Негизгиге Аңгеме Жетимче

Жетимче

232

Жетимче

— Укта, уктай гой, алдыңа кетейин, жетимчем. У-у-ф… Аял кемшеңдей наристе уктап жаткан керебеттин четине отура кетти. Сол колу дагы ээ бербей титиреп, улам сайын жулкунганы күчѳп баштады. Ал колун оң колу менен күчтѳп кармап, токтотконго аракет кылат. Эрдин кесе тиштеп ыйлабаганга тырышат.

Улгайган аялдын мындай ыйлаак жашоого ѳткѳнүнѳ жети жыл таяп барат. Дээрлик ар бир кечте ушул кѳрүнүш. Канчалык ыйлабайм деп ѳзүнѳ сѳз бергенине болбой кемшеңдеп кетет. Кээде наристени уктатып жатып ырдап берип, жомок айтып берип баарын жакшы жыйынтыктагансыйт. Анан жаздыгына баш койгондо кайра эле баягы балакет санаалар башталат. Уйкусу качып чабалактап жатып мээсине миң сан ойлор келет. Айласы келгенде туруп эшикке жѳнѳйт. Максатсыз сыртка чыгып асманды карайт да, алда немеден санаасы тынчыгансып «мына, азыр кирип эле уктайм» деп үйгѳ кирет. Дароо жатып ала албай секелек кызына бурулат. «Ачынып калбады бекен, кѳмкѳрѳсүнѳн түшүп албадыбы?» деп карайт. Баары жайында, мемиреп эч нерседен бейкапар уктап жатканын кѳргѳндѳ аста жылмайып алат да, балапан чачтарынан шуу-шуу жыттайт. Ушу эңкейип ѳѳп, кайра ѳйдѳ боло бергенче ѳткѳн секунд гана убакыт ичинде кемшеңдеп калат, жарыктык. Мээсинде баягы эле «ушул жетимченин жакшылыгын кѳрсѳм экен, Кудай. Кызым кылыгын кѳрбѳй кеткен секелегимдин жыргалын мен кѳрѳр бекенмин» деген ой. Ошентип кайра эле уйкусун качырып ыйлап калат.

***

Күздүн салкын күндѳрү эртели-кеч адамды ичиркентип калган кез эле. Уй сааганга камынып бир колуна чакасын, бир колуна алжапкычын кармап үйдѳн чыгып жаткан аял кошуна ак сакалдын кирип келатканын кѳрүп ыйбаа кыла туруп калды. Ак сакал «жакшысыңбы, айланайын?» деп үнүн угулар-угулбас чыгарып учурашкан болду да, үйгѳ кирип кетти. Аял колундагыларын коюп артынан чай коюуга кирди. Аңгыча дагы эки-үч кошуна аял келип отуруп калышты. Аялдардын бирдемелерди үзүл-кесил сүйлѳшүп, ак сакалдын демейдегисиндей болбой жер карап отурганы жүрѳгүн кысып жиберди. Чай коюп, дасторконго аны-муну алып келип жатып ичинде «эмне эрте эмес же эртең эмес беймаал келдиңер?» деген суроо кайталанып, бирок айта албай жатты. Аңгыча үч-тѳрт эркектин коштоосунда короодо мал тейлеп жүргѳн күйѳѳсү да кирип келди. «Жай эмес, жайчылык эмес» деген ой ичин ысытып, туңгуюк бир сезим жан дүйнѳсүн тыбырчылатып ийди.

— Эмне болду, ыя, айланайындар. Эмне кеч-күүгүмдѳ келдиңер? Жайчылыкпы?

— Кайрат кылгыла, балдарым…

— А-а-а. Ак сакал калган кепти эптеп айталбай туттугуп калды. Аял да андан аркысы эмне сѳз экенин укпай эле ачуу чаңырып ийди.

— Жайнагүл.

— Жайнагүл кырсыктаптыр… Аялдардын бири колтугуна жармашканча ушуну айтты.

— Кызы-ым… Жайна-а-аш.

Кулагына күйѳѳсүнүн тумчуга улуган үнү бир угулду да, ѳзү айланкѳчѳк болгон жерде боюн кармай албай чалкалап баратты.

— Кой, кагылайын, ѳзүңдү карма. Кайрат кылбаганга арга жок мындайда, садага болоюн. Ѳзүңдү карма, бекем карма, балакетиңди алайын. Айылдын четинде жашаган алысыраак тууган болчу кемпир колун тынымсыз сылап, балакет-мээнетин ала жалынып жатты.

— Кудай башка салганды кѳрѳт экенбиз да. Башка арга жок экен да, арман. Эсиңди жый, кагылайын. Ажал келсе кетет экен, ажалы жетпеген минтип карыса да жүрѳ берет экен, мендей болуп. Жүрбѳймүнбү беш баламды арты-артынан кара жерге берип коюп.

Ак саамай байбиченин бул кептери тегеректе тургандарга гана сабак болуп айтылып жаткансыды. Жайнагүлдүн энесине болсо бири да угулган жок. Айлана курчап алган аялдарды түшүндѳ кѳрүп жаткансып, зыңгырап ооруган башында «Жайнагүлгѳ эмне болду, ыя? Кызым каякта азыр? Жаңы тѳрѳгѳн ымыркайы кантти экен? Аларды карабай тиги күйѳѳ балам кайда жүргѳн? Мени Жайнагүлгѳ жолуктурушпайбы?..» деген ойлор кайнап жатты.

***

Ал күнү Жайнагүл ымыркайы, кайненеси үчѳѳ унаанын артында келатышкан. Жолдошу айдоочунун жанына отурган. Кайненеси мектепте каникул башталды, кийинки чейрек башталганча балдарым жанымда болсун деп ойлогон. Анан уул-келинин жаш кѳрүп «баланы экѳѳ алып келе албайт. Жолдон ыйлап келинди кыйнап жүрбѳсүн. Неберемди ѳзүм алып келем» деп шаарга келип, бир түнѳп эле эртеси жолго чыгышкан. Тарткылык деген ушул окшобойбу, Жайнагүл эмнегедир айылга барабыз дегенге жетине албай кубанып, жолдошунун жумуштан суранып келишин кайталап эскертип жаткан эле. Камынып жатып кызынын кийим-кечек, оокаттарын аябай толуктап, эч нерсесин калтырбай алган. Жолдошунун «он күн үчүн бешикти албай эле коёлу. Айылдан табылат» дегенине болбой «менин кызым ар кимдикине эмес, ѳзүнүн бешигине жатышы керек. Баланы ушундай багыш керек ээ, апа?» деп кайненесине эркелей кеткен эле. Ал ичинен баласынын оюн колдогону менен келининин кѳңүлүнѳ карап макул болгон. Такси келгенде:

— Силер отура бергиле. Мен үйүмдү жакшылап дагы бир сыйра карап чыгайынчы.

— Ой, болчу эми, эмнесин карайсың? Токтун баарын сууруп койдум.

Жайнагүл ага да болбой жалгыз калып гүлдѳрүн жыттап, пардаларды оңдоп тартып, бѳлмѳлѳрдү кыдыра карап чыккан. Жарым күндүк сапар жакшынакай жүрүп отуруп, так айылга кире берерде каршысынын унаа чыгып, кырсык тооруду. Наристесин бооруна кыскан келин ошол эле жерден жан берген экен. Кайненеси оор абалда ооруканага, жолдошу кайра жандандыруу бѳлүмүнѳ түшүштү. Гүлдѳй ѳмүр ушинтип гүлүн тѳкчү учурда жайрап калды.

***

Эки айлык ымыркай эки кудагыйдын ортосунда талашка түштү. Экѳѳ тең жаралуу. Чындыгында, келин деген гана аты болбосо Жайнагүлдү кайненеси кызынан кем кѳрчү эмес. Ал келин болуп келгенде уулум үйлѳндү дебей эле кызыма шерик келди деп сүйүнгѳн. Андан ары Жайнагүл атына заты жарашкан жаркылдаган мүнѳзү менен кайненесине жагып алган. Андыктан алтындай келинин жоготуу ага да оңой болгон жок. Бири келининин, бири кызынын ордун ымыркай менен толтуруп, жараларына даба кылгылары келди. Ачык айтышпаганы менен катуу эле тиреш болду. Ары кетип, бери кетип отуруп аягында ымыркайды таенесине беришти. Себеби кырсыктан улам Жайнагүлдүн жолдошу тыкыр кѳзѳмѳл менен жашашы керек болду. Бир чети аны караш керек болсо, бир чети куран окутуп келген-кеткенден колу бошобой бала кароого чолосу тийбесине кѳзү жеткенде айласыз небересин кудагыйына кошуп берди. Кийин алам деген ою бар эле, бирок кеч болуп калыптыр. Кыз таенесин эне деп таанып, жанынан жылбай турганын кѳрүп наристени ыйлаткысы келген жок. Уулу да «апа, кызым таенеси менен калсын. Кайненеме да оңой эмес. Анын жаркылдаган кызын биз жоготтук» деген. Ошону менен бул темага четик коюлду.

***

Мына, гүлдүү жуурканда мемиреп уктап жаткан кыз баланын тагдыры ушундай. Таенесин апа, таятасын ата дейт. Таякелери, таежелери кѳзүн карап, кир жугузбай жети жашка жеткиришти. Кылык-жоругу, кѳз карашы, турган турпаты бүтүн бойдон энесинин эле ѳзү. Аял үчүн Жайнагүлү кайра тѳрѳлүп, кайра башынан чоңоюп жаткандай туюлуп кетет кээде. Кызын жерге берген соң аны белин буудуруп, буттан тургузуп бастырган ушул кыз болду. Канчалык кайратынан тайып турса дагы кызынан калган кыз үчүн чыйралып келди. «Ушуну эптеп мектепке киргизип коюп ѳлсѳм экен» дечү башында. Эми кызы 1-класска кирип, тыпылдап класстын тыңы болду. Үзүлбѳгѳн үмүт дагы алдыга сүрѳп, «ушул кыз мектепти бүтүп алганча ѳлбѳй турсам экен» деп калды.

— Ээ, Кудайым, ушул жетимчемдин чымындай жанын аман кыл. Энеси кѳрбѳй кеткен жыргал заманды кѳргѳз ушуга. Бактысын бер. Абышкам экѳѳбүзгѳ ушунун бактылуу жашоосун кѳргѳз. Аял сооронуп, колунун калтыраганы да басаңдап калды. Эми уктасам экен деп ордунан туруп жатып наристени дагы бир жыттады:

— Укта, уктай гой, жетимчем.

Мунара Сапарова

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here