Негизгиге Интервью Турдукан: Баш байгеге татыган эмгектерди майып адам тигерин билишпейт

Турдукан: Баш байгеге татыган эмгектерди майып адам тигерин билишпейт

629

Турдукан: «Баш байгеге татыган эмгектерди майып адам тигерин билишпейт»

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер иштебейт, алар кароого гана муктаж деген стереотип бар. Бирок биз буга каршы ой жүгүртүп, андай эместигин иш жүзүндѳ да кѳрсѳткѳн замандаштарыбызды маекке тартып келебиз. Рубрикабыздын кезектеги коногу 13 жашынан бери басуу дегенди унуткан кол ѳнѳрчү, жашоонун кыйынчылыктарын эмгеги менен жеңип келе жаткан Турдукан айым болмокчу.

“13 жашымда отурууга жарабай калдым”

Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылынын кызымын, 35 жаштамын. Ата-энемдин туну, жети бир туугандын эжесимин. Ата-энемдин менден улуу балдары чарчап кала бергендиктен, мен тѳрѳлгѳндѳ ырымдап атымды Турдукан коюшуптур. Болбосо алты саным аман, деним сак эле жарыкка келгем. Майып деген ат жашоомо 13 жашымда баш баккан. 13кѳ келгенде сасык тумоолоп катуу ооруп 3-4 күн жатып калдым. Толук айыга албаганда ФАБга алып барып пенициллин дарысын сайдырышкан. Ал кезде бардык эле ооруга ушул дарыны жазышчу экен. Дарыны алып үйгө баратканда эле шалдырап, бутум уктап кала баштады. Үйгө келип жатканда тизем иштебей, анан жамбашым жылбай калды. Түндө өз алдынча отура албай калдым. Эртең менен райондук ооруканадагы доктурларды чакырып кѳрсѳтүшүп, ооруканага алып кетишти. Ал жерде «шамалдап, суук тийген» деп бир ай дарыланып жаттым. Бирок майнап чыкпай, акыры «шал оорусу» деген диагноз коюшту. Төшөккѳ ороп отургузушпаса өз алдымча отурууну унуттум. Колдорум да иштебей, жаш балача эле жатып калдым. Жатып калганга буттарым ичкерип, тарамыштарым тартылып, тизелерим кыйшайып кетти. Кыргызчылык менен дарылатып, алыс жолго карабай ата-энем Өзбекстанга чейин алып барып көрсөтүштү. Аяктан «ийне нерв тамырына сайылган. Туура эмес дарылоодон оору күчөп кеткен» деген тыянакка келишти. Анык себебин билгенде алты ай сайын барып дарыланып жүрүп өзүм жылып, колдорум кыймылга келе баштады. 2008-жылы Сабырбек Жумабековго кѳрүнүп, анын дарылоосу менен бир жылда тизелерим түзѳлдү. Тынымсыз дарылануу менен жүрүп жүлүндөн сууну көп дозада алып коюшканын да билдик. Эгер ошондо суу туура алынганда таяк менен болсо да басып кетмексин дешти. Тилекке каршы, андай болбой, менин ден соолугум, ден соолугума кошулуп тагдырым кыйындады. Бутум ошол 13 жашымда кандай болсо, ошол бойдон ѳспѳй калган. Бирок керебеттен түшүп чыга аларыма Кудайга шүгүр деп жашап келем.

“Кол өнөрчүлүк менен алдыга жылып баратам”

15-16 жашымда жаткандан абдан тажадым. Бир нерсе менен алектенип, өзүмдү алаксытуу керек болду. Колум кыймылдагандан кийин кагаз кыркып, сайма сая баштагам. Тигүүчүлүк боюнча биринчи жолу бир жемпирди бузуп, кичирейтип кайра тикмек болдум. Тигүүчү машинаны бурай албай мен кармап берип, иним айлантып тигип бүттүк. Тиккен кийимимди көрүп кубанып, машинаны ѳз алдымча иштете албаганыма ыза болуп жаттым. Бул абал бир топко уланды. Мен бир нерсе тигем дегенде туугандарым жардамдашып бурап берип турушчу. Апам аракетимди баалап улам бир кездеме таап келет. Ошентип жаздыкча, жөлөнгүчтөрдү курап үйгө толтуруп салдым. Анда сатуу дегенди билчү эмесмин, үйгө келгендерге эле кармата берчүмүн. Бир күнү таежем “мен сатам, сен тигип турасың” деди. Ошентип иштеп, экөөбүз бир топ акча жасадык. Анан айыл тургундарынан буйрутмалар түшө баштады. Көшөгө, көрпөчө деп отуруп кыздын себин комплект кылып тиге баштадым. Эмгегим элге жагып, элге алынган соң көргөзмөлөргө чакыра башташты. Бирок башында баягы эле тартынуудан улам өзүм барбай ордума апам же эжелеримди жиберип жүрдүм. Бир жолу баш байгени утуптурмун. Бирок өзүм жок болгон үчүн баш байгеге коюлган чаң соргучтун ордуна үтүк берип коюшуптур. Кийин кыздарына үйрөтүп коюумду суранып келе башташканда деле акча табууну кѳздѳбѳй бекер эле үйрөтүп жүрдүм. 3-4 кыз келсе бирөө алып кетчү. Кол ѳнѳрчүлүктү ѳздѳштүрүп кеткен кыздардын апалары азыркыга чейин мага алкыштарын айтып келишет. Өмүрүндө ийне кармабаган бир кыз келип, азыр менден кем калышпай тигип, көргөзмөлөргө катышып жүрөт. Анан кардарлар көбөйүп, жалгыз жетише албай калганда кыздар менен иштей баштадым. Улам бир долбоорго катышып жатып беш тигүүчү мишина утуп алгам. Машиналуу болгондо кыздарды жумушка алып, эмне буйрутма түшсө жасай бердик. Алар жатып иштегенге да шарт түздүм. Бала бакчадан буйрутма түшкѳндѳ балдардын чапандарын тигүүнү ойлоп кеттим. Ошентип, сентябрь айынан бери жалаң жаш балдардын кийимдерин тигип жатабыз. Ѳтүмдүү да болот экен, өзүмө тиккенге да оңоюраак.

“Чет элдиктердин сунушун укканда кѳзүмдѳн жаш айланды”

Бир иним гид болуп иштечү. Ал аркылуу туристтерге сувенирлерди, капчык, баштыктарды,чапандарды ай сайын 10-20дан сатып жүрдүм. Бирок этикеткасы жок эле кетчү. Болгону, бир жерине өзүмдүн эмблемамды сайып койчумун. 5-6 жылдан бери аларга аз да болсо таанылдым. Эми бренддин атын ойлонуп, инстаграмдан баракча ачуум керек болуп жатат. Себеби чет жердегилер иниме мени менен расмий иштешүүнү сунушташыптыр. Угуп аябай толкунданып, көзүмө жаш айланды. Эми ага татыктуу болуум үчүн окушум керек деп шаарга келип окуп баштадым. Тигүүчүлүктү тубаса шык менен ѳздѳштүргѳнгѳ кээде сүрөтүн көрүп деле бычып, тигип берип койчумун. Бул бир чети артыкчылык болсо, бир жагынан кемчиликтей сезилип, уялып кетчүмүн. Себеби билим жок болгондуктан кездемени үнөмдөѳнү билбейм. Карыштап ченеп алып тиге бергенге атайын ѳлчөмдөр менен да иштей албайм. Бирок кийимдерим дал келбей калган учур болгон эмес. Буюрса, курсту аяктасам жаңы жылдан баштап чет элдиктер менен иштеше баштайм. Көптөгөн кыз-келиндер жумуш сурап келишет. Ошол айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыздагым келгендиктен шаарга кызыкпай, айылда иш алып барууну тандайм.

“Жашооң ойлогон оюңа жараша болот экен”

Мен иштегенден баштап жакындарым чоң колдоо көрсөтүп келишет. Шаарга кездеме алууга келгенде арабамды сүйрөп жанымда бирөө сѳзсүз болот. Бир нерсе жетишпей калса апам жардамга даяр. Канча ийгилигим болсо, анын баары апамдыкы деп билем. Кездемеге жип окшобой калса эле тигилбей калат. Апам болсо баарын окшоштуруп, оюмдагыдай кылып таап келет. Тапкан каражаттан кол алдымда иштеген кыздарга айлык чыгарам. Мисалы, балдардын чапаны 500 сомдон жогору болсо, чоңдордуку 3000 сомдон өйдө бааланат. Буга чейин үйдө тигип келсек, эми он адамга ылайык чоң ишкана салдырып жатам. Андан сырткары басууга аракетимди токтотпой, дарылануу менен алекмин. Ток менен укалоо жасатып, кымбат дарылырды ичем. Алар жүлүнгө суу толтурат экен. Беш мүнөттүк укалоо 500 сом болсо,он күндүк бир дарынын наркы 3-4 миң сом. Анын баарына ѳзүм каражат таап жатканыма кубанып калам. Ушуга чейин тартынып жүрүп ден соолугум деле алдыга жылбаптыр, ичкен дарыларым деле сиңбептир. Кандай жашаарың өзүңдүн эле аракетиңден көз каранды экен. Ушуну билгенден баштап ѳнѳрүмдү ѳстүрүп, алга гана жыла берүүнү максат кылдым. Менин жашоом менин колумда экенине терең ишендим. Ал эми кѳпчүлүк кѳз жоосун алган эмгектерди мендей майып адам тигерин биле беришейт.

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here