Негизгиге Бизнес Абдибаева Айсара Нышановна: Аял — тубаса дипломат

Абдибаева Айсара Нышановна: Аял — тубаса дипломат

39

Ар бир адамдын максаты, ал максаттардын аткарылуу баскычтары болот. Менин бала кездеги максатым апамды идеал тутуу аркылуу калыптанды, минткен себебим апам Жогорку Советтин эки жолку депутаты, эл кызматында өмүр кечирген журт адамы болчу. Ошол инсанды карап туруп, элге кызмат кылуу деген түшүнүк али акыл эске кире электе мен да апамдай болсом деген балалык тилек менен кыялдангам. Көрсө, апамдай болсом деген ошол балалык тилек — элге кызмат кылсам деген максаттын башаты болуптур.

Мен 1965-жылы 13-августта Аксы районундагы Кош-Төбө айылында төрөлгөм. Орто мектепти аяктагандан кийин И. Арабаев атындагы КМУнун экономика факультетин  аяктадым. Эмгек жолумду 1984-жылы комсомолдон баштап, бир нече кызматтык баскычтардан өтүп такшалдым. Банк системасынын жетекчилик кызматтарында иштедим. Азыр максаттардын дагы бир баскычынын аткарылуу учуру келди деп ойлойм. Буга чейин элге банктык системада кызмат кылсам, эми эл менен бийликтин ортосунда өкүл, көпүрө болуп, тагыраак айтканда эл үнүн жеткирип, эл көйгөйүн депутат катары чечүүнү максат кылып, «Ишеним» партиясынын Парламент депуттыгына талапкермин.

Ар бирибиз өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы. Мамлекетибиз туруктуу өнүгүүгө, элибиз татыктуу жашоого жетиши үчүн ар бирибиз өнүгүүнү өзүбүздөн баштап, кайдыгерликтен жана трайбализмден арылып, бекем ынтымакта ишенимдүү аракет менен максатка карай умтулалы. Үй-бүлө — өзүнчө бир мамлекет. Албетте, эркектердин орду өтө зор, бирок, кыргыз акылман бабам эркек — сырткы тон деп бекеринен айткан эмес. Эркектер бардык жагдайды сырттан, жогорку катмардан карашат. А аялдар үй жумуштарында чарбачыл финансист, балдардын тарбиясында мугалим, туугандар, достор арасындагы, ата-баланын ортосундагы мамиледе дипломат. Кыскасы, өзгөчө жоопкерчиликти моюндаган ар тараптуу адис. Ошондуктан аялсыз коом өнүкпөйт, алардын салымы бардык жерде бар.

Мен аял, эне, атуул катары эле эмес, мага жакын болгон банк системасын түп-тамырынан билген адис катары да ушул багытта өзгөрүүлөр болуусун, элибиздин жашоосу жакшырышын, ошонун негизинде мамлекетте экономикалык өсүү болушун жүрөк тереңинен каалайм. Каалоо аздык кылат, тагыраак айтканда ошол өзгөрүү, өсүүлөргө салымымды кошом. Эгемендүүлүк алгандан бери, же Акаевдин мезгилинен бери экономикалык өсүү жокко эсе. 80%  эл жарды жашайт, мамлекеттен жардам дээрлик жок. Учурда эл үмүт арткан бир гана колдоо ал ипотекалык жана чарбага алынчу кредиттер. Бирок алардын да, айрыкча коммерциялык банктардын пайыздары өтө жогору, мөөнөттөрү кыска. Бизге караганда Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринде пайыздары төмөн жана бир топ жеңилдетилген шарттар каралган. Ошол себептүү экономикалык өсүү токтобойт, бизден бир топ алдыда. Банк менен кардардын ортосундагы келишимде банктын кызыкчылыгы кардардыкынан бир топ жогору каралат жана кардардын укугу жетиштүү деңгээлде эске алынбайт. Буга 1 эле мисал: 3 айлык пандемияда келишимде көрсөтүлгөн форсмажордук жаратылыш кырсыктары, сел, жер титирөө, дүйнөлүк пандемия ж.б себептер болсо төлөмдөр токтотулат деген кардарлардын жалгыз укугу корголбоду. Биздеги банктарды  көзөмөлдөгөн  жалгыз орган Улуттук банк эле эмес, өкмөт да карапайым элдин, айрыкча салык төлөө менен мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошчу ишкерлердин тагдырына көз жумганы эч кимге жашыруун эмес. Бизге салыштырмалуу башка өлкөлөрдүн өкмөтү бир токтом менен эле жарандарды жеңилдетилген шарттарга өткөрүп, укугун коргогону маалым. А бизде болсо иши токтогон, үйүндө тыйыны жок ишкерлер жеңилдетилбеген пайыздарды айласыз төлөштү, банкротко учурашты. Улуттук банктын жанында ачка түнөштү, бирок аларды эч ким укпады.

Учурда Президентибиз өзү демилгелеп, ипотекалардын пайыздары төмөндөп, мөөнөрү узартылып, элибиздин өзөгүн түзгөн мугалим, дарыгерлерибизди кубантууда. Акырындык менен башка багыттарда да банктардын ишмердүүлүгүн элибиздин талабына жооп бергидей жолго коюуга болот. Ошондуктан бардык банктардын ишмердүүлүгүн пайыздык чендер боюнча мөөнөттөрүн эл аралык стандартка жооп берүүчү нормага келтирип, мыйзамдын, Жогорку Кеңештин деңгээлинде карап, талкуулап элдин жашоо-шартына, талабына ылайыкташтырып, нормативик документтер менен бекитип, Улуттук банктын көзөмөлүн күчөтүп, милдеттерин тактап койсо болот. Буюрса, менин азыркы парламентке баруудагы максатым — ушул багытта элибиздин ишеничин актоого аракеттенемин.

Жолдошум экөөбүз эки уул, эки кызды татыктуу тарбиялап, алардын камкор ата-энеси, төрт неберенин мээримдүү чоң ата, чоң энесибиз.

Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

СоӊкуРысбай Аматов: Шайлоочуларымды эч качан куру убада менен алдаган эмесмин
Кийинки«Ишеним» партиясынын лидери Азамат Дороевдин элге кайрылуусу

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here