакан сууну муздаткычка салып тоңдуруп музду улам жеп турган. Ага 56 жолу операция жасалган. Улам операция жасала бергендиктен кан тамырларынын соо жери калган эмес. Тамырларды жасалмага алмаштыруу үчүн 1992-жылы сентябрь айында акыркы операциясына кирген. Көп өтпөй актёр жарыкчылык менен кош айтышкан.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here