Негизгиге Ден соолук Жер-жемишти туура жеп пайдасын көрүңүз

Жер-жемишти туура жеп пайдасын көрүңүз

116

Жер-жемишти туура жеп пайдасын көрүңүз

Жемиштер күнүмдүк тиричиликте адамдын организмине керектүү шекердин нормасын толтуруу жөндөмүнө ээ. Мындан тышкары кандай жемиш жебеңиз, ал витаминге бай келет дагы, ички органдардын жакшы иштөөсүнө өбөлгө түзөт. Ал үчүн жемиштин кайсы түрүн жана кандай убакта жеш керек экенин билип алган оң.

Жер-жемишти кантип туура жеш керек?

1. Эгерде жемиштин кандай түрү болбосун ачкарын жесеңиз, ички органдарды детоксикация (уулуу заттардан арылтуу) кылууга шарт түзүлөт. Жемиш бош турган ичегилерден жоон ичегиге өтүп, андан кийинки жеген тамактын оңой сиңүүсүнө жана анын сыртка жеңил чыгуусуна шарт түзөт. Мисалы, жемиш жээрдин алдында эки кесим нан жеп туруп артынан алма жесеңиз, анын курамындагы пайдалуу витаминдер өз милдетин аткара албай калат. Мындан улам жемиш менен нан аралашканда ачып, зарына болууга, ичтин катуусуна алып келет.

2. Көбү жемиш жесем ичим көөп баштайт деп даттанышат. Ток кезде жемиштин кандай түрүн жебеңиз, ага чейин желген азык менен аралашып газды пайда кылат. Мындан улам ал газ ичтин көбүүсүнө алып келет.

3. Сүт азыктарынын түрү менен аралаштырып жегенде жемиш тез сиңип кетүүнүн ордуна ичегилерде камалып калат. Белок кечирээк сиңе турган касиетке ээ. Ал эми жемиштин курамындагы пайдалуу заттардын баарын белок жууп кетет дагы, организмде зат алмашуу тартиби бузулат. Мындан улам ичтин бирде өтүп, бирде катып, тынымсыз көөп турушуна алып келет.

4. Жемиштин бир эле түрүн жеген оң. Мисалы, дарбыз менен коонду аралаштырганда экөөнүн тең курамындагы пайдалуу заттарды сиңирүүгө организм үлгүрбөйт. Жыйынтыгында ичегилерге эч кандай пайдалуу витамин барбайт.

5. Кандай жемиш болбосун ал 20-30 мүнөттө сиңет. Андыктан тамактанардын алдында жеген туура. Эгер башынан эле тамак сиңирүүңүз оор болсо, анда эртең мененки тамакты ичерге 40 мүнөт калганда жемиш жеген жакшы.

4. Эгер сизде ашказан жарасы бар болсо же тынымсыз зарына болсоңуз, ач карын кандай жемишти жеген туура болорун доктур менен кеңешкен оң. Көп учурда апельсин, грейпфрут сыяктуу кычкылдуулугу көп жемиштен баш тартууга туура келет.

5. Эки стакан жылуу суудан соң желген жемиш тамак сиңирүү тутумуна эле эмес, адамдын мээсине да чоң пайда алып келет. Себеби мээнин клеткалары глюкозага муктаж. Ал эми жемиштин курамындагы глюкоза аны сергек ойготуп, иштөөсүнө өбөлгө түзөт.

6. Жемишти дагы өз өлчөмү менен жеген туура. Анын күнүмдүк өлчөмү 300-400 граммдан ашпашы керек. Бул болжол менен эки орточо алма же бир чоң апельсин.

Ачка жегенде пайдалуу жемиштер

Алма – 150 грамм алма организмге керектүү болгон С витамининин бир күндүк нормасын толтурат. Алма эң күчтүү антиоксидант. Ал жүрөк кан-тамырын шлак басуудан сактайт. Мындан сырткары бул жемиш онкологиялык оорулардан коргой турганын АКШнын Корнель университетинин окумуштуулары изилдеп чыгышкан. Рак клеткаларын блокко сала турган артыкчылыкка алма менен кызыл карагат гана ээ. Алманын дагы бир артыкчылыгы аны туура сактоодо курамындагы пайдалуу антиоксиданттар жаңы үзгөн кездегидей сакталып турат. Күндө эртең менен ач карын жана күнү бою 2-3 ирет алма жегенден организмдеги холестериндин өлчөмүн 30 пайызга азайтат. Пайдалуу заттардын баары алманын кабыгында экенин эстен чыгарбаган оң.

Киви – кичинекей азык иммунитеттин клеткасын толуктай турган артыкчылыкка ээ. Анын курамындагы серотонин эске тутууну, тамакка болгон табитти жөнгө салат. Эки кивиде 30 грамм магний бар. Магний булчуңдардын иштөөсүн жөнгө салат. Кивини күн алыс колдонуу менен кан басымды бир калыпта кармап, бөйрөктө таш пайда болуунун алдын алат. Эртең менен желген бир киви канды суюлта турган бир таблетка аспиринге барабар. Болгону, дарыга караганда жемиштин зыяны жокко эсе.

Кулпунай – бул азыкты ач карын жегендин эки олуттуу пайдасы бар. Биринчиден, түз ичегилерге өтөт да, түнү бою чогулган токсиндерди тазалайт. Кынтыксыз иштеген ичегилер теринин кургабай сыйда болушуна шарт түзөт. Кош бойлуулук учурундагы ичтин катуусунун алдын алат. Экинчиден, кулпунайдын 85% суудан турат. Организмдин ар бир клеткасын нымдандыруучу касиетке ээ. Өзгөчө ашыкча салмактан жабыркагандар таңды 200 грамм кулпунай менен баштаса натыйжасы жакшы болот. Бул жемишти кышкыга тоңдуруп сактап койсо да болот. Анын курамындагы пайдалуу заттар бузулбай сакталып турат.

Жүзүм – ашыкча салмак, кант диабети менен жабыркабасаңыз, анда күнүнө тамактанууга 1,5-2 саат калганда 8-12 жүзүмдүн данын жесеңиз пайдасы чоң. Себеби анын курамындагы пайдалуу заттар ичегилердин сезгенүүсүнүн алдын алат. Бөйрөктөгү ташты эритүүгө, боорду тазалоого жөндөмдүү. Аа калориялуу болгондуктан, бир канча саатка чейин курсакты ток кармайт. Кышкы убакта жүзүмдүн ордуна мейизди ач карын жесе ошол эле натыйжаны берет.

Шабдаалы – бул жемиште кальций, темир, магний, фосфор, цинк бар. Ал эми ароматерапия боюнча адистер шабдаалынын жыты антидепрессант катары пайдасы чоң экенин белгилешет. Анткени бул жемиштен чыккан жыт мээнин иштөөсүн, эске тутуу жөндөмүн жакшыртат. Эгер шабдаалыны күнүмдүк нормадан кем эмес колдоно билсе, карылыкты, териге бырыш түшүү процессин жайлатса болот. Анын курамындагы каротин зат алмашууну жөнгө салат.

Ач карын жегенге болбой турган жемиштер

Алмурут – бул жемиштин буласы кесек болгондуктан, ач карын жегенде ашказандын былжырлуу челин сезгентип, өйкөп оорутушу мүмкүн. Ичегиде газ пайда кылуусу күтүлөт. Өзгөчө алмуруттун катуу сортторун жегенден карманыңыз. Ал эми алмурутту жегенден кийин артынан суу ичүү ичегилердин сезгенүүсүнө алып келет. Андыктан бул жемишти тамактангандан кийин 1-2 сааттан соң жеген туура. Дагы бир жагдай, алмурут заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, ысык мезгилде аны көп колдонууга болбойт. Денедеги нымдуулук сакталбай калуусуна алып келет. Денедеги нымдуулуктун нормасы төмөндөп кеткенде адамда психикалык чарчоо, өнөкөт оорулардын козголуусуна алып келет.

Курма – бир канча пайдалуу заттарга бай болгонуна карабай аны ач карын жегенге болбойт. Себеби ашказанды кыжылдатып зарына кылат. Ичегилердин иштөө тартибин жайлатып, ичтин катуусуна алып келет. Өзгөчө 3 жашка чейинки балдарга бул жемиш сунушталбайт. Калыптанып келе жаткан ичегиге зыян алып келет.

Банан – курамында магний көп. Эртең менен аны колдонуу организмдеги калий-магний тең салмактуулугун бузат. Бул жүрөктүн бат согусууна, жүрөк оорулардын козголуусуна шарт түзөт. Бананды жегенден кийин кыска убакытка гана сергек сезим келет дагы, андан көп өтпөй метаболизмдин иштөөсү бузулуп, чарчоого алып келет. Банан 5-10 пайыз клетчаткадан турат. Жаңы ойгонгон организм клетчатканы иштетип кете турган ферменттерди жетиштүү бөлүп чыгара албайт. Андыктан ичтин көбүүсү келип чыгат.

Цитрус жемиштери – апельсин, мандарин, грейпфруттун курамында кычкылдуулук көп. Ач карын ушул жемиштерди жегенде ашказанды кыжылдатып оорутат, зарына болууга алып келет. Бара-бара ашказан жарасын пайда кылуусу мүмкүн.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here