Негизгиге Сурагым келет Юристтен бир катар суроолорго жооп

Юристтен бир катар суроолорго жооп

145

Юристтен бир катар суроолорго жооп…

Редакцияга окурмандардан ар кыл тармактагы суроолор келип түшөт. Алардын бири укуктук көйгөйлөр. Бул жолу редакцияга келип түшкөн окурмандардын суроосуна “Адилет” укуктук клиникасынын юристи Тилек кызы Эльвира жооп берет.

Канткенде документ ала алам?

— Сиңдим 10, мен 12 жашымда ата-энем кырсыкка кабылып жетим калганбыз. Кырсыктан кийин ата-энемдин туугандары биригип кеңешип, биз улуу таежемдин кароосуна өттүк. Шаарда үйүбүз бар эле. Эжем биздикине бат эле көчүп келип жашообуз башталды. Ата-энебизге болгон кусалык, бөтөн аялдын мамилеси бизди бат эле чүнчүттү. Эжем бизди эч нерседен кем кылбай бакканы менен көп учурда урушуп, орой мамиле жасап, кээде колу да тийчү. Болушарыбыз болбогон соң ыйлап, бири-бирибизди сооротуп тим болчубуз. Мектепке барып, үйдөгү тиричилигибизди кылып жашообуз өтүп жатты. Бир күнү эжем “силер убактылуу башка жерде жашап тургула, мен үйдү оңдоп-түзөшүм керек” деп башка үйгө көчүрүп келди. Жайкы эс алуу учуру болгондуктан, эч нерседен шек санабай кала бердик. Эжем келбегенинен бир айдан кийин барсак, өзүбүз төрөлүп-өскөн үйдүн эшигин бөтөн адам ачты. Бул үйдү сатып алганын айтып, колундагы документтерин көрсөттү. Толук эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бир билгеним, ата-энем маңдай тери менен тапкан үйдөн айрылып талаада калганыбыз болду. Эжем үйдүн акчасын алып чет мамлекетке качып кетиптир. Башында эле бизге боору ооруганынан эмес, котур ташын койнуна катып алып камкордукка алган окшойт деп калдым. Андан бери ар кайсы туугандардын үйүндө урунуп-беринип жүрүп мен 17 жашка чыктым, эжемден болсо ошол бойдон кабар жок. Өздүгүмдү тастыктай турган документ алайын деп арыз жазганы барсам бир да жерде каттоом жок болгондуктан арызымды кабыл алышкан жок. Паспорт берилбейт экен. Мага азыр юристтин кеңеши керек болуп турат. Канткенде өздүгүмдү тастыктай турган документ алам?
Асел, 17 жашта, Бишкек шаары

Жообу: Өздүгүңүздү аныктоочу документ алуу үчүн азыркы жашап жаткан жериңизге убактылуу болсо да каттоого турушуңуз керек. Эгерде туруктуу жашоочу жериңиз жок болсо, анда туугандардыкына, достордукуна тура турсаңыз болот. Каттоого тургандан кийин Мамлекеттик каттоо органынын астындагы Калкты тейлөө борборуна кайрылсаңыз болот. Ал эми үй ата-энеңиз каза болгондон кийин түздөн-түз сизге мурас катары өтөт. Таежеңиз үйдү саткандан кийин жергиликтүү балдарды коргоо борборуна барышыңыз керек болчу. Сиздин үйүңүздү сатуу ошондой мамлекеттик органдын уруксаты менен, сиздин катышууңуз менен гана ишке ашмак.

Милиция мени күйөөмдүн таягынан куткара албайбы?

— Жолдошум менен баш кошконума он үч жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында эки кыз, бир уулга ата-эне болдук. Күйөөм башынан эле мага кол көтөрчү, бирок акыркы жылдары бул адаты күчөп, аёосуз сабай баштады. Бир ирет ичке тээп, катуу түрткөндө дубалга башым менен тийиптирмин. Ооруканадан эсиме келдим. Доктурлар мээм катуу чайкалып, кабыргам сынганын айтышты. Бул окуядан кийин күйөөм сестенгенсип көпкө чейин өзүн күнөөлүү сезип жүрдү. Бирок мындай абал көпкө созулган жок. Кезектеги урушубузда мени дагы аёосуз сабап салды. Чыдамым түгөнүп милицияга чалдым. Көп убакыттан кийин эки кызматкер келип эмне болгонун майдалап сурап, кайра мени табалагансып “өзүң күнөөлүүсүң” дегендей сүйлөдү. Экинчиси “бүгүн урушсаңар эртең элдешип аласыңар” деп кетип калышты. Сурайын дегеним, мындай учурда мыйзам боюнча милиция кандай чара колдонушу керек эле? Мурда күйөөсү сабаганда аялы милиция чакырса алар аны 15 күнгө кармап кетет деп уккам. Бул мыйзам азыр иштебейби?
Дамира, 42 жашта, Бишкек шаары

Жообу: 2017-жылдан баштап “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо” боюнча мыйзам күчүнө кирген. Бул мыйзамга ылайык, зомбулук көргөн адам өзү же анын тууганы, кошунасы, биринчи жардам көрсөткөн медицина кызматкери тартип сакчыларга арыз менен кайрыла алат. Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу түздөн-түз милициялардын милдети болуп саналат. Кайтаруучу ордер дешет, милиция зомбулук көрсөткөн адам жабырлануучуга 3 күндөн 30 күнгө чейин жологонго тыюу салган ошондой документ берет. Зордукчу ал документтеги шарттарды бузса, административдик жазага тартылат. Эрежени бузуунун өзү сотто ишин татаалдаштырат. Үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу бир эле милицияга эмес, Социалдык коргоо жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигине да кайрылса болот. Андагы 111 ишеним телефону 24 саат бою кызматта.

Өзүмө тиешелүү мүлктү кантип кайтарам?

— Маңдайыма жазылган тагдыр ушул болсо керек, мындан тогуз жыл мурда кытай жаранына турмушка чыккам. Кытайдан табышып баш кошконбуз. Кыргызстандан иш баштайлы деп Бишкекке көчүп келдик. Соода түйүндөрүн ачып, Кытайдан бул жакка ортомчусуз товар алып келип иштедик. Бат эле ишибиз жүрүшүп, соода түйүндөрүн көбөйтүп, анын аркасы менен кыймылсыз мүлктөргө ээ болдук. Бирок  жолдошум бардык мүлктү өзүнө каттатып алган. Мен деле башында ага ишенип каршы болгон эмесмин. Күйөөмдү байлык көптүрдүбү же айланасындагы досторунун таасиринен чыга албай калдыбы, мага болгон мамилеси кескин өзгөрдү. Экөөбүз урушуп отуруп акыры ажарышып тындык. Жолдошум Кыргызстандын жарандыгын алган, бирок экөөбүздүн расмий түрдө никеге турганыбызга эки гана жыл болду. Ошондо ага чейинки жети жыл тытынып иштеп тапкан мүлктөр мыйзам боюнча мага таандык болбой калабы? Алардан да өз үлүшүмдү алышым үчүн кандай кылсам туура болот?
Бегайым, 36 жашта, Бишкек шаары

Жообу: — Жубайлардын баш кошкон күндөн тартып чогуу тапкан байлыгы экөөнүкү болуп саналат. Мүлктүн кимге катталганы маанилүү эмес. Сиздин кырдаалда никелешүүгө турганыңызга эки жыл болсо, анда акыркы эки жылдагы тапкан мүлктү гана тең бөлүшө аласыз. Ага чейин жарандык никеде жашагандыктан калган беш жылдагы тапкан мүлк экөөңөрдүкү экенин далилдөө дээрлик мүмкүн эмес.

Ипотеканы чогуу төлөшкөнүмдү кантип далилдейм?

— Жолдошум экөөбүз баш кошуп, эки бала менен беш жыл батирлеп жүрдүк. Тапкан-ташыганыбыз батирдин акысына, ичип-жеп, баскан-турганыбызга кенен жеткени менен үй сатып алууга шартыбыз жок болчу. Бир жолу кайын журтум “иштегениңерди чогулткула, биз да бул жактан мал-жан сатып каралашабыз, ипотекага үй алгыла” деди. Алардын бул кеби бизге кадимкидей шык берди. Буга чейин сайрандап жүргөн болсок, үнөмдүү жашоого өттүк. Бир жылдын ичинде жакшы эле акча чогултуп коюптурбуз. Анын үстүнө кайнатам да акча кошуп берип Бишкектен эки бөлмөлүү батирди 7 жылга ипотекага алдык. Баштапкы сумманын отуз пайызы деп 10 миң доллар төлөгөнбүз. Калган сумманы 7 жылга бөлгөндө ай сайын 32 миңден төлөп жаттык. Менин да, күйөөмдүн да жумушу жакшы болчу. Кээде көбүрөөк суммасын мен төлөсөм, айрым учурда ал төлөчү. Ошентип, 6 жыл бою ичпей-жебей үйдүн карызын жаап жаттык. Эми аз калганда экөөбүз отубуз күйүшпөй ажырашканы турабыз. Буга да кайын журтумдун жөнү жок кийлигишүүсү себеп болууда. Алардын оюна койсоң эки баланы калтырып, үйдөн чыгып кетишим керек экен. Мен болсо балдарымды атасына калтыргым келбейт. Жана үйдөн да чыкпайм. Кантсе да ал үйдө менин да эмгегим бар. Бирок ипотеканы чогуу төлөшкөнүмдү кантип далилдей алам? Анткени квитанция күйөөмдүн атына берилет.
Нурай, 28 жашта, Бишкек шаары

Жообу: — Ипотекалык келишим чогуу тапкан мүлккө кирет. Бул жерде ипотекалык келишим кимисинин наамына катталганы, кимиси канча төлөгөнү мааниге ээ эмес. Үйдүн акысы толук төлөнүп бүтө элек болгондуктан, бул үйдү бөлүшүүдө сиздерде татаал маселе жаралат. Качан аягына чейин төлөп бүтүп, банк макулдугун бергенде гана үйдү теңге бөлүп алууга мүмкүн болот. Банк келишимди кайра карап чыгуусу керек, ар бир сот отурумуна банктын өкүлү катышууга укуктуу. Ошондуктан колдон келсе жай чечишип, мүлктү өз ара бөлүп алганыңыздар оң. Себеби бул маселе сотко өтсө, ал адилеттүү чечим кабыл алган күндө деле аны ишке ашыруу сиз үчүн ыңгайсыз болуп калуусу мүмкүн.

Төрт балам менен көчөдө калбаймынбы?

— Нарын шаарында турам. Кайненемдин колунда жашап төрт балалуу болгуча кызматын кылып келдим. Кайненем 69 жашка чыгып каза болду. Жыл айланып ашын бердик. Колубузда 1985-жылы туулган оорулуу кайним бар. Өзү басып-туруп, тамакты тың жегени менен кээде жини келсе кыйкырып, колуна тийгенин ыргытып чаң салат. Апасы каза болгондон кийин оорусу күч алып, бизге баш бербей баратат. Балдарыбызды чаап жиберип алардын ден соолугуна коркунуч туудурууда. Акырында күйөөм башка туугандары менен кеңешип аны ооруканага тапшырууну эп көрүштү. Башында мен биз жашап жаткан үйдүн кимдин наамында экенине деле кызыкпаптырмын. Көрсө, ошол кайнимдин наамында экен. Кайненем деле бир ооз айтып койбоптур. Сурайын дегеним, үйдү анын наамынан күйөөмө которсо болобу? Кайним ооруканага өтсө, мамлекет ал үйдү алып койбойбу?
Гүлмира, 40 жашта, Нарын шаары

Жообу: — Психикалык жактан оорулуу адам өзүнүн кылган ишине жооп бере албагандыктан, сот анын аракеттерин негизсиз деп табат. Ошондуктан аны мыйзамдуу түрдө камкордукка алган адам керек. Анын ордуна бардык иш-аракетти аны камкордукка алган адам аткарууга уруксат алат. Сиздин жагдайыңызда кайниңизди ооруканага өткөргөндөн кийин деле үйдү жергиликтүү бийлик ала албайт. Кокус ал адам каза болуп калса, үй артында калган тууганына (жолдошуңузга) мурас катары өтөт. Бул жерде үй мураска калды деп саналат дагы, үйдү жолдошуңуз өзүнө каттатып алууга укуктуу.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here