Сүйүнчү, ааламга адам келди
4 айлык наристеге кам кѳрүү
Наристе – үй-бүлѳнүн жаңы мүчѳсү. Аны менен жакшылап таанышып, ага жагымдуу жана ыңгайлуу атмосфера түзүү ата-эненин башкы милдети. Бул шартта сизге жардамчы жана жакшы кеңешчи болууга аракет кылабыз.
4 айлык наристе 5-6 мүнѳткѳ чейин кандайдыр бир нерсеге байкоо салып карап жатат. Чалкасынан жаткан абалдан кырына оодарыла алат же оодарылуу үчүн аябай аракет кылат. Моюну токтоп, башын буга чейинкиден да жакшы кармап калат. Бѳтѳлкѳ менен тамактанса бѳтѳлкѳнү, эмчек эмсе аны кѳргѳндѳ таанып, ага карай умтулуп, кубануусун билдирет. 4 айынан баштап бала айлана-чѳйрѳсүн кѳрүү угуу менен гана эмес денесине тийген нерселер аркылуу да таанууга ѳтѳт. Бир аз убакыттан кийин бала колуна тийген нерсенин баарын оозуна салып, даамын билүүгѳ кызыгып баштайт. Бала мунун баары табигый инстинктин алдында аткаргандыктан бул адатты койдурам деп аракет кылганыңыздан майнап чыкпайт. Андан кѳрѳ баланын колуна микробдорду кѳп чогултпаган сапаттуу оюнчук карматууга аракет кылыңыз. Оюнчукту маал-маалы менен ысык сууга жууп, тазалап берип туруңуз. Бул айдан баштап ымыркайыңыз сезимдерин ажырата билип, ошого жарача чакырык таштоого жарайт. Ага жагымдуу, кубанычтуу болсо «агу-улап» үн салып апасын чакырат. Эгер ыйласа ал үчүн бир нерсе жагымсыз болуп, кыжаалат кылып жатат. Ѳткѳн айында эскертилгендей аны менен сүйлѳшүүнү улантыңыз. Тааныш, жагымдуу үнгѳ тынчтанып, ага кулак салууну да наристеңиз жакшы билет. аны менен сүйлѳшүүңүз текке кетпейт – себеби мунун баары секунд сайын акыл жана физиологиялык жактан тынымсыз ѳсүп жаткан балаңызга оң таасирин тийгизет. Наристеңизди колго алып эркелетүүдѳн убакыт аябаңыз. «Колго кѳнүп алат» деген тыюуларга да карабай маал-маалы менен колго алып эркелетип туруңуз. Балаңыз колго алганда колу-бутун тыбырчылатып, башын бек кармап, эки жакты карайт. Мунун баары балаңыздын чың ден соолугунан кабар берет.
Ата-эненин милдети
4 айлык баланын ата-энеси баштагыга караганда бир топ тажрыйбалуу болуп калды. Аны колго алууда, жуунтуу жана кийинтүүдѳ мурдагыдай коркпойсуз. Эми кийинки негизги милдет — баланын эркиндиги үчүн кам кѳрүүгѳ ѳтүңүз. Жогоруда айткандай балаңыз тоголонууга алгачкы аракеттерин кѳрѳ баштады. Наристелер кыймыл менен чоңоюшат. Андыктан аны бешикке, манежге, каляскага жаткыра бербей эркин болуусуна мүмкүнчүлүк берип, кенен жерге жаткырыңыз. Үйүңүздѳгү ар бир оокат сиздердин эмес, балаңыздардын жашоосу үчүн ыңгайлуу болгудай болсун. Чубарган узарткыч токторду жыйнап, ачык турган жерлерге килем тѳшѳңүз. Бирок мунун баары балаңыз чоңоюп кетти дегенди түшүндүрбѳйт. Анын денеси али назик, ѳтѳ үлбүрѳк. Укалоо, сейилдетүү менен анын булчуңдарынын чыңдалышына тынымсыз аракет кыла бериңиз.
Гүлайым Калыбекова