Негизгиге Интервью Ангелина Гаранина: Башкаларды шыктандырам деген максатыма жеттим

Ангелина Гаранина: Башкаларды шыктандырам деген максатыма жеттим

518

Ангелина Гаранина: “Башкаларды шыктандырам деген максатыма жеттим”

Балалыгынын таттуу күндөрүн сүрүп жатканда бул сүйкүмдүү бийкечке күтүүсүз оору келген. Аты жаман ооруну жеңиш үчүн оң бутун кестирүүгө аргасыз болгон. Андан бери алты жыл өтсө да, Ангелина күн сайын алты саны аман кишилерден кем калышпай жашап келет. 12-октябрда өткөн “Кыргызстан сулуусу-2019” сынагына катышып, экинчи – вице-мисс наамын утуп алды.

“Бийлегенге муундарым чоюлуп калды деп ойлогом”

— 2011-жылдын жай айына чейин менден өткөн бактылуу адам жок эле. Ата-энемдин сүйүктүү кызы, жалгыз эжемдин сүйкүмдүү сиңдисимин. Апам мени кичинемден бийге берип, “Ак кайың” ансамблинде бийлечүмүн. Андан сырткары телеканалдардын биринде балдарга арналган берүүнүн алпаруучусу элем. Бир күнү оң жак тизем ооруп калды. Бийлеп жүргөндүктөн муундарым чоюлуп калды го деп ойлогом. Оорум басылбагандыктан ата-энем доктурга алып барса, остеопороз (сөөктүн морттугу, борпоңдугу) деген диагноз коюшту. Эртеси күнү анализ тапшырып жүрүп тепкичтен басып баратып жыгылып кетип, бутумду сындырып алдым. Ооруканадан гипстеп беришти. Бирок сынык бүтпөй, бутум шишип жан чыдатпаган оорудан кыйкырып ыйлап жаттым. Ата-энемдин бир заматта айласы кетти. Үй-бүлөлүк тааныш доктур бутумду томография кылууга кеңеш берди. Анын жыйынтыгы баарыбыздын эсибизди оодарды. Анткени мага остеосаркома – сөөк клеткасындагы залалдуу шишик деген жыйынтыкты чыгарып беришти. Ошол күндөн тартып азаптуу күндөрүбүз башталды. Мен жан кейиткен ооруга туруштук бере албай кыйналсам, атамдар менин абалымды көрүп айлалары кетти. Дарыланганга каражат жок туш-тараптан акча сурап, ал да жетпей жашап жаткан үйүбүздү сатып Санкт-Петербургдагы ооруканага жөнөп кеттик. Биринчи нурга кактануу терапиясы, ал жардам бербегенден кийин химиотерапия ала баштадым. Үчүнчү терапиядан кийин кан кетип, катуу кыйналдым. Арыктадым, чачым, кашым, кирпигим түшө баштады, бат-баттан оозул боло бердим. Ал эми төртүнчү процедурадан кийин абалым оорлошуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдым. Ошондо дарыгерлер жыйын өткөрүп, залалдуу шишик башка органдарга өтө электе оң бутумду тиземден ылдый кесиш керек дешиптир. Апам мага бул кабарды угузарда боздоп ыйлаганы азыр да эсимде. Бирок мен “апа, операцияга киргенде эмне деп суранбайын, кыйкырып ыйлабайын, артка кайтпагыла” деп айттым. Анткени балдарын аяп көп ата-эне бутун же колун кестиргенден баш тартып жатышканын көргөн элем…

“Бир буттап жашаганга көнүү оор болду”

— Операцияга чейин алты ай төшөктө жатып, химия алып, жан сыздаткан ооруга чыдоо мен үчүн абдан оор болду. Бутумду кескенден кийин кадимкидей жеңилдей түштүм. Оорум азайды. Үчүнчү күн дегенде балдак менен басканды өздөштүрдүм. Албетте, оңой болгон жок. Бир бутум менен калганыма ызаланып ыйлап, психологиялык жактан катуу кыйналдым. Ошентип айыгып, кайрадан Бишкекке келдим. Бутума протез кийип окуумду улантууга кириштим. Ооруганга чейин жалаң бешке окучу элем, андан кийин көп программадан артта калып, төрт аралаш окуп калдым. Кайрадан класска киргенде балдар “жакшы болбодубу, кимден сабак көчүрөрүбүздү билбей калдык эле” деп күлдүрүшкөн. Үч кабат мектепте улам класс кыдырып окуу оорчулук жаратты. Протезим жыгачтай катуу болуп бүгүлбөй, аны белиме корсет менен бекитип кийгендиктен сабак бүткүчө ичегилерим кысылып кыйналып кетчүмүн. Анан да көп жыгылчумун. Ошого карабай башка окуучулардай эле билим алам, мага жеңилдик кылуунун кереги жок дегем. Экинчи протезим тизесинен бүгүлүп кетме болчу. Аны менен биринчи протезден да көп жыгылып жаракат алчумун. Дарыгерлер мага “жыгылба, кесилген бутуңа жаракат албай аяр кара” дешкен. Мындан улам ал протез да көпкө кызмат кылган жок. Анын үстүнө мурда бийлеп жүргөндө дайыма кыймылды оң буттан баштачубуз. Ушул нерсе мээме жазылып калыптыр. Кийин протез бутум менен биринчи кадамды жасап алып көп жыгылганыма ушул нерсе себеп болду. Доктурлар биринчи сол буттан баштап кадам жасасам, оң жагыма көп күч келбейт деп түшүндүргөндө гана ошого көнө баштадым. Үчүнчү протезимди ата-энем ар кандай фонддордон жардам сурап жатып Германиядан буйрутма менен жасатып беришкен. Бионикалык протез ыңгайлуу, бирок көп басканда бутума күч келет. Кемчилиги – баасы кымбат, ошого карабай алты жыл гана кызмат кылат. Андан кийин тетиктерин алмаштырууга туура келет. Тамашалап “менин бир бутум бир нече квартиранын акчасы турат” деп калам. Чындап келгенде өтө кымбат турат. Европадан башка жакта жасалбайт экен. Эми эки жылдан кийин протезимди алмаштырууга туура келет. Анын акчасы эмитен эле баарыбызды ойлондурууда.

“Өзүмө окшогон балдарга жардам бергим келет”

— Шаарда ээн-эркин басып жүрө албагандыктан, орто мектепти бүткөндөн кийин сырттан билим алмак болгом. Учурда Санкт-Петербургдагы окуу жайда билим алуудамын. Күнүмдүк жашоодо өз алдынча болууга аракет кылам. Протезди өзүм кием, өзүм жуунам, тамагымды жасап ичем. Ата-энеме жүк арткым келбейт. Келечекте кикборг-модель катары иштегим келет. Бул моделдердин бир колу же буту меникиндей протез болот. Өзүмө окшогон балдарга жардам берсем дейм. Себеби бул сыноону жеңүүдө канча кыйынчылык күтүп турарын, канчалаган көз жаш төгүлөрүн жон терим менен сезип-билдим. Көбү бутума кызыгып ар кандай суроо беришет. Бул темир бут менен күндө күрөшүүгө туура келет. Ийилет, басканга жардам берет, болду, азырынча кылган кызматы ушул.

“Мисс Кыргызстан-2019” сынагына уюштуруучулар өздөрү чакырып калышты. Мен үчүн бул өтө чоң сыноо болду. Сынак калыс, адилеттүү өттү. Көп адамдар менен таанышып, баарлаштым. Буга чейин эл алдына, болгондо да сынакка чыгуу менин кыялым гана болчу. Менин ийгилик жаратууга болгон мүмкүнчүлүктөрүм өстү десем болот. Сынакка катышуумдун максаты – өзүм сыяктуу кыздарга ишеним, дем берейин дегем. Мени сахнадан көргөн мүмкүнчүлүгү чектелген кыз шыктанып, алдыга умтулуусун каалагам. Максатыма жеттим деп ойлойм. Буга чейин жашоомду ачыкка чыгарбай, протез бутумду шымга катып уяла берчүмүн. Бирок өзүм сыяктуу адамдарга жардам берем деп чечкенден кийин баарын ачыктаганды туура көрдүм. Башында доктур болгум келчү. Билбейм, оорукананын азабын тарткан ар бир бала ушул кесипти эңсеп калат экен. Бирок бул окуу жайды бүтүү үчүн күндө сабакка баруу керек. Ага менин алым жетпейт. Азыркысына деле ыраазымын, кесибиме ээ болуп, дипломду колума алсам, балким, замандаштарыма психологиялык жактан жардам бере алаттырмын. Башында “эмне үчүн мен ооруп калдым?” деп көп ойлончумун. Аягында күчтүү болгонум үчүн Кудай мага ушул сыноону берди деген жыйынтык чыгардым. Балким, башка алсыз адамга бергенде көтөрө албай сынып калмак болуш керек…

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here