Негизгиге Бизнес Ийгиликтүү болгуңуз келсе, кызматта ката кетирбеңиз

Ийгиликтүү болгуңуз келсе, кызматта ката кетирбеңиз

130

Ийгиликтүү болгуңуз келсе, кызматта ката кетирбеңиз

Ушул тапта иш издеп, кызматка орношуу мүмкүнчүлүгүңүз жогору болуп турса, анда сизге эки эсе кылдат болуу сунушталат. Себеби сиздин келечектеги карьераңыз, андагы мүмкүнчүлүктөр дал ошол маектешүүгө келген учурдан көз каранды. Кызматка ийгиликтүү орношуу үчүн кандай каталарды кетирбөө керек жана кайсы жагдайларды эске алуу керектигин төмөндөн окуңуз.

1. Аба ырайынан көп нерсе көз каранды

Адамдын маанайы, бир нерсеге кунт коюусу сырттагы аба ырайына түздөн-түз көз көз каранды экенин психологдор далилдешкен. Мисалы, бүркөк аба ырайы сизге да, сизге кызмат бере турган адамга да таасирин тийгизет. Себеби бүркөк күн, жаан-чачындуу аба ырайы адамды кыжырдантып, кандайдыр бир маалыматка кунт коюу жөндөмүн төмөндөтөт. Андыктан маектешүүгө барарда ачык, жылуу аба ырайына ылайыктаңыз.

2. Убакытты эске алыңыз

Эмгек боюнча адистер маектешүүгө эрте келүү жакшы жөрөлгө деп эсептешет. Бирок өтө эрте келүү да сиздин мүмкүнчүлүгүңүздү азайтат. Себеби кызмат берген адам сиз ага басым жасап жаткандай сезимде калышы мүмкүн. Андыктан белгиленген убакыттан 5-10 мүнөт эрте келген туура.

3. Кезекти туура тандаңыз

Маектешүүгө биринчи болуп кирбеңиз. Анткени кызмат берген жетекчи талапкерлерди бири-бирине салыштырып отурат. Биринчи болсоңуз сизден кийинкилер күчтүү атаандаш болуп калса, бат эле анын эсинен сүрүлүп чыгасыз. Ал эми акыркы кезекте кирсеңиз, жетекчини чарчоо сезими бийлеп, сиздин артыкчылыктарыңызга жакшылап баа бере албай калуусу мүмкүн.

4. Каалагандай орунду ээлеңиз

Сизге отургучка отурууну сунуш кылышты. Ал турган жерге отурбастан, өзүңүз үчүн ыңгайлуу кылып коюп алгандан тартынбаңыз. Мындан улам сиз өзүңүзгө ишенимдүү экениңизди көрсөтө аласыз.

5. Сунуштан баш тарта билиңиз

Сылыктык үчүн сизге кирип келгенде чай же кофе сунушташы мүмкүн. Эки жакты байкап караңыз. Эгер жардамчы болсо ичсеңиз болот. Кокус өзү эле болсо баш тартканыңыз оң. Себеби анын ар бир мүнөтү алтынга тете. Кофе же чай даярдаганга убактысын короткусу деле келбейт.

6. Колуңузду туура алып отуруңуз

Маектешүү учурунда кол, жаңдоо да сиз тууралуу көп маалымат берет. Мисалы, алакандарыңыз ачык болсо, сиздин ишенимдүү экениңизден кабар берет. Мүмкүнчүлүгүңүз жогорулайт. Манжаларыңыз кайчылашып турса, бул сиз адамдардын башын бириктирип иштөөгө жөндөмдүү экениңизди билдирет. Сизди жетекчилик кызматка ылайык көрүүлөрү мүмкүн. Маектешүү учурунда колуңузду кайчылаштырып бооруңузга алып отурсаңыз, жетекчинин шарттарына, талаптарына макул эмес экениңизден кабар берет. Бул нерсе сизге каршы иштөөсү мүмкүн. Андыктан колду да өз пайдаңызга туура колдоно билиңиз.

7. Кийимди туура тандай билиңиз

Кандай кеңсеге иш издеп барбаңыз, сизди кийимиңизге карап тосуп алат. Андыктан кесибиңизге жараша кийиниңиз. Чыгармачыл адам болсоңуз, ой-чабытыңызга чектөө жок. Ал эми кеңсе кызматкери болсоңуз, анда жөнөкөйлүккө, тыкандыкка басым жасаңыз. Жумушка орношо турган кеңсени акмалап көрүңүз. Кызматкерлери кандай кийинип жүргөнүнө байкоо салып, ошого жараша кийим тандасаңыз болот.

8. Маектешүүнүн жыйынтыгына назар салып туруңуз

Маектешүүдөн кийин “чечим кабыл алгандан кийин сизге кабар беребиз” дешет. Бирок көп кызматкерлер тартынып же түңүлүп, маектешүүнүн жыйынтыгын сурабай создуктуруп жүрө берет. Мындай мамиледен улам кызмат берген адам сизге жумуш андай деле маанилүү эмес экен деген жыйынтыкка келет. Андыктан өзүңүз биринчи кадам жасап, маектешүүнүн жыйынтыгына назар салып туруңуз.

Жаңы кесиптештер менен кантип тил табышуу керек?

1. Жаңы жумушка орношкондо баары менен дос мамиледе болууга аракет кылбаңыз. Кесиптеш катары сылык болуңуз. Жумуш боюнча түшүнбөгөнүңүздү сураңыз. Бирок ар бир кесиптешти жакындан билмейин сырыңызды ачуунун кереги жок.

2. Кесиптештердин арасындагы ушак-айыңга, интригага аралашпаңыз. Эгер сиздин көзүңүзчө ошондой тема козголсо, сөздү башкага буруп же ал жерден басып кеткениңиз оң. Себеби ал чөйрөдө сиз жаңы адамсыз. Карьераңыздын алгачкы баскычтарында атыңызды булгоонун кажети жок.

3. Жаңы барган кызматкерге сураныч иретинде башкалар өз ишин үйүп же жамааттагы эң майда иштерди тапшырып коюшу мүмкүн. Жаман көрүнүп албайын деген ой менен сиз алардын өтүнүчүн четке кага албайсыз. Бирок сиз башкалардын ишин кылып жүргөндө өз ишиңиз токтоп турган болот. Андыктан баш тартканды үйрөнүңүз. Болбосо жетекчиге кайрылып өзүңүздүн милдеттериңизди так аныктап алыңыз.

4. Жумуш боюнча сиздин пикириңизди сураса, сынды туура айтууну өздөштүрүңүз. Адамдын өзүнө эмес, анын кылган ишине туура баа бергенди үйрөнүңүз. Болбосо жаңы жамаатка аралаша баштаганда бөөдө жаман көрүнүп, душман таап алууңуз мүмкүн.

Баалуу кызматкер боло билиңиз

— Мыкты спортчу эртең бүгүнкүгө караганда көп ийгилик жаратууга аракет жасайт. Жана атаандашы менен профессионалдык деңгээлде тең тайлаша билет. Сиз да бир күндө кылган ишиңизге анализ жүргүзүп, кетирген каталарды эртең кайталабаганга аракет кылып, дайым мыкты болуунун үстүндө аракеттениңиз.

— Акыркы айда ишке ашырган долбоорлор жамаатка кандай таасир тийгизди, кандай каталарды кетирдиңиз, жетекчинин ою сиз тууралуу кайсы тарапка өзгөрүп жатат, баарына баам салып туруңуз.

— Дайыма жоопкерчиликтүү болуңуз. Жумушка он мүнөт эрте келүү, жыйырма мүнөт кеч кетүү катардагы адаттардын бири болгону дурус. Жөнү жок калбаңыз, суранбаңыз. Болбосо, ар кандай кырдаалга жараша кызматтан кыскаруу башталса, сиздин жогорудагы мамилеңиз сөзсүз эске алынат.

— Жетекчи, жамаат менен дайыма талкууда болууну, идея киргизүүнү аны ишке ашырууну билиңиз. Жумушка унчукпай келип-кеткен катардагы кызматкер көз жаздымда калып калат. Суроо бергенден тартынбаңыз. Кызматта “биринчи кадырыңа иште, андан кийин кадырың сага иштейт” деген кеп бар. Андыктан башыңыз менен берилип иштөө дайыма жакшы жыйынтык береринен шек санабаңыз.

Аймээрим Курбаналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here