Негизгиге Адамга адам тирек Сабира Тоялиева: Кандай жардам болсо да мен үчүн маанилүү!

Сабира Тоялиева: Кандай жардам болсо да мен үчүн маанилүү!

641

Сабира Тоялиева: «Кандай жардам болсо да мен үчүн маанилүү!»

Бүгүнкү каарман турмуштун ар кандай сыноолорун башынан өткөрүп, бирок жашоо үчүн, балдарынын жаркын келечеги үчүн күрөшүп келаткан  айымдардын бири. Анын оор тагдырынын кичинекей тарыхына көз жүгүртүп, четте турбай өз салымыңызды кошосуз деп терең ишенебиз…

«Кичинемден жетим калып, жашоонун азабын тартып келе жатам»

— Мен Талас жергесинен болом. Кичинемден эле жетим калгам. Ата-энем каза болгондон кийин мени таенем багып чоңойтту. Кийин таенем да өтүп кеткенде эч кимим жок жалгыз калдым. Анткени ата-энемдин жалгыз гана кызы элем. Жетимдин жашоосу жетимдей эле болот экен, жашоодо көп кыйынчылыктарга туш болдум. 15 жашымда эле турмушка чыгып, жолдошум экөөбүз беш балалуу болдук. Бирок анын ченемсиз ичкилигине, аёосуз ур-тепкисине, кордогонуна чыдай албай кетип калдым. Ошондон тартып беш баламдын түйшүгү менин моюнумда. Өзүмдүн менчик үйүм жок болгондуктан, Таластын Киров айылында батирде жашоо кечиребиз. Батирге ай сайын 2 миң, светине 1000 сом төлөп жашайбыз. Азыр азык-түлүктүн баары кымбат. Эч кимден жардам болбогон соң бардыгын үнөмдөп оокат кылып, балдарымды ачка калтырбаганга аракет кылып эптеп күн өткөрүп келем.

«Кызымдын жанынан бир да мүнөт жылгым келбейт”

— Балдарымдын улуусу Венера азыр 23 жашта. Төрөлгөндө эч кандай дарты жок ден соолугу чың эле баладай көрүнгөн, кийин 9 айында врачтар менингит деп жүлүнүнөн суу алышкан. Ошондон ден соолугуна доо кеткенби деп ойлойм. Кийинчерээк мээсинде киста дагы пайда болду. Азыр такыр сүйлөбөйт, бир нерсени түшүндүрүп айтып бере албайт. Бат-баттан эпилепсиясы кармап жатып калат. Оорусунун айынан эки жолу дааратканага түшүп кеткен. Дагы бир жолу кайнап турган чайнектеги сууга санынан ылдый күйүп калыптыр. Анда дагы айлап ооруканада жатып абдан кыйналдык. Дары-дармекке акча таппай карыздап сурап, көрбөгөн азапты көрдүк. Оорукчан экенинен пайдаланып бир жолу балдар зордуктаганга да аракет кылышкан. Кызымдын ушундай тагдырын карап отуруп абдан зээним кейип, жанынан бир да мүнөт жылгым келбейт. Кызымдын оорусун эске алып, мамлекет 3300 сом пенсия чыгарып берген. Андан тышкары 2400 сом жөлөк пул алам. Анын баары батирдин ижара акысына, азык-түлүккө, анан дары-дармекке эле сарпталып калат. Акчанын жетишсиздигинен тамак-ашыбыз жок ачка отуруп калган күндөрүбүз да арбын болот.

«Балам сабактан калып иштеп, мага жардам берүүгө аргасыз болууда»

— 16 жаштагы мектепте окуган балам ар кайсы жумуштарда иштеп акча таап келет. Оор турмуштун айынан уулумдун мектепке барбай калган күндөрү дагы көп болду. Биздин жашоо-шартыбыздан кабардар болгону үчүн мугалимдери деле сабактан унчукпай коё беришет. Ошентип ушул балам эле азыр менин эң негизги жардамчым. Аны иштетпей коёюн десем, мага андан башка колдоо көрсөтө турган эч ким жок. Аны көрүп дагы зээним кейийт. Бирок башка айлам жок, эмне кылам?! Өзүм иштейин десем минтип кызымдын жанынан бир да мүнөт жыла албайм. Андан тышкары үч жарым, эки жаштагы кичинекей уулдарым да бар. Кечке ушулар менен алек болом. Алардын кир-когун жууйм. Балдарымдын келечеги эмне болот деп азыр ойлонгонум, санаа тартканым  эле ошол. Аялзаты болуп жаралып, бирок бир дагы жолу аялдык бакытты сезген күнүм болгон жок. Эми үмүт эткеним эле ушул балдарым. Ушундай катаал тагдырыма байланыштуу элге кайрылып жардам суроого мажбур болуп отурам. Менин, балдарымдын жашоосуна кайдыгер карабаган кайрымдуу адамдардан жардам сурайм! Колуңуздардан келген жардамыңыздарды бересиздер деген үмүтүм бар. Кандай гана жардам болбосун азыр мен үчүн абдан маанилүү…

Сабира

Элсом: 0500 83 70 70

Асел Эсенбек кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here