Негизгиге Интервью Зарина: Уулумду таппай калсам кантип жашайм деп коркуп келем

Зарина: Уулумду таппай калсам кантип жашайм деп коркуп келем

98

Зарина: “Уулумду таппай калсам кантип жашайм деп коркуп келем”

36 жаштагы Зарина 2018-жылдын 22-декабрында Чүй облустук аймактык
ооруканасынын төрөт бөлүмүндө эгиз уул төрөгөн. Бирок “балаңдын дене табы көтөрүлүп жатат” деп медайым алып кеткен бойдон эне уулун экинчи көргөн эмес. Эки сааттын ичинде “балаң чарчап калды” деп, бирок ымыркайдын сөөгүн көрсөтүшкөн эмес. Он айдан бери Зарина өлгөн бала аныкы эмес экенин, баласын алмаштырып коюшканын далилдей албай келет.

“Уулумду эмизгенге жетиштим”

— Эгиздеримди беш баладан кийин төрөдүм. Алты бала эмес, жети балам бар деп
жоголгон баламды дайыма кошуп айтам. Энелик жүрөгүм менен анын бир жерде
аман-эсен чоңоюп жатканын сезем. Ошол күнү толгоом жетип ооруканага бардым.
Биринчи азыр колумдагы уулум Баястан, андан кийин Султан төрөлдү. Дароо
палатага которулуп, балдарымды колума беришти. Жакшынакай эле эмизип
жаткам. Эртеси медайым “балаңдын дене табы көтөрүлүп кетти” деп алып кетти.
Улам чыгып “бала кандай?” деп сурап жатсам “жакшы, смесь берип койдук, уктап
жатат” дешти. Түнкү саат он бирлерде нөөмөттө турган дарыгер баламдын
жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын айтты. Дароо күйөөмө чалдым.
Туугандарым чогулуп келе калышты. Жыйырма мүнөттөн кийин “балаңар чарчап
калды, сөөгү өлүкканада” дешти. “Кантип чарчап калат, жакшынакай эмес беле?”
деген суроолорум жоопсуз калды. Кандайча жарым саатка жетпей жандандыруу
бөлүмүнөн өлүкканага түшүп калганын да түшүнбөй жаттык. Ошол түнү нес болуп
коридордо кирпик какпай басып жүрдүм. Баламдын чарчап калганына таптакыр
ишенбей жаттым. Доктурлар болсо баламдын сөөгүн көрсөтүүдөн качып ар кандай
шылтоону айтышты. Эртеси ооруканадан чыгып кеттим. Үйгө келгенде сүтүм агып,
өзүмдөн өзүм катуу кыйналдым. Баламдын да ыйы басылбай жатты. “Бул эгизинин
жогун сезип жатат, балам тирүү болсо сүтүм мынча ийибейт эле” десем туугандар
мени күйүткө алдырып жатат дегендей кабыл алышты. 24-декабрда
дарыгерлердин үстүнөн укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык.

“Экспертизанын жыйынтыгы тескери чыкты”

— Баланын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага бердик. Менин баламдын бою
48 сантиметр болчу, жерге берилген ымыркайдын бою 44 сантиметр экен.
Денесинин башка өлчөмүндө да чоң айырмалар бар. Соттук-медициналык
экспертизанын жыйынтыгы “бала 34 жумалык кезинде ара төрөлгөн” деп чыкты.
Менин балам болсо 38 жумалыгында төрөлүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы
колума тийгенден кийин көргөн көзүмө ишенбей экспертке бардым. “Балким, ал
жаңылып калган жокпу?” деген ой кетти. Бирок ал ката кетиши мүмкүн эместигин
айтты. Ошондон кийин балам тирүү деген ишеним менде ого бетер күчөдү. Анын
үстүнө өлгөн ымыркайдын сөөгүн ачарда эки кайним тең кирген. Мен
балдарымдын экөөнү тең сүрөткө тартып алган элем, бир кайним сүрөттү көрүп
“союлган ымыркай бул эмес, ал муштумдай эле болгон кызыл эт экен” деди. Бул
жерде нөөмөттө турган дарыгер, медайым менен биргеликте менин баламды өлдү
деп алмаштырганы айдан ачык көрүнүп турат. Бирок экспертизанын жыйынтыгы
боюнча эч кимиси түшүндүрмө бере алышкан жок. Көздөрү алаңдап оңдуу жооп
айта албай жатышат.

“Султанымды ойлоп он айдан бери ичкеним ирим, жегеним желим”

— Жактоочу жалдап, Чүй облустук прокуратурасына ДНК тест жасатуу үчүн уруксат
сурап кат жолдогонбуз. Эгер алар макулдугун берсе, өлгөн ымыркай менен биздин
материалдарыбыз Орусияга жөнөтүлмөк. Жазган катыбызга үч айдан бери жооп болгон жок. Катты жер жутуп кеткенсип эч ким таппай жатты. Качан гана биз ызы-
чуу көтөрүп коомчулукка чыга баштаганда ал кат Чүй облустук прокуратурасында
кармалып жатканы билинди. Эми прокуратура уруксат берсе, ДНК-тест Москвага
ИИМ аркылуу кетет экен. Мунун жыйынтыгына да ишенип болбойт. ДНКны
алмаштырып, коз боёмочулук кылуулары толук мүмкүн. Ошондуктан өз
алдыбызча көз карандысыз экспертизага да берели деп жатабыз. Кайда
бергенибизди эч ким билбейт, бирок Москвадагы жыйынтык келгенде
салыштырып, ошондо аныгына жете алабыз деп ойлойм.
Балаңдын кайда, кимдин колунда чоңоюп атканын божомолдоп жашоо эне үчүн
тирүүнүн тозогу экен. Мына, он айдан бери ичкеним ирим, жегеним желим. Көз
жашым кургай элек. Уулдарым курсакта жаткан кезде эле Баястан, Султан деген
аттарды тандаганбыз. Султанымды ойлосом кылып жаткан ишимди, отурган
жеримди унутуп коюп санаага батам. Түшүмө кирет, Султан деп кыйкырып
чакырып издеп жаткан болом. Эгиз деле сезет экен. Эч жери оорубаса деле
Баястан чыргоолонуп беймаза боло берет. Бир жери жакшы эмес го деп доктурга
алып барсам баары жайында дешти. Доктур аттуунун баарынан кеңеш алып
чарчадым. Баары бир ооздон эгиз балдардын бири төрөлүп, экинчиси курсакта
чарчап калуусу мүмкүн эмес деп жатышат. Мага бирөөнүн аборт кылган ара
төрөлгөн баласын карматып койсо ишенип отуруп калат дешсе керек. Мени азыр
баламдын тирүү экени гана сооротуп жатат. Эми ДНКга материал жөнөтүп,
жыйынтыгы колубузга тийгенде баары ачыкка чыгат деп ишенем. Мени, мага
окшогон энелерди сыздаткан доктурлар мыйзам чегинде жазасын алышсын.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here