Негизгиге Интервью Элбарчын Калилова: Ниетин билдирип, демөөрчү болом дегендерди жолуна салам

Элбарчын Калилова: Ниетин билдирип, демөөрчү болом дегендерди жолуна салам

134

Элбарчын Калилова: «Ниетин билдирип, демөөрчү болом дегендерди жолуна салам»

Маектешим жаш болсо да репертуарында философиялык мазмунду камтыган чыгармалары арбын. Анан да дайыма кыргыздын жүзүн тааныткан улуттук кийим менен жүргөндү жактырат. Жакында Элбарчын Калилова “Сак бол, кыргыз” аттуу чоң концертин тартуулаганы турат. Концерт алгач Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп, андан соң Ош шаарында, Кара-Кулжа районунда уланмакчы.
Каарман тууралуу кыскача…

Туулган жылы — 1992-жыл, 26-ноябрь
Кичи мекени — Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айылы
Кесиби — ОшМУУнун искусство факультетин аяктаган
Учурда — Филармониянын солисти

Элбарчын, репертуарыңдагы ырлардан улам сени улуу айым элестеткем. Көрсө, жаш кыз турбайсыңбы?

— (Күлүп) Мен жеңил-желпи сүйдүм, күйдүм деген чыгармаларды жактырбайм. Жеңил ырларды эл ошондой эле жеңил кабыл алат. Ошондой эле тездик менен унутулат. Мен ошондой ыр аткарсам өзүмдү өзүм алдап жаткандай сезимде болом. Кылдаттык менен тандалган чыгарма, чоң эмгек ошончолук ырахат тартуулайт. Философиялык маанини камтыган ырларды азыр эл баалай баштады деп ойлойм.

Чыгармачылык жактан кимдин сынына чыйралып, түзөлөсүң?

— Устаттарым композитор Эгемберди Талипов менен Жолболду Алыбаевден алган билимим, тажрыйбам менен чоң сахнага 2011-жылы аттангам. Чыгармачылыгымды алгач Ош шаарынан баштагам. Ал жакта Бишкектегидей ырчылар көп болбогондуктан, тар чөйрөдө тез тааныласың, бирок көрө албай буттан тарткандар да көп болду. Айрым иш-чараларда тизмеден чийилип калып жаттым. Бирок мен өзүмдүн дараметимди билем, ишенем, ошондуктан андай тоскоолдуктарга моюн сунбай иштеп келатам.

Ошентсе да “Нестан Дарежан” деген чыгармадан кийин жакшы таанылдың окшойт?

— Бул ырды өзүмдүн агам Исрадин Аманбаевдин уруксаты менен ырдагам. Чыгарманы кичинемден бери жакшы көрөм. Ырды ийине жеткире ырдоо үчүн адамдын башынан сүйүү өтүш керек. Балким, менин жашоомдо ошондой бурулуш болдубу, айтор, агайга ушул ырды аткарып чыгам дедим. Аябай каткырып күлдү. “Бул ырды жигиттер ырдап чыкчу эле, сен кандай аткарар экенсиң?”,- деп күмөн санады. Акырында “ырдасаң буга чейинки ырчылардан артык ырдап чыгасың” деген шарт менен уруксат берген.

Клиптин идеясы кимдики?

— Негизги идеясы меники, бирок тартуу иштеринде бир топ жери оңдолуп-түзөлдү. Жамаат менен эки ай эмгектендик. Төрт клипке кете турган каражатты ушул эмгегиме короттум окшойт. Чыгым аябай эле көп болгон. Клип кыштын күнү тартылган да, баарыбыз аябай тоңуп, кыйналганбыз. Актёр Уланбек Султангазиев кыш чилдесинде сууну кечип мени көтөргөн жерин тартып жатканда ушунчалык жүрөгүм ооруган. Менин болсо жука көйнөк кийип ырдаган жеримди бир нече дубль менен тартышкандыктан, тоңгонумдан аягында сүйлөй албай калгам. Гайморит оорум бар эле. Ал кармап, катуу суук тийип кышы менен дарыланып чыктым. Катуу кыйналганда “ушинтип эле азап тартып жүрө беремби?” деп ыйлаган элем. Кийин агай ырды угуп, клипти көргөндөн кийин ыраазычылыгын билдирген. Азыр ошол күндөрү тарткан азаптарымдын акыбети кайтып жатат. Тойлорго, кечелерге ушул ырды аткарып бер деп чакырышат.

Адатта көзгө көрүнүп калган ырчы кыздарды тузагына түшүргүсү келгендер болчу эле. Сага сунуш айткандар болобу?

— Андай сунуштар студент кезимден эле болуп келет. Бирок мен ата-эненин тарбиясын көргөн кызмын. Биздин ар бир кадамыбызды көзөмөлгө алып катуу тартипте өстүргөн. Кыска көйнөк, шым кийбейбиз. Дайыма узун көйнөк кийип жүрөм. Дин жолундамын. Кудай көрө албастардан, шайтандардан сактай көр деп күндө тиленем. Айланамда андай адамдар көп. Элдин адамы болуу үчүн кыз кишиге бөтөнчө оор болот экен. Айлап-жылдап артымдан чуркагандар болот. Бирок мен алардын тузагына илинбейм. Мен жетишкен жашоодо өскөм. Өзүмдүн тапканым өзүмө жетет.

Аларды кантип жолуна саласың?

— Бирөөлөр аркылуу же өздөрү келип айткан учурлары көп болот. Мен ачык сүйлөгөн адаммын. “Мен силер ойлогон ырчы кыз эмесмин, менден алыс жүргүлө. Ыйманыңарды бекемдеп, үй-бүлөңө кара. Мага сенин бир тыйынчалык колдооң, каражатың кереги жок” деп эле жолуна салам. Бүдөмүк жооп берип, үмүттөндүргөн учурум болгон эмес, болбойт дагы.

Ошондо азыр жүрөгүң бошпу?

— Азыр болгон убактымды чыгармачылыгыма жумшайм. Менин жүрөгүмдү түшүнгөн, чыгармачылыгымды колдогон инсан бар, өзүм курактуу жигит. Маңдайыма жазылган күнү турмушка чыгам. Негизи эле мен турмушка олуттуу карайм. Үй-бүлө куруунун, балалуу болуунун жоопкерчилиги өтө чоң. Ар бир кадамды ойлонуп жасоо керек.

Сенин деле каржы булагың тойлор да. Ырчылыктын аркасы менен кандайдыр бир материалдык байлык топтоо мүмкүнбү?

— Кудайга шүгүр, тойлорго чакырууну көп эле алам. Ош, Бишкекте, башка региондорго деле ырдап чыгам. Тойдон алган акчаларымды мен ыр жаздырууга, клип тарттырууга, форма тиктирүүгө эле жумшайм.

Ата-энең айылда турушабы?

— Апам менен атам Алайкуу районунун Ой-Тал айылында турушат. Жети кыз, үч уулду тарбиялашты. Мен он бир туугандын жетинчисимин. Ар бири турмуш куруп, балалуу болушту. Атам кесиби боюнча доктур, учурда ардактуу эс алууда. Менде көп деле бош убакыт болбойт. Ара-чолодо убакыт таба калсам ата-энеме барып учурашып келгенге ашыгам. Өзүм болсо жаратылышты чексиз жакшы көрөм. Эч кимдин коштоосу жок өзүм жалгыз деле жаратылыштын койнуна чыккандан эргүү алам.

Поэзия, кара сөз жазууга да жакындыгың бар экен…

— 2013-жылдардан тарта Ош драма театрында актриса болуп иштеп баштадым. Башкы каармандардын образын ойноп, ийгиликтер жаралды. Ар тараптан аракет кыла берем. Мурда ыр жазчумун. Илхам келгенде ага обон жаратам. Ыр жазып бер деген кесиптештерим да бар. Кара сөз тууралуу айтсам азыр Илимдер академиясында маданият таануучу болуп эмгектенем. Аспирантурада окуйм. Өз макалаларымда кыргыздын маданиятын тереңирээк жазууга аракеттенем.

Алдыда 11-октябрда өтө турган концерт тууралуу айта кетсең…

— Мени устатым Жолболду Алыбаев анан ата-энем жакшы колдоп жатат. Устатымдын жакшы агай-эжелеримдин колдоосу менен өткөрүп жатам. Устатым: “Азыркы учурда өтүп жаткан жакшы-жаман концерттердин баары ашар концерт болуп кетти. Жеке концерт болгондон кийин сенин гана өнөрүңө көп убакыт бөлүнсүн”,- деди. Манас айтам, бийлейм, хоббим балет, поэзиядан да көркөм окуулар кошулат. Концертимдин темасы «Сак бол, кыргыз». «Кет буканын» сөзүнө жазылган, обонун Жолболду Алыбаев агай жазган бул дастанды ырдап жүрөм. Азыр опурталдуу учур болуп турат. Мекенчилдик сезим менен жаралган, лирика жуурулушкан ырларымды тартуулоого толкунданып турган учурум.

🖊️ — Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here