Негизгиге Ааламда “Оскар” сыйлыгы — ар бир тасма жаратуучунун кыялы

“Оскар” сыйлыгы — ар бир тасма жаратуучунун кыялы

60

“Оскар” сыйлыгы – ар бир тасма жаратуучунун кыялы

Америкадагы, дүйнө жүзүндөгү эң абройлуу киносыйлык “Оскар” болуп саналат. Киноискусство академиясы негиздеген бул сыйлык быйыл 93-ирет тапшырылат. Артында чоң тарыхы бар сыйлыкка ээ болуу ар бир режиссёрдун, актёрдун кыялы. Көп режиссёрлор ушул сыйлыкка татыктуу болгудай тасма тартууга аракет көрүшөт. Ал эми актёрлор карьерасынын жеткен чеги “Оскар” сыйлыгы деп билишет.

Киносыйлыктын түптөлүү тарыхы

Бул абройлуу сыйлыкты тапшыруу аземи биринчи жолу 1929-жылы болуп, ал
мейманканада өткөн. Ага 270 адам катышып, билет баасы 5 долларды түзгөн. Иш-
чара өзү 15 мүнөткө гана созулуп, лауреаттары жеңиши тууралуу алдын ала
билишкен. Киносыйлыктын кызыгын арттыруу үчүн жаратуучулар жыл сайын
изденип келишкен. Ал эми конвертти 1941-жылы гана чаптап калышкан. Буга “LA
Times” басылмасы Академиянын койгон тыюусун бузуп, иш-чара болорго аз
калганда жеңүүчүлөрдүн тизмесин басылмага жарыялап салганы себеп болгон.
Сыйлыкка “Оскар” деген ат 1934-жылы гана берилген. Анын мындай аталып
калуусуна бир нече божомол бар. Чындыкка жакыныраагын айта турган болсок,
актриса Бэт Дэвис статуэтка ага күйөөсү Оскар Нельсонду эске саларын айткан.
Ал эми академиянын аткаруучу директору Маргарет Херрик кылыч кармаган
жоокерди көргөндө “Менин таякем Оскар го” деген пикирин билдирген. Мунун
баарын угуп отурган журналист Сидни Сколки гезитине: “Академиянын
кызматкерлери өзүнүн статуэткасына ат тапты” деп жазып чыккан. Ушундан кийин
сыйлык “Оскар” деп аталып калган. Тарыхында киносыйлык 3 жолу өтпөй калган:
Биринчи жолу 1938-жылы Лос-Анжелесте катуу суу ташкыны болгондо.
Экинчисинде, 1968-жылы кара терилүү жана кедей адамдардын укугун коргогон
активист Мартина Лютера Кингди өлтүрүп кетишкен. Мындан улам АКШнын көп
штаттарында башаламандыктар коштолгон. Үчүнчүсүндө,1981-жылы АКШнын 40-
президенти Рональда Рейганга кол салуу болгондо.

Статуэтка кандай материалдан жасалат?

Статуэтканын дизайны Седрик Гиббсонго таандык болсо, аны ишке скульптор
Джордж Стэнли ашырган. Анын бийиктиги 34 сантиметр, салмагы 3,85 килограмм.
Башында “Оскарды” колодон жасап, сыртына алтын капташчу. Бирок 30- жылдардын ортосунда колого да көп каражат сарпталарын эсептеп чыгып, жезге алмаштырышкан. Ал эми 24-караттагы алтын менен сыртын каптоону бүгүнкү
күнгө чейин токтотушкан жок. Экинчи дүйнөлүк согушта металл кымбатка туруп, 4
жыл катары менен “Оскарды” гипстен жасашкан. Бирок согуш бүткөндөн кийин
академиядагылар гипстен жасалган статуэтканы кайра жез “Оскарга” алмаштырып
беришкен. Бул статуэтканы сатуу мүмкүн эмес, анын баасы 1 долларды түзөт.
Бирок актриса Беатрис Уэллс атасынан калган “Оскарды” аукционго коюп, 860
долларга сатып жиберген. Ал эми залдын кире беришинде турган узундугу 8
метрлик, салмагы 550 килограмм болгон “Оскарды” жеңил металлдан жасашат.
Сыртына капталган атайын сары боёк жаркырап камерага жакшы көрк берет.

Мыктылар кантип тандалат?

1. Номинацияга талапкерлигин коюуга ар бир режиссёрдун укугу бар. Өзүнүн эмгегин ушул сыйлыкка татыктуу деп эсептеген режиссёр ошол жыл ичинде
тартылган тасмасын сунуштап, “Оскардын” өз талаптарына жооп бере турган
бланка толтурат. Мисалы, “Мыкты актриса” номинациясына ат салышуу үчүн ал
актриса кеминде 3 кинодо роль жаратуусу керек. “Мыкты тасма” номинациясында
тасманын узактыгы 40 мүнөттөн кем болбошу керек. Лос-Анжелестеги
кинотеатрларда бир жумадан кем эмес коюлушу зарыл. “Мыкты чет элдик тасма”
наамына талапкерлер өз өлкөсүндө кинону 30-сентябрга чейин бет ачарын
жасоосу керек. Дагы көптөгөн талаптарды өзүнө камтыган толтурулган
бюллетендер академиянын өкүлдөрүнө жиберилет. Бул лонг-лист (узун тизме) деп
аталат.

2. Буга чейин “Оскар”сыйлыгын алган актёр, режиссёр жана башка тармактагылар
академиянын курамына кирет. Бүгүнкү күндө академияда 6 миң адам бар. Узун
тизмедеги талапкерлер дал ушул 6 миң адамдын сынынан өтүшөт. Алар тандаган
талапкерлерден шорт-лист (кыска тизме) түзүлөт. Көп добуш алгандар иргелип
отуруп номинацияга талапкерлер аныкталат.

3. Номинацияга талапкер болгондорго кайрадан жыйынтыктоочу добушту өз
тармагындагы адамдар гана бере алат. Мисалы, Бред Питт “Мыкты актёр”
наамына добушун берет, “Мыкты продюсер” номинациясына добуш бере албайт.
Ал эми “Мыкты тасма” номинациясы үчүн 6 миң мүчөнүн бири калбай добуш
бериши керек. 50 пайыздан жогору добуш алган талапкер гана жеңүүчү деп
табылат. Жалпысынан 28 номинация боюнча сыйлык тапшырылат. Бул тармакта
деле таанышына, досуна жан тартып добуш берген учурлар көп болот.
Pricewaterhouse Coopers компаниясы 1934-жылдан бери добуштарды эсептеп чыгарып келет. Комиссиянын берген добушун компаниянын аудиторлору
эсептеп чыгат. Тапшыруу аземине он күн калганда эки эксперт жана төрт
жардамчы 6 миңден ашуун бюллетенди эсептеп чыгышат. Иш учурунда алар үч
күн бою эч жакка чыкпайт, эч ким менен байланыш түзбөйт. Андыктан
жеңүүчүлөрдүн атын аталган компаниянын эки эксперти гана билет. Иш-чара
болор күнү жан киши билбеген унаа менен конверттерди жеткирип беришет.

“Оскардын” рекордчулары

— Актёрлордун көбү экиден “Оскар” алган учурлары болгон. Бирок арасынан
Дэниел Дэй-Льюис 3 ирет “Мыкты актёр” номинациясында сыйлык алган. “Киного
тартылганды токтотом дейм. Бирок кайра эле барам жана ал үчүн бул статуэтканы
алам. Бирок мен атайын “Оскар” үчүн тартылбайм” дегени бар.

— Ингрид Бергман 7 жолу “Аялдын мыкты ролу” номинациясын алган.

— Джек Николсон 12 жолу мыкты ролу үчүн бул наамды алган.

— Мерил Стрип 12 ирет бул наамга татыктуу болгон. Акыркы жолу ага 2012-жылы
тапшырылган.

— Мыкты тасма, сценарий, актёрдук курам боюнча 3 тасма рекорд коюп келген.
“Бен-Гур” тасмасы 3 жолу, “Титаник” жана ““Шакектин өкүмдары: Падышанын
кайтып келиши” тасмасы 11 номинация боюнча сыйлык алышкан.

“Оскардагы” алпаруучунун орду

Үч сааттык иш-чараны алпаруу өтө сый жана жоопкерчиликтүү милдет. Алпаруучу
канчалык ийгиликтүү тандалса, иш-чаранын рейтинги ошончолук өсөт. Эң жакшы
алпаруучу катары Хью Джекманды көрсөтүшөт. Актёр ырдап, күлдүрүп, бийлеп,
залда отургандарга тамаша сөз ыргытып эриктирбейт. Дагы бир ийгиликтүү
алпаруучу катары Боб Хоупту айтса болот. Ал 19 жолу катары менен салтанатты
алпарган. Көптөгөн комедияларда башкы ролду жараткан Билли Кристал да 9
ирет салтанатты башкарган. Эң начар алпаруучу деп Джеймс Франко менен Энн
Хэтэуэйди айтса болот. Джеймс иш-чара учурунда социалдык баракчасына сүрөт
жүктөө менен алек болсо, Энн элдин көңүлүн өзүнө бура албай убара тарткан. 2010-жылы салтанатты 41, 3 миллион адам көрсө, 2011-жылы 37,9 миллион адам
көргөн. Рейтинги түшкөнүнө академиядагылар Джеймс Франко менен Энн
Хэтэуэйди айыпташкан.

Бекзат Пирматов: “Кинонун сценарийи бир нече жолу өзгөрдү”

Сценарист, режиссёр Бекзат Пирматовдун “Аврора” тасмасы “Оскар” сыйлыгына “Мыкты чет элдик тасма” номинациясында ат салышат. Буга чейин Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тасмасы да аталган наам үчүн ат салышкан эле.

— Тасманын сценарийин 2014-жылы жазып баштагам. Сценарийди актриса
Альбина Имашевага ылайыктап жаздым десем болот. Ысык-Көлдү мен
аялзатына, Кыргызстандын өзүн эркекке салыштырам. “Аврора” көлдүн мыкты
жеринде салынган. Бейиштей жерде жайгашкан. Кыргызстан да дүйнө жүзү
боюнча бейиштей жерде жайгашкан. Бирок баркын билген киши аз. Пансионатты
мен жөн жерден тандаган жокмун. Кыргызстан менен “Авроранын” окшош жерлери
көп. Советтер Союзунан бери өлкөдө көп нерсе өзгөрбөсө, пансионатта да ошол
көрүнүш. Окуя ошол эле пансионаттын ичинде, айланасында болот. Баш
каармандар трагедиялуу, күлкүлүү окуяга кабылышат. Киного Бактыбек Мамытов,
Альбина Имашева, Марат Амираев жана башкалар катышты. Буюрса, эмгек
өлкөнүн атынан “Оскар” сыйлыгына ат салышып жатат. Буга чейин Кореянын
Пусан шаарында, Норвегияда, Швейцарияда, Нур-Султанда өткөн фестивалдарга
катышты. Уфада өткөн “Күмүш Акбузат” кинофестивалында “Мыкты режиссёрлук
эмгек” наамын алды.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here