Негизгиге Менин баяным Айка: Жигитим турмуш курсак балалуу боло албайбыз дейт

Айка: Жигитим турмуш курсак балалуу боло албайбыз дейт

643
  • Айка: «Жигитим турмуш курсак балалуу боло албайбыз дейт»

Ар кимге ѳзүнүн ашыгы айдай, алтындай сезилер. Антсе да жүрѳгүмдү багындырып, кѳңүлүмдү бийлеген адамымды эч ким менен салыштыргым келбей жашап келем. Мени «сүйүү-пүйүү, кайдагы бир жомок» менен убараланган жаш кыз элестетпеңиз. Жыл жаңырса 27 жашка толом. Жаштыгым деле калбай баратат. Акылым толуп, алды-артымды карап иш кылып калган кезим.

***

Азим менен тил үйрѳнүү курсунан таанышып калгам. 4-курска келгенде чет тилин үйрѳнүүнү максат кылып барып, сүйүүгѳ үйрѳнүп алгандай эле болдум. Чыкыя кийинип, англис тилин суудай сүйлѳгѳн жигит мени бир кѳргѳндѳ эле кайдыгер калтырган жок. Эркимден тышкары шилекейимди кылк жутуп, суктанып алгам. Анан сабактын алкагында кенен таанышып жүрүп отурдук. Азим агайдан сабак ала баштагандан баштап университеттеги окуум маанисин жоготуп койду. Күн бою сабактар батыраак аяктап, курска жѳнѳсѳм экен дейм. Тапшырмаларды ашыгы менен аткарып, ага жакканга, мактоосун укканга жанталашам. Чынында, тил үйрѳнүү жѳндѳмүм мыкты болгондуктан, тайпада алдыма эч кимди чыгарган жокмун. Агайым да муну кѳз жаздымга калтырбай баалап, мени менен кѳбүрѳѳк сүйлѳшүп, кеп-кеңешин аябай айтып жакшы окутту. Ушинтип биринчи бѳлүктү чын ыкласым менен тырышып окуп аяктадым. Коштошор күнү абдан маанайым чѳктү. Башкалар курстун бүткѳнүнѳ кубанышса, менин ичим сыйрылды. Бир нерсемди унутуп жаткандай окуу классын айланчыктап, кыйылып жатып араң кеттим.

***

Кышкы сессия башталган маал эле. Экзамен, зачёт деп чуркап жүрүп да Азим агайымды эсимден чыгара алган жокмун. Бир күнү ага вотсапптан кат жаздым. Мени эле күтүп тургансып ал да аябай абал сурап, сүйлѳшѳ кеттик. Экинчи баскычты улантууну каалагандарга жаңы тайпа ачылып жатканын айтты. Ойлонбой туруп жазылып алдым. Кайрадан ал иштеген жайга каттап, анын ар бир кыймылын, сүйлѳгѳнүн, кѳз караштарын карап отуруу үчүн окуй баштадым. Ушул маалда аны сүйүп калганымды мойнума алдым. Кѳрсѳ, эчак эле ага ашык болуп, бирок апамдын «окууну аяктамайынча жигитке убакыт жок» деп мээме кыттай куюп койгон программасын аттап ѳтѳ албай кыйналып жүрүптүрмүн. Убакыттын бар-жогу менен эсептешпеген сезим келип, мен агайымды сүйүп калдым. Агай десем улуу ойлобоңуз, ал менден 4 жашка улуу, активдүү, кѳптү билген жаш ишкер эле.

***

Кѳз ачып жумганга экинчи баскычты да аяктадык. Эми кандай кылуу керек деп башым катып жүргѳн кезде Азим мага сонун сунуш айтты. Кѳрсѳ, мен тил үйрѳнгѳн курсту Азим досу менен жаңы гана ачкан экен. Ѳзү мугалим, ѳзү менеджер, ѳзү кароолчу болуп бүт жүктү кѳтѳрүп жүргѳн кези экен. Эми экинчи бѳлүгүн ачып, ага мугалим керек болуп жатканын, мен мыкты мугалим болуп бере аларымды айтып кубандырды. Кѳктѳн издегеним жерден табылып жатса кантип жок дейин. Токтоосуз ишке кириштим. Бир имаратта болбосок да, бир алкакта иштѳѳ менен Азимге жакын болорумду ойлоп кудуңдап алгам. Иш абдан жакшы жүрүшүп жатты. Улам бир бѳлүгүн ачып, улам бир артыкчылыктарды киргизип, иштин кызуусуна кирип кетти. Ушундай ѳсүштѳ ага кеп-кеңешимди айтып, колуна кол, бутуна бут болуп жүргѳнүмѳ мен ыраазы. Азимдин тилди, маданиятты мыкты ѳздѳштүргѳнүнѳ аябай суктанчумун. Иштин кѳзүн таап, бирди эки кыла билгенине баа бердим. Ал эми ар убак таза, тыкан жүрүп, сылык сүйлѳшкѳнүнѳ, сүйлѳп жаткандагы мимикаларына, каш какканына, күлгѳнүнѳ ашык болдум. Аны карап отуруудан кылым ѳтсѳ да тажабагандай абалга жеттим. Кѳрүү үчүн жок жерден иш таап жолугуп, үнүн угуу үчүн ар шылтоо менен чалып сүйлѳшчүмүн.

***

Бир күнү Азим болгон жумушту досуна ѳткѳрүп берип, ѳзү чет жакка окууга кетип жатканын айтты. Бул кадыресе, керек болсо жакшы кабар экенине карабай мен нес болдум. Телефондун артында бышактап ыйлап, сезимдеримди сезбегенине таарынып жаттым. Антип эсиме келип чын-бышыгын сураганча болбой бүгүн түнү учуп кетерин айтты. Мен сүйүп иштеген орун эми мен жек кѳргѳн жайга айланып кеткенсиди. Тагдырыма таарынып, сезимдерим жанчылып жашай баштадым. Эки-үч ай ѳтсѳ да бир кат жазып койбогонуна андан бетер таарындым. Ызам толуп, бугум батпай калган бир күнү болгонун болгондой тѳгүп- чачып айтып салууну чечтим да, Азимге узун кат жаздым. Аны жактырып калган күнүмдѳн баштап сүйүүмдүн кандай күчкѳ жеткенин жашырган жокмун.

— «Билем, Айка. Кечирип кой. Сонун кызсың» деген жооп келди.

— «Минтип сооротой эле койчу». Кѳзү жашылданган быйтыкчаларды кошо жибердим

— «Мен сенин сезимдериңе татыксызмын».

— «Мм, жакшы шылтоо экен».

— «Мен да сага кайдыгер эмесмин. Мен да сени жакшы кѳрѳм. Бирок чет жакка мен атайын сенден алыстоо үчүн кеттим…»

— «Айка, эмнеге жазбай калдың? Мунун жүйѳлүү себептери бар».

— «Себепти түшүндүрүү үчүн ишти таштап кетүү керек беле? Болбогон шылтоо».

— «Мен сага баарын түшүндүрүп берем. Бирок азыр эмес. Ѳзүм даяр болгон бир күнү».

Азимдин бул айткандарын жѳн гана шылтоо, мени ѳзүнѳн биротоло алыстатып таштап, чыныгы сүйгѳнүнѳ кетүү үчүн аракет деп түшүндүм. Кѳкүрѳгүм муздап, катуу таарыныч менен экинчи ага жазбайм деп чечтим. Ал да жазбай жүрдү. Жарым жылдык окуусу бүтүп келип, жолугуп калдык. Ага деген сезимдеримди ѳчүрѳ албай жүргѳндѳ кайра кѳзгѳ кѳрүнүп, ого бетер күчѳттү. Баягы себепти ал да, мен да козгободук. Ар бир жолу жолугушууда бизди ажырата турган, азырынча мен үчүн белгисиз болгон ал себепти билмексенге салып жүрѳ бердим. Азимдин менден биротоло жүз буруп кетпей жанымда жүргѳнүнѳ ыраазы элем. Ырасында ал да мага кайдыгер эмес экенине, жигиттик сыйын кѳрсѳтүп жанымда жүргѳнүнѳ бактым чексиз болчу. Жарым жылдай убакыт ѳтүп Азимдин мендик экенине ишене баштадым. Баягы кийин айтам дегени эмне экенине кызыкмак турсун, ал тууралуу унутуп да калган элем. Ошондой санаасы жок жалаң бакыт курчанган бир күнү ал ысык демиме дагы муздак суу бүрктү.

«Айка, менин сүйүүм. Сени менен кандай гана бактылуумун. Бул бактыбыз түбѳлүк болсо гана. Тилекке каршы, андай болбойт. Ачуу чындыкты моюнга алууга аргасызбыз. Сен баарын туура түшүнүүгѳ аракет кыл. Бул тууралуу айтып отуруу мага да оңой эмес. Бирок башка аргам жок. Кыскасы, сен бактылуу болушуң үчүн чындыкты айтам. Бала күнүмдѳ атам экѳѳбүз автокырсыкка кабылып катуу жабыркаганбыз. Элес-булас болсо да баары эсимде. Атам экѳѳбүз ооруканага жатып, узак убакыт дарыланган элек. Жакшы болуп калганыма карабай мени бир топко чейин ар кайсы жактарга алып барып жүрүшчү. Кѳрсѳ, ошол кырсыкта мен эркектик касиетимден биротоло айрылып калган экенмин. Аны билген ата-энем келечегимден санааркап убара тартышыптыр. Бул тууралуу кер мурут болгон кезимде атам түшүндүрүп берген. Чындыкты моюнга алгым келбей кыйналдым. Баарын жеңем деп кѳк беттенип жакындарыма айтпай чет мамлекетке чейин барып аракет кылып кѳрдүм. Максатыма жеткен жокмун. Аргасыз баарын моюнга алып, башка максаттарга бел байлап жашоого туура келди. Убакыттын ѳтүшү менен ата-энеме кошулуп мен да бул нерсеге макул болдум. Албетте, тереңден ойлонгон кезде ичим сыйрылып, бактысыздык башымдан басып, тумчугуп кетем. Ошондуктан бул тууралуу ойлонбогонго тырышам… Сенин сүйүүңѳ татыксыз экеним кандай гана ѳкүнүчтүү».

Башка чапкандай болдум. Ишенген жокмун. Ошол эле маалда ишенбейм деп чыгууга да батына албадым. Бул каттан кийинки жолугушуубуз үнсүз ѳттү. Кѳз жашыбызды агызып коштоштук, бирок айрылышып кете албадык. Азим мени түбѳлүккѳ узатып коюуга даяр эле. Мен анте албадым. Анын абалынан кабардар болгон соң ага ого бетер байланып, ѳзүмдү ага мурдагыдан бетер керек сезип калдым. Ал бардык кырдаалга даяр. «Кетем десең кармабайм, бактылуу бол. Кетпейм, бирге бололу десең ага да макулмун. Эч нерседен кем кылбай багууга кудуретим жетет. Бирок эң маанилүү нерсени бере албаганым кандай болот? Ансыз ѳтѳ кыйын жашоо болорун эске ал. Балалуу болбосок багып деле аларбыз. Бирок ал бизди түбѳлүккѳ чогуу кармап тура албастыр»,- дейт. Башым маң. Жакын санаган курбума, эжеме, дагы бир тааныштарга баарын ачык айтпасам да, четин чыгарып кеңеш издеп кѳрдүм. Баары эле мындай эркек менен жашоо мүмкүн эместигин айтып асман-айга секиришти. Бир жыйынтыкка келишим керек. Бирок кайсы чечим туура болорун билбейм. Сиз кандай ой кошот элеңиз?

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here