Негизгиге Кыз сыры Арманын ачык айта албаган тагдырлаштар

Арманын ачык айта албаган тагдырлаштар

442

Арманын ачык айта албаган тагдырлаштар

Тагдыр кимди кандай калчабайт? Бирѳѳнүн ыйына сын такмак турсун, бактылуу жашоосуна кѳз артуу да кооптуу. Башкага бактылуу кѳрүнгѳн жашоонун артында ат кѳтѳргүс арман катылып жаткандыр. Кезектеги кыз-келиндердин баяндары да дал ушундай суктанарлык да, сын тагарлык да эмес. Бирок окурманды ойго тартып, жыйынтык чагырууга чакырат.

Аноним: «Күйѳѳм мени ѳзүнѳн алыстатып жатат…»

— Менин дарегимди сыр кылып чыгарып коюңуздарчы. Мага кеңеш керек.
Жолдошум менен жашаганыма 5 жылдай болуп калды. 2 жаштагы балабыз бар.
Учурда жолдошум экѳѳбүз Орусияда иштеп жүрѳбүз. Менин кѳңүлүмдү калтырган,
кагып-силкип катуу айткан мүнѳзү бар. Керек болсо уруп-согуп, ашата сѳгүп жатса
да унчукпайм. Ага таптакыр эле байланып калгандаймын. Мындай мамилеси,
албетте, кѳңүлүмдү оорутат, ыйлап алам. Бирок тѳркүнүмѳ же башка бирѳѳгѳ
арызданбай чыдап келем. Мындан улам «ал мени окутуп алганбы?» деген да ой
келет. Бирок күйѳѳмдүн андай нерселерден такыр алыс экенин билем. Кыскасы,
баары анын айтканы менен болот. Бир ооз «кечир» деп койсо эле болду, баарына
ыраазымын, баарын унутуп калам. Ал мени Кыргызстанга жиберип жаткан. Макул
болгом. Кетериме аз калганда досунун үйүнѳ конокко барып калдык. Мен аяшым
менен, ал досу менен узак кепке кирип кетиптирбиз. Алар бир маалда сыртка
чыгып кетип, бир далай убакта киришкен. Аяшым экѳѳбүз ашканада сүйлѳшүп
отуруп алар эмне менен алек болушканына деле кызыккан эмеспиз. Эки күн ѳтпѳй
аяшым чалып кызык кеп баштады. Кѳрсѳ, алар тѳркү бѳлмѳдѳ отуруп сутка эмес,
бир нече саатка гана сатыла турган бузулган аялдардын номурларына чалышкан
экен. Аны тиги аяшым күйѳѳсүнүн телефонун чукуп таап алыптыр. Ал номерлерге
чалып күйѳѳсүнүн барган, барбаганын текшерсе, алар «бизге чалышкан, бирок
келишкен эмес» деп жооп бериптир. Экѳѳбүз оозубузду ачып эле калдык. Ал го,
күйѳѳсү менен алышып, айтышып жемин жедирбеген аял. Мен болсо күйѳѳмдѳн
корком. Четин чыгарып айттым, бирок ал угуп-укпай туруп эле урушуп салды.
Андан ары унчуга алган жокмун. Баары бир моюнуна албасын билем. Чыр
чыкпасы үчүн андан кѳрѳ унчукпай койгонум туура. Эми он күндѳн кийин кетем.
Күйѳѳмдүн жанында жүргѳнүмдѳ кылган бул кылыгы мени уктатпай калды. Эртең
мен Кыргызстанга жеткенче эле жанагындай бузулган аялдарга жѳнѳчүдѳй… Аны
абдан жакшы кѳрѳм. Бирок эч ишене албай жатам. Күйѳѳм ичем дегенимди алып
берип, кием дегенимди кийгизет. Кайда барам десем да жиберет. Үйгѳ зарыл
нерселердин баарын ѳзү алат. Керек болсо мени карап отурбай ишинен эрте
келип калса тамак жасап, кирин деле жууп алат. Бирок жанагындай орой
мамилелери, анысы аз келгенсип эми минтип башкаларга кызыгып жатканы
айламды кетирип жатат. Эмне кылам?

Аноним: «Күйѳѳгѳ тиерден мурун анын аялы бар же жогун тактагылачы, кыздар»

— 19 жашымда иштейм деп дээлигип Орусияга кетип калдым. Суткасына 4-5
сааттан гана уктап, жаным тынбай иштедим. Акча анча деле зарыл эмес эле.
Бирок эмнеге мынчалык жанымды кыйнап күнү-түнү иштегем, билбейм. Ата-энем
жакшы эле жашоодо жашашчу. Алар ата-энелик жүрѳк менен сезишсе керек,
«кызым, уйкудан калып жатасың. Уктабай жатып ден соолугуңду бузуп аласың.
Антпе…» деп дагы далай акыл кептерин айтышчу. Ага да болбой, «эс алып
жатам» деп калп айтып коюп акча табууга тырыштым. Биринчи жолу иштегендик
кылган окшойм, азыр ойлосом. Анан турмушка чыгуум керектигин айта башташты.
Эжем аркылуу бир жигит менен таанышып, сүйлѳшүп жүрдүм. Ал мага анчалык
жакпаса да «турмушка чыгышың керек» дегендерине ынанып эле сүйлѳшѳ
бериптирмин аны менен деле. Ошентип, Кыргызстанга барарым менен сѳйкѳ
салып, кѳп ѳтпѳй үйлѳнѳ турган болдук. Чакан той кылып, баш кошуп жашап
калдык. Никеден кийин баягы жактырбай сүйлѳшкѳн күйѳѳмдү жакшы кѳрүп,
жакшы жашоого аракет кылып баштадым. Бирок кайын журтума анча жакпай
калдым. Айрыкча кайнежеме. Кийин болот деп айтылган тоюбуз болгон жок.
Каражат жетпейт дешкенин туура кабыл алып, аны деле маселеге айланткан
жокмун. Уулдуу болуп, бактылуу эле күндѳрдү ѳткѳрүп жатканбыз. Бирок баягы
кайнежем ортобузга от жагып жүрүп акыры мени кетирип тынды. Күйѳѳм мени
таштап коюп Орусияга иштеп кетип, ал жактан жаш кыз менен таанышыптыр. Кѳп
ѳтпѳй ага баш кошконун досторубуздан уктум. Экѳѳбүз чогуу-чаран эле катышып,
катташып жүргѳн досторубуз мага байланышка чыгып күйѳѳмдүн аял алып
жатканын айтып таң калышты. Ачуум келди, ыйладым, ызаландым. Бирок аргасыз
кала бердим. Жашоомдо мындай бурулуш болот деп такыр ойлобогон элем. Эми
кебимдин соңунда ар бир кызга кайрылмакчымын. Мейли, Москвадабы же
Кыргызстандабы, силерди жулкулдатып, оюңарга койбой ала качып кетип
жатпаган соң тие турган күйѳѳңѳрдү жакшылап таанып алгылачы. Жигит болуп
жаныңарда жүргѳн неменин аялы бар бекен же жок бекен, тактап туруп анан
кийинки кадамга баргылачы. Меники сыяктуу ансыз да араң турган үй-бүлѳлѳрдү
менин күйѳѳмѳ тийип алган шашма кыз сыяктуу кыздар заматта бузуп салып
жатышат. Үй-бүлѳлүү эркектерден айланып ѳтүп, абийир, намысыңарды
сактагылачы. Ѳзүңѳрдү сыйлагыла, кыздар. Жашоо бумеранг!
Айжана: — Болор иш болуптур. Эми ѳзүңдү бекем карма. Башыңды бийик кѳтѳрүп
бас. Сенин да бактың ачылат.

Аноним: «Мен эмнеге жакшылык кѳрбѳй келем?»

— Кенедей кезимде атам каза болуп калыптыр. Мен 5 жашка келгенде апам башка
адамга турмушка чыгып, эки бир туугандуу болгом. Бир туугандарым менен абдан
жакшымын. Ал эми кийинки атам мени эч кабыл алган эмес. Кенедей кезимден каарына алып, сабап, такыр жакшылык кылган жок. Мени чырылдатып эмне үчүн
сабачу экенин азыр деле билбейм. Чакырса укпай калсам дагы сабап салчу. Анын
үнүн укканда эле жүрѳгүм түшүп турчу. Анын айынан апамдан «ажырашып
кетиңизчи…» деп канча сурандым. Болгон жок. Келечекте турмуш куруп бактылуу
жашайм деп үмүт кылган элем. Ал тилегим да орундалбады. Тактап айтканда,
кайненем менен күйѳѳм мени начар жердин кызысың деп басынтышат. Кайненеме
түнкү саат бирде жатып, таңкы саат алтыда туруп кызмат кылсам да жакпай
койдум. Алардын бир жемесин угуп ыйласам, бирин укмаксан болуп чыдап келем.
Жакында кош бойлуу болдум. Күтүп жүргѳндүктѳн аябай сүйүнүп, жолдошума кош
бойлуу экенимди сүйүнчүлѳсѳм кубанмак турсун «бул менин баламбы же…» деп
ар кандай жаман кептерди айтып жүрѳгүмдү оорутту. Болгон үмүтүм ушунда эле.
Кош бойлуу болсом баары жакшы жагына ѳзгѳрүп кетчүдѳй сезимде элем.
Жолдошумдун жанагындай канынан бүткѳн баланы эч нерсе боло электе жерип,
кабыл албаганы жан дүйнѳмдү жанчып кетти. Ыйлап жата берип боюмдан да
түшүп калды. Кайненемдин санаасы болсо бѳлѳктѳ. Качан болбосун «иштеп акча
таппайсың» дейт, иштесем «келин алып деле жыргаган жокмун» деп чыгат. Эх,
кайсынысын айтайын! 5 жашымдан бери жакшылык кѳрбѳй келатам. Тажадым…

Айназик Раимкулова

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here