Негизгиге Адамга адам тирек Мээрим: Балам көзүн ачканы менен мени да көрбөйт

Мээрим: Балам көзүн ачканы менен мени да көрбөйт

232

Мээрим: “Балам көзүн ачканы менен мени да көрбөйт”

Мээримдин үч баласы бар, учурда ал көкүрөк күчүгүнүн ден соолугу, келечеги үчүн күрөшүп жатат. Күйүттө жүргөн эненин күнү ооруканада эссиз жаткан баласын кароо, ден соолугун тилөө менен өтөт.

“Кудайдан тилеп жүрүп үчүнчү наристелүү болгонбуз”

Мен 31 жаштамын, үч баланын энесимин. Улуу кызым 7-класста, кийинки уулум 3-класста окушат. Ушул эки баламдан кийин Кудайдан тиленип жүрүп бир уулдуу болгон элек. Кош бойлуулугум жакшы өткөн, бирок кан кеткендигине байланыштуу уулумду кесарево жолу менен жарыкка алып келгем. Салмагы азыраак төрөлгөнү менен ден соолугу таза чыгып, жакшынакай чоңоюп, сүйлөп, өз убагында баса баштаган. Ошентип чуркап жүргөн маалда, тактап айтканда, бир жаш сегиз айында сасык тумоолоп ооруп калды. Катуу деле ооруп жатып калбаган соң үйдөн сасык тумоого каршы дарыларды берип, эртеси күнү эле ооруканага алып баргам. Доктурлар тамагын көрүп “ангина болуп жатыптыр” деп инфекциялык ооруканага жиберишкен. Айткан ооруканага барсам “үйдөн деле дарыласаңар болот, азыр кызамык оорусу катуу жүрүп жатат, бул жактан жугузуп аласыңар” деп дарыларды жазып беришкен. Бирок үйгө келгенде баягы дарыларды берсем балам кусуп сала берди. Дене табы дагы дароо эле 39 болуп кеткен. Кайра инфекциялык ооруканага алып барсам доктурлар эки күн тамчылатма дары куюшкан. Бирок балам айыкпай эле, тескерисинче, буттары иштебей, колдору калчылдай баштады. Доктурлар жандандыруу бөлүмүнө алып, оорунун себебин билүү үчүн жүлүнүнөн суу да алышкан. Анализдин жыйынтыгы боюнча неврологиялык оору болгондуктан, Жалдагы балдар ооруканасына которулганбыз. Жалга келгенде балам өз алдынча дем ала албай аппаратка түшүп калды. Азыр балама “гийена барре синдрому” деген диагноз коюшту. Негизи, иммунитети төмөн адамдардын организми вирустар ичтен күрөшө албай калганда, вирус барып адамдын алсыз жерине жабышып туруп, жыйынтыгында бул ооруну пайда кылат экен.

«Балам аппараттын жардамы менен дем алып жатат”

Азыр деле балам аппараттын жардамы менен дем алат. Кыймылсыз, уктап жаткан адамдай жата берет. Мурда колдорун такыр кыймылдатчу эмес. Кудайга шүгүр, азыр манжаларын кичинеден ача баштады. Көздөрүн да ачып калды, бирок көрбөйт, сүйлөсөм угат. Тамакты зонт менен беребиз. Уулумдун жанына күнүгө күндүз келип, кечке дейре болом. Түнкүсүн калууга уруксат берилбейт. Айласыз, же үйгө бара албай, же баламдын жанынан кете албай кыйылып отуруп араң үйгө жол тартам. Атайын дем алдыруучу аппарат сатып алсак үйгө чыгарып кетүүбүзгө уруксат беришкен эле. Ал аппаратты сатып алганбыз. Бирок баламды ага салып көрсөк, кычкылтек дагы жетишпейт экен. Эми анысын алышыбыз керек болуп жатат. Алсак эле үйгө чыгарып кетет элек. Ансыз деле ооруканага келгенде баламдын такма жалаягын котором, дарысын берем, болду, башка эч нерсе кылбайбыз. Үйүмдөн деле ошентип карап отурат элем. Доктурлар болсо убакыт керектигин айтып жатышат.

“Туугандардын акчасын алып, өзүбүздүн буюмдарыбызды сатып бүттүк”

Балама башында күнүнө 30 миң сомго чейинки каражатка дары алып берип жатканбыз. Азыр болсо 3000 сомго чейин кетиребиз. Балам дагы жөн эле тамакты жебейт. Орусиядан белокту көтөрө турган 1000 сомдук тамакты эки күндө бирден алдырып турабыз. Биздикиндей оору менен ооруган балдарды Италияда дарылайт экен. Ал жакка баламдын документтерин жиберсек, “мүмкүнчүлүгүңөр болсо алып келгиле, айыктыра алабыз” деп айтышты. Алар башкаларга окшоп канча каражат кетерин алдын ала эсептеп беришпейт экен да, бардыгы бейтапты көргөндө гана белгилүү болот экен. Тилекке каршы, аякка барган жол киренин наркы эле беш миң доллар болуп жатат. Мындан сырткары жатакана, тамак-аш сыяктуу чыгашалар болот. Булардын баарына бизде каражат жок. Себеби өзүм үй кожойкесимин, жолдошум гана такси кызматында иштеп бизди багып келе жатат. Азыр анын деле ою балада болуп, улам ооруканага келип-кетип жатып иштей албай жатат. Туугандардан акча алып, үйдөгү айрым буюмдарыбызды сатып бүттүк. Эми үйүбүздү саталы десек, аз эле суммага кетүүсү ыктымал экен. Анткени барак тибиндеги үй, эч ким деле кызыкпайт. Небересине каражат керек экендигин уккан кайненем дагы Орусияга иштегенге кеткен. Ошондуктан жалгыз үмүтүбүз кайрымдуу эл болуп калды. Сиздерден жардам күтөбүз.

Элсом: 0708 72 25 69

Сбербанк: 5336 6902 9005 5187

🖊️ — Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here