Негизгиге Кыз сыры Сезимай: Ѳзүм үчүн тѳрѳп алам дегендик – жеткен ѳзүмчүлдүк экен

Сезимай: Ѳзүм үчүн тѳрѳп алам дегендик – жеткен ѳзүмчүлдүк экен

260

Сезимай: «Ѳзүм үчүн тѳрѳп алам дегендик – жеткен ѳзүмчүлдүк экен»

Кайсы темага кайрылбайлы, ар бир жазганыбыз гезиттин бетин эле толтуруп койбой, кимдир бирѳѳ үчүн сабак болсо экен деген ниетте болобуз. Ѳткѳн сандардын биринде жарык кѳргѳн баян кезектеги каарманыбызга ѳзгѳчѳ таасир берип, жашоосу үчүн оң жыйынтык чыгарганын угуу бизге кубаныч болду. Чын дилинен сыр бѳлүшкѳн Сезимай «менин баяным да башкаларга пайдалуу болуп калар» деген оюн билдирди. Эмесе, кеп башынан болсун.

— Адаттагыдай телефонду тиктеп, ар кандай маалыматтарды окуп отургам. Баракчамды түрдүрүп жатып “Тукумумдагы ооруну жашырып тумушка чыгышым туурабы?” деген тема кѳңүлүмдү бурду. Кызыгуу менен окууга кириштим. Нурай аттуу кыздын баяны сүйүктүү гезитимдин интернет баракчасына жайгаштырылган экен. Чынын айтсам, мени ал кыздын оорусу эмес, башка нерсе таасирлентти. Ал “мен тарбия кѳргѳн кыз катары ѳзүм үчүн эле тѳрѳп алуу кадамына барбайм” деп жазган экен. Тарбия кѳргѳн кыз! Тарбия! Ушул сѳздѳр мээме “тык” деп тийип, кыттай уюй түштү. Кѳп жолу угуп келген жѳнѳкѳй сѳздѳргѳ мынча таасирленишимдин себеби бар эле.

Ал каармандан эки жашка улуу экенмин. 35 жаштын тамагын ичип жаткан учурум. Мен да элдин арты да, алды да болбогон катардагы карапайым үй-бүлѳдѳ туулуп-ѳскѳм. Бир туугандарымдын баары турмуш курушуп, бала-чакалуу. Менде жезде, жеңе да, келин, күйѳѳ бала да бар. Ар кимдин тагдыры ар кандай жазылат экен, эмнегедир мен гана турмуштан артта калып келем. Деним сак, билим десе билим, иш десе ишим бар. Мени менен ким тааныш болсо, ошонун баары бактымдын ачылышын тилеп, кылбаган аракеттери калган жок. Асты жакшы деп билген жигиттерге тааныштырышса, аягы билген ырым-жырымын кылып кѳрүштү. Баарынан да апамдын басса-турса жаңылбай тилегени эле менин бактым. Ушунча аракеттерге карабай кѳңүлүмѳ жаккан адам табылбай же жактырганыма ѳзүм жакпай калып, жашым ѳтүп баратат.

Кулагыма сиңип бүткѳн “күйѳѳгѳ качан кетесиң?” деген сѳз башта ачуумду келтирсе, кийин кенебей да калдым. Бара-бара минтип айтканды да азайтышты. Эми ал сѳздүн ордуна мени аяй карап, аяр мамиле кылууга ѳтүп баратышты. Кыскасы, бул менин эле эмес, жакындарымдын да жаралуу темасына айланып кеткендей. Ошондой күндѳрдүн биринде бир тууган жеңем үйүнѳ чакырып калды. Айылдан келген эжем болуп чогуу отуралы, сырдашалы дешти. Туугандар арасында кѳпкѳ кѳрүшпѳгѳн аялдардын түнү менен кеби бүтпѳй сүйлѳшкѳн адаты болот эмеспи. Биз да ошондой сырдашкан түндү сагынып жүргѳн элек. Жеңем, эжем, сиңдим тѳртѳѳбүз кызуу сүйлѳшүп отурдук. Ошол жерден туугандарым мага мени таң калтырган сунушун айтышты. Кыязы, алар баарын эбак эле алдын ала кеңешип алышса керек. Жеңем:

— Сезимка, эми сенин деле жашың ѳтүп баратат. Кѳңүлүңдү күтүп отуруп ушул жашка жеттиң. Эми кѳңүлүңѳ жакпаса койсун, кѳзүңдү жумуп туруп дени сак бирѳѳдѳн тѳрѳп ал. Тартынба, сени баары туура түшүнѳт,- деди балп эттире.

Жеңемдин ар иште шарт-шурт этип шыдыр жүргѳнүн, оюндагысын жашырбай ачык айта билгенин баарыбыз жакшы кѳрѳбүз. Бул жолу да ошол мүнѳзү менен ичинде болгонун болгондой айтып алды деп түшүнүп койгум келгени менен, кѳңүлүм ооруй түштү. Андагы абалымды айтып жеткире албайм. Кыскасы, аябай жаман акыбалда калдым. Анымды жашыра албай араң турсам эжем аны кубаттай:

— Ошент. Күйѳѳсү жок тѳрѳгѳн жалгыз сен болот бекенсиң. Тѳрѳп эле жатышпайбы. Балаңды тим эле баарыбыз бапестеп чоңойтуп алабыз. Баккан жагынан сарсанаа болбо,- деди камкор.

— Хм, ѳзүңѳр каалаганыңарча тѳрѳп, каалаганыңардай бага бергиле! Чыдабай жарылып кеттим. Шарт туруп барып жатып алдым. Катуу таарындым. Мурда-кийин ээн баштанып басып-туруп буларды сарсанаа кылган болсом же алда ким менен шынарлашып айламды таппай жүргѳн болсом бир жѳн эле. Түптүз басып, бир чийин менен жашап кѳнгѳн мен үчүн бул катуу тийди. Бул тема туугандар арасында экинчи ирет козголгон жок.

Бул үч жыл мурун болгон окуя. Андан кийин эки жыл зуулдап ѳтүп, мындай сунушту экинчи ирет курбумдан уктум. Ал мага бала деген сонун болорун, бала менен кайгынын баары унутулуп каларын, эч нерсеге карабай бала үчүн гана жанталашып кызыктуу жашап баштаарымды саймедиреди. Эки жыл мени оор басырыктуу кылып жибергенсип анын сунушуна баягыдай ыргып-секирип кеткен жокмун. Эмнегедир бул жолу ичимдеги бир туюм “эмнеге болбосун? Тѳрѳсѳң тѳрѳп ал да” деп жатты. Бара-бара бул тема мени ѳзүнѳ катуу тарта баштады. Керек болсо курбум менен дал ушул тууралуу сүйлѳшкүм келип жолукчу болдум. Каршы болбогонумдан уламбы же чындап менин балалуу болуп алышымды кааладыбы, айтор, курбум да бул кепке келгенде жан-алы калбай сүйлѳп калат. Бирок, кантип? Ушул чоң суроого келип такалабыз.

Анын жообу жок экенин билсем дагы “ѳзүм үчүн тѳрѳп алуу” деген эңсѳѳ мени бийлеп алды. Кыялымда бир наристени эркелетип багып, жетелеп жүргѳнүм жүргѳн. Кээде туруп ал учурдун бат эле келип калуусун самап кетем. Кайра баары болбогон бир ойдон чыккан жомок экенин эстеп шаабайым сууйт. Айтор, ушундай бир келесоодой күндѳр болду. Ушинтип жок нерселерге жетеленип жүргѳн бир күнү жумушума байланыштуу бир эже менен таанышып калдым. Кебинен жалгыз уулу бар экенин, азыр ѳткѳѳл куракка келип абдан кыйнап жатканын билдим.

Эркек балага атасынан ѳткѳн күчтүү адам жок да. Атасына айтыңыз да,- дедим. Эже кызыктай боло түштү да:

— Атасы жок.

— Ии, эже, кечириңиз. Билбей эле…

— Бар, эми-и… Бирок ал билбейт атасын. Мен ѳзүм кылгам баарын.

Эптеп эле тѳрѳп алсам болду, кийин жашооңо киришип, тынчыңды албайм дегем. Сѳзүмѳ туруп келатам. Баламды кичинесинен атасы тууралуу сурабагандай кылып койгом. Эми минтип…

Бул маек мени эсиме келтирип, кыялдардан сууруп чыккан маек болду. Баланы жалгыз бой тарбиялоо оңой болбосун, бала жалаң эле бакыт менен кубаныч алып келбей турганын эми ойлодум. Баланын жыргалы менен кошо азабы болорун такыр эске албай жатыптырмын. Эженин окуясынан кийин баягыдай элеп-желеп болгонумду койдум. Ушул эле маалда “бактысыз бүлѳдѳ чоңойгон балдардын тагдыры кыйын болуп калат” деп угуп калдым. Жалгыз бой эне эч качан бактылуу бүлѳ боло албайт эмеспи. Демек, ѳзүм үчүн тѳрѳгѳн балам кыйын тагдырга туш болуп калабы? Менин медалымдын экинчи бетинен ушундай суроолор чыкты. Ошентсе да акыркы жылы “ѳзүм үчүн” деген азгырык ой мээме келип-кете калып тынчтык бербей келатты эле.

Нурайдын баянын окуган соң бул ойго биротоло чекит койдум. Мен эми ѳзүм үчүн, жеке кызыкчылыгым үчүн тѳрѳп алмак турсун, бул тууралуу ойлонбойм дагы. Себеби мен тарбия кѳргѳн кызмын. Ата-эненин, агай-эжейдин тарбиясын кѳргѳн кызмын. Заман бузулду деп мен дагы бузулушум керек эмес. “Улуу сѳздѳ уят жок” дейт эмеспи, мен балалуу болуш үчүн бир адам ала жипти атташы керек. Анын жеке жашоосучу? Антип бир адамдын тагдырына кара так болгум келбейт. Ал эми атасыз туулган баланын эртеңки жашоосучу? Анын жоопкерчилигин алып, эч нерседен кем кылбайм деген күндѳ да, баланын кѳңүлүндѳ “атам жок” деген ѳксүк ѳмүр бою калат эмеспи. Жүрѳгү жаралуу бала энесине канчалык бакыт болуп бере алат? Жок, мен минтип экинчи, үчүнчү адамдарды бактысыз кылуу менен бала жыттап, баланын бактысын жалгыз сезгим келбейт. Таалим-тарбия кѳргѳн адам башкаларды кыйынчылыкка кириптер кылбайт да. Башкаларга жоопкерчилик алгысы келбеген, керт башынын ырахат, кызыкчылыгын ойлогон ѳзүмчүл гана ѳзү үчүн тѳрѳп алууну ойлойт экен. Бала деген аруу, ыйык нерсе бүтүн жана бактылуу үй-бүлѳдѳ тѳрѳлүшү керек.

Ушундай бир жыйынтыкка келишиме түрткү болгон тарбиялуу кыз Нурайга ырахмат айтам. Мен эми баягы күңүрт жана кооптуу ойлордон арылып, жакшы ойлорго ниет коём. Жалгыз бой эне болуу деген оюмдан такыр кайтам. Баарын жаңы жана таза ой менен башынан баштайм. Балким, чындап бактым ачылып, бир бүлѳнү кубандырып бир эмес, бир канча баланын энеси болоттурмун…

Гүлайым Калыбекова

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here