Негизгиге Менин баяным Никесиз төрөлгөн уулума чоң атасы болгон мүлкүн берди

Никесиз төрөлгөн уулума чоң атасы болгон мүлкүн берди

261
“Никесиз төрөлгөн уулума чоң атасы болгон мүлкүн берди”
Жараткан ар бир адамдын алына жараша сыноо берет, оор күндөрдүн артында жакшы жашоо катылып турат десе жөн гана кайгы тарткан адамды жубаткан сөз болсо керек деп маани берчү эмес элем. Бирок…Башымдан өткөн окуялар жогорудагы сөзгө далил. Бир убакта никесиз туулган уулум менен төркүнүмдө түрткүнчүк болуп жүрсөм, азыр баламдын аркасы менен бейиштегидей жашоодо күн көрүп жатам. Эмесе, сөз башынан болсун…
“Түйшүктүү, оор жашоомо жарык кирди”
Көлдүн чок ортосундагы айылдардын биринде турабыз. Апам пансионаттардын биринде пол жууп иштесе, атам жайкы сезондо курулушта иштеп кышкыга аз болсо да кам көрүп, кем-карчыбызды толуктап алабыз. Кээде кара теке сүзүп ичкиликке бир малынса эки ай бою көзү ачылбай, жылына бир берилчү шыбагабыздан куру калабыз. Апам жумушка кеткенде эки иниме баш-көз болуу, үйдүн түйшүгүнүн баары менин моюнумда. Түйшүккө эрте аралашып, жашоонун өп-чабын тартып, анысы аз келгенсип атам менен апамдын урушун күн алыс көрүп жашоо кечиребиз.
…11-классты бүткөн жылы ата-энемдин мени окутканга шарты жок болгондуктан, ошол эле айылда иштеп калдым. Пансионаттардын биринде идиш жууп, тамак ташып, колумдан келген ишти кылам. Апам жанымда, экөөбүздүн тапкан акчабыз инилеримдин кийим-кечесине, ичкен-жегенибизге кенен жарап калды. Кышы бою апам кулагына куйганбы же өзүнүн күнөөсүн сездиби, айтор, атам да бул жылы оозуна ачкыл албай жакшы иштеди. Үй-жайыбызды бир сыйра оңдоп-түзөп, бир-эки малдын башын курап, жашообуз оңолуп бараткандай. Бул жай дагы бир окуя менен менин эсимде калды. Жайдын ортолорунда апам экөөбүз иштеген пансионатка топ балдар эс алганы келишти. Шарактаган улан-кыздардын көз жаздымында эле калмак белем, ким билет? Бирок арасынан Айдар аттуу жигит мени менен таанышып сөзгө тартып жатты. Эртең менен пол жууй турган маалда пайда болот. Сүйлөшүп кетүүнүн амалын кылып ар нерсени айтып берет, мен жөнүндө чекмелеп сурайт. Башында эс алууга келгенде жөн кетпей эрмектеп көңүл ачуунун амалын кылып жатат го деп чочулап жүрдүм. Анткени андай окуялардын бир нечесине өз көзүм менен күбө болчумун. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө бул оюм жаңылыштык болуп калса экен деп тилеп жаттым. Бир жума бат эле өтүп, эс алуусу бүтүп кетип жатканда Айдар менин телефон номеримди алып калды. Чалып турарын, бош убакыт таап дагы келерин айтты. Келген жок, бирок экөөбүз телефон аркылуу тынымсыз сүйлөшүп турдук.
“Ата-энем менен тааныштыргандан намыстандым”
Кийинки жылы да түз эле Айдар мен иштеген пансионатка келди. Достору менен тааныштырып, көл жээкке мени кошо алып кетип, кыскасы, ал жылы экөөбүз кадимки кыз-жигиттей эле мамиледе болдук. Коштошордо да кыйыша албай жатып араң бири-бирибизден ажырадык. Бирок ал жылы Айдар айылга байма-бай каттап турду. Бир-эки ирет мени да шаарга алып барып келди. Ата-энесинин чоң чарбасы бар, үч эжеси турмуш курганын, бир үйдүн жалгыз уулу экенин билчүмүн. Өзүм тууралуу айтып бергенде эки иним бар, ата-энем катардагы жумушчу экенин айткам. Атамдын ичкиликке жакын экенин айтмак белем. Менин үй-бүлөм тууралуу сөз башталганда кептин нугун башкага буруп же үндөбөй кутулар элем. Менин талуу жерим атамдын ичкилик ичкени болчу.
Кыз-жигиттик доорубуз үчүнчү жылга айланганда Айдар ата-энем менен таанышарын, сөйкө салып куда түшөрүн билдирди. Алгач мындай ниетин укканда сүйүндүм. Бирок “төшөгүңө жараша бутуңду сун” дегендей, үйдөгү аба-ырайын, жупуну жашоомду элестеткенде ичимден тынып тим болдум. “Ата-энем менен сүйлөшөйүн” деп ооз учунан айтканым менен, сөздү кайсы жагынан баштаарымды билбей үйдөгүлөрдөн коркуп, уялып да жаттым. Менин ой баскан мүнөзүмдү апам биринчи байкады. Өзү чекмелеп сурап жатканынан айтууга ылайыктуу учур эле. Болгонун уккандан кийин: “Кой, кызым, кебетебиз бул болсо… Колунда бар жер болсо сага кошуп баарыбыздын назарыбызды сындырбас бекен? Өзүбүзгө ылайыктуу эле көргөн-билген жерге барсаң жакшы болмок”,- деди. Аңгыча Айдар “качан тааныштырасың?” деп шаштыра берди. Эгер мен макулдугумду берсем ал да ата-энесине мен жөнүндө айтып ээрчитип барарын айтып жатты.
Бул күндөрү биздин үйдө кезектеги уруш-талаш болуп үйдүн куту учуп турган эле. Атам достору менен сугатка барып ичип келиптир. Жумуштан келген апам күйөөсүнүн түрүн көрүп: “Куураттың го, алкаш! Арактын түбүнө түшүп биротоло ошондон ары кетсең болмок. Өзүңө кошуп баарыбыздын багыбызды байладың!”- деп кой-айга келбей ыйлап жатты. Атам булдуруктап бир нерсе демиш болду да, тер жыттанган жуурканга чүмкөндү. Мындай уруш биздин үйдө көп эле болчу, бирок бул жолкусу мени өзгөчө ыза кылды. Эмне кыларымды билбей эки анжы ойдо турган жаным үйдөгү окуядан кийин өзүмдүн тагдырыма биротоло чекит койдум. Ошол эле күнү Айдарга телефон чалып: “Мен сени менен турмуш курууну каалабайм. Ата-энем да макул болгон жок! Экинчи мага чалба да, келбе”,- дедим дагы телефонду башымдан алыс ыргыттым. Адамдын жүрөгү каалап турган нерсени кара күчкө оозуң менен айтып жокко чыгаргандан өткөн оор нерсе жок экен. Болгон күчүмдү көз жашымдан, жинимди үйдөгүлөрдөн чыгарып, жумушка алаксып күндөрдү кечирип жаттым.
“Төркүнүмдө жүрүп төрөдүм”
Оюмда ал көшөрүп келе берип акыры мени көндүрүп алып кетсе деген аруу тилегим жүрөгүмдө катылган бойдон калды. Айдардан ошол бойдон дайын жок. Кээде отуруп менден чын эле баш тартканына ишенбей ызама муунуп ыйлап алам. Акыркы күндөрү жаным жер тартып, тамакка көңүлүм чаппай калды. Ар кандай жытка окшуп, сөз көтөрүмүм жок болуп баратканымды көргөн апам шекшиди. Кош бойлуу экенимди билгенде башка-көзгө чаап катуу сабады.
— Элдин бетин кантип карайм! Шерменде кылдың, атаңдын кебетеси тиги болсо сен төрүмдө жүрүп боозуп жатсаң, мен көчөдө кантип басып жүрөм! Өлтүрүп сал мени мындан көрө,- деп албууттанып жатты.
— Силер убагында Айдар менен таанышып, аны кабыл алганыңарда азыр анын үйүндө жүрмөкмүн! Багымды атам экөөң байладыңар!- дедим. Бул менин апама айткан биринчи каяшам эле. Менден мындайды күтпөгөн жаны нес болуп отуруп калды. Боюмда бар экенимди атам укканда андан да чоң уруш чыкты. Колуна урунган идишти талкалап, үйдү үч көтөрүп, апамдын жер-жеберине жетип сөгүп, “сенин тарбиялаган кызың” деп кыргын салып жатты. Бирок ошол эле учурда бул бактысыздык чынжырынын башында өзү турганын аңдаган да жок. Баланы алдырбайм дегенимден кайткан жокмун. Апам урушуп да, жалдырап да көндүрө албады. Беттегенимди бербесимди түшүнгөндө гана жайыма койду окшойт. Жаман оюмда Айдарга чалып, кош бойлуу экенимди айтсам мени алып кетет деген ишеним бар эле. Ары ойлонуп, бери ойлонуп чыгынып чалганым менен “өчүк” дегенден башка жооп уга албай койдум.
Санаадан, уятымдан болушунча жүдөдүм. Кандай болсо да ичтеги баланы алып жүрүү оңойго турган жок. Атамдын, инилеримдин бетин карай албай уялам. Апама батынып сүйлөй албайм. Өзүмдү үйдө артык баш сезип урунуп-беринип жүрдүм. Ичим чыккандан кийин иштебей калдым. Ыйдан күчүмдү чыгарып жатып чийдей арыктадым. Кантсе да эне эмеспи, менин чүнчүп жүргөнүмдү байкаган апам бир күнү жибип: “Кантейин, кызым, маңдайыңа жазган тагдыр ушул экен, баш ийбеске чарабыз жок. Эл эмне, айтып тажаганда токтойт. Чүнчүй бербей ичиңдеги баланы ойло, дени-карды соо төрөлсө олжобуз ошол”,- деди. Апамдын бул сөзү мага эш болуп, кадыресе чыйрала түштүм. Ай-күнүм жетип уулдуу болуп, атын Арман койдум. Ооба, Арман. Бул ысымда менин аруу сезимим, кол жеткис бактым, тарткан азабым, көз жашым катылуу эле.
“Арманды чоң атасы издеп келди”
Уулум үчкө чыкканда көнгөн жумушума кайра чыктым. Бул ирет пол жууп, эс алуучулар келген бөлмөнү иреттеп жумушум көбөйдү. Арманды сабактан кийин эки иним кезектешип карап жардам беришет. Жайкысын короодогу өрүктү көчөгө сатканы чыгышат. Андай учурда уулумду жаныма ээрчитип алам. Курсагы ток болсо ашыкча беймаза кылбай ойноп жүрө берет. Сырткы келбети атасына куюп койгондой окшош. Өзгөчө көздөрүнө тигилгенде Айдарды көргөндөй болом.
Күндөгүдөй уулумду ээрчитип алып эс алуучу жайларды иреттеп жүргөм. Коридордон басып баратсак жаш келин менен кучакташкан Бектемир менен кезигип калдым. Бул Айдардын жакын досу эле. Экөөбүздүн махабатыбызга күбө болгон. Мени жолуктурам деп күтпөсө керек.
– Сен кайдан? Дале ушул жерде иштейсиңби? Биринчи берген суроосу ушул болду.
— Ооба,- дедим көңүлсүз. Жаныма чуркап келген уулума үңүлө карап калды.
— Айдардын уулубу?- деди эле, үнсүз баш ийкедим.
— Уулун көрсө болмок… Бектемирдин кабагы салыңкы айткан бул сөзүнө алгач түшүнө бербедим. Көрсө, Айдар мага келе жатып автокырсыктан каза болгон экен. Кулагым тунуп, дубалдар бир жакка кыйшайгансып баратканын бир билем…
Буга чейин “төрт жылдан бери чындап сүйсө бир издеп келет эле” деген таарынычым чоң эле. Андан кийин ал таарыныч “мага окшоп көп эле кыздар менен көңүл ачса керек, мен алардын бири болгондурмун” деген ойго алмашты. Ошентип, бара-бара аны такыр унутуп калбасам да оюмдан сүрүп чыгаруунун аракетин көрүп келгем. Эми анын бул жашоодо жок экенин укканда, болгондо да ага мен себепкер экенимди билгенде заманам куруп турду. Куру намыска алдырбай ата-энем менен тааныштырсам болору болот эле го. Балким, сокур намысты биздин таза сүйүү жеңип чыкмак деп азыр да өкүнөм.
Бектемир менен кезиккенден бир ай өтпөй короонун алдына кымбат унаа токтоду. Дем алыш күн болгондуктан, үй тиричилиги менен алек элек. Сыртка чыккан атам көпкө жок болуп, анан артынан бейтааныш эркекти, эки-үч аялды ээрчитип кирип келди.
Бул адамдар Айдардын ата-энеси экен. Көрсө, Бектемир менден кетери менен аларга барып Арман экөөбүз тууралуу айтып бериптир. Кабарды угары менен жолго чыгышкан экен. Айдардын атасы: “Кемпирим экөөбүз небере жытын жыттап отурар маалда уулумдун сөөгүн кучактап кан жутуп отуруп калдык. Ажал улук экен, айла канча. Өмүрүбүздүн нуру өчүп баратканда күтүүсүз жакшы кабар келди. Тукум биздики экени чын болсо алыстатпагыла, жок дегенде баламдан калган акыркы белегин эш тутуп жашайлы”,- деп көзүнө жаш алып отурду. Аял Арманды бооруна кысып көпкө ыйлады. “Балам түшүмө көп кирер эле. “Апа, мен тирүүмүн” деп дубалды тытып жаткан болот. Андайда чочуп ойгоном да, ага багыштап куран окуп таң аткыча кирпик какпай чыгам. Куураган балам артында из калганын айта албай кыйналчу тура”,- деп баарыбызды таң калтырды.
— Кызым, биздин эми канча өмүрүбүз калды, ким билет. Жыйган-тергенибиздин баары Айдар үчүн эле, ал да таштап кете берди. Эми менин аталык милдетим небереме татыктуу тарбия, жакшы шарт түзүп берүү. Айдар үйлөнсө жашасын деп атайын арнап алган шаарда үй бар. Аны ээнсиретпей неберем менен көчүп бар. Мал-жаныбыздын баары силердики. Эжелери турмуш куруп өз ордуларын табышкан. Сенден суранарыбыз, бизди неберебизден алыстата көрбө!- деп Айдардын атасы дагы көзүнө жаш алды. Айланамда болуп жаткан окуя түш сыяктуу эле. Менден беш бетер атам менен апамдын оозу ачылды. Бирок буга чейинки окуяларды таразалап көрүп абышка-кемпирдин сунушун туура көрдүм. Уулум экөөбүз шаарга көчүп келдик. Арманды кагылып-согулуп жакшы көрүшөт. Өздөрү шаардын сыртында мал-жан карап, чоң чарбаны башкарышат экен. Күн алыс келип турушат, кээде аларды убара кылбай уулум экөөбүз барабыз. Менин ар кандай жумушта иштөөмдү туура көрүшкөн жок. Балаңды жакшы карап, кеч болсо да билим ал дешти. Алардын айтканын эп көрүп азыр жогорку окуу жайга тапшырдым…
Диляра, Бишкек шаары

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here