Негизгиге Пайдалуу кеңеш Ракка кабылган жакыныңызга кандай жардам берүү керек?

Ракка кабылган жакыныңызга кандай жардам берүү керек?

59
Ракка кабылган жакыныңызга кандай жардам берүү керек?
Бул маалыматты ар бирибиз билген оң. Себеби аты жаман оору адамды тандабайт. Психологдордун далилине таяна турган болсок, жакын адамдын колдоосу оорулуунун дарттан айыгып кетүүсүнө чоң салым кошо алат. Төмөндөгү маалыматты онкологдор менен психологдор биргеликте иштеп чыгышкан. Онкология менен ооруган адамдар менен маектешип, сурамжылап, изилдөө жүргүзүп, оорулуу адам жакынынан кандай жардам күтөрүн аныкташкан.
Моюнга албоо – убакыттан уттуруу
Дарыгердин биринчи угузган кабары оорулууну нес абалга кептейт. Анын мээсинде автоматтык түрдө “коргонуу – моюнга албоо” же тескерисинче, “моюн сунуу” механизми иштеп баштайт. Биринчи учурда оорулуу экенин моюнуна албай жүрө берип убакыттан уттурат. Экинчисинде “болду өлөм” деген ой менен стресске кабылып оорунун тездик менен өөрчүп кетүүсүнө шарт түзөт. Адам каалоосуна жараша оорусун жакындары менен бөлүшүп же жашырып коюшу мүмкүн. Сиздин бирден бир милдетиңиз кокус ага чейин анын саламаттыгында маселе бар экенин кулагыңыз чалып калса унутта калтырбай кабардар болуп туруңуз. Оорусу тууралуу ачык айтса дарыланууга көндүрүү керек. Аны менен кошо ыйлап, санаа тарткандын пайдасы азыраак. Бул учурда “дарылансаң баарын чогуу жеңебиз”, “эмне деп жубатарымды билбей турам, бирок мен дайыма жаныңдамын” деген сөздөр ынгайлуу. Көбү күчүн көз жашынан чыгарып эч кимди көргүсү келбейт. Сыртынан “кеткиле, жалгыз калгым келет” дегени менен жүрөгүнүн түпкүрүндө анын жанында жакын адамынын болуусун каалайт. Андыктан ал сизге кандай ачуу сөздөрдү айтып оолактабасын, анын жанында болуудан баш тартпаңыз.
Башкаларга салыштырбаңыз
Ооруган адамды дайыма стресс, санаа коштоп жүрөт. Маанайы бат-баттан өзгөрүп, көпчүлүктөн четтеп, оорусу тууралуу сурап жибербесе экен деген ыңгайсыз абалда болот. Бул учурда аны колдоо максатында “менин бир таанышым мынча жылдан бери ооруп айыкты”, “кесиптешим рактын 3-стадиясын жеңди” деген салыштыруулар такыр орунсуз болот. Сиздин курулай салыштырууңузга караганда ошол адам менен тааныштырып койсоңуз ага чындап дем бере алат. Атайын онкологиялык ооруга кабылган адамдардын клубуна алып барсаңыз да ашыкча болбойт. Себеби андай ооруну жон териси менен сезген адам гана туура кеңеш берип, колдоо көрсөтө алат. Мындай адамдар абалын бири-бирине сөз менен түшүндүрүп отурбайт. Үнсүз түшүнүп, көз карашы менен колдойт.
Керексиз кеңеш бербеңиз
Жакын адамыңыздын оорусу тууралуу уккандан кийин жакшы ниет менен болсо да керексиз кеңештерди бербеңиз. “Операция кылдыртып сал”, “Элдик ыкма жакшы жардам берет дешти” деген сөздөр ашыкча. Эгер бул тармакта адис болбосоңуз андай кеңештерден кармана турганыңыз оң.
Андан көрө маалымат издеңиз. Кайсы өлкөдө же жергиликтүү ооруканада дарыланса айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк көп экенин иликтеңиз. Курулай сөзгө караганда ынана турган далилдер менен кеңеш айтсаңыз оң болот.
Көңүлүн көтөрө билиңиз
Байма-бай кабарын алып, убакыт бөлүп туруңуз. Оорулуу адамдардын арасында сурамжылоо жүргүзгөндө “мен сени жакшы көрөм”, “мен сени мененмин” деген сөздөр көп дем берерин айтышкан. Андыктан “мен сени мененмин” деген ниетиңизди сөз менен эмес, иш менен далилдеңиз. Келип туруңуз, жакшы китеп, кичинекей белек ал үчүн жагымдуу болот. Мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша эки жакка алып чыгып сейилдетип, жакшы маанайда маектешсеңиз, аны санаадан алаксыткан болосуз.
Каржы жагынан колдоңуз
Ооруган адам дарылануунун активдүү фазасына жеткенде акча көп жумшалат. “Балким, сага акча керектир?”, “менден эмне жардам керек?” дегендин ордуна химия терапиясына, дарысына колдон келген материалдык жардамды жумшаңыз. Жалгыз колуңуздан келбеши мүмкүн. Андай учурда туугандардын, кесиптештердин, достордун башын бириктирип уюштуруу милдетин моюнуңузга алыңыз. “Биз сенин айыгып кетүүңө салым кошолу деп бир аз акча чогултук, чогулган акчаны кайда жеткирип берели?” деген сөздөрүңүз ага жакшы кубат берет. Көбү намыстанып өздөрү батынып жардам сурабайт. Ал эми чын ниетиңизден жардам бергиңиз келсе сурабай ишке өтүңүз.
Тиричилигине кол кабыш кылыңыз
Аялзаты үчүн оору менен күрөшүү эки эсе оор. Себеби анын моюнунда оору менен кошо балдардын түйшүгү, күнүмдүк тиричилиги бар. Ага түшүнүү менен мамиле кылып тиричилигине кол кабыш кылган да чоң колдоо. Балдарын бакчадан алып коюңуз, үйүн жыйнап, тамагын жасап бериңиз. Дүкөндөн азык-түлүгүн ташып берсеңиз да чоң жардам. Химия терапия алгандан кийин оорулуу адам коомдук унаада жүргөндө кыйналат.Таксиге акчасын төлөп же терапиясына кошо барып, кайра үйүнө жеткирип койгон да анын ичин жылытат. Оорулуу адам иммунитетин көтөрө турган жакшы тамактарды ичүүсү зарыл. Мындай учурда анын жакшы көргөн тамагын жасап, жер-жемиш көтөрүп алып үйүнө күтүүсүз баш баксаңыз аны сүйүнткөн болосуз.
Оорудан сырткары жашоого жетелеңиз
Химиядан кийинки анын абалы кандай болуп жатканы, чачы, кашы түшүп, арыктап жатканын сөз кылсаңыз анын талуу жерине тийген болосуз. Жолуккан жерден эле анын оорусу тууралуу сөз кыла берсеңиз иренжитип алуу да толук мүмкүн. Аны ашкере аяп, сыртта болуп жаткан окуядан чектей берген да болбойт. Жолукканда күнүмдүк тиричиликтеги жаңылыктарды, туугандар арасындагы айрым маселелерди, балдардын күнүмдүк түйшүгүн талкуулаңыз. Аны оорусу аз да болсо унутулуп, өзүн толук кандуу адам сезишине мүмүнчүлүк бериңиз.
Андан чечимин сыйлай билиңиз
Оорулуу эки себеп менен дарылануудан баш тартышы мүмкүн. Биринчиси, узак убакыт дары ичүүдөн чарчайт. Экинчиси, айланасындагы бирөө-жарымдын бул оорудан каза болгонун угуп-көрүп калса деми сууй түшөт. Мындай жагдайда сөөмөйүңүздү кезеп урушуп, эсине келтирем деген аракетиңизден майнап чыкпайт. Айрым учурда оорулуу адам жакындарына канчалык керек экенин сыноо үчүн ушундай кадамга барат. Ар кандай сөздөрдү сүйлөп, курулай кеңеш бергенден көрө “сен бизге керексиң”, “сен жок менин жашоом оор болот” деген оюңузду билдириңиз. Бирок аны зордоп дарылоосун улантуу кажетсиз. Себеби оорулуунун организми өзү ооруга туруштук бермейин натыйжа болбойт. Андыктан жакыныңыз чарчап турса убактылуу дарыланууну токтоткусу келип жатса тоскоол болбоңуз.
Аны менен кошо өзүңүз эс алыңыз
Дайыма оорулуу адамдын жанынан жылбай караган жакыны да кайсы бир убакта нерви чарчайт. Өзүңүз чарчап турсаңыз жакыныңызга эч кандай дем берип, көмөк көрсөтө албайсыз. Андыктан маал-маалы менен эс алып, алаксыганга аракет кылыңыз. Сиз да андан кем эмес психологиялык колдоого муктажсыз. Башкаларга айта албаган сырыңызды адис менен бөлүшсөңүз жөндүү кеңеш аласыз.
Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here