Негизгиге Интервью Сүйүүтай Шамшиева: Атама туура диагноз коюлганда баары башкача болот беле?

Сүйүүтай Шамшиева: Атама туура диагноз коюлганда баары башкача болот беле?

109

Сүйүүтай Шамшиева: «Атама туура диагноз коюлганда баары башкача болот беле?»

Кыргыз киносунун классиги, атактуу кинорежиссёр, сценарист Болот Шамшиев 78 жашында узакка созулган оорудан каза болду. Бир келген өмүрүн кыргыз элине арнаган, кино деп жашаган залкар инсандын артында калган эмгектери – баа жеткис байлык экени талашсыз. Болот аганын өмүрүнүн акыркы күндөрү тууралуу кызы Сүйүүтай менен маектештик.

Сүйүүтай айым, атаңыздын арты кайырлуу болсун! Болот аганын ден соолугу эмнеден улам кескин начарлап кетти?

— Быйыл атам 79 жашка чыкмак. Мындан жети жыл мурда боорунан операция болгон. Акыркы жылдары жаш курагынан улам чаалыгып-чарчап калганы болбосо,саламаттыгы жакшы эле жүрдү. Акыркы айларда бир аз сыркоолоп калды. Анын үстүнө жыл сайын ишенимдүү адамдардан кышкы салаттарды алып жешчү экен. Үй-бүлө мүчөлөрү ал салатты жегенде эч нерсе болгон жок. Бирок атам бир аз жегенден кийин ичегилеринде маселе жаралыптыр. Ошонун баары кошул-ташыл болуп 22-ноябрда өзүн жаман сезип жатканда «Тез жардам» кызматын чакырып ооруканага жаткырдык. Бирок дарыгерлер мындан жети жыл мурунку боор оорусу козголду деп дарылай беришти. Улам бир дарыны беришти, ал жардам бербесе башкасына алмаштырышты. Дарылоо туура эмес жүрдү. Анткени башынан эле диагноз туура эмес коюлган. Эгер дарыгерлер ошондо эле ичеги инфекциясы экенин аныктап, туура дармектерди колдонгондо башкача болот беле?.. Иним Чыңгыз Москвадан дарыгерлерди чакыртты. Алар 24-декабрда келишмек, жетишпей калышты. Ал күнү атамды жерге бердик.

Унаасын уурдап кеткени да саламаттыгына сокку болду окшойт?

— Негизи, адам карыган сайын болгон нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алат экен. Ал унааны Германиядан айдап келгенге, унаанын документ иштерин бүтүргөнгө Чыңгыз Айтматов жардам берген экен. Атамдын ал кишиге болгон сый-урматы өтө бийик болчу. Анын үстүнө биринчи унаасы болгондуктан аны көзүнүн карегиндей сактап айдап жүргөн. Ал тургай Германиядагы номерин алмаштырчу эмес. Бул жакта ал нерсеге уруксат берилбесе да атама болгон сыйдан улам МАИ кызматкерлери деле унчукчу эмес. Чыңгыз экөөбүз башка унаа алып берели деп канча айттык, көнбөй койгон. «Менин көзүм өткөндө бул унааны музейге өткөргүлө»,- дечү. Бирок ага жетпей эле унааны уурдап, талкалап салышпадыбы. Чыңгыз андан кийин атама жаңы унаа белек кылды. Бирок жагымсыз окуяга баары бир деле өтө кайгырып жүрдү.

Көп балалуу атамын дечү эле, балдары канча жашка чыгып калды?

— Атамдын беш баласы бар. Биринчи никесинен Чыңгыз экөөбүз. Кийинки аялынан эки эркек, бир кызы бар. Улуусу 12, ортончусу 10, кенже кызы 6 жашта. Биз атамдын кийинки үй-бүлөсү менен катышабыз. Эки иниси Чыңгыз байкесин сыйлап бөтөнчө жакшы көрүшөт. Чыңгыз да колунан келген жардамын алардан аябайт.Өзгөчө эми атасы жок калганда аларга биздин колдообуз керек деп ойлойм.Кызы балалыгы менен атасынын жок экенин жакшы билбей жатат окшойт. Бирок акыл-эси кирип калган уулдарына кыйын болду. Атам балдарына өзгөчө жакын болчу.

Аялы сизден бир топ эле кичүү болсо керек, аны менен бат эле тил табышып кеттиңизби?

— Кандай болгон күндө да атамдын тандоосуна биз каршы чыккан жокпуз. Аялы менен мамилебиз сый. Бир жолу күйөөм экөөбүз конок тосуп, атам азыркы аялы менен, апам күйөөсү менен келди. Жакшынакай бир дасторкондо сүйлөшүп отурдук. Бирок кайын-журтум «ушундай да болобу?» деп таң калышкан. Атам менен апамдын маданияты бийик адамдар. Ал жагынан маселе жаралчу эмес. Апам да атам ооруканага жатып калганын укканда дароо Бишкекке келди. Биздин жаныбызда болуп, колдоосун көрсөтүп турду. Азыр да бул жакта. Жылда 12-январда атамдын туулган күнүн өткөрүп, ага белек берип дасторкондо чогулчу элек. Быйыл бул күнү туугандарга куран окуттук.

80 жылдыгын белгилеп маараке өткөрөм дечү беле?

— 2021-жылы мааракесин өткөрөбүз деп атамдан мурун биз ойлонуп жатканбыз.Акыркы Кожомкул баатыр тууралуу жазган даяр сценарийине кино тартам деп көп чуркады. Ооруканага жатардын алдында анын киносуна каражат бөлүнбөсүн билип өтө капа болду. Ооруп жатып калганда да: «Канча жашаарымды ким билет, жок дегенде ал-күчүм бар кезде акыркы кинону тартып, элиме калтырып кетсем болбойт беле»,- деп жатты. Биз Чыңгыз, келинчеги Алина болуп айланчыктап жанында жүрдүк. Колубуздан келишинче жубатып, 24 саат бою жанынан жылбай жаттык. «Ата, киного каражатты өзүбүз табабыз»,- деп көңүлүн көтөрдүк. Эми атамдын аткарылбай калган арманын биз ишке ашырганга аракет кылабыз. Бирок биз тарткан кино Шамшиевдикине окшошпосо керек. Атама буга чейин кылган кызматын эске алып “Эл баатыры” наамын беришсе жакшы болмок. Биздин бул тилегибизди эл деле колдойт деп ишенем.

Мындай адамдын кызы болуу сыймыкпы же жоопкерчиликпи?

— Биринчи кезекте сыймык. Бирок ошого жараша жоопкерчилиги да чоң. Эсимде, кайсы жерге жумушка орношкону барбайын, фамилиямды көрүп «Болот Шамшиевдин кызысыңбы?»- деп сурашчу. Мен: «Жо-ок, бир тууганынын кызымын»,- деп болушунча өзүмдү алыскы тууганы кылып көрсөткөнгө аракет кылчумун. Себеби башкалардын мага биринчи кезекте Шамшиевдин кызы катары эмес, жеке адам катары мамиле жасашын каалачумун. Бирок сырткы келбетибиз окшош болгону менен баары бир кызы экенимди билип алышчу.

Ата-энеңиздин жумушуна байланыштуу бала кезиңизде кызыктуу күндөр көп болсо керек?

— Мектепте окуганга чейин атам менен апамды ээрчип жүрдүк. Кайсы жерде кино тартса иним экөөбүз ошол жакта элек. «Ак кемеде» бешик менен кошо сууга агызышкан ымыркайдын мен экенимди элдин баары билсе керек. Кийин эс тартканда «Снайпер» тасмасын тартып жатканда токойдон чырпык ташып жардам берип жүрдүм. Өзүм курактуу балдарга кошулуп козу карын терем деп токойдон адашып, бизди куткаруучулар издеп табышкан. Апам ал кезде катуу урушса,атам токой коркунучтуу экенин, саз соруп кетерин эринбей түшүндүрүп бергени эсимде. Негизи эле атам бизге бир да жолу колу же ачуу тили тийген жок.Туура эмес иш кылсак, катабызды түшүндүрүп айтып бергенден тажачу эмес.

Эки таланттуу адамдын балдары эмнеге алардын жолун жолдогон жок?

— Мен өзүм режиссёр болгум келчү. Бирок атам оор кесип деп туура көргөн жок. Актриса болоюн десем ал үчүн бүтүндөй өмүрүңдү ошол кесипке арнап, оор ишти аркалашың керек. Ал жагынан апам деле көңүлдөнгөн жок. Ошентип,биринчи кесибим лингвист, экинчи кесибим экономист. Кийин Чыңгыздан жакшы режиссёр чыгат деп ойлоп жүрдүм. Анын жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын.Бирок ал да башка тармакка кетти. Эми кийинки уулдары атамдын жолун жолдойт деп ойлойм. Ортончу уулу Эрназар сүрөттү мыкты тартат.

Учурда эмне менен алексиз?

— Үй-бүлөм менен алекмин. Үч уулум бар. Эки уулум чоңоюп студент болушту.Үчүнчү уулумду төрөгөндөн кийин, тактап айтканда, акыркы он жылдан бери иштебей элемин.

Апаңызга канча убакытта бир барып турасыз?

— Апам учурда Чехияда жолдошу менен турат. Пенсияга чыккан, иштебей эле үйдө. Жылына бир жолу барып эс алып келебиз. Бир айдан ашык жүрөбүз. Айрым учурда апам өзү Бишкекке келип турат.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here