Негизгиге Менин наристем Балаңызды сасык тумоодон кантип коргойсуз?

Балаңызды сасык тумоодон кантип коргойсуз?

312

Балаңызды сасык тумоодон кантип коргойсуз?

Күндүн суукташы менен сасык тумоо оорусу күч алып айрыкча жаш балалуу энелерди түйшүккө салат. Эне үчүн бала ооруп чыргоолонуп тургандан өткөн жагымсыз нерсе барбы? Ушул нерсеге жеткирбөө үчүн балдарыбызга сасык тумоону жолотпоонун түркүн ыкмасын колдонобуз. Эл көзүндөгү адамдардын өздөрүнүн ыкмалары бар.

Омар, ырчы: “Вирустардан коргоочу буюм колдонобуз»

— Шаарыбызда япон каражаттары сатылган дүкөн бар. Биз ошол жерден адамды вирустардан коргоп туруучу каражат алып колдонобуз. Аны баланын кийимине кыпчытып койсо 1 метр аралыктан балага вирустарды жакындатпайт. Баасы болгону 650 сом турганы менен абдан жакшы буюм экен. Бир вирусблокатор эки-үч айга жетет.  Муну келинчегим кош бойлуу кезинде эле сасык тумоо жугузуп албайын деп дайыма тагынып жүрчү. Азыр болсо балабызга колдонобуз.

Назми, ырчы: «Кыздарымды муздак сууга чайканууга көндүргөм»

— Сасык тумоодон коргонуу үчүн алгач иммунитетти чыңдоо керек. Бул үчүн мен балдарымды жуунтканда жарым чака муздак сууну башынан ылдый куюп коём.  Баланы муздак сууга ымыркай кезинен көндүрсө батыраак суукка даяр болот экен. Бирок биз антпейбиз да. Мен балдарымды жуунтуп баштаганда эле акырындап колдоно баштагам. Албетте, дароо эле муздактан баштаган эмесмин, биринчи жылуу,киийн жылымык кылып олтуруп анан муздакка өткөм. Азыр өздөрү деле көнүп калышкан, ошого жараша кышында көп сасык тумоолошпойт.

Айгерим Расул кызы, ырчы: «Биздин үйүбүздөн бал үзүлбөйт»

— Менин кайним өзү бал салат. Андыктан биздин үйдөн жыл бою бал үзүлбөйт. Себеби балдын иммунитетти көтөрүүдөгү пайдасы зор. А иммунитети күчтүү бала сасык тумоодон алыс болот. Биз кумшекер колдонбойбуз, анын ордуна балдарымдын чайына бал,  малина кыямын  кошуп берем. Эгерде ага болбой эле  жөтөлүп калышса койдун майын эритип туруп денелерине сүртүп, бир кашыктан ичирип да коём.

Назира Токонова, ырчы: «Алоэ – мыкты антибиотик»

— Бала мектепке, бала бакчага бара жатканда же жөн гана эшикке чыгып баратканда алоэ өсүмдүгүнүн ширесине кадимки өсүмдүк майын бирдей өлчөмдө аралаштырып, мурдуна бир-эки тамчыдан тымызып коюу керек.  Бул ыкманы эмчектеги балдарга деле колдонсо болот. Дегеле  алоэ майындагы С витамини организмдеги иммунитетти  чыңдайт, ал эми калган компоненттери суук тийүүдөн коргоп турат. Ошол себептен алоэни мыкты антибиотик деп айтышса керек.

Айнура Салахидинова: «Малхам бальзамын сүртүп коём»

— Мечиттерде малхам деген бальзам сатылат. Бул аябай эле арзан, бирок пайдалуулугунда чек жок. Ошону балдарымды эшикке алып чыккан сайын чекесине, мурдуна, кулактарынын артына сүйкөп турам. Эгерде жөтөлүп калса мойнуна сүйкөйм. Анын пайдасынан башка балага эч кандай зыяны жок. Мындан сырткары, заара кармай албаган балдардын табарсыгына, муун оорулары менен жабыркагандардын буттарына сүртүп койсо абдан жакшы. Эки жылдан бери ушул ыкманы колдонуп колдан келишинче балдарыма дары ичирбегенге аракет кылам.

Айпери Кубик кызы, ырчы: «Кара зиренин майы бардык ооруларга даба»

— Кара зиренин майы бир гана сасык тумоого эле эмес, тамак ооруга, ашказан, ички органдарга, иммунитетти көтөрүүгө жардамы чоң. Эч бир дары айыктыра албаган тамак оорумду дал ушул майдын жардамы менен айыктыргам.  Азыр да балдарымды сасык тумоодон алдын алуу үчүн мурдуларына сүртүп,  күнүнө 3-5 маалдан берип турам. Бул майды ар кандай дозада иче берсе болот.

Альбина Имашова, актриса: « Сарымсактын артынан сүт ичсе жыттанбай калат»

— Биз үй-бүлөбүз менен сарымсак жегенди адат кылып алганбыз. Атасы кыздарыбызга да кыйнап эле жедирип салат. Себеби, сарымсакты ачкарын жесе сасык тумоодон башка көптөгөн олуттуу оорулардын да алдын алган болобуз. Мунун бир эле кемчилиги бар – кескин жыты. Жегенден кийин артынан сүт ичип койсо жыттанбай калат.

Айгерим Токтобай кызы  

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here