Негизгиге Адамга адам тирек Жамила: Келиним менен неберемди сүзүп качып кеткен айдоочу жардам берем деп келсе...

Жамила: Келиним менен неберемди сүзүп качып кеткен айдоочу жардам берем деп келсе кечирмекпиз

395

Жамила: “Келиним менен неберемди сүзүп качып кеткен айдоочу жардам берем деп келсе кечирмекпиз”

Мындан алты жыл мурун капыстан келген кырсыктан улам келининен айрылып, учурда небереси өмүрү менен күрөшүп жатканын айткан Жамила эже элден жардам суроого аргасыз болууда. Себеби небересине чет жерден операция жасалуусу кажет. А ага көп суммадагы каражат талап кылынат.

“Келиним менен неберемди сүзгөн айдоочуну таппай калдык”

— 2013-жылга чейин уулум ар кандай жумуштарда жалданып иштеп, тапкан
акчасына мал алып, аны кайра көбөйтүп отуруп тапкан каражатына өзүбүз
жашаган Кара-Суу районунан жер сатып алган. Ошол жерине үй салып
жатканда биздин үй-бүлөнү кырсык басты. Уулум үйүнүн кышын куюп, түнү
да ошол жакта калып калчу. Ошондой күндөрдүн биринде келиним менен 7
жаштагы небере уулум балама тамак жеткирип бара жатканда жолдон унаа
чыгып сүзүп, кайрылбай качып кетиптир. Айдоочу ошол бойдон таптырбай
кетти. Катуу сүзгөн экен, келиним оорукананын жандандыруу бөлүмүндө
жатып эсине келбей каза болду. Ал эми неберемдин жаагы үч бөлүккө
бөлүнө сынып кетиптир. Төрт ай бою жандандыруу бөлүмүндө жатып,
кийин гана палатага которулду. Бул кайгы ансыз да жүрөгү оорукчан уулума
катуу сокку болду. Күйүттөн улам өзү да бир нерсе болбосун, балдары
апасыз өсүшпөсүн деп бир жылдан кийин эле үйлөнтүп койгом. Кудайым
буйруп, жакшы келинчек жолугуптур. Келиним азыр неберелериме өз
апасындай мамиле кылат, неберелерим дагы экинчи апасына бат эле боор
басып калышты.

“Буту жакшы болуп калды, бирок тамагындагы жарасы кыйнап жатат”

— Неберем болсо сегиз ай бою ооруканада күнүн өткөрдү. Тамагын тешип
түтүкчө аркылуу тамак ичирчүбүз. Бирок түтүкчө тамагына улам тие
бергенден ал жерде жара пайда болуп, бүтүп калчу. Андай учурда
доктурлар операция жасап жараны тазалашчу. Негизи, адам наркозду үч
эле жолу көтөрө алат турбайбы, андан кийинкилеринде небереме наркозу
жок эле операция жасалып калган. Унаа катуу ургандан улам неберемдин
буттары да жазылбай калган. Балдар ооруканасындагы эң оор акыбалда
жаткан менин неберем болчу. Укалоого алып барып жатып, Кудайга шүгүр,
азыр басып калды, бирок сүйлөбөйт. Себеби аба тамагындагы тешиктен
чыгып оозуна жетпей калат. Эми тамагындагы тешикти операция жолу
менен жаап салса эле неберем оңолгону турат. Ушундай кезинде
дарылатып албасак, кийин сөөгү катыганда сөөгүн кошо кесип салуу
кыйынга турат дешти.

“Неберем өлүмүн күтүп жашайт”

— Доктурлар Кыргызстанда мындай операция кылынбайт деп чет жерге
баруубузду сунушташкан. Издеп отуруп Германияда 40 миң долларга, ал
эми Индияда 26 миң долларга жасаларын аныктадык. Бирок бизде андай
каражат жок. Бар мүлкүбүздүн баарын келиним каза болгондо сатканбыз.
Уулум менен келиним балдарын бизге таштап өздөрү Орусияга иштөөгө кетишкен. Азыр уулум кароолчу, келиним ашканада иштеп жатышат. Мен
балдарды карап үйдөмүн, жолдошум болсо кароолчу болуп иштейт. Тилекке
каршы, биздин тапкан каражатыбыз жетпейт. Ушул каражаттын
жетишсиздигинен улам кайрылууга аргасызмын. Бардык момун бир
туугандардан суранарым, небереме жардамыңарды аябагылачы. Эгерде
неберем менен келинимди сүзүп кеткен айдоочу азыр деле келип, ушул
небереме жардамын берсе, кечирет элек. Биз деле адамбыз го, кырсык
экен, түшүнүү менен мамиле кылат болчубуз. Неберем “качан тамагым
бүтүп, аба жетишпей өлүп калам” деп өз өлүмүн өзү күтүп жашайт. Күнүгө
ушуну ойлонуп отуруп кыйналып да кетти. Неберемдин өмүрүн сактап
калалычы.

Элсом: 0222 38 27 82

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here