Негизгиге Күйүт Индира: Силер менен мен дагы кошо агып кетсем эмне!..

Индира: Силер менен мен дагы кошо агып кетсем эмне!..

1690

Индира: «Силер менен мен дагы кошо агып кетсем эмне!..»

Үстүбүздөгү жылдын 2-июль күнү социалдык тармактарда мамлекеттик кызматкер Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен 30-июндан тартып дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Алар Ат-Башыдан Суусамыр жергесинде өтчү Кожомкул баатырдын 130 жылдыгына арналган мааракеге катышуу үчүн баратышкан. Унаада Молдакун Абдылдаев өзү, жубайы Тинатин, уулу Илим, кичинекей небереси Сафияна жана айдоочу Бакыт аттуу жигит болгон. Маалыматтарга таянсак, 30-июнь күнү алар жолдо баратып кырсыкка кабылып, Суусамырды бойлой аккан Көкөмерен суусуна машина менен кошо кирип кетишкен. Ошондон тартып Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира элге бул тууралуу маалымат таратып, үй-бүлөсүнө издөө сала баштаган. Ошондо жалпы кыргыз коомчулугу бул үй-бүлөнүн аман-эсен табылышын Жараткандан тилеп, жакшылыктан акыры-аягына чейин үмүт кылды. Тилекке каршы, машинада бараткандардын өмүрүн кандуу суу өз кучагына алып, бүтүндөй бир үй-бүлө бул жарыктык менен коштошуп кетти. Ата-энесинен, бир тууганынан, кызынан айрылган Индира айым ошол каргашалуу күндөн тарта Инстаграмдагы өзүнүн баракчасына кайгылуу, жүрөк эзген постторду жарыялай баштаган. Ошол жүрөк титиреткен постторунан биз Индира айымдын уруксаты менен гезитибизге жарыялоону чечтик…

Indira­­ ­_567. Карап туруп бул ажыдаардай алкынган суунун бир гана максаты бардай туюлду мага. Ал алам дегенин акыры аёосуз алып, жеп-жутуп тынат өңдүү. Ага айырмасы жоктой, жарым өмүр сүрүп койгон адамбы, же болбосо өмүргө жаңы кадам шилтеп, жашоодон жакшы нерсени үмүт эте талпынган наристеби… Жакындарымды издешкени чыккан адамдар дагы бир ооздон «сууну бир аз тиктеп турсаң  таштарга такалып калган жансыз адамдардын элеси көзгө тартыла берет экен» деп айтып жатышты. Эх, андай болсо канча деген бейкүнөө адамдын жанын алып тынды экен бул кандуу суу?! Көрсө, дал ушул жол менен бараткандар кырсыкка көп учурашчу экен, жергиликтүү тургундардын айтымында. Чынында, кооптуу жер көрүндү. Алыстан келатып кантип ушуну туюшкан жок экен атамдар?! Алдында ажал тооруп турганын билишкен жок го, алтындарым!

Дайыма алдыда жүргөн лидерлик сапатыңыз бар эле. Ошонуңузду дагы далилдеп  суудан биринчи чыктыңыз, атаке! Сиздин өзүңүздү эмес, сөөгүңүздү таптым, ата! Тирүү болсо экен деп канча үмүт кылдым эле… Жок, үмүтүм акталбады!.. Мен эми кимге эркелейм?! Ушул бар дүйнөдө сен жоксуң. Кетип калдың мени таштап. Мурун кичинекейимде «сен өлүп калсаң мен дагы өлөм» дечү элем. Бирок жер катуу экен, мени албайт экен! Экөөбүздүн туулган күнүбүз дагы бир күндө эле. Дайыма чогуу белгилечү элек. Эми мен кантип сен жок өткөрөм?!

Indira­­ ­_567. Алтыным апам, ай! Жок дегенде сиз тирүү калбайт белеңиз, мени кимге ишенип таштадыңар?! Эми мен ким менен мончого барам?! Кечинде үйгө келгенде ким менен сүйлөшүп отурам? Эртең менен «жумушка кечигип калба» деп ойготуп, кечинде бейпил түн каалап маңдайымдан сылап турчу элеңиз. Дайыма чалып акыбалымды сурап турчу элеңиз. Дагы деле күтө берем качан чалат деп. Бирок…

Indira­­ ­_567. Илим, жок дегенде суудан сүзүп сен чыгып кетпейт белең. Жакшы сүзчү элең го?! Жок, сен дагы жоксуң. Сени дагы жансыз абалда таптым! Ата-энең сени менен сыймыктанчу эле. «Акылдуу шаар» долбоорун түзүп, ал долбоорго кол коюлуп ишке киргенде абдан сүйүндүң эле. Мындан башка көптөгөн жакшы максаттарың бар болчу. Ишке ашыра албай кете бердиң. Кудай буюрса, сен аткара албай калган иштериңди мен аягына чыгарууга аракет кыламын. Сөз берем сага. Сен ар бир адамдын жүрөгүндө жылуу мамилең менен сакталып калчу жан элең. Ушунуң менен Жаратканга керек болдуң го, сыягы! Сенин бул жашоодо өмүр сүрүшүң чагылгандай эле болду. Бир жарк дедиң дагы, кайра өчүп калдың! Жайың жаннатта болсун, бир боорум!

Indira­­ ­_567. Кызым!  Сени сагындым! Бул ырайымсыз жашоодо сендей кичинекей жанга орун жок калдыбы?! Байкуш кызым, ушунча суу көргөн эмес элең, жүрөгүң түштү го, берекем… А мен ошол учурда жаныңда жок болуп калдым. Жаныңда болсом аман алып калат белем?.. Же мен дагы кошо агып кетсем эмне, сени менен чогуу. Таштан-ташка уруна берип бир дагы соо жериң жок. Моргдогу элесиң дагы деле көз алдымдан кетпей турат, балам! Атам «сени кандай жакшы көрсөм, кызыңды дагы ошондой жакшы көрөм” дечү эле. Ошого чогуу кетишти го деп ойлоп коём. Азыр ар бир кылыгыңды эстейм: жөрмөлөгөнүңдү, биринчи кадамыңды, бала бакчага көндүргөнүмдү, мектепке барганыңды, ыр жаттаганыңды, анан 8-Мартта чогулткан акчаңа мага бир тал роза көтөрүп келгениңди… Ошол күндөргө зар болуп жатам, кызым! «Апа, менин атымды Сафияна деп койгонуңар жакшы болуптур» деп атыңды аябай жакшы көрчү элең. Ишенгим келбей турат. Кантип сен жок жашайм эми?! Өмүр бою эсимден кетпейсиң, кызым! Аябай акылдуу кыз болчусуң, математикалык эсептерди бат эле чыгарып койчусуң, билесиңби? Ошондо дагы кээде сени урушуп жакшы оку дей берчүмүн. Анда сен «мени таенем төрөсө болмок экен, таенем такыр урушпайт» дечүсүң. Ушунча аз өмүрүң бар экенин билсем, урушпай койбойт белем! Таятаң менен таенеңди, таякеңди өзгөчө жакшы көрчү элең, ошолор менен жаның бир болуп ээрчишип кеттиңер төртөөңөр. Айла жок, тагдырга баш иет экенмин. Сиңдиң Сайкал үчүн жашайм да эми, эмне кылам?! Сайкал дагы силерди сагынып жатат. «Байкуш, Сафи! Апа, эмнеге ага баллон берип койгон эмессиң, чөкмөк эмес да, эми биз аларсыз кантип жашайбыз, менин жүрөгүм ооруп жатат» дегенде сай-сөөгүм сыздап кетет! Бирок бала да, баары бир көп түшүнө элек… Жаткан жериң жайлуу болсун, кызым, коркпой жат! Таятаң жаныңда! Сени «өзүм карайм, өзүм багам» дечү эле. Эми аркы дүйнөдө дагы сени өзү карап, өзү багат турбайбы! Мен ошого ишенем. Периштем менин, таятаңды, таенеңди, таякеңди бейишке алып кеттиң. Ошон үчүн жаралган турбайсыңбы, көрсө, кызым!

Indira­­ ­_567. Кантип жашашты дагы билбей калдым. Жашоо токтоп турат мен үчүн. Же жердин үстүндөгүлөр менен эмесмин, же жердин астындагылар менен эмесмин. Бир туруп ишенбей кетем, чын элеби же түш көрүп жатамбы деп. Азыр ата-энемдин, инимдин, кызымдын айткан ар бир сөзүн эстеп кандай сонун күндөр артта калганына ичим ачышып кетет. Ат-Башыга көп барчу элек. Атам кичи мекеним деп бизди дайыма алып келчү. Эки кызымды жетелеп мен дагы жүрчүмүн дайыма. Атам неберелерин жетелеп алып ойнотуп, атка мингизип, мен кыздарымдан калбай секирип ойноп жүрө берчү элем. Ошентип ата-энем каякка барса дайыма ээрчип алып жандарынан такыр чыкчу эмес элем. Мунусунда эмнеге калып калдым, билбейм! Таң калам! Азыр түнкүсүн такыр уйку жок. Ушинтип эле бир үй-бүлө жок болуп кетеби?! Төрт тарап тең мага кыбыла болуп калабы, эми? Же тиги дүйнөгө дагы үй-бүлөлүү, баласы, небереси менен чогуу жетелешип кеткен жакшыбы?.. Бирок атам менен апам бир күндө жок болуп кеткенин ойлосом… Жакшы көргөн адамы менен бир күндө кеткен кандай сонун деп дагы ойлоп кетем. Азыр өзүмдүн ордума башка бирөөнү коюп көрүп, ага боорум ооруп кетет. Кантип көтөрөт, кантип чыдайт, мен өлүп калмакмын деп. Бирок жер катуу болот тура! Бир нерсеге байланып калат экенсиң, кете албай! Күндүз асманды карасам кара булут баскандай. Өлүм алдында пенде алсыз болот тура! Өтө оор болуп жатат мага азыр! Бирок мен сынбайм… Сынбаганга аракет кылам. Иче турган суум түгөнгөндө бир күнү мен дагы кетермин…

Indira­­ ­_567. Турмуш мени катуу сынады! Ким билиптир, бир заматта ушул кызым экөөбүз эле каларыбызды. Эми ушул кызымды Кудай өзү колдосо экен. Ушул кызым экөөбүз узатып алыс жолго, кайра бирден сөөгүн  таап алып келеримди, экиден жерге береримди ким билиптир. Өлүп, тирилдим го, чиркин! Канча жолу эсимди жоготтум. Убакытты кайра артка кайрууга мүмкүн болсо, эч жакка жибербей койбойт белем силерди. Эрке кызым чоңойду, мен ыйласам кошо ыйлайт, мени кайра сооротот. «Апа, мен дайыма сиздин жаныңызда болом» дейт. Ооба, мен эми ушул кызым үчүн, анын жаркын келечеги үчүн жашашым керек. Бирок бул дагы мен үчүн оор. Айрыкча баламды ойлосом жүрөгүм тилинип, азыр эле жанына баргым келип кетет. Сынып, жер тепкилеп, өзүмдү кармай албай кетем. Ичимден күйүп, өрттөнүп кетем. Эртең эмне болорубузду билбейт экенбиз да, аттиң!

Indira­­ ­_567. Эртең менен кызымды бала бакчага алпаратсам, мага төмөнкүдөй суроо берди:

— Апа, биз байбызбы?

— Ооба, байбыз.

— Биздин акчабыз барбы?

— Ооба, бар.

— Анда, келиңиз, биз толтура бакыт, анан шарларды сатып алабыз.

— Эмнеге, кызым?

— Анткени биздин үйгө келгендердин баары эле ыйлай беришет, мен болсо дайыма күлүп жүргүм келет.

Анан бир аз ойлонуп туруп калды дагы, кайра сүйлөдү:

— Бала бакчадагы курбуларым «кимдин акчасы көп болсо, ошолор бай» дешти го… Чын эле ушундайбы?

— Кимдин көзү көрсө, укса, сүйлөгөндү билсе, оорубаса, кимдин ата-энеси маңдайында болсо, ошол адамдар бактылуу, кызым.

— А асманга учуп кеткендер деле бактылуу боло береби?

Жооп бере албай туруп калдым.

— Анда менин эжем дагы бактылуу экен да. Таятасы, таенеси, таякеси бар. Бирок апасы жок да…

Кызымды бала бакчага киргизип жатып көзүмдөн жаш куюлду.

— Апа, ыйлабаңызчы, Сафи биздин жүрөгүбүздө. А ал болсо экөөбүздү асманда жылдыз болуп карап турат…

Indira­­ ­_567. Ата-энемдин жоктугун билгизбей эми алардын ордуна катышкан достору, санаалаштары мени чакырышат. Кантип жок дейм. Ичимден күйсөм дагы айла жок үй-бүлөмдүн аты өчпөсүн деп барат экенмин. Отургандай деле болгон жокмун, чынын айтсам. Бирок өйдө жактан атам менен апам карашат да мени, алар менин ордума келишмек да деп көңүлүм чөгүңкү болсо да столдо отурдум…

Indira­­ ­_567. Мага катталган адамдар, мени унутпаганыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Ар дайым көңүл көтөрчү жакшынакай картиналарды, жылуу сөздөрдү жөнөтөсүңөр. Жан дүйнөм ооруп уйкудан ойгонсом дагы, силердин жашоого шыктандырган билдирүүлөрүңөрдү окуганда бүлүнгөн жан дүйнөм жашоого кайра үмүттүү карай баштайт… Рахмат!

Асел Эсенбек кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here