Негизгиге Интервью Аскат Сулайманов, актёр: Түшкөн сунуштун баарына макул боло бербейм

Аскат Сулайманов, актёр: Түшкөн сунуштун баарына макул боло бербейм

295

Аскат Сулайманов, актёр: “Түшкөн сунуштун баарына макул боло бербейм»

Аскат мырзага эл эбак эле “Эмгек сиңирген артист” наамын берип койгон. Ал аткарган бир да образдан кынтык табуу мүмкүн эмес. Актёрлуктан тышкары тамадалык кесипти аркалаган Аскат мырзаны маекке тарттык.

Аскат мырза, сөздү популярдуулугуңузду арттырган “Такебай” тасмасынан баштасак…

— Тасманын режиссёру Бакыт Осмонканов менен буга чейин эки-үч тасмада чогуу иштегенбиз. Бакыт “Аскат байке, сизге бир башкы роль берем” деп жүрчү. Ошентип, аталган тасмада башкы ролду ойнодум. Чынында, жакшы тасма болду. Бул тасма популярдуулугумду арттырды десем да болот. 2019-жыл мен үчүн жакшы жыл болду. Эки тасма жана бир сериалга тартылдым. Эки жолу “Жылдын мыкты актёру” наамын алдым. Жараткан образдарымдын баары тең өзүмө жакты. Эгер жакпаса ойнобойт болчумун.

Акыркы чыккан тасмалардын көбүнөн сизди көрүп калдык. Сунуштардын баарына эле макул боло бересизби?

— Акыркы чыккан тасмалардын баарынан эле көрүнүп жатканымдын себеби, Кыргызстан кичинекей эле өлкө. Орусияныкындай калктын саны көп болсо, актёрлорубуздун да саны көп болмок. Мен деле түшкөн сунуштун баарына макул боло бербейм. Көбүнөн баш тарткам. Бүгүнкү күнү да далайынан баш тартып жатам.

Көбүнчө комедия жанрындагы ролдорду аткарасыз. Чынында, образдын майын чыгарасыз. Антсе да бирдей ролдор менен элди иренжитип алам деп коркпойсузбу?

— Азыр мага берилген ролдор ошондой болуп жатпайбы. Режиссёрлор трагедиялуу тасма тартпай калышты. Себеби андай тасмага көрүүчү кѳп келбейт. Анан акча түшүүсүн ойлоп баары эле комедияга басым жасап жатышат. Өзүм комедиялуу ролдор менен күйөрмандарымды иренжитип алам деп ойлобойм. Ролуңду так, туура ойносоң, эч качан иренжибейт. Жеткире ойнобосоң бир роль менен эле качырып алышың мүмкүн. Олуттуу ролдорду деле аткаруу колумдан келет, көзүм жетет. А олуттуу тасма өзү тартыла элек.

Тамадалык кызмат кѳрсѳтүп келе жатканыңызга канча убакыт болду?

— Казакстанда 1-курста окуп жүргөн кезде эле чакан тойлорду казак тилинде алып барчумун. Экинчи-үчүнчү курстарда чоң той алып бара баштагам. 4-курсту аяктап жатканда 700 кишилик тойдо кызмат кылгам. Ал кезде бизде мынча кишиге ылайыкталган кафе да жок болчу. 1999-жылы окууну бүтүп келгенден кийин эки жылдай тамадалык кылган жокмун. Анткени эч ким тааныбагандыктан сунуш болчу эмес. Жалпысынан тамадалык кызматты аркалап жүргөнүмө 25 жылдан ашты.

Иштегениңизге жараша материалдык өсүү да болуп жатабы?

— Кудайга шүгүр, үй салып жатам. Буюрса, сексен пайызы бүтүп калды.

Күнү-түнү жумушта жүрсөңүз, үй-бүлөңүзгө кайсы убакта көңүл бурасыз?

— Үйдө жалгыз эле мен иштейм. Келинчегим балдарым менен үйдө, балдарым окушат. Ошондуктан күнү-түнү иштеп үй-бүлөмдү багам. Жумушум ушул болгон соң бардыгына жетишүүм кажет. Ары-бери чуркап түнү уктабай калам, ал турсун кээде үйгө келбей калам. Антсе да үй-бүлөмө көңүл бурганга аракет кылам. Азыр балдарымдын баары менин колумда. Балдарымдын апасы “Орусияга барып окуп келейин” деди. Аларга 100 доллардан алимент төлөйм. Кийим-кече, тамак-аш жагынан жардам берип турам. Андан башка керектөөлөрүнө да акча сурап турушат. Күздүн күндөрү күнү-түнү иштегенге туура келет. Азыр Жаңы жылга карата үйдө көбүрөөк болуп жатам. Кечке чейин үйдө болуп, съёмкалардан кийин үйгө шашам.

Келинчегиңиз чыгармачылыгыңызга кандай колдоо көрсөтөт?

— Келинчегим “кызганам” деп айтат, бирок анысын мага билгизбейт. “Кайда жүрөсүң, эмне кыласың, кайда барасың?” дебейт. Жумушумду түшүнөт. Костюм-шымдарымды даярдап, көйнөктөрүмдү үтүктөп чыкыйтып турат. Түндө мен келгенче уктабай күтүп алат.

Экинчи турмуш курганда баланы кантип көндүрүү, даярдоо керек экен?

— Мен үйлөнө электе эле балдарыма “жаман көрбөгүлө, мен үйлөнүшүм керек” деп түшүндүрүп айтчумун. Үйлөнөрдө “мени кызганып уруш чыгарбагыла, акылдуу болгула. Баарыңарды багам. Эгерде уруша турган болсоңор, менин да маанайым түшөт” деп жай отуруп чечкенбиз. Азыр үйдө уруш-талаш жок, баары ынтымактуу. Кудайга шүгүр.

Ѳткѳн турмушуңуз сизди ойлонтобу?

— Биз туруп-туруп эле ажырашып кеткен жокпуз. Уруш-талаш болуп жүрдү. Ойлондук да, такыр эле болбой калганда эки ажырым жолго кеттик. “Бирөөнүн үйү бирөөгө караңгы” дегендей, биздин жашообузду чогуу жашаган адам гана түшүнмөк. Жашоомду жакшы бир сценаристке жаздырса, өтө татаал трагедиялык комедия чыкмак.

Эки адамдан тең ката кетет дегендей, мунусунда мурдагы катачылыктарды кетирбөө үчүн эмне кылып жатасыз?

— Албетте, идеалдуу киши жок. Бирок азыркы жашоомдо баары жакшы. Мээрим жаш да, “Апамды ук. Менин айтканымды ук, мен жаман айтпайм. Эгерде туура эмес ой айтсам, катачылыгымды дароо айт, унчукпай калба. Жашоо ушундай, эриш-аркак жашабаса болбойт” деп айтам. “Башкысы, апамды сыйлап, көңүлүн оорутпай айтканын кылып кой. Сен да ошондой карыйсың, апамдай эне болосуң” дейм. Азыр апам экөөнүн мамилеси сонун, бирге оокат кылып жатышат. Апам да кеп-кеңешин айтып турат. Ошентип жашообуз жакшынакай уланып жатат, буюрса.

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here