Негизгиге Интервью Ала качуу салт эмес – оор кылмыш!

Ала качуу салт эмес – оор кылмыш!

85

Ала качуу салт эмес – оор кылмыш!

7-октябрда социалдык тармактарга тасма тарады. Тасмада көшөгөнүн артында аялдар жаш кыздын каршы болгонуна карабай жулмалап, жоолук салууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Ал эми көшөгөнүн сыртында жаштар кыяктын коштоосунда ырдап-чордоп жатышат. Аялдардын колунан жулунуп чыгып бараткан кызды “карма!” деген эркектин үнүн угууга болот.

Бул видео коомчулукта чоң талкуу жаратты. Айрым интернет колдонуучулар кыз 16 жашта экенин, аны 35 жаштагы жигит күч менен ала качып келгенин жазышты. Окуяны кээ бири Таласта болгон дешсе, айрымдар Ош облусунун Ноокат районунда болгонун айтышууда. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы видеону Талас облустук милициясы териштирип жатканын, азырынча бул окуяга байланыштуу арыз түшө элек экенин билдирди. Андан кийин бул видео тамаша болчу деген маалыматтар
тарады. Социалдык тармактардагы коомдук активисттер эгерде чын эле тамаша
болсо, ошол кыз өзү коомчулукка чыгып, тамаша экенин тастыкташын талап
кылышууда.

Ала качкандарга кылмыш күчөтүлдү

Негизи, ала качуу кылмыш деп 1994-жылы мыйзам чыккан. Ал эми 2012-жылдан
баштап кыз ала качкан фактынын жазасы күчөтүлүп, мындай кылмышка барган
адам жети жылга чейин эркинен ажыратылып келген. 2019-жылдын январь
айынан баштап күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине ылайык, 154-155-беренелер
өзгөрүп, кыз ала качкандарды он жылга чейин эркинен ажыратуу каралды. Буга
чейин 17 жашка толо электер жашы жете элек деп эсептелсе, эми 18 жашка толо
элек кызды ала качканы үчүн жаран мыйзам алдында жооптуу болот. Мындан
тышкары ал адамга 180 миң сомдон 220 миң сомго чейин айып салынат. Эгер аны
бир айдын ичинде төлөбөсө, айып эки эсе көбөйөт. Айыпты эки жылга чейин
төлөбөгөндөр дагы башка берене боюнча жазага тартылат. Маалыматка ылайык,
Ички иштер министрлигине акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895
арыз түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты
боюнча гана кылмыш иши козголгон. 28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучуга
карата иш кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу
беш жылга кесилген.

Ала качканда кандай чара колдонуу керек?

Көп учурда ала качып кеткенде кыздар өз укугун коргой албай басынып
калышат. “Эл эмне дейт?” деген түшүнүктөн алыс кете албай бактысына
балта чабат. Ала качуу учурунда төмөнкү эрежелерди билип алган ашыкча
болбойт.

Ала качууга кабылганда мүмкүн болушунча айланадагы адамдардын көңүлүн
бурууга аракет кылуу керек. Жардам сурап кыйкырган оң.

— Эгер эч ким жардамга келбесе, ала качкан адамдын жүзүн, автоунаанын
маркасын, номерин, түсүн эстеп калган туура.

— Көп учурда ала качканда кыздар колуна телефон алып чалганга аракет кылат.
Кылмышкер телефонду тартып алып же сындырып, бул аракетке дароо бөгөт
коёт. Андыктан телефонду катып, жалгыз калганда жакындарга же 102 номерине
(милицияга) байланышка чыкканга аракет кылуу керек.

— Милицияга чалганда үйдүн дарегин, кайсы жерден, саат канчаларда, кайсыл
жакка, канча адам, кандай автоунаа менен алып качышкандыгын так айтып берүү
керек. Андыктан жолдо кыйкырып ал-күчтү коротпостон, кайсы дарекке бара
жатканын эстеп калууга аракет кылуу зарыл.

— Кыздын жакындары келмейинче нике кыюу – мыйзам бузууга жатат. Молдо нике
кыярдан мурда кыздын макулдугун сурашы зарыл. Каршы экенин билдирсе, ал
нике кыйганга укугу жок. Каршы же макул экенин күбө эмес, кыз өзү айтышы керек.
Андыктан молдого сизди зордоп алып келгенин, каршы экениңизди айтыңыз. Ага
карабай молдо нике кыйса, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

— Ала качкан жерден качып чыкканга мүмкүнчүлүк болсо, дароо милиция бөлүмүнө
болгон окуя боюнча арыз жазуу керек. Арызга 14 күндүн ичинде жооп берүүлөрү
керек. Тергөөчүнүн телефон номерин жазып алып, 14 күндүн ичинде арызыңызга
жооп бербесе чалып сураңыз. Анткени 14 күндүн ичинде арызга жооп бербөө —
мыйзам бузуу болуп эсептелет, бул боюнча прокуратурага кайрылса болот.

— Ден соолугуңузга зыян келтирилген болсо, тергөөчүдөн соттук-медициналык
экспертиза дайындоо боюнча токтом чыгарып берүүсүн сураш керек. Токтомду
алып, экспертизадан өтүү зарыл. Экспертизанын корутундусун тергөөчү өзү алат
жана аны тергөө иштерине тиркейт.

1. 2-курсту аяктап, каникулга ата-энесине келген Элмира ала качуу запкысын
көргөн. Кызды мотоцикл менен ала качкан балдар Элмиранын жазылып кеткен
узун, коюу чачы мотоциклдин дөңгөлөгүнө оролуп калганын этибар алышкан эмес.
Башынын ооруганына чыдабай кыйкырган кызга жигиттер маани да беришкен
эмес. Чачынын бир топ бөлүгү баш териси менен кошо жолдон эле сыйрылып
калганын качан гана жоолук салышмакчы болгондо көрүшкөн. Жан кейитип, жин
келтирген бул окуя сыртка чыгарылбай ошол жерден бас-бас болуп калган. Кийин
Элмира дарыланганы менен аябай көп ооруп жүргөн. Натыйжада төрөт маалында
жан берип, жашоонун эч кызыгын көрбөй кете берген.

2. Индираны 17 жашында түн ичинде ала качышкан. Карылыгы келип калган ата-
эне оозгу бөлмөдө жүктүн түбүндө, Индира болсо төркү бөлмөдө жаткан. Ала
качууга келген 4 бала эшикти жулуп кирип, кары кишилердин үстүнө жүктү кулатып
салып, кызды төшөктөн көтөрүп кетишкен. Атасы эч нерсеге карабастан кыздын
артынан жөнөгөн. Оор жүктөн чыга албай калган оорукчан эне жүк алдынан жан
берген.

3. Экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, чоң окуу жайдын студенти болом деп
камынып турган Назгүлдү коңшу айылдын балдары түн ичинде жууркан-төшөгү
менен ала качмакчы болушат. 9-классты аяктаган иниси машинанын сыртында
бутунан, Назгүлдү аяш кылып алмакчы болгон балдар машинанын ичинде
башынан тартып жатышып кыздын муунуп калганына да маани беришкен эмес.
Качан гана кыркыраганын бирөөсү угуп калганда талашканын токтотушкан. Бирок
анда кеч болуп калган эле. Назгүл ошол эле жерден жан берген.

4. Айсалкынды ала качкан балдардын бирөөсү байкабай машинанын эшигин катуу
жаап, кыздын бутун эшикке кыпчып салган. Ошол учурда маани берилбегени
менен кыпчылган жери бара-бара ириңдеп, аягы кыздын бутун тизесинен ылдый
кесип салуу менен аяктаган. Ушундан кийин өздөрүнүн күнөөлөрүн сезгендин
ордуна "буту жок келиндин бизге кереги жок" деп кайын-журту  Айсалкынды көчөгө чыгарып коюшат. Ошентип, он гүлүнүн бири ачыла элек кыз бутунан эле эмес, бактысынан да куру жалак калган.

5. 2018-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында 20 жаштагы Бурулайды 29
жаштагы Марс Бөдөшов аттуу жигит ала качкан. Көп узабай жигит менен кыз бара
жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө
бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган
жаракатынан улам көз жумган. Бурулай Турдали кызы борбордогу медициналык
окуу жайлардын биринде окучу. Туугандарынын айтымында, ал Марс Бөдөшовго
эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жаткан. Сот Бөдөшовду
Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши
өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн
конфискациялоого өкүм чыгарган. Ал эми ала качууга жардамдашкан анын досу
Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк
көрсөтүү”) боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here