Негизгиге Тамчы тагдыр Жазгүл: Алты бала менен таштандынын боюнда жашап келебиз

Жазгүл: Алты бала менен таштандынын боюнда жашап келебиз

133

Жазгүл: “Алты бала менен таштандынын боюнда жашап келебиз”

Жаштайынан кыйынчылыктар менен күн кечирип келе жаткан Жазгүл алты баланын энеси. Ушул заманда тамга тааныбыган эне балдарынын сабаттуу болушун абдан кыялданат. Тилекке каршы, кыялдары канчалык бийик экенине карабай жашоосу таштандынын боюнда, булганган абага уугуп ѳтүп жатат.

“Эне тарбиясын кѳрбѳй ѳстүм”

Мен Ош облусуна караштуу Кызыл-Кырман айылынан болом. 27 жаштамын. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчисимин. Сегиз жашымда атам менен апам ажырашып кетишкен. Буга апамдын атамдан жыйырма жашка кичүү болгону себеп болду. Атам тѳртѳѳбүздү апама бербей ѳзү карап, кайра үй-бүлө курган жок. Апам болсо турмушка чыгып бир кыздуу болгон. Апам сагынганда бизге келип учурашып кетип турчу. Ошентсе да чогуу жашоого жетпейт да. Ар качан эненин мээрими, кеңеши, колдоосу керек болуп, эне тарбиясын кѳрбѳй ѳстүк. Жаш күнүбүздѳ төртөөбүз атам менен Казакстанга барып талаада тамеки тизип иштедик. Күндө 100-200 сомдон таап, күнүмдүк керектѳѳлѳрүбүзгѳ жумшачубуз. Балалыктын таттуу доорун сезбей, башкалар куурчак ойноп жүргѳндѳ биз жашоону ойлончубуз. Ата-энем ѳмүр бою батирлеп жашашкан экен, ѳзүбүздүн үйүбүз болушун кыялданчубуз.

“Тамга тааныбаган бойдон калдым”

Документтерибиз толук болбогондуктан, Казакстандан мектепке кире албай калганбыз. 12-13 жашымда Кыргызстанга келдик. Бѳбѳктѳрүм кеч болсо да Ысык-Көлдөгү мектеп-интернатка жайгашып, окуп калышты. Атам мени да окутууга аракет кылды. Бирок ѳзүмдѳн 6-7 жаш кичүү балдар менен окуудан уялдым. Канча жолу мектепке сүйрөп барса да качып келип атамды кѳп түйшүккѳ салдым. Балким, бир туугандарым жанымда окушса тамгаларды өздөштүрүп, окуганды үйрөнүп алмактырмын. Бирок алар үйгѳ каникул учурунда эле келишчү. Атам экөөбүз шаардын четиндеги таштанды төккөн жерде батирде жашачубуз. Базарда араба сүйрөп иштеген атамды ээрчип жүргѳнүмдү билген апам мени жаныбыздагы таштандыга алып келип, желим бөтөлкө терип иштешимди айтты. Макул болуп иштеп калдым. Алгач көнбөй кыйналдым, жытынан жийиркенчүмүн. 40 килограмм бөтөлкө 100 сомго бааланчу. Ошентип иштеп бир туугандарыма кийим-кечек алып берчүмүн. Атам болсо батир менен тамак-ашты камсыздачу. Кийин атам да ооруп калып, бул түйшүктүн баарын мойнума алган учур да болду. Атам оорусунан айыккан соң мени менен иштеп калды.

“Кайненемдин келини эмес, кызы болдум”

Жолдошум экѳѳбүз бир аймакта жашачубуз. Экөөбүз көчөдөн ары-бери өткөндө көрүшүп жүрүп кийин таанышканбыз. Эки жылдай сүйлөшүп, мен 14, ал 16 жашында турмуш курдук. Үйгө өзүбүз эле жетелешип барганбыз. Анын ата-энеси каршы болбой жылуу кабыл алышты. Апам мени дароо кызындай кабыл алган. Азыр “кенедей кезиңде келгенге төрөгөн кызымдай эле болуп калдың” деп калат. Чын эле кайненем мага баарын башынан үйрѳтүп, кызындай тарбиялап, ѳстүрдү. Атамдын жанында жүргѳнүмдѳ күн бою иштеп оокат деле кылчу эмесмин да. Тамакты да атам даярдап коёр эле. Ошондуктан камыр жууруп, нан жасаганды, тамак кылганды билбей тиричиликтен бир топ кыйналдым. Бирок апам баарын түшүнүү менен кабыл алып, үйрөтүп кетти. Жолдошум экөөбүз тең жаш болгондуктан турмушубуз бузулуп кетүүсү мүмкүн эле. Кайненемдин насааттары, көрсөткөн багыты менен, Кудайга шүгүр, үй-бүлөбүз бүтүн.

“Балдарымсыз жашай албайм”

13 жылдан бери жолдошум экөөбүз сен, мен дешпей ынтымакта жашап келебиз. Үч уул, үч кызыбыз бар. Учурда 11, 9, 8 жаштардагы балдарым мектепте билим алышат, 6, 3, 1 жарым жаштагылар үйдө. Жолдошумдун да жети эле жылдык билими бар. Бир нерсени бат үйрөнүп алууга жѳндѳмдүү. Экөөбүз үйлөнгөндө унаа оңдоочу жайда иштечү. Жайлай курулушта иштеп, азыр меш салганды үйрөнүп жатат. Бош болсо балдарынын сабактарына жардам берет. Балдарым жакшы окушат, чейректерден “5” чыгып жатат. Жолдошум менен кайненем жок болуп калышса балдарыма жардам бере албай ызаланып кетем. Улуу кызым бөбөктөрүнө каралашат. Азыр деле тамга таанып, окуганды үйрөнөйүн дейм, бирок тиричиликтен кол бошобойт. Менде болбогондор балдарымда болсо экен деп аракет кылам. Алар сабак окуп жатканда кичүү үчѳѳнү тынч карап турганга далалаттанам. Болбосо бир бѳлмѳдѳ алтоо бири-бирине жолтоо болушат. Балдарыбыз бар, жокту түшүнүп калышты. Бир-эки эле нан алып калган күндѳрү бир кесимден жеп, “калганын анан жейбиз” деп коюшат. Айрымдар “мынча баланы эмне төрөйт?” дешет экен. Бул сөздү кайненем деле айтып калат. Мен балдарды аябай жакшы көрөм, өтө баласаакмын. Балдарым үчүн тамак жебей, кийим кийбей деле коё алам, бирок аларсыз жашай албайм.

“Таштандынын жытынан тажадык”

Негизи, көп балалуу үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам, балдарына жөлөк пул алышат экен. Биз эч нерсе албайбыз. Себеби эч жерде каттообуз жок. Учурда жашап жаткан батирибиз басып алынган жерге салынган экен. Кызыл китеби жок болгондуктан арзаныраак берилет. Түтүн каптап турган мурда жашаган жерибизге салыштырмалуу жакшы. Бирок таштандыны ѳрттѳгѳндѳ каңырсыган жыт бул жакка деле жетет. Балдарыбызга мунун зыяны тийип жатат го деп тынчсызданам, бирок айла жок. Мындан таза аймакка, кенен батирге кѳчүп кеткибиз келет. Тилекке каршы, алты бала менен бизди эч ким кабыл албайт. Балдарыбыз таштандыга барбасын деп кайтарып эле турабыз. Мектепте каникул болгондо пол жууп же бөтөлкө чогултуп иштей коём. Кээ бир адамдар таштандыга жакшы эле кийимдерди ыргытып салышат. Аларды жууп-тазалап балдарыма кийгизген күндөр болду. Акчабыз болсо элден кем кылбай жаңысын алып бергенге аракет кылабыз.

Жазгүлгѳ жардам берүүнү каалагандар 0703 77 27 90 номерине чалып байланышсаңар болот.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here