Негизгиге Адамга адам тирек Нуриза Кичинебатырова: Балдарымдын тоңуп отурганын көрүп жүрөгүм сыгылат

Нуриза Кичинебатырова: Балдарымдын тоңуп отурганын көрүп жүрөгүм сыгылат

111

Нуриза Кичинебатырова: «Балдарымдын тоңуп отурганын көрүп жүрөгүм сыгылат»

Бүгүн биз сөз кылчу бул үй-бүлө турмуштун оор запкысына кабылган. Каарманыбыз жашоодо жөлөк-таяк болчу жолдошунан ажырап, беш баласын жалгыз өзү канатына калкалап, тарбия берип, ошолордун бактысы үчүн күрөшөп келаткандыгын айтып кейиди…

Элсом: 0502 17 06 04

«Жарытылуу тамак жебей балдарымдын баарынын каны аз, алсыз болуп калышты»

— Гезит беттеринен, интернеттен оор дартка чалдыккан, жардамга муктаж адамдарга жасаган кайрымдуулук иштердин жасалганын көрүп, арабызда адамгерчилиги бийик, боорукер, соопчулук үчүн алгылыктуу иштерди жасап келе жаткан инсандар бар экенине бир чети сүйүнсөм, бир чети сыймыктанам. Балким, өмүрдө өбөк болчу балдарымдын атасы тирүү болгондо минтип мен сиздерге кайрылбайт белем, ким билет? Бул жашоодо эч ким бирөөгө жүк артып, жетишпеген жашоосун айтып башкалардан бир нерсе үмүт этпесе, ооруга чалдыкпаса кана! Баары жетишкен жашоодо жашап, жыргал турмушту башынан кечирсе жакшы болбойт беле! Көрсө, биз ойлогондой баары тең жипке тизгендей болбойт экен да. Адам болгон соң жаның сыздап турса, балдарың чырылдап сенден жардам сурап турса, айласыздан кайрымдуулук издебей койбойт экенсиң. Менин аты-жөнүм Нуриза Кичинебатырова. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургуну болом. Жолдошум 2011-жылы ооруп каза болгон. Ошондон ушул күнгө чейин 5 баланын түйшүгү менен өзүм жалгыз алышып келе жатам. Жолдошум барда жашообуз начар болсо дагы таянар тоом бар экенине сүйүнүп эле мынчалык кыйналган эмес элем. Өзүбүздүн үйүбүз жоктугуна байланыштуу ар кайсы жерде батирден батир которуп жашап келебиз. Күн жылуу кезде оокатыбыз өтө берет экен, бирде ток, бирде ачка болсок дагы. Бирок кышкысын абдан кыйналабыз. Квартирабыз деле жашоого эч кандай шарты жок эптеп баш калкалай турган эле жай. Полу муздак, дубалдарынан жарака кеткен тамда суук күндө жашоо кечиришибиз абдан эле кыйын болот экен. Балдарымдын улуусу 22 жашта ал бизден бөлүнүп, өзүнчө батирге чыгып кеткен. Кафелерде ар кандай жумуштар чыгып калса иштеп берип жарыбаган эле тыйын алат. Андан эч кандай деле жардам болбойт мага. Эне катары баламды бир чети аяйм. Анткени ден соолугу жок. Оор жумуштарда иштей албайт. Балким, ден соолугу чың болгондо акчасы көп жумуштарда иштеп мага жардамы тиер беле… Жетишпеген турмуштун айынан балдарым витаминдүү тамактарды жебей учурда баары тең оорушат, өзүм дагы аз кандуулук менен жабыркап келем. Мунун айынан мен да ишке жарамдуу болбой калдым.

«Чоңдордун үй беребиз деген убадасынан үмүтүм үзүлбөй келет»

— Мамлекеттен алган алты миң сомдук жөлөк пул менен гана эптеп жашап келебиз. Бул, чынын айтканда, эч нерсеге жетпейт. Мектеп курагындагы балдарымдын эле кем-карчына сарпталат бул каражат. Ал эми азык-түлүк жагынан аз да болсо биз тууралуу угуп кайдыгер карабаган адамдар жардам кылып турушат. Жеген тамагыбыз эле макарон, анан карандай чай менен нан… Бирок менин учурдагы бир гана максатым – үстүбүздө үйүбүз болсо деген гана тилек. Балдарым тоңуп, бир жерде бүрүшүп отурганын көрүп жүрөгүм тилинет. Бул маселе боюнча учурунда мамлекетке чейин кайрылган элем. Убагында үй алып беребиз деген убадалар берилип, бирок мына ушул убакытка чейин баягы эле кыйналган турмушту баштан кечирип келе жатабыз. Канча деген аткаминерлер жыргал турмушта жашап, бир эмес беш үй алып, керек болсо чет мамлекеттерден да там алып коюп жатышат. Ушундан көрө напсини тыйып биздей кедей-кембагалдарга жардам беришсе болбойбу! Менин бул зар какшаган үнүмдү алар укса да укмаксан, көрсө да көрмөксөн. Мен муну түшүнүп эле турам. Бирок үмүт деген эч качан үзүлбөйт экен. Ошол үй алып беребиз дегенден бери илгери үмүт менен күтүп эле келе жатабыз, эч жыйынтык жок. Мына, суук түшүп, алдыда кыш келатат. Суукта кантебиз деп чый-пыйым чыгып отурам. Жок дегенде отун, тамак-аштан жердам бергендер чыкса абдан жакшы болот эле. Андыктан колунда бар кайрымдуу инсандардан жардам күтөм. Кимдир бирөөнүн муктаж адамдарга кылган жакшылыктарын угуп, башкалар дагы кайрымдуу болууга шыктанып, таасирленип, адамдар бири-бирибизге болгон мээримибиз, адамгерчилигибиз артат деген ойдомун. Адамгерчиликтен коомубуз жакшы нукка түшүп, жашообуз оң жагына өзгөрөр беле деген терең ишеничтемин…

Элсом: 0502 17 06 04

Асел Эсенбек кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here