Негизгиге Бизнес «Вайн» — интернеттеги эң популярдуу тармак

«Вайн» — интернеттеги эң популярдуу тармак

242

«Вайн» — интернеттеги эң популярдуу тармак

Интернет желесинин өнүгүшү менен улам жаңы түшүнүктөр пайда болууда. “Вайн”, “вайнер” деген сөздөр да интернет айдыңындагы заманбап терминдер. Алар эмнени түшүндүрөт?

Акыркы кездерде интернет аркылуу өз таланттарын чагылдырып жүргөн блоггерлер көбөйдү. Алар турмуш-тиричиликке байланыштуу окуяларды чагылдырган күлкү аралаш видеороликтерди тартып, өздөрүнүн жеке баракчалары аркылуу көрөрмандардын сынына коюшат. Ал эми бул видеороликтер “вайн” деп аталып жүрөт.  «Вайн» деген түшүнүк англис тилиндеги «vine» деген сөздөн келип чыккан. Интернет колдонуучулары «Твиттер» компаниясы 2012-жылы октябрь айында сунуштаган «Vine» мобилдик тиркемеси аркылуу 6 секунддук видеолорду тартып интернетке жүктөп турушкан. Ушул программа аркылуу тартылганы үчүн гана ал видеороликтер «вайн» аталышына ээ болуп калган. Вайн – бул эң кыска видеоролик дегенди билдирет. Анын узактыгы 2ден 20 секундга чейин гана созулуп, мазмуну жашоодо, турмушта боло турчу кандайдыр бир окуяларды чагылдырышы керек. Ал эми вайндарды тартып элге сунуштаган адамдар – вайнерлер деп аталат. Мисалы, кээ бир вайнерлер аба ырайынын сууктап кетишин же ысып кетишин чагылдырган видео тартса, башкалары күйөөсү менен аялынын ортосундагы милдеттерди сүрөттөгөн күлкүлүү, ошол эле учурда тарбиялык мааниси бар тасма жаратышы мүмкүн. А кээ бир вайндар кайсы бир компанияны жарнамалоо максатында тартылат. Бул ар бир вайнердин жеке тандоосунан гана көз каранды. Тарткан вайндарынын жардамы менен блоггерлер, биринчиден, баракчасындагы катталуучулардын санын көбөйтө алышса, экинчиден, аз эмес акча каражатын табууга болорун айтып келишет.

Эмил Токтошев: «Интернеттен тапкан каражат менен кафе ачууга жетишкем»

Эмил Токтошев бир канча жыл мурун «Тамашоу» долбоорунда «No name» командасынын капитаны катары оюн көрсөтүп жүргөн. Азыркы учурда жеке ишкер, алпаруучу жана көпчүлүк жаштардан кем калбай интернет тармактарында кызыктуу вайндары менен белгилүү. Эмил бул багыт боюнча өз талантын көрсөтүп, аз да болсо күйөрман топтой алган.

— Эмил, кандайсың? Инстаграмда канча катталуучуң бар?

— Мен биринчи аккаунтумду инстаграм соцтармагында 2015-жылы ачкам. Учурда 268 миң катталуучум бар.

— Алардын негативдүү пикирлерине жооп кайтарасыңбы?

— Негативдүү комментарий калтыргандарга мен эч качан терикпейм. Менин баракчама катталып, менин тарткан видеолорумду көрүп алып анан негетивдүү ойлорун айтып жатышат. Андай болсо таптакыр эле катталбай койбойбу. Демек, мен кызыгуу жаратып жатам да. Түшүнбөйм, кээде ошол эле негатив жазган балдар, кыздар кайра жакшы сөздөрдү жазып калышат. Кыскасы, комментарийлерге жооп кайтарып убактымды кетирбейм. Жакса көрсүн, жакпаса баракчамдан чыгып кетсин, мунун эч кандай оорчулугу жок.

— Сенин вайндарың көбүнчө эмне тууралуу, кандай темаларга басым жасайсың?

— Бир эле темага токтолуп калуу болбойт вайн тартууда. Бул бардык эле вайнерлердин ыкмасы болсо керек. Менин түшүнүгүм боюнча, вайнер жошоодо болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырышы керек. Мисалы, элдин ортосунда кандайдыр бир араздашуулар болуп жаткан болсо, аларды ынтымакка келтирчү мазмуну бар видео тартуу керек. Жалаң эле көйгөй эмес, позитивдүү нерселерди дагы чагылдырып бергим келет.

— Бул үчүн атайын алдын ала сценарий түзүп анан ишке ашырасыңбы?

— Албетте, алгач сценарий түзөм, кадимкидей даярданам, анан гана тартууга киришем.

— Ушундай кызыктуу видеолор профессионалдуу камера менен тартылабы же телефонго элеби?

— Албетте, менин вайндарымдын 60 пайызы профессионалдуу камера менен тартылат. Атайын дал ушул вайндарды тартуу үчүн камераны бардык шаймандары менен сатып алгам. Кээ бир учурларда телефондун камересына тартып дагы калам.

—  Жарнамалык вайндарды да жаратып калганыңды байкайбыз. Кайсы бир өндүрүштү жарнамалоодо канча каражат табасың?

— Бул эми кесиптик сыр деп койсом болот. Канчалык эмгек кылсам, ошол кызматымдын акыбети кайткыдай сумманы төлөп беришет. Эч качан нааразы болгон эмесмин.

— А дегеле интернет тармагынан тапкан эң чоң суммадагы акча каражатың канча болгон? Аны эмнеге жумшагансың?

— Бул суммага мен өтө арзан дагы эмес, кымбат дагы эмес камера сатып алган элем. Ошондой эле Ош шаарында «Ёма Бургер» аттуу кафе ачканга жетишкем. Ошондо болжолдуу түрдө окурмандар өздөрү эсептеп алса керек (күлүп).

— Айтсан, эң популярдуу, элдин кызыгуусун жараткан вайның кайсы темада болгон?

— Бул ыйык орозо маалында тартылган, «Орозо кармаңыздар» деген мааниси бар тамаша аралаш вайным болчу. Аны көрө элек окурмандар болсо менин баракчамдан көрүшсө болот. Аталган видео баракчама жүктөлгөндөн тартып аябай кызуу талкууга алынып, Казакстандын белгилүү актёрлору, Өзбекстандын интернет тармагындагы атактуулары өздөрүнүн баракчаларына киргизип, жакшы ой-пикирлерин калтырышкан эле.

— Кандай ойлойсуң, биздин өлкөдө вайнерлердин келечеги барбы? Ушул ишти аркалоо менен эле жашоого керектүү каражат таап күн кечирсе болобу?

— Ооба, бул нерсе учурдун талабы десем болот. Интернет аркылуу канчалаган адамдар бизнес кылышат. Чынын айтсам, менин деле азыркы кездеги каражат таап жаткан булактарымдын бири — инстаграм социалдык тармагы. Бир канча жылдар өткөндөн кийин, балким, бул нерсе актуалдуулугун жоготушу мүмкүн, эч бир нерсе түбөлүктүү болбогон сыяктуу эле бул нерсенин деле келечеги жок деп ойлойм.

— Маегиңе рахмат.

Дүйнөдөгү популярдуу 5 вайнер

«Forbs» журналынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында учурда эл оозуна алынып турган дүйнөдөгү эң популярдуу беш вайнердин аты аталган. Алар төмөнкүлөр:

Биринчи орунда өзү Швецияда туулуп-өсүп, бирок учурда Англияда жашаган 27 жаштагы Феликс Кьелльберг аттуу мырза. Ал тарткан кызыктуу вайндарынын негизинде Yuotube каналынан жылына 15 миллион доллар каражат таап турат.

Экинчи орунда жеке баракчасында 10 миллион катталуучусу бар, жылына 8 миллион доллар тапкан америкалык вайнер Роман Атвуд.

Ал эми үчүнчү орунда түбү индиялык, бирок Канаданын Торонто шаарында туулуп-өскөн Лилли Сингх аттуу куудул кыз. Ал өзүнүн видеолору аркылуу жылына 7,5 миллион доллар акча табат. Учурда Лилли 31 жашта.

Улуту Азербайжан, бирок Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын тургуну, жеке ишкер, блоггер, вайнер Гусейн Гасановдун инстаграм баракчасында 1 жарым миллион катталуучусу бар. Ал жылына 4 миллион рубль каражат табат.

Орусиялык Ида Галич дагы популярдуу блоггерлердин катарын толуктап турат. Анын инстаграм баракчасында 5 жарым миллион катталуучусу бар. Иданын кыскача роликтеринин маанисинин дээрлик 90 пайызы жигит менен кыздын ортосундагы мамилени чагылдырат. Ал жылына 800 миң доллар табат.

Асел Эсенбек кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here