Негизгиге Саамалык Мүмкүнчүлүгү чектелген айымдардын «Аракети»

Мүмкүнчүлүгү чектелген айымдардын «Аракети»

44

Мүмкүнчүлүгү чектелген айымдардын «Аракети»

Борборубузда мүмкүнчүлүгү чектелген ар кыл курактагы айымдар сулуулук
салонун ачышты. Бул долбоор «Тилектештик» борборунун колдоосу менен ишке ашууда. Салондо сулуулук тармагындагы заманбап кызматтар
көрсөтүлөт. Биз саамалыкка катышып, салондун ачылышына күбө болдук.

Роза Бегалиева: “Биз деле башка адистердей эле сапаттуу кызмат кылабыз”

Эже, салон ачып иштетүү сиздин идеяңызбы?

— “Теңдик” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Казакунова деген эженин
демилгеси менен ар кайсы региондон келген мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-
келиндер визажист, тырмак, чач жасалгалоо, түймө түйүү боюнча курстарды
окуганбыз. Керектүү материалдарды эле сатып алганыбыз болбосо, алган
билимибиз бекер болду. Курстар бүткөндө бизге сертификат берилген. Аймактан
келген кыздар билим алып үйлөрүнө кетишти. Шаардагылар болсо ар кимиси өз
алдынча иштемиш этип жатышты. Бирок кардардын үйүнө барып иштеген бизге
ыңгайсыз да, пайдасыз да болуп калат экен. Жасаган эмгегибиздин акчасы таксиге
эле кетип калып жатты. Ушундан улам ар кимибиз ар кайсы жакта жүрбөй, андан
көрө биригип иш кылалы деген идеядан улам салон ачтык.

Ижарага имарат табуу, кардар чогултуу оңойго турбаса керек?

— Ооба, имарат издеп көп жерге бардым. Бирок баасын укканда демим сууп жатты.
Баасы туура келген имарат тапсак, биз араба менен кирип-чыкканга шарты жок
болуп калат. Анан социалдык тармактарга жарнама берсек, “Бир дүйнө
Кыргызстан” укуктук кыймылынын кызматкерлери биздин ишибизди колдойбуз деп
бекер бөлмө беришти. Электр энергиясына кеткен чыгымдарды төлөп беребиз
дешти. Биз мындай колдоону күткөн эмеспиз. Абдан сүйүнүп жатабыз. Салондо
учурда үч адис бар. Мөөнөт менен иштегенге дагы эки кызматкер алабыз. Ошондо
салон жума бою үзгүлтүксүз кызмат кылып турат. Эми кардар гана болсо иштей
беребиз.

Кызматыңыздардын акысы кандай болот?

— Башка салондордогудай эле тырмак жасалгалоо 400 сомдон өйдө, кашты
көркөмдөө 500 сомдун тегереги, кирпик чаптоо 800 сомдон жогору, күндүзгү, кечки
макияж 500 сомдон жогору болот. Биз деле башка адистердей эле сапаттуу
кызмат кылабыз. Болгон айырма – отуруп иштейбиз.

Сиз кандайча бул тагдырга туш болуп калдыңыз эле?

— Мен бир курбу кызым менен Алматыда соода кылып иштегем. Ишибиз жакшы
жүрүшүп, ал жактан экөөлөп батир алып бутубузга туруп келатканбыз. Кырсыкты
кайдан деп болбойт экен, жолдон өтүп баратканда унаа коюп кетип майып болуп
калдым. Бутума туруш үчүн көп жыл аракет кылдым. Азыр ушул жашоомо да
шүгүр кылам. Мен сыяктуу аялуу тагдырга туш болгон кыздарга жардам берип
өстүргүм келет.

Гүлбарчын: “Тырмак жасалгалоо мага ылайыктуу кесип экен”

Эмне себептен тырмак жасалгалоо адистигин тандап алдыңыз?

— Мен алты саным аман жакшынакай эле төрөлүптүрмүн. Бирок бир жашымда
ооруп, убагында дарыгерге кайрылбай кийин барганда инфекция бутума
жетиптир. Ошону менен канча дарылатса да кийин басып кете албаптырмын. Ата-
энем Нарында турушат. Мени бутума тургузабыз деп барбаган доктуру,
табыптары калган жок. Бирок аракеттери жыйынтык берген жок. Негизи, мен
“Теңдик” бирикмесине кошулганга чейин үйдөн чыкпай эле отурчумун. Чүнчүп,
кыйнала берчүмүн. Кийин бул бирикмедегилер биздин айылга чейин концерт коюп
барып, сынак уюштуруп калышчу. Ошондо комуз чертүү, ырдоо жагынан өнөрүмдү тартуулап турчумун. Гүлмира Казакунова эже мага курстарды окууну сунуш
кылды. Дароо тырмак жасалгалоону тандап алдым. Себеби отуруп иштейсиң.
Азыркы учурда суроо-талапка да ээ кесиптердин бири болуп калбадыбы.

Курсту бүткөндө кардарлар оңой эле табылдыбы?

— Алгач колду көндүрүү керек. Кардарды болушунча азыраак убакытта тейлеп
бүтүш керек. Ошого көнөйүн деп курбуларыма, эжелерге кайрылгам. Башында 200
сомдон тырмак жасап берип жаттым. Азыр колум көнүп калды. Кудайга шүгүр,
туруктуу кардарларымдын катарында кошуналар, тааныштарым бар.

Жолдошум бар дедиңиз. Турмуш курууда туугандар кандай көз карашта
болду?

— Жолдошум Таластан болот. Жаш кезинде аңчылыкка чыгып досторунун бири
кокусунан бутка атып алыптыр. Ошондо бир бутун кесүүгө аргасыз болуптур. Мен
протез чыгарган заводго барып калсам ошол жакта жүрүптүр. Таанышып,
сүйлөшүп калдык. Кийин жакындан таанышып баш кошолу дедик. Албетте,
туугандар каршы болду. “Кантип жашайсыңар, өзүңөрдү араң багып жатасыңар?”
деген пикир келишпестиктер болду. Биз баарына туруштук берип, жашыбыз
кырктан ашканда минтип үй-бүлө болдук. Учурда жаңы конуштардын биринде
батирде жашайбыз. Жолдошум бут кийимди оңдоп-түзөй турган кесиптин ээси.
Ошол тармактагы жумушка жаңы орношту.

Айдана: “Кеп бойдо эмес, ойдо”

Өзүңүздү тааныштырып койсоңуз…

— Мен үйдө бир туугандардын кичүүсүмүн. 23 жаштамын, кесибим боюнча
экономистмин. Апам мени төрөп жаткан учурда доктурлар белимден чоюп
коюшканбы, ошондон улам жүлүнүм кысылып калган деп болжолдошкон.
Бирок так диагнозун эч ким билбейт. Жерге түшүрүп алышы да мүмкүн
дешкен. Үч жашымдан баштап оорум тууралуу үйдөгүлөр билишиптир.
Боюмдун өскөнү токтоп, колу-бутум узара бериптир. Ошондо доктурларга
чуркашса жогорудагыдай божомолдорду айтышыптыр. Белди сындырып,
ошол жерге пластик коюп операция жасаса болот экен. Бирок андай
тобокелчиликке барууга күчүм жетпейт окшойт, корком. Үйдөгүлөрдүн
уруксатын алып кел дешкен. Кайра ойлонуп такыр баспай калгандан көрө
ушинтип басып жүргөнүм жакшы деп калдым.

Тагдырдын жазмышына карабай ийгиликтүү айым экенсиң?

— Рахмат. Мен өзүмдү майыпмын деп эсептебейм. Өткөндө бир соода
борборунун жанында курбу кызымды күтүп отурсам жанымдан өтүп
бараткандар 20 сом беришти. Мени кайыр сурап отурат деп ойлошту
окшойт. Билем, тиги киши деле жардам болсун деп жакшы ниети менен
берген болуш керек. Бирок жүрөгүм ооруп жаман абалда калдым. Дайыма
такси менен жүргөнүмдү эске албаганда, боюмдун кыскалыгынан эч кандай
деле кыйынчылык көрбөйм. “Боюңдун кыскалыгына айланадагылар кандай
карайт, үйдөгүлөр да сендейби, кайдан кийим аласың?..” деген сыяктуу
адепсиз суроолорду көп беришет. Ага таарынбайм деле. Эң негизги маселе,
адамдын боюнда эмес, жан дүйнөсүндө деп эсептейм. Чыгармачылыкка
жакынмын. Досторум ушул тармакка кет дешет. Бирок азыр чыгынбай
элемин.

Тырмак жасоочу адистигиң кошумча киреше алып келеби?

— Бир аз алып келет. Бул курста окуп жүргөндө мыкты окугандарга сынак
жарыяланган. Мен биринчиликти алып, атайын тырмак жасалгалоонун
топтомун утуп алгам. Азыр акырындап тажрыйба топтоп жатам. Көбүнчө
курбуларыма, туугандарыма жасап берем. Буйрутма алып иштейин десем кардардын үйүнө барган таксинин акчасы актабайт экен. Эми, буюрса,
салондо иштесем деген ниетим бар. Бир күндө эки же үч кардар тейлей
алам.

“Аракет” сулуулук салонунун кызматынан пайдаланып, айымдарга колдоо
көрсөткүңүз келсе 0707 96 73 08 номерине байланышсаңыз болот. Адреси Сыдыков көчөсү, 258 / Калык Акиев менен кесилишет.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here