Негизгиге Үлгүлүү кожойке Кыз сырын жакын курбу билет

Кыз сырын жакын курбу билет

240

Кыз сырын жакын курбу билет

Эл көзүндөгү белгилүү айымдарды сахнадан эле көрүп, үйдө кандай кожойке экенин эл анчейин биле бербейт. Андыктан биз атактуу айымдарга кайрылып, алардын эң жакын деген кесиптеш-курбусунун кожойкелик жүзүн ачып мүнөздөп берүүсүн өтүнгөн элек. Эмесе, сиздер сүйгөн белгилүү айымдар үйүндө кандай кожойке, эне, жубай экенин чогуу баамдасак…

Лилия Абдубаитова: «Нурзада мыкты кожойке»

— Нурзада Жолдошева менен көп жылдардан бери чогуу иштешип, курбу, эже-
сиңди болуп калдык. Ал өз ишинин эле мыкты адиси эмес, аялдык мыкты
сапаттарга дагы ээ. Абдан назик, бардык нерсеге табити абдан жакшы. Турмушка
чыкканда дагы бул сапаттары менен үй-бүлөлүк жашоосун татыктуу алып кете
алды десем жаңылышпайм. Өзүнүн тазалыгы, тыкандыгы жана тамакты жакшы
жасай билген кожойкелиги жагынан мактоого татыктуу айымдардын катарын
толуктайт. Өзгөчө анын мантысы менен палоосунун даамдуулугун баса белгилеп
кетким келет. Нурзаданын бул тамактарын ооз тийген адам көпкө чейин
тамшанып, даамы оозунан кетпей эстеп жүрөрү бышык. Ал турмушка чыккандан
кийин иштери менен Орусияга кеткенине байланыштуу азыр курбумдун өзүн эле
эмес, даамдуу тамактарын дагы сагынып эңсеп жүргөн чагым.

Гүланда: «Кенже абдан тырышчаак айым»

— Кенже Көбөкова экөөбүз жакын курбуларданбыз. Достукка абдан бекем. Анан да
абдан тырышчаак жан. Тырышчаактыгынан жан-алы калбай иштеп жүрүп жакында
эле уулуна үй сатып берип той өткөрдү. Бул жалгыз бой айым үчүн чоң эле
жетишкендик да. Кенженин колунан аялзаты жасачу дээрлик бардык нерсе келет,
түрдүү тамактар болобу, салат болобу, бардыгына шыктуу. Нарындын кызы
эмеспи, андыктан бешбармакты, ага кошуп жөргөм, чучук деген сыяктуу
кыргыздын деликатестерин жакшы жасайт. Жакшынакай болуп сахнага чыкса эле
кээ бирлер ойлошот, чыгармачыл адамдардын эч кандай түйшүгү жок деп. А ошол
ийгиликтин артында не деген түйшүк бар экенин биздей болгон жакын адамдар
гана сезе билишет.

Назира Кадыева: «Бактыгүл лагманды кесипкөй ашпозчудан кем калбай жасайт»

— Бактыгүл Бадыева экөөбүз эң жакын курбуларданбыз. Ошондуктан анын
аялзатына тиешелүү бардык жакшы сапаттарга ээ экенин билем. Өзү чыгармачыл
инсан болсо дагы, үй-бүлөсүн дайыма биринчи орунга койгондугун абдан баалайм.
Эң эле камкор айым, үлгүлүү, сүйүктүү жубай, мээримдүү эне. Үчүнчү наристесин
жарыкка алып келгенде бала көргөнү үйүнө барсам, дасторкондун үстүн жайнатып,
дүйүм тамактарга толтуруп коюптур. Үйү да таза, тыкан. Таң калып «мунун
баарына кантип жетишесиң, бирөө жардам береби?» десем, «жок, өзүм эле
жасайм, тамакты түрлөп жасоодон ырахат алам, тамак жасоо менин хоббим»
дейт. Болбосо бир нече бизнеси бар айым үйдөн тамак жасабай эле кафе- ресторандардан тамактанып албайбы деп ойлойсуң. Бул дагы болсо Бактыгүлдүн
үй-бүлөсүнө камкор айым экендигинен кабар берип турат. Баарынан дагы мага
анын лагманы өзгөчө жагат, кесипкөй ашпозчулардан кем калышпай сонун жасайт.
Курбумдун лагманын жеген да, жебеген да арманда.

Райхан Абдувалиева: «Алина кийим токуу боюнча чебер»

— Алина экөөбүз тээ жаш кезден бери эле чыгармачылык жолдон табышып, ушул
күнгө чейин достугубуз үзүлбөй келет. Андыктан курбумдун таланттуу ырчы эле
эмес, үйүндө мыкты кожойке экенин жакшы билем. Курбулары үйүнө барганда
дайыма күлүп-жайнап, дасторконун толтуруп тосуп алат. Таластын кызы болгонго
камыр тамактарды мыкты жасайт. Досумдун дагы бир өнөрүн айта кетпесем
болбос, Алина кийимди аябай чеберчилик менен токуйт. Үйүнө барып калсаң
дайыма көз жоосун алган кийимдердин үстүндө иштеп отурганын көрөсүң. Тим эле
кымбат баалуу фирманын кийимдериндей, карап турсаң. Андыктан Алина ырчы
эле эмес, мыкты кожойке дагы.

Бегимай Карабаева: «Айпери сахнага кийчү кийимдерин өзү тигип алат»

— Айпери Сыдыкова менен көп жылдардан бери жакын курбуларданбыз. Достукка
бекем, чын дилинен мамиле жасай билгендиги менен мени өзүнө тартып турат.
Чыгармачылыктын тизгинин эле татыктуу тартпастан, үй-бүлөсүндө камкор жубай,
мээримдүү эне. Тыпылдап бардыгына жетишет. Аябай таң калам, концерттен
чыгып үйүнө барып калсам, үйү дайыма мизилдеп таптаза болуп турганын
көрөсүң. Анан да сахнага кийчү кээ бир кийимдерин өзү тигип алчу тикмечилик
дагы өнөрү бар. Жалпылап айтканда, курбум чыныгы түйшүкчүл аялзаты десем
жаңылышпайм. Бирок ушунчалык түйшүгү көп болсо дагы сахнага тыкан,
татынакай болуп чыга келет.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here