Негизгиге Ааламда 50 чыгып 20 жаштагыдай көрүнгөн Дженнифер Лопестин сулуулук сыры эмнеде?

50 чыгып 20 жаштагыдай көрүнгөн Дженнифер Лопестин сулуулук сыры эмнеде?

249

50 чыгып 20 жаштагыдай көрүнгөн Дженнифер Лопестин сулуулук сыры эмнеде?

АКШнын Флорида штатынын Майами шаарында 2-февраль күнү америкалык футбол оюнунун финалдык таймашы болуп өттү. Тыныгуу учурунда көрөрмандарды эриктирбей шоу көрсөтүп берүү үчүн уюштуруучулар тарабынан атактуу ырчылар Дженнифер Лопес менен Шакира чакырылган. Бири 50, бири 43 жаштын суусун ичип жатышса да, 18 жаштагы чунак кыздардай секире бийлеп, аты аталган ырчылар элдин оозун бир ачырышты. Күйөрман кыздардын кээ бири аларга суктана карашса, кээ бири ошол шоудон соң Дженнифердикиндей мүчө-келбетке ээ болом деп спорт менен машыга баштаганын жар салып, социалдык тармактарга чейин жазып чыгышкан. Алар эле эмес, «жарым кылым жашап койгон ырчынын сулуулук сыры эмнеде болду экен?» деп биз – кыргыз айымдары дагы ары кызыгып, ары суктанып бүтпөй жаткан чагыбыз. Каармандын таң каларлык кандай сулуулук сырлары бар болду экен, ырчынын кеңештерине саресеп салып көрсөк…

«Спорт менен машыгууну өмүр бою токтотпоо керек»

— Мен 6 жаштан тартып гимнастикага барып, 12 жаштан тартып бий менен алектене баштагам. Ошондон тартып активдүү жашоо образын сүрүп келе жатам. Бий дагы спорттун бир түрү. Дал ушул тармак менин спортко болгон сүйүүмдү арттырды. Бир жылдары спортту таштап койгон дагы учурум болгон. Мындан мен бетимди майда бырыш басып, терим бошой түшкөнүн байкап калдым. Ошол күндөн тартып денени тынымсыз тарбиялап туруу керектигин баамдап, спорт менен дос болуп эриш-аркак жүрүүнү адат кылгам. Азыр үйдө болсом үйдөн машыгам. Андан сырткары жеке машыктыруучумдун жетекчилиги астында келбетти бир калыпта сактоочу көнүгүүлөрдү жасап турам.

«Таттууну бир жылда бир – туулган күнүмдө гана өзүмө ыраа көрөм»

— Тамак жээрден мурун анын ченин билүү керек. Өтө тоюп алуудан ашказан чоюлуп, тамакка болгон табиттин жогорулашына алып келет. Бардык тамакты жегенге болот, бирок аз өлчөмдө. Мен эч качан диета кармап көргөн эмесмин. Анткени абдан тамаксоомун. А эгерде толуп баратканымды сезсем, рационумдагы курамында углеводу бар азыктардан убактылуу баш тартып турам. Негизинен, жашылча, жемиш, көк чөптөр, жаңгактар, тоок, балык эттери жана суу менен азыктанам. Ошондой эле дайыма грейпфрут майын жаныма алып жүрөм. Азыктанар алдында майды бир жыттап койсо, тамакка болгон табит төмөндөй түшөт да, аз жегенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми тамеки, спирт ичимдиктери жана терибиздин эң биринчи душманы болгон кофеинден таптакыр баш тарткам. Ал эми таттуу менен шампанды бир жылда бир – туулган күнүмдө гана өзүмө ыраа көрө алам.

«Териңерге кам көрүп, күндөн сактай билгиле»

— Күндөн коргоочу кремдерди сүйкөнмөйүнчө такыр эшикке чыкпайм. Анан дайыма SPF-50 көрсөткүчү бар кремдерди колдоном. Денем жылмакай, кооз көрүнүш үчүн эч качан күнгө күйүп көргөн эмесмин. Анткени бул процесс адамдын терисин картайтуучу эң башкы фактор болуп эсептелинет. Андыктан солярийдин кызматынан пайдаланууга дагы караманча каршымын.

«Толук кандуу уйку жана медитация – дененин чың болушуна шарт түзөт»

— Келбет нурданып жакшынакай болуш үчүн адамга энергия керек. Адам энергия алчу жаратылыштан берилген булак бул – уйку. Суткасына 9-10 саат уктайм. Уктаар алдында ромашка чайын ичип анан жатам. Бул тез уктап кетүүгө жардам берет. Эгерде уйкуң жакшы канса, демек, эмоционалдык абалың дагы бир калыпта болот. Анан эртең менен турганда сөзсүз 20 мүнөт медитация кылам. Медитация кылууда адам аң сезиминдеги негативдүү ойлордон арылып, жашоодо жаңы жеңиштерди жасоого белсенип калат.

«Күнүмдүк жашоодо боёнуп жүрүүнү жактырбайм»

— Менин косметика салчу баштыгымдан бардык эле айымдардын колу жетчү эң арзан жана баасы асмандын башын чапчыган эң кымбат косметикалык каражаттарды табууга болот. Алардын ичинен көбү териге кам көрүүчү кремдер. Негизи эле декоративдик косметиканы колдонбоого аракет кылам. Эл астына чыгууда гана визажисттердин кызматынан пайдаланып косметикалык каражаттардын жардамы менен келбетиме көрк бербесем, күнүмдүк жашоодо Кудай берген жүзүм менен гана жүрүүнү карманып келем.

📌Лопес тууралуу кызыктуу 10 факт

— Толук аты-жөнү – Дженнифер Линн Лопес.

— Үч жолу турмушу бузулуп ажырашып, учурда төртүнчү никеси болгон америкалык бейсболчу Александр Эммануэль Родригес менен жашайт.
Үчүнчү жолдошу – актёр Бенн Аффлек менен эки жыл жарандык никеде жашаган. Кызыгы, үлпөт тоюна бир күн калганда Бенн күтүүсүздөн «мен сага үйлөнө албайм» деп басып кеткен.

— Бою 1.64 см, салмагы 56 кг. Мындай көрсөткүчтөргө карабай идеалдуу фигурага ээ болгону үчүн Дженнифер «гитара» ал эми, мүнөзү оор болгону үчүн «өрт» деген каймана аттарга ээ болгон.

— Юридикалык билими бар болгондуктан, шоу-бизнес менен катар укук коргоочу кызматын дагы аркалап келет.

— Лопестин «Madre» деп аталган рестораны бар. Анда жалаң Куба ашканасынын тамактары жасалат жана бул ресторанды Дженнифердин биринчи күйөөсү Оджани Ноа көзөмөлдөп, башчылык кылып келет.

— Учурда ырчынын байлыгы 20 миллион долларга бааланып, Америкадагы эң бай адамдардын катарына кирет.

— Дженнифердин атактуу делген жамбашы 300 миллион долларга камсыздандырылган.

— 10 жылдан бери «Sweetface» жана «JLo by Jennifer Lopez» деген эки брэнддин астында кийимдер коллекциясын чыгарып келет.

— 2013-жылы Түркмөнстанда өлкөнүн президентинин туулган күнүндө «Туулган күнүңүз менен, мистер президент!» ырын аткарып, дүйнөлүк укук коргоочулар тарабынан сынга алынган. Алар «мындай диктаторлук режим өкүм сүргөн өлкөдө ырдабашы керек болчу» деп айтып чыгышканда ырчы «эгерде бул маалыматты алдын ала билсем, ал жакка бутум басып барбайт эле» деп айткан кеби бар.

Асел Эсенбек кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here