Негизгиге Интервью Элүүнүн кырына келген кыргыз кыраандары

Элүүнүн кырына келген кыргыз кыраандары

195

Элүүнүн кырына келген кыргыз кыраандары

Адамдын элүү жашты аркалоосу бир кылымдын жарымын жашап өттү дегендикке жатат. Бул курак адам буга чейинки басып өткөн жолуна саресеп салып, артка кылчайып жашоосун маңыздуу жашай алдыбы, мына ошону аңдап-билүүгө убакыт келген кез. Элим деген эрениң элүү жаштын кырында демекчи, быйылкы жылдын эсебинен элүү жашка келген кыргыздын чыгаан мырзалары менен айымдарынан ушул убакытта эмнеге жетишти, эмнеге жетишпеди сурап көрдүк.

Бек Борбиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти

Туулган жылы: 1969-жыл, 24-сентябрь

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы

Чыгармаларынын саны: 500дөн ашык ыры, 100гө жакын клиби бар

Материалдык байлыгыңыз?

— Үйүм, унаам, үй-бүлөмө жетчү чакан бизнестерим бар.

Сахнага эң алгачкы чыккан күнүңүз эсиңиздеби?

— Ооба, 7-класста мектепте кайсы бир иш-чарада өзүмдүн «Аста-аста» деген чыгармамды аткаргам. Жан дүйнөм ырдагысы келип турганы менен сыртымдан аябай уялчаак, тартынчаак бала элем. Элдин астында сүрдөп жатып араң ырдагам. Ошол учурда эле колума аккордеон кармап ыр жазып жүрчүмүн негизи, бирок «эл кандай ойлойт, ырды деген атактуу акындар, музыканттар жазат да» деп ойлоп, бир аз уялып көп ырларымды ачыкка чыгарчу эмесмин.

Чыгармачылыгыңыз гүлдөп турган маал?

— Эми гүлдөп турган маал деп баса белгилеп, мактаныч менен айта албайм. Чыгармачылыгым башталган күндөн тартып ушул жашка келгенге чейин бир топ ырым чыкты. Кудайга шүгүр, берген концерттериме эл чыгармачылыгымды сыйлап келип берип жатышат. Ырларым эл оозуна алынып, бир канча мукам обондорго салынып, ушул кезге чейин ырдалып жүрөт. Өзүм 50 жашка келдим деп эле ыр дүйнөсүнөн алыстап кеткен жокмун. Тескерисинче, чыгармачылыкка жаңы дем менен киришүүдөмүн. Демек, чыгармачылыгым азыр деле күчүндө десем жарашат го.

Асел Турдалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти

Туулган жылы: 1969-жыл, 13-сентябрь

Үй-бүлөлүк абалы: Бир кыздын энеси

Чыгармаларынын саны: 200дөн ашык ыры, 25 клиби бар

Материалдык байлыгыңыз?

— Кудайга шүгүр, үстүмдө үйүм, астымда эл катары машинам бар. Бизнес менен алектенген эмесмин, анткени өзүм кызыкпайм. Мен жүрөгүм каалаган мугалимдик кесипти аркалап, мамлекетке кызмат өтөөнү самагам жаш кезимден, ошол тилегим орундалды десем болот. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде мугалиммин. Кафедрада децентмин жана сырттан окуу бөлүмүнүн деканымын.

Сахнага алгачкы чыккан күнүңүз эсиңиздеби?

— 7-классты аяктап жаткан кезим болчу. Анда Союз убагы эмес беле. Ошол убакта деле үгүт бригадасы деп жер-жерлерге концерт менен барчубуз. Советтер союзуна кирген бардык 15 республикадан таланттуу балдарды чогултуп, Москвада концерт койгонбуз. Биздин өлкөдөн мен, анан дагы бир комузчу жигит барганбыз. Алгачкы ирет чоң сахнада ырдап чыкканым ошол болгон. Ошол турнени азыр сыймыктануу менен эстейм. Кичинекей кезимден эле дайыма шар жүргөн шайыр кыз болчумун. Ошондон болсо керек, уялуу, тартынуу деген сезим такыр болгон эмес. Анан 8-классты аяктаган соң эле Нарындан келип борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшыргам. 94-95-жылдары «Бек» деген ансамблде ырдай баштагам. Ошондо мени элге тааныткан ырым «Жаз жамгыры» болду.

Чыгармачылыгыңыз гүлдөп турган маал?

— Чыгармачылыгым гүлдөп турган маал деп 96-жылдан тартып 2000-жылдарга чейинки убакытты белгилесем болот. «Ак чөлмөк» деген ырыбыз клиби менен чыгып абдан популярдуу болгон.

Айбек Карымов, КРнын Эмгек сиңирген артисти

Туулган жылы: 1969-жыл, 29-июль

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы

Чыгармаларынын саны: 100гө жакын ыры, 10 чакты клиби, 60тай обону бар

Материалдык байлыгыңыз?

— Ушул 50 жыл аралыгында өзүмө, үй-бүлөмө жетишерлик байлык топтой алдым десем болот. Тамым бар, астымда унаам бар. Кичинекей болсо дагы үй-бүлөмдүн, бала-чакамдын керектөөсүнө жетишерлик бизнесим бар.

Сахнага эң алгачкы чыккан күнүңүз эсиңиздеби?

— Мен аскерде кызмат өтөп жүргөндө эле күү чертип, ырдап жүрчүмүн. Анан аскерде кызмат өтөө убактым бүткөн убакта, 90-жылдары Кадамжай райондук Маданият үйүндө иштеп калгам. Ошол жактан алгач ирет Жаныш Кочкоровдун «Жеңеме» атуу  чыгармасы менен бир топ элдин астында сахнага чыккам. Билинбегени менен сахнанын ушунчалык сүрү бар экенин ошондо билгем. Сыр бербейин десем дагы ырдап жатып муундарым калчылдап, кадимкидей тердеп кеткеним эсимде. Бирок эл абдан жакшы кабыл алып, менин сүрдөгөнүмдү билгизбей кызуу кол чаап, кыйкырык-сүрөөн салып колдоп кетишкен.

Чыгармачылыгыңыз гүлдөп турган маал?

— 1995-97-жылдары «Нур» аттуу эстрадалык топ түзгөм. Ошондо кайсы жакка барып концерт койбойлу, дайыма аншлаг менен өтүп турду. Абдан популярдуу дагы болуп турдук ошол жылдары. Топтун солисттери катары Самаган Кочкоров, Клара Алибекова сыяктуу таланттуу ырчылар эмгектенишкен. Топ тарагандан кийинки өзүмдүн жеке чыгармачылыгыма токтолсом, 2000-жылдан тартып 2010-жылдар аралыгы менин чыгармачылыгым өтөсүнө чыгып турган убак болгон десем жаңылышпайм.

Чолпон Алсеитова, ырчы

Туулган жылы: 1969-жыл, 23-март

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 4 кыздын энеси

Ырларынын саны: 20 чакты ыры бар

Материалдык байлыгыңыз?

— Чыгармачылык менен жүрүп үйлүү дагы, машиналуу дагы болдук. Мындан артык байлыгыбыз, бизнесибиз деле жок. Жашообуз чыгармачылык менен башталган, дале чыгармачылык үстүндөбүз. Дагы деле ырдап, концерттерди, тойлорду алпарып жүрөм. Жашообузга жетишерлик каражат дагы, Кудайга шүгүр, ушул чыгармачылыктын аркасынан келип жатат десем жаңылышпайм.

Сахнага эң алгачкы чыккан күнүңүз эсиңиздеби?

— Мен, негизи, кичинекей кезимден эле ыр-бийге жакын болуп өстүм. 3-класстан тартып мектептеги майрамдык иш-чараларда ырдай баштагам. Анан 1986-жылы филармонирянын астындагы студияга келип окууга өтүү үчүн экзамен тапшырып, өтүп кеткем. Ал кездеги филармониянын директору Даниял Назарматов экзамен учурунда эле «ой, сен даяр ырчы турбайсыңбы, үнүң аябай жакшы экен» деп мени дароо эле ошол кезде популярдуу болуп турган «Ариет» тобуна солист кылып алган. Ошентип, алгачкы жолу профессионалдуу деңгээлде филармониянын сахнасында «Земля моя» деген аталыштагы чыгарманы аткаргам. Аябай сүрдөгөм. Ошол сүрдөө сезими азыр деле бар. Канча жылдан бери чыгармачылыкта жүрсөк дагы азыр деле жоопкерчилик сезими абдан күчтүү.

Чыгармачылыгыңыз гүлдөп турган маал?

— 1986-жылдан тартып 90-жылдар аралыгы мен үчүн аябай жемиштүү болду. «Алгачкы махабат», «Дасторкон» аттуу ырларым көгүлтүр экрандан байма-бай көрсөтүлүп, ошол учурдагы кыргыз эстрадасындагы хит ырлардын катарын толуктап турганын эл билсе керек.

Болот Токтобаев, обончу, аткаруучу

Туулган жылы: 1969-жыл, 19-октябрь

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы

Алгачкы жолу сахнага чыккан күнүңүз эсиңиздеби?

— Албетте, биринчи жолу 1991-жылы Ош драма театрынын сахнасында жеке концертимди бергем. Ал күндү кубаныч менен эскерем азыр. Анткени ал кезде атамдын көзү тирүү. Концертиме келип абдан жакшы сөздөрдү сүйлөп, бир четинен өзү дагы сүйүнгөнүнөн толкунданып, мени дагы, элди дагы кубандырып кеткен эле. Жеке концертим болуп жаткандан кийин толкундоолор албетте болду, бирок жалпысынан концерт жакшы жыйынтыкталып, эл ыраазы болуп кеткен.

Чыгармачылыгыңыз гүлдөп турган маал?

— Чыгармачылыгым гүлдөп турган маал 1984-2000-жылдар аралыгы деп ойлойм.

Асел Эсенбек кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here