Негизгиге Саамалык Айнура Нурлан кызы: Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамазды ойлоп таптык

Айнура Нурлан кызы: Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамазды ойлоп таптык

79

Айнура Нурлан кызы: «Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамазды ойлоп таптык»

Айнура да ѳз жолунда изденүүнү баалаган, элге пайдам тийсе деп эмгектенген жаштардын бири. Анын табылгасы калың элге пайдасын тийгизеринде шек жок.

Эң алгач бул жайнамаз кандай формада экени кызык болуп жатат?

— Биздин жайнамаз кадимки жайнамаздардын кѳлѳмүндѳй эле кѳлѳмдѳ. Эл
ойлогондой электрондук эмес. Бир айырмасы, анда намаздын сѳздѳрү толук
жазылган жана намаздагы кыймылдар сүрѳт менен так берилген. Материалы
кадимки баннерден болгондуктан, бүктѳп сумкага салып алса болот. Боёгу
чыкпайт. Ал жагын текшерип, сапатын бышыктаганбыз. Эркектерге да, аялдарга
да жарайт.

Намаз ѳтѳ олуттуу нерсе эмеспи, андыктан тийиштүү тармактардан текшерилип, уруксат берилгенби?

— Албетте, бул нерсени элге алып чыгуу алдында абдан ойлондук. Муфтияттан
уруксат албаганыбыз менен Сауд Арабияда билим алып жүргѳн ѳтѳ илимдүү
адамдардан кеңеш сураганбыз. “Намаздын сѳздѳрү жазылган жайнамазды жерге
салып намаз окуганга болобу?” дегенибизде «болот, абдан сооптуу иш» дешти.
Андагы ар бир сүрѳѳ, дуба кырааты менен туура окулушуна абдан аракеттендим.
Качан бардыгы туура, так экенине ынанганганда элге алып чыктым.

Жаңыдан намаз үйрѳнүп жаткандар үчүн абдан керек экен. Кайдан ала алышат?

— Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамаздын баасы 350 сом. Шаар ичинде бекер
жеткирип беребиз. Сатып алууну каалагандар 0771 502 354 номерине
кайрылышса болот.

Гүлайым Калыбекова

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here