Негизгиге Адамга адам тирек Зумрият Резаханова: Гитаны ракка ыраа көрбөй турам

Зумрият Резаханова: Гитаны ракка ыраа көрбөй турам

393

Зумрият Резаханова: «Гитаны ракка ыраа көрбөй турам»

Сиам эгиздери Зита менен Гита 1991-жылы туулган. 2003-жылы Москвадагы
белгилүү клиникалардын биринде эгиздерди бири-биринен ажырата турган
операция жасалган. Ошондон бери эгиздер бир бутуна протез кийип күн кечирип
келишкен. 2013-жылга чейин жакшы жүргөн Зитанын ден соолугу кескин начарлай
баштаган. Ичеги органдары өз милдетин жакшы аткара албагандыктан, кыз түркүн
дартка чалдыккан. Акыры 2015-жылы 29-октябрда Зита энесинин колунан үзүлгөн.
Бүгүнкү биздин каарманыбызга чыдамкайлык менен көтөрүмдүүлүк ашыгы менен
берилгенине ынандык. 27 жылдан бери кыздары үчүн канатын каккылаган эне
тыным албай келет. Азыркы тапта ал Гитанын өмүрү үчүн күрөшүүдө. Тагдырдын
мерчемсиз сыноолоруна сынбаган эне жашоосун айтып берди.

“Апа, мени коё берчи…» деген үнү азыр да угулат”

— Баланын өлүмү эненин жүрөгүн тилип, куйкалап кетет экен. Зитадан
айрылганыма төрт жылдан ашса да, колумда сөөгү муздап баратканы көз
алдымда. Акыркы үч жарым жылдан бери кызымдын ден соолугуна байланыштуу
ооруканада жашап калган элек. Москвадан күчтүү деген ооруканада,
дарыгерлердин көзөмөлүндө болдук. Ага карабай алар ажалга арачы боло
алышкан жок. Ичеги оорусу, боору, бөйрөгү… Акыркы айларда Зитанын организми
чарчап калды. Каза болоруна бир ай калганда көзү көрбөй калган болчу.
Жандандыруу бөлүмүндө ичпей-жебей соолуп жатып 27 килограмм болуп калды.
Доктурлар кийинки операцияны көтөрө албайт дешкенде метродо келатып
кыйкырып ыйлагым келди. Мейманканага жетип, таң аткыча бир орунда селейип
отура бериптирмин. Эптеп үйгө жетсек экен деп тилеп жаттым. Зита да үйгө барам
деп туруп алды. Москвадан жолго чыгып жатып кызымды мындан ары калп жубата
албасымды билдим. Эне үчүн балага бул сөздөрдү айтуу өтө оор. Ошентсе да
болгон күчүмдү топтоп туруп “Кызым, Кудайдан жеңилин сура” дедим. Зита жолду
катар ыйлап келе жатты. Үйгө келгенде чындап сүйүндү. Атасы, бир туугандары
күтүп турушуптур. Келгенден кийин бир жуманын ичинде абалы оорлошуп кетти.
Оорусун сездирбей турган дары менен жашап калган эле, ал да жардам бербей
жатканда шаарга барып күчтүүсүн алып келип жаттым. Аягында Зита моюнумдан
кучактап: “Апа, кыйналып кеттим, мени коё берчи”,- деди. Ошондо мындан ары эч
нерсе кыла албасымды моюнума алып, аргасыздан муңканып ыйлап жаттым.
Кызымдын бейити жолдун боюнда. Жумушка баратканда күндө көрөм, көзүм
жашылданып ыйлайм. Куран окуйм. Балким, азыр бизди көрүп жаткандыр, менин
ыйлаганымды көрсө капа болобу деп өзүмдү сооротом. Кызым каза болгондон
кийин жүрөгүм ооруп жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдым. Эгизин жоготкондон
кийин Гитаны үйдө кармоого болбойт эле. Ыйлай берип өзүн таштап салбасын деп
корктум. Ош шаарында кыздарга билим берген медресеге жөнөткөнүм да
ошондон.

“Жашоого баарынын укугу бар”

— 2016-жылы өзүбүздүн Жаңы-Жер айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн
борбор ачтык. Бул долбоорду ошол кездеги Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү
министри Кудайберген Базарбаев колдогон. Ошентип, айылдагы эски маданият
үйүндө ачылган борборго аутизмден жабыркаган, тубаса майып балдарды кабыл
ала баштадык. Мындан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан, биринин
атасы же энеси жок тестиерлер тарбияланат. Борборго жалпысынан элүүгө жакын
балдар келет. Окушат, компьютерди үйрөнүшөт, сүрөт тартышат, шахмат
ойношот. Мындан сырткары алар менен дайыма шаардан психолог келип иштейт.
Анын айлыгы 2000 сом, бирок ошого карабай балдарга жардам берип жатат. Ары- бери урунуп, ар кимден жардам сурап жатып ичин оңдоп, керектүү эмеректер
менен жабдууладык. Кээ бир балдардын майыптарга арналган арабасы да жок,
апалары дайыма колуна көтөрүп жүрөт. Аларга демөөрчү издеп улам четинен
араба сатып берип жатабыз. Ал жакта билим алган балдарга дайыма дем
бергенге аракет кылам. Майыптык адамдын денесинде эмес, мээсинде болот
дейм. Эгер акыл-эсиң тунук болсо, колу-бутуң жок экенине карабай татыктуу
жашай аласың. Кыздарым да кээде ыйлап калышчу. “Эмне болду?” десем,
“бутубуз жок, майыппыз” деп арман кылышат. “Барып күзгүгө көрүн, ыйлаганыңдан
бутуң өсүп кеттиби?” дечүмүн. Негизи эле башыма түшкөн тагдырдан улам майып
адамды эч нерседен чектебеш керек экенин билдим. Зита менен Гитаны бала
кезинен аячу эмесмин. Кадимкидей үйдүн ичиндеги оокатты кылып чоңоюшту.
Азыр Гита “бизди апам күчтүү кылган” деп көп айтат.

“Гитанын диагнозун укканда айлам кетти”

— Май айында биздин башыбызга дагы бир жагымсыз окуя келди. Гитанын экинчи
бөйрөгүндө шишик пайда боло баштаптыр. Жүрөгүм ушунчалык өлүп калыптыр,
бул жактагы дарыгерлерден, Москвада Зитаны көргөн доктурга алып барып
текшерттим. Башында эле ал шишик залалдуу болбосо экен деп жаткам. Эмнеден
корксоң ошол башыңа келет экен. Доктурлар Гитанын бөйрөгүндөгү шишикти
алыш керек экенин айтканда уккан кулагыма ишенген жокмун. Зита менен үч
жарым жыл ооруканада жаткан күндөрүм көз алдыма тартылды. Жашоомдо болуп
өткөн азап кайра дагы кайталанчудай корктум. Кызымды жан чыдаткыс азаптарга
ыраа көргөн жокмун. Шишикти операция жолу менен алышты. Бөйрөгүнө,
табарсыгына стенд коюшту. Ошонун жардамы менен заара чыгып жатат. Бул да
оор процесс экен. Стендди организм кабыл алгыча дене табы көтөрүлүп, толтура
дары ичиш керек экен. Анан да стендди 3 ай сайын Москвага барып алмаштырып
турабыз. Эми 2-февралда шишикти алган жерде зыяндуу клетка калдыбы же
жокпу деп текшеришет. Эгер калса, калган клетканы химиотерапия менен
өлтүрүшөт экен. Гитаны аяп ага диагнозу тууралуу айткым келген эмес. Менин
кечке ыйлап жатканымды көрүп, эжесинен эмне болгонун сураптыр. Доктурлар да
“27 жаштагы бейтаптан анын оорусун жашырганга акыбыз жок” дегендиктен,
айтууга аргасыз болдум. Гита оорусун укканда ыйлап, өзүн таштап салат го деп
коркком. “Менин оорум Зитаныкына салыштырмалуу оору эмес. Ал тарткан
азаптын жүздөн бир бөлүгүн да тарткан жокмун. Баары жакшы болот, апа”,- деди.
Бул сөздөрдү укканда эрки бекем кыздарды тарбиялаптырмын деп калдым. Ушул
барганыбызда Елена Малышева жардам берди. Шишикти алууга 210 миң рубль
берген. Биздин келгенибизди Андрей Малахов да угуптур. “Эмнеге мага
келгениңерди айткан жоксуңар? Кандай жардам керек?” дегенинен “билетибиз
жок” дедим. Ошол замат Гита экөөбүзгө билет алып берди. Учурда Гитанын ден
соолугун жакшыртам деп болгон күчүмдү жумшап жатам. Ошол эле учурда
борбордо тарбияланып жаткан балдарга да жардам беришим керек. Алардын
дары-дармеги, такма жалаягы жана башка муктаждыктарга каражат керектелүүдө.
Жардам бергиси келген кайрымдуу адамдар кол сунат деп ишенем.

Учурда Зумрият Резаханова жетектеген фондго жардам берүүнү каалагандар
үчүн Элсом номери: 0555 01 21 05

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here