Негизгиге Менин наристем Чолпон: Уулум жоголгон беш күндө жинди болуп кете жаздадым

Чолпон: Уулум жоголгон беш күндө жинди болуп кете жаздадым

181

Чолпон: “Уулум жоголгон беш күндө жинди болуп кете жаздадым”

Социалдык тармактарда Ысакбек Бозгунов аттуу 8-класстын окуучусу үйдөн чыгып кетип беш күндөн бери дайынсыз экенин, ага ата-энеси издөө салып атканы тууралуу маалымат тараган. Биз баланын апасы Чолпон Акматовага байланышканыбызда баласы табылганын, Жаратканга ыраазычылыгын айтып отурганын билдирди. Бирок башынан өткөн бул окуя башка энелерге сабак болсун деген ниетте төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Уулумдун чөйрөсү өзгөргөндө балээ башталды”

Эки уулум, бир кызым бар. Мен базарда соода кылам, жолдошум мамлекеттик кызматкер. Балам жоош, сабактарынан жетишип мага ашыкча көйгөй жаратпаган бала эле. Катардагы эле мектептердин биринде окуйт. Классташтары деле жакшы балдар. Бирок акыркы айларда уулум өзүнөн улуу балдар менен достошуп, компьютердик оюндардан башы чыкпай калды. Бул үчүн экөөбүз канча уруштук. Мен балама көңүл бурган, анын каалоосун эске алган, эркелете да, катуу кармай да билген энемин. Бирок азгырык, шайтан оюндар ага деле карабайт экен.
Андан алаксытыш үчүн англис тилине, күрөшкө жаздырдым. Сабагынан чыгып ошол жакка бардыбы деп мугалиминен сурайм, көзөмөлгө алам. Ар кайсы шылтоону айтып курстарын да калтырып атты. Жоголгон күнү акыркы сабагынан качып кетиптир. Үйгө келди да, сумкасын унутуп калганын айтып мектепке кеттим деп кечки саат тогузда келди. Күрөшкө бардыңбы десем ооба деген, бирок мен ишенбей машыктыруучусуна чалсам, менин күмөнүм тастыкталды. Ошол күнү машыгууга эмес, оюнга барыптыр. Катуу урушуп, дагы кайталанса айылга жөнөтөрүмдү айттым. Сиңдим төрөт үйүндө болчу, аңгыча күйөө балам сүйүнчүлөп чалганда даяр турган тамакты салып жөнөп калдым. Кичүү уулум менен кызым да чогуу барабыз дешти. Буга чейин Ысакбек өзүн өзү билип үйдөн чыгып кетчү эмес, жалгыз калган. Келсек “мени издебегиле, эртең келем” деп кат жазып, үйдө турган 1200 сомду алып кетиптир. Ушул күнгө дейре менден сурамайын бир сом алчу эмес. Бул жоругу мени нес кылды. Уулумдун катын кармап эле эсим ооп отуруп калдым.

“Күнү-түнү клуб кыдырып жүрдүк”

Уйку бетин көрбөй баарылап көчө кыдырып, компьютердик түнкү клубдардан уулумду издеп аттык. Беш күн ичинде эмне гана оюма келбеди. Азгырылып бир нерсе болдубу, бачабаздардын колуна түшүп калдыбы…деги койчу, ушул күндөр мен үчүн азап гана болду. Жакшылыктан үмүтүмдү үзбөй, баламды аман-эсен көрсөм экен деп Кудайдан тилендим. Күнү-түнү уйку бетин көрбөй клуб аттуунун баарын кыдырып, ар бир баланын бетине үңүлүп карап аттым. Деле карааны көрүнбөйт. Айлам кеткенде милицияга арыз жазып кайрылдым. Акыры ишемби күнү түшкө маал борбордогу оюн клубдардын биринен таптык. Үйгө алып келип, курсагын тойгузуп милицияга табылды деп алып бардым. Алар катуу эскертүү беришти. Мен уулум менен бетме-бет отуруп сүйлөшсөм “компьютер алып бериңиз, клубка барбайм” дейт. Оюндарга ушунчалык баш-оту менен берилген экен. Эми кандай чара колдонуп, бул балээден кутултам деп башым маң болуп отурат. Айрымдар жеке мектепке берсең ал жакта көзөмөл катуу, өздөрү үйдөн алып кетип, кайра жеткирип беришет дешти. Андай мектепти сураштырсам айына 10-12 миң сом төлөшүм керек экен. Ага чолобуз чак келбейт. Кичүү уулумдун башында суу бар. Бир аз ден соолугу начар. Тапкан-ташыганыбыз анын дары-дармегине, батир акчасына кетет. Жоголгонго чейин айлам кетип диний мектепке да берип көргөн элем. Бир айда жакшы өзгөрүү болду. Биротоло ошол жакка берейин десем, ал жактан качып чыкса кайра кабыл алышпайт экен. Эми психологго алып барайын деп жатам. Айтор мындан да чоң балээ боло электе чара колдонуп, айласын табуу керек болууда.

“Меникиндей көйгөй көп энеде бар экен»

Уулумду издеп жүргөн учурда мага жашы өтүп калган эже телефон чалды. Баласы 13 жылдан бери ушундай ооруга малыныптыр. Барбаган жери калбаптыр. Аягында Орусияга иштеп келсин деп кетирсе, ал жак компьютердик оюндардын чордону экен дейт. Ого бетер бузулганда бул жакка чакырып унаа алып беришиптир. Эми ошо унаасын айдап кеткен бойдон жок деди. Унаасы менен эл ташып иштеп, тапкан акчасына курсагын тойгузуп, калганын оюндарга коротот экен. Менин балам барган клубда атайын кызыктырган акчалай сыйлыктарды коюп коюшканын уктум. Бир тайпа болуп балдар ойнойт экен, уткандарга бекер тамак берет дешти. Өткөндө балам 3 миң сом утуп алыптыр. Айтор, азгырып кармап калуунун жолдору көп тура. Балким буга чейин бул көйгөй менен бет келишпесем ишенмек эмесмин. Жон терим менен сезгенден кийин нес болуп калдым. Баламды издеп аткан учурда ар бири баланын бетине үңүлүп карап аттым да. Көбү мектеп формасын кийген балдар. Биринде сезим жок. Муздак көздөрү менен мониторду тиктеп отурушат. Сыртта түнбү, күнбү, таң атып келатканы менен да иштери жок. Үйүнө барбай эле ушу жерде жашап калганбы деген ой келет экен. Сыртта күзөттө турган байкеге: “1-класстын балдарынан тарта отурат, көзөмөл жокпу?” десем: “Жашы жете элек балдарга кечки саат тогузга чейин уруксат”,- дейт. Кечки саат тогуз эмес, түнү менен отургандарына көз жумуп отурушат. Айрым клубдарда жер төлөө бар экен. Милиция рейд жүргүзгөндө ошол жер төлөөгө киргизип жиберишет тура. Муну укканда төбө чачым тик турду. Мындай клубдарга өкмөттүк деңгээлде кийлигишип чара колдонбосо милициянын колунан келбейт дешти. Анткени артында депутаттар, байлар турат экен. Азыр менин окуяман кийин жеке почтама “менде да ушундай көйгөй бар” деген энелер кат жазып атышат. Балким биригип президентке кат жолдоп чара колдонолу деген ой бар. Себеби келечек муунду ушинтип өз колубуз менен талкалап атабыз. Өз окуяман улам энелерге балдарыңарга бөтөнчө көз салып, ар бир кыймылын көзөмөлгө алгыла деген кеңеш берем. Меникиндей көйгөйдү бир да ата-энеге каалабайм…

Ильдар Акбутин, психолог: “Балага сиз кучак жая албасаңыз, компьютер ал нерсеге дайым даяр”

Кандай балдар компьютердик оюндарга жакын болот?

— Башка кылар иши жок бош болгон бала оюнга жакын болот. Мисалы, бала ата-энесинин ага көңүл буруп кошо сүрөт тартып, чогуу ойношун же жөн гана сүйлөшүп отуруусун, эркелетүүсүн каалайт. Бирок ата-энелер чарчаганын шылтоо кылып колуна телефон кармата салып өзү эс алгысы келет. Анан албетте чоңдордон көңүл буруу таппаган баланын телефон жалгыз эрмегине айланат. Ата-эне эсин жыйып балага көңүл буруу керек экенин түшүнүп ишке киришкенде кеч болуп калат. Бала оюнда “мага эми көңүл буруунун кереги жок, мен өзүм үчүн кызыктуу жашоо таптым” дейт.

Бул азгырыктын алдын алса болобу?

— Болот. Эң жөнөкөй жолу — бала менен сүйлөшүү керек. Убакыт бөлүү зарыл. “Жүрү, велосипед тээп сыртка чыгып сейилдеп келели”, “китебиңди окуп көрөлү, эмне кызык бар экен” деп баланын жашоосуна аралашуу керек. Мейли сиз үчүн кызыксыз, бирок ал үчүн кызыктуу болгон кинону, мультфильмди көрүңүз. Талкуулаңыз. Балаңызга болушунча жакын болгонго аракет кылыңыз. 5 жаштан барып балага кылдат көңүл буруңуз. 12-13 жашына чейин балаңызга дос боло албасаңыз, андан кийин кеч болуп калат. Балага сиз убагында кучак жая албасаңыз компьютер ал нерсеге дайыма даяр.

Биздин каарманга кандай кеңеш бересиз?

— Психолог менен иштешүү керек. Бала менен байланышты жоготуп алыптыр, бирок оңдосо болот. Үйүндөгү жагдай кандай экенин, балага канча убакыт бөлүп атканын, бала үйдөн качып атканына эмне түрткү болуп атканын так аныктап, ошого жараша иш алып баруу керек.

Бул азаптап кутулуу мүмкүн эмес деп окудум эле?

— Эгерде оюнга акча коюлуп азгырылса, адам айыкпайт. Бул оору катары кабыл алынат. Экинчиси, бала күнү-түнү компьютердеги оюндардан башы чыкпай отурат. Бирок акча коюлбайт. Упай, бонустарга кызыгат. Бул жагдайда азгырыктан кутулса болот. Ал эми балаңыз телефондогу оюндарды ашыкча жакшы көрсө, берилип кетип сиздин сүйлөп атканыңызга таасир кылбаса, анда көйгөйдүн алдын алып адиске кайрылуу керек.

Нуржан Адылова: “Бир айда эки жолу рейд жүрөт”

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете элек балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы

Биз мыйзам боюнча айына 2 ирет компьютердик клубдарда рейд жүргүзүп турабыз. Саат тогуздан кийин жашы жете элек балдар клубда отурбашы керек. Рейд учурунда балдарды райондук бөлүмгө алып келип, ата-энесине байланышабыз. 3 сааттын ичинде ата-энеси баланы алып кетпесе, өспүрүмдөр үчүн атайын жай бар. Ал жактан жакындары 24 сааттын ичинде алып кетүүсү керек. Бир эле бала бир нече жолу клубдан табылса, анда ата-энесине эскертүү беребиз. Кайталанса акчалай айып пул салынат, түшүнүк кат жаздырып алабыз. Себеби, баланын негизги жоопкерчилиги ата-энеде. Ал эми клубдун жетекчилери менен саат тогуздан кийин жашы жете элек балдарды киргизбегиле деп түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Тогуздан кийин паспорт менен киришет. Кээ бир балдар сабактан качып кирет, ошо бойдон чыкпай отура беришет. Айрымдары ата-энесинен уруксаат берилген тил кат көтөрүп алып келишет экен.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here