Негизгиге Кыз сыры Нурай: Тукумумдагы ооруну жашырып тумушка чыгышым туурабы?

Нурай: Тукумумдагы ооруну жашырып тумушка чыгышым туурабы?

445

Нурай: “Тукумумдагы ооруну жашырып тумушка чыгышым туурабы?”

Бул катты алыскы Орусиянын бир шаарынан жазып жатам. Башкалар үчүн
турмуш куруу таттуу кыял болуп жүрүп, кубаныч менен ишке ашат. Ал эми мен үчүн турмушка чыгуу деген нерсе баш катырган маселе болуп келет. Бул темага келгенде ойго тунам да калам. Жыл жаңырса 33 жашка толом. Ырас, мен үй- бүлѳлүк бакыттан кечигип келатам. Мындан да кеч болуп калбаса экен деп жакындарым тынчсызданышат. Мени болсо мындан да башка маселе ойго салат.

***
Ата-энем үч уул, үч кызды эрезеге жеткиришти. Мен бешинчи баламын,
иним бар. Айылдын карапайым жашоосунда, кудуң-шудуңу жок жѳнѳкѳй мүнѳз
менен чоңойдук. Атам менен апам да жоош-монун, катуу айтууну билбеген
жандар. Эсимде, улуу эжем турмушка чыгам дегенде атамды катуу ой басып, апам
ыйлап да алды. Анан жай отуруп бизге бир сырды ачып беришти. Апам:
— Мен ар бириңердин жарыкка келишиңерди заарканып күтчүмүн. Кайсы
балам тукум кууган балакет оору менен тѳрѳлѳт деген ой уйкумду бузчу. Ал
турсун жакшынакай ѳсүп жатканыңарда да ден соолугуңардан шек санап,
кѳз карашыңарды, тилиңерди аңдып эле жүрдүк. Кудайга шүгүр, баарыңар
жакшысыңар. Бирок эми кимиңдин балаңар кандай абалда жарыкка келет
деп ойлоп жүрѳм, — деди ыйламсырай.
Кѳрсѳ, апамдын таенеси тубаса дудук, дүлѳй адам болуптур. Буга анын апасы
алып жүргѳн оору себеп экен. Апам тараптагы тукум кууган бул илдетти жалаң кыз
кишилер алып жүрѳт экен. Балдары балалуу болушса эч кандай маселе жок,
жакшынакай эле тѳрѳлѳ беришет. Ал эми айрым кыздарынын балдары дудук,
дүлѳй болуп тѳрѳлүп калуулары мүмкүн экен. Мисалы, менин таякелеримдин
баарынын балдары ден соолугу чың. Ал эми бир таежемдин кызы дудук, дүлѳй.
Ошол күнү үчѳѳбүздүн кимибиздин балдарыбыз кандай тѳрѳлѳт деген табышмак
суроо туулдуу. Атам апам тууралуу билбей эле ала качып алган экен. Бактыга
жараша баарыбыз сак-саламатта болгондуктан эч маселе жаралбай, жашоолору
жакшы уланыптыр. Бирок үчѳѳбүздүн келечегибиз ата-энемди ѳмүр бою
санааркатып келет.

***
Улуу эжем эрте эле турмушка чыгып кетти. Тун наристеси уул болду. Алты
саны аман экенине сүйүнүп, эжем кош бойлуу болгондон бери тарткан санаабыз
тарап, эс алып эле калдык. Кийинки эле жылы дагы тѳрѳп, кыз күтүштү. Кызы биз
тараптагы оору менен жарыкка келди. Наристе жарыкка келгенден бир ай ѳтпѳй
эле кулагы укпай жатканы билинди. Эжем, жездем, куда-кудагыйыбыз тегиз тыным
албай доктурга каттай башташты. Улам бир жерге барып кѳрүнүп, наристенин
угуусунан үмүттѳрү чоң болду. Ата-энем баары эмнеден улам болуп жатканын
билип турушса да унчугушкан жок. Эмне дешмек? Наристе укпаганы гана болбосо,
кадимки балдардан кем калышпай кылыктары чыгып чоңоё берди. Анан маалынан
кечигип, сүйлѳѳсү маселе жаратты. Кайрадан баягы текшерүүлѳр, дарыгерлерге
каттоо башталды. Канчалаган дарылануудан ѳтүштү. Бир нече жыл кыздын ден
соолугу менен алышып жүрүп акыры баары тубаса экенине ынанышты. Биз тарап
ошондо гана үн катып, жѳн-жайды ачык айтууга туура келди. Дагы эжемдин кайын журту жакшы адамдар экен. Эч кандай ашык кеп козгобой наристенин калган
бактысын тилешти. Эжем менен жездемдин жашоосу уланып келет. Тилекке
каршы, толук бакытта эмес. Ал кызынан кийин дагы бир жакшынакай ден
соолуктуу бала күтүшкѳн. Андан кийинки кызы кайра так эле улуу кызындай угуу
жана сүйлѳѳ мүмкүнчүлүгү чектелип тѳрѳлдү. Бул жолу баарын кадыресе кабыл
алышты. Анткен менен баланын оорусу ата-эненин жүрѳгүн мыжып гана турат
экен да. Эжем ѳзүнѳн ѳзү кепке кемтик, сѳзгѳ сѳлтүк боло берет. Дагы жездемдин
таза сезими аны эл аралатып бастырып жүргѳндѳй сезилет мага. Болбосо
кыздары үчүн санаа тарта берип таптакыр эле чѳгүп кетчүдѳй. Азыр алар атайын
бала бакча, мектепке барышат. Ѳзгѳчѳ кароого муктаж. Анан ушундай кыздардын
келечеги кантип энесин ойлондурбай койсун. Байкуш эжем «турмуш жолдору
кандай болот?», «кандай адамга кез келет?», «бүлѳ курса алар да ѳздѳрүндѳй
кыздарды тѳрѳшѳбү?» деген жообу туман суроолорго жем болуп жашап келет.

***
Аялдын тартар түйшүгү, кѳтѳрѳр жүгү окшош болгону менен күйѳѳсү, кайын
журту, айланасындагы адамдары окшобойт экен. Биринчи жездем жакшы чыкканы
менен кийинкиси ага дээрлик карама-каршы чыкты. Эжем экѳѳ балалуу болгондон
кийин эле уруш-талаштары кѳбѳйүп, эжем үйгѳ он келип, кетти. Жарашышат,
ажырашышат. Кайра табышып жашап калышат. Айтор, түшүнүп болбойт. Улуу
баласы чоңоюп калса да эжем экинчисин тѳрѳѳнү каалабай, сактанып келет.
Себеби жездем уулу сак-саламат экенине карабай биздин тукумга тийишип,
эжемди ыза кылат экен. Уу кептерди айтып, «оорулуу бала тууган эжең» дегенге
чейин барыптыр. Ушундай тайкы адамдар да болот экен. Ушул себептер менен
эжем «кокус кийинки балам укпай, сүйлѳбѳй калса күнүмдү караңгы кылат. Соо
турганда эле жашообуз бул, андай болсо эмне күндү кѳрѳм»? деп турмуштан
кѳңүлү калып жүрѳт. Байкуш атам менен апам эки эжемдин ушундай тагдырларын
кѳрүп эле ичкендери ирим, жегендери желим. Айрыкча апам кыздарына жардам
бере албай же ойлобой коё албай бушайман экенин байкайм. «Бала берсе, ден
соолугу менен берсин» деп бекер айтышпайт тура, кѳрсѳ.

***
Үй-бүлѳбүздүн башындагы ушундай тагдырлар турмуш курууга чечкиндүү
кадам жасоомо тоскоол болуп келет. Мектеп жашымдан эжелеримдин түркүн
маселесин ата-энем менен кошо кѳрүп, кошо кейий берип турмуштан эрте күндѳ
эле кѳңүлүм сууп калгандай. Ырас, ушул жашыма чейин жигит жандаган күндѳр
болду. Бирок алардын эч биринен эртеңки күнүмдүн кепилдигин кѳрѳ алган
жокмун. Бири экинчи жездемдей эзме чыгып калсачы деп чочуладым. Жакшы деп
ишенгеним жанагындай оору менен тѳрѳлгѳн балдарды тиги жездемдей болуп
мээримдүү асырай алабы деп шек санайм. Антип канчасынан кол үздүм.
Бойго жеткен кызды кѳз ээрчигенинен да сѳз ээрчигени жаман экен. Кайсы
жакка барбайын тааныштардын «качан турмушка чыгасың?», «күйѳѳгѳ кетпей
эмне кылып жүрѳсүң?» дегендери менин безиме тиет. Бир гана ата-энем менин
ичимдеги санааны айттырбай туюп жүрүшкѳндѳй.

***
Бир күнү үч балалуу курбумдукуна конокко барып калдым. Башка меймандар
узаган соң анын жанында калып узакка маектештик. Узун кептин аягы менин жеке
жашоомо келип такалды. Андан да кызыгы, Аида бир маалда мага «жалгыз жүрѳ
бербей жок дегенде ѳзүң үчүн тѳрѳп албайсыңбы. Жашың биротоло ѳтүп кете электе»,- деди. Кыз абийири менен бир сызыктан чыкпай жашаган мен үчүн бул
кеби ѳтѳ катуу тийди. Ушундан улам ѳңүм абдан бузула түшсѳ керек. Аида да
кызыктай боло түшүп:

— Эми, жакшы адам менен мамиле куруп, анан кош бойлуу болуп алсаң
жашооңор андан ары уланып кетеби дегеним,- деди чалды-куйду. Ал мага бул
сунушту эле эмес, кимден тѳрѳп алышым керектигин кошо ойлонуп коюптур.
Жолдошунун аялы менен ажырашып кеткен досу буга ылайыктуу экенин да
кыйытып ѳттү.

Ага да мен тууралуу айтышса керек. Анысы болбогон бир шылтоо менен чала
баштады. Бир чалуусун алып, экинчи чалуусун албай жүрүп да, андан кутула
алган жокмун. Чалуулары сыяктуу эле арзыбаган нерсени шылтоо кылып жолугуп
да кетти. Акыры экѳѳбүз жакшы маектешке айланып, бири-бирибизди жакындан
тааныдык. Мамилебиздин аягы алдын ала белгилүү болгондой эле баш кошуу
сунушуна жетти. Баса, мен баягы курбум сунуштагандай андан тѳрѳп алууну
таптакыр ойлогон жокмун жана мындай нерсеге тарбия кѳргѳн, ыйманы бар
аялзаты катары эч качан жол бербейм. Эми мен аны менен мамиле улантсам үй-
бүлѳ катары гана улантам. Болбосо таптакыр кол үзүшүм керек. Бирок мен бул эки
жолду тең тандагым келбей башым катып турган кез. Албетте, мен да турмушка
чыгып, жолдошум менен эркелешкен жашоодо жашагым келет. Андыктан андан
кол үзүү мага оңой болбойт, каалабайм. Ал эми ага жар болсом кандай балдар
тѳрѳлѳт деген ойдон башым катат. Бир туруп баарына тобокел, балким, апамдай
болуп ден соолуктуу балдарды тѳрѳйттүрмүн дейм. Антсе да азыркы менин
алдымда турган башкы суроо башка, ага бул илдет тууралуу айтышым керекпи?
Алдын ала кабардар кылып койбосом, мунум чыккынчылык болуп калбайбы?

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here