Негизгиге Ааламда Көрүүчүнүн күзгүсү болгон «ТакеБай» тасмасы

Көрүүчүнүн күзгүсү болгон «ТакеБай» тасмасы

54

Көрүүчүнүн күзгүсү болгон «ТакеБай» тасмасы

Бар менен жокту, жөнөкөйлүк менен текеберликти, жалкоолук менен эмгекчилдикти… Айтор, адам баласына сабак боло турган көптөгөн карама-каршылыктар бир тасмага камтылган. “ТакеБай” кинокомедиясынан ар бир көрүүчү өзүнө тиешелүү сапаттарды көрө алат. Күлкүгө оролгон турмуштун ачуу сабагы тууралуу кинонун жаратуучулары айтып беришти.

Тасманын режиссёру Бакыт Осмонканов:

“Турмуш чындыгын күлкү аркылуу жеткиргенге аракет кылдым”

Бакыт, кинонун идеясы, сценарийдин үстүндө канча убакыт иштедиң?

— Идея “Ата” тасмасын тартып жатканда келген. Аскат Сулайманов менен Альбина Имашова ал жактан да үй-бүлөнүн ролун ойношот эмеспи. Ошондо бир тасма жаратсак болчудай экен деген ойдо калгам. Анын үстүнө Аскат Сулайманов буга чейин менин тасмаларымда эпизоддук ролдорду эле жаратып келген. Башкы каарман кылгым келип жүрчү. Сценарийи өзүмө таандык. Эки айда иштеп чыктым. Тартуу иштерине, монтаждоого 7-8 ай талап кылынды. Болушунча профессионал актёрлорду тандап иштедик. Тасманын продюсери жеке ишкерлик менен алектенген Руслан Пазылов деген досум болду.

Айырмасы асман менен жердей эки үйдү кантип тандадың?

— Шаардын сыртындагы айланып өтмө жолдун жээгинде жаңы конуш бар. Үйдүн ээлери түшүнүктүү жакшы адамдар экен. Киного тартабыз десек макул болуп үйүн үч жумага бошотуп беришти. Көбүнчө тартуу иштери түн жарымына чейин созулуп жаткандыктан, ошол жакта түнөп калып жаттык. Ал эми кымбат үй шаардын чок борборунда жайгашкан. Ал үйдүн ээси – Таалай байке. Биз үй издеп жүргөндө ал жашап жаткан үйүн сатыкка коюп жатыптыр. Кардар табылгыча бош тургандыктан, учурдан пайдаланып тартып алдык.

Кинонун өзөгү маектешүүдө болуптур…

— Диалогдорду толугу менен өзүм жазып чыктым. Жашоодон алынган сценарийди күлкү аркылуу жеткиргенге аракет кылдым. Болушунча тажатма сөздөрдөн качып, маектерди башка нукта бердим. Көп учурда актёрлор да “ушул жерден минтип сүйлөбөйүнбү?..” деп сунуш киргизип жатышты. Өзгөчө Аскат байкенин салымы чоң болду.

Кайсы эпизод кыйынчылык менен тартылды?

— Көп эле учурлар кыйын болду. Бирок эсте калганы, эмгек биржасындагы эпизод болду. Ал жерде жумуш издеп тургандар башында жакшы эле уруксат берип макул болушкан. Бирок тартуу иштери пландалган убакыттан созулуп кетип чын эле тоскоол болдук. Аягында басып келип: “Жигиттер, болду эми, аянтты бошоткула, биз да оокат кылалы”,- деп бир аз түшүнбөстүктөр болуп кетти. Айыбыбызды сезип кечирим сурап, суусундуктарды алып берип акыры тил табыштык. Учурдан пайдаланып ошол байкелерге ыраазычылык билдирем.

Тасма өзүн актадыбы?

— Негизи, продюсер менен түзгөн келишим боюнча канча каражат кеткенин, канча пайда түшкөнүн айтууга акым жок. Ошентсе да тасма кинотеатрларда эң көп көрүлгөн кинонун катарына кирип, кеткен чыгымды толугу менен актады.

Такебайга кайсы сапаттарыңыз окшош?

Аскат Сулайманов: “Такебай экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп”

— Көп эле жактарым окшош. Мисалы, экөөбүз тең үй-бүлө үчүн карамдуу экенбиз. Мактангандай болбоюн, кокус балдарымдын бирөөсү ооруп калса бара турган жеримди, бүт жумушумду жыйыштырам. Ишенчээктигим, ак көңүлдүгүм турган иш. Акчаны үнөмдөй албаган жерим окшош. Чын эле колум ачык, болсо эле коротом. Бай кезимдеги жерине ачуумдун чукулдугу окшошуп кетет. Жашоодо деле бирөөгө катуу айтып алсам, кагып койсом өкүнүп калам. “Ка-ап” деп көпкө чейин жүрөгүм өйүп жүрмөй адатым бар. Сценарийди Бакыт мага окутканда эле жакты. Жабык көрсөтүү болгондо барып көргөм. Азыр эл тарабынан жылуу пикирлерди гана угуудамын.

Сценарийдин кайсы жерин өзгөртмөксүз?

Альбина Имашова: “Кайын журттан уялгам, бирок баары макташты”

— Жанагы “Токтогул менен Жалал-Абад башка”, “Чегип алганда Түп айылы шаар болуп көрүнөбү?” деген жерлери бир аз түпөйүл кылды. Бакытка “өзүбүз маданияттын өкүлү болсок, анан тасмада элди регионго бөлгөнүбүз кантип туура болсун?” деп каршы чыктык. Көп жолу талашып-тартыштык. Эртең кинону көргөндөр “ушинтип элди өзүңөр бөлөсүңөр” деген ачуу сындарды айтышат дедик. Чын эле ошондой сындар болду. “Ушул жери жакшы болуптур” деп мактагандар да бар. Бирок режиссёрдун берген тапшырмасын аткаруу керек да. Мен Түптүн келини болом. Кайын журтум байырлаган район жөнүндө жогорудагыдай пикир айтууда абдан ыңгайсыз болдум, уялдым. Бирок кайын журтум көргөндө “кино жакшы болуптур” деп мактап, бир сыйра күлүштү. Жөн эле сарсанаа болуптурмун.

Тартуу иштеринде кайсы учур эсте калды?

Марат Амираев: “Эмгек биржасы таасирлентти”

— Кинодо мен бой көтөргөн ишкердин ролун аткардым. Жашоодо жөнөкөй, бирок өзүмө ишенген, көз карандысыз адаммын десем болот. Күнүмдүк тиричиликте кинодогудай эле орус тилдүүмүн. Тартуу иштери жайкы саратанга туура келгендиктен, жакшы эле кыйналдык. Мени таасирленткен жагдай, эмгек биржасы болду. Убактыбыздын көбү тартуу иштери менен ошол аймакта өтүп жатты да. Адамдардын азыркыга чейин кедей жашоодо жашаганы, бүтүндөй бир үй-бүлөнү багуу үчүн, күнүмдүк нанын таап жеш үчүн ошол жерде тургандары өкүндүрдү. Бул биздин Кыргызстан экенин ойлосом, азыркыга чейин ичим ачышат. Кино комедия жанрында болгондуктан, күлкүлүү окуя көп эле болду. Бирок ичимди ачыштырган ошол көз ирмемдер эсимде сакталып калды.

Тасмага макияжы жок тартылган ыңгайсыздык жараткан жокпу?

Асема: “Макияжы жок жүргөнүм мен үчүн эмес, айланадагылар үчүн ыңгайсыз”

— Жаңы конуштун жашоосунан бир аз жүдөдүк. Себеби тартуу иштери жай мезгилине туура келгендиктен, ысыктан, үзгүлтүксүз иш графигинен кыйналдык окшойт. Андан кийин 8 сааттык иш күнүнө өткөндөн кийин бир аз жеңил болуп калды. Мен “Боз салкын” тасмасынан бери макияж, грим жок эле тартылып келем. Күнүмдүк тиричиликте деле макияжы жок жүрөм. Өзүмө ошондой жагат. Бирок айланадагы адамдар мага “элдин назарында жүргөндөн кийин боёнуп жүрбөйсүңбү”деп көп айтышат. Ушундан улам боёнбой жүрүү өзүмө эмес, өзгөлөргө ыңгайсыздык жаратат экен деген ойдо калдым.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here