Негизгиге Ааламда Энеңиздин токмогу эсиңиздеби?

Энеңиздин токмогу эсиңиздеби?

261

Энеңиздин токмогу эсиңиздеби?

Караныңдан кагылайын апакем, сенин жытың, сенин жыпарың
Айыкпаган далай дартка даба экен.
Бала кезде тентек элем го, акыл насаат кирбей жүрчү кулакка
Ар бир сөзүң көрсө бал экен, кагылайын алтын апакем
Адам болдум тал чыбыгың дары экен, — деп Бек Борбиев ырдагандай эненин бала кездеги токмогун сагынбаган жан болбостур. Энесинин колу тийген күндөрдү эстетип, каармандарыбызды балалыгына жетелеп бардык.

Курмангазы Азыкбаев: “Жылдызчанын изи башыма түшүп калган”

— Өзүмдүн апам жалынып-жалбарып, кагылып-согулуп эле турчу. Бирок чоң энем ченде жок катуу киши эле. Атайын узун чыбыкты кыйып келип коёт. Майда тентектиктерди кылсаң ошо менен тизеге, жамбашка чабат. Чыбыктын учу тийген жериң ысып барып эс аласың. Бала кезимде аябай тентек элем. Кошунанын терезесин сындырып, мектептен мушташып келген күндөрү көк чыбык менен таяк жээрим турган иш. Бир жолу 7-классымда мода деп чачты өстүрүп, короздонуп балдар менен ойноп кеткен күндөр болду. Ошондой күндөрдүн биринде 4 күнгө жоголуп кеттим. Үйдөгүлөр аябай издешиптир, бешинчи күнү өзүм келдим. Энем эч нерсе дебей туруп колундагы жоокердин куру менен ушундай эсиме келтире сабады. Курдун башында жылдыз болот го, ошо менен башка чапканда көзүмөн от чагылышты. Бир нече күндөн кийин мода деген чачымды кырып берди. Баягы жылдыздын изи башыма түшүп калыптыр. Эң катуу таяк жегеним ошо болгон. Азыр деле кээде ошол таягын сагынган учурум болот.

Бактыбек Мамытов: “Өз апамды атынан айтчумун”

— Үйдө жети бир туугандын улуусумун. Чоң апамдын колтугунда жүрүп чоңойдум. Апамды Сакен деп өз атынан айтып, атамды байке дечүмүн. Эки аялдан  тең этим ооруп таяк жеген күнүмдү эстей албайм. Анткени энем мени баарынан калкалап, конокко ээрчитип барып устуканын берип, жанына төшөк салып берип жаткырчу. Тентектикти деле чеги менен кылчу экенмин. Андайда атам көзүнүн төбөсү менен карап, катуу айтып койсо жазганып калчумун. 22 жашымда чоң энемдин көзү өттү. Мен үйлөнүп, апамды ошондон кийин өз атынан айтпай “эне” деп калдым. Сегиз жылдан кийин элүү жашында өз апам оорудан кайтыш болду. Жашоомдогу орду чоң эки адамыман айрылган ошол жылдар мен үчүн оор өттү.

Элмирбек Иманалиев: “Атамдын камчысынан титиреп турчубуз”

— Негизи апам колу тийбеген, жоош жан. Ката кетирсек эринбей отургузуп алып түшүндүрүп айтчу. Ага караганда атам катуу эле. Эркелеткенде төбөсүнө чыгара эркелетип, жазалаганда жерге түшүрө жазалачу. Мен 1-2-классымда көп куулук-шумдугум жок, жоош бала элем. Андан кийин жылма тентек болдум. Окууну бүтүп шаарга келердин алдында ээ бербеген тентек болдум. Кичирээк кезимде тентек кылсам атам унуткарып туруп “бери келчи” деп алдап чакырып алып камчысы менен жаза-буза чаап калар эле. Ал эми менден беш жаш улуу байкем көп жазаланды. Кээде буйтап качып кетсе атын минип айылды айланта кууп жетип камчы салган күндөрү болгон. Мен чоңоюп, тентегим күчөй баштаган кезде атам ооруп каза болуп калды. Анын көзү өткөндөн кийин мендеги жакшы ийгиликтердин көбү атамдын тарбиясынан, анын катуу тартибинен улам болгонун түшүндүм.

Мухтар Атаналиев: “Жылма тентек элем”

— Мен ата-энемен бир да жолу таяк жеген жокмун. Эмнеге дебейсизби? Себеби мен эки кемпирге эркелеп чоңойдум. Атамдын алтымыштан ашкан алысыраак эже-карындашы бар экен. Эки кемпир өмүр бою бир короодо жашап, экөөнүн тең согончогу канабаптыр. Ата-энем өздөрү жетим болуптур, экөө баш кошуп мен төрөлгөндөн кийин атамдын жанагы эже-карындашы “окуп, иштеп ирденгиле, балаңарды биз багып берели” деп мени алып калышып, ата-энемди шаарга жиберишиптир. Ошентип эки кемпир оюм менен болуп чоңойтту. Кээде караңгыга чейин оюнга алаксып калсам коркуп кыйпычыктап келчүмүн үйгө. Анткени апам көк чыбыгын колуна кармап мени издеп чыкчу. Үйдү айланып жеткирбей качып кетип, ачуусу тараганда үйгө кирчүмүн. Кийин мен чоңойгондо экөө тең каза болду. Бирок өз ата-энемди байке, жеңе деген бойдон калдым.

Жамин Акималиев: “Апамды бир да жолу капа кылган жокмун”

— Үйдүн улуусу болгондуктан апам мени “Жамике, сени менен кошо үйгө береке кирди” деп мени жакшы көрчү. Ошого жараша мен да апамды капа кылбаганга, айтканын аный дебей аткарганга далалат кылчумун. Эне деле ар бир баланын мүнөзүнө жараша өзгөчө мамиле жасайт окшойт. Мен табиятыман китептен башым чыкпай үйдө отура берген, куулук-шумдугум жок “эпке келген” бала элем. Ошентсе да ката кетирсем: “Жамике, бир туугандарыңа үлгү болот деген сен ушинтип атсаң…” деп көп сөздү айтып кебез менен мууздап койчу. Көзү бакырайган ак жуумал аял эле. Мага көзүн алайтып койсо эле жерге кирип кетейин дечүмүн. Менден кийинки эки карындашым укпаса жоон санынан көгөртө чымчып алчу. Экөө тең апам чымчыганда секирип кетчү. Кийин мага көгөргөн жерин көрсөтүп ыйлактап калышчу. Андан кийинки эки иним да тентек болду. Жуман иним балдар менен мушташып, беймаза кылганда аны кызылдай эле сабачу. Андан кийинки иним каза болуп калды, ал табиятынан ыйлаак, көк бет эле. Аны деле сабаган учурлары болду. Азыр айылга барганда тоонун боорунда жайгашкан ата-энемдин мүрзөсүнө барып куран окуйм. Жыл өткөн сайын тоонун бетине чыгуу оорчулук жаратат. Ошого карабай тынып отуруп жетем дагы, апам менен сүйлөшүп отурам. Кадимкидей дем алып, сагынычым тарап кайтам.

Бек Борбиев: “Апам жаакка чапкан”

— Апам өзү боорукер, ыйлаак жан. Мектепте мугалим болуп иштеди. Дайыма көзөмөлүндө болгонуна карабай далай беймаза кылдым. 3-классымда классташымды сабап, ыйлатып койдум. Экөөбүздүн тең апабыз мектепте мугалим экен. Ал даттанып апасын ээрчитип келип, анын апасы менин апамды урушуп кирди. Ошондо апам мени жаакка чапканы эсимде калыптыр. Мүнөзүмдө бейбаштык бар болгондуктан андан кийин деле токтолуп калган жокмун. Директордун кабинетинде далай жолу башты жерге салып турган күндөрүм өттү. Апам мени менен кошо тил угаар эле. Кечинде келгенде атама айтат, анан “разборкалар” ошондо башталчу.

Кыялбек Урмамбетов: “Чоң апам таң аткыча издеген”

— Эне дегенде эле көз алдыма чоң апам тартылат. Мени беш жашка чейин белинен түшүрбөй көтөрүп өстүрдү. “Карыган энеңдин жонунан түшсөң боло!” деп жанымдагылар саныман аткып чымчып алса өңгүрөп ыйлайм. Андайда энем: “Силерге оорчулугу тийип атабы?”-деп алар менен кызыл чеке болуп кырылыша кетет. Мектепке барганда сабагымды окубай ойноп кетип калам. Менин ордума ийрейтип тамгаларды жазып, үй тапшырмамды аткарып коёт. Бир күнү энем эки жумуртка бышырды. Кабыгын аарчып карасам меники кичирээк экен, өзүң чоңун алып алдың деп таарынып бастырмадагы үймөк чөпкө барып жатып алдым. Караңгы киргенде энем издеп чыкты. Таппай кыйкырып издеген сайын ичимен табам канып: “Ырас болот, дагы издей түш” деп жатам. Апам байкуш үйдү айланып издеп көчөгө кыйкырып издеп кетти. Мен болсо көгөрүп жаткан бойдон көзүм илинип кетиптир. Жай мезгили экенине карабай таңга жуук чыйрыгып ойгондум. Таң калганым, апам мени дале чакырып издеп жүрүптүр. Кечке кыйкыра берип үнү бүтүп калган экен. Ошол окуяны эстесем азыр да жүрөгүм ооруйт. Кийин каза болорунда атама: “Кыялбекти капа кылбагыла” деп дайындаган эле.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here