15 эле жыл мурда бир үйдѳ бир телевизор турганына ыраазы болгон жашоодо жашачубуз. Акырындык менен жашообузга телефон кирип, ал акыркы беш жылда адамдын аң-сезимин толук ээлеп алган чекке жетти. Басса, турса, жатса телефон колунан түшпѳгѳн адамды элестетүү бизге опоңой. Бирок анын артынан кандай оор жагдайлар жаралып, айрымдардын жашоосу трагедиялык чекке чейин жетип жатканын байкабайбыз. Мындай абалдардын ачыкка чыгуусу – ар бирибиз үчүн «телефон тиктѳѳнү азайтып, чыныгы жашоого кайт. Телефонго берилген убактың үчүн жазага кабылып калба» деген коңгуроо эмеспи?
«Интернетте отуруу кадимки ишим эле»
— Кепти кандай баштоону билбейм турам. Жашоомдо курч бурулуштар болот деп такыр ойлогон эмесмин. Бирок Кудай жалгап жашоом кыйрабай жакшы жакка бурулуп, оңолуп кеткенимди эл менен бѳлүшкүм келди. Мендей болуп телефондун тузагында калгандар толтура эмеспи. Менин баяным аларга сабак болсун.
5, 3 жаштардагы балдарым, ымыркай кызым менен үйдѳ отурган кезим эле. Жолдошум таңдан кечке жумушта. Кызым жарыкка келгенде убада кылганындай жапжаңы телефон сатып берди. Жаңы телефонду жакшы колдонууга интернетти күчтүү тарифке алмаштырдым. Ошол маалда эл «Инстаграмга» катуу ѳтүп жаткан. Мен да катталып, ар түрдүү баракчаларга жазылдым. Мага айрыкча аялдар түрдүү каттарды жазып, колдонуучулар пикир калтырган баракчалар жакчу. Ал жактагы комментарийлерди окуп, айрымдарына пикир жазуу кадимки ишим эле. Кээ бир учурларда аялдар менен жаман-жакшы айтышып урушуп да кетчүмүн. Ушундай абалдардан улам бир эмес, эки-үч аккаунт ачып алгам. Ар биринен ар кандай пикир калтыруу мага кызык эле. Талаша кеткен адамымды улам бир аккаунтум менен жемелеп, жеңип алчумун. Азыр бул кылыгым үчүн уялам, ал кезде эмне үчүн мынчалыкка барганымды түшүнѳ албайм. Буга катар илгертен колдонгон «Классташтар» сайтында да активдүүмүн. Кийин «Фейсбук» тууралуу угуп ал жакка да катталдым. Бирок ал мага «Инстаграмчалык» кызыктуу болгон жок. Антсе да күн сайын ар бир тармакка сѳзсүз баш багып, лентаны түрдүрүп карап чыгуу мага адат эле. Буга катар «Вотсаптан» тайпаларды түзүү менин милдетимден бетер биринин артынан бирин ачкам. Тѳркүнүм, кайын журтум, абысындар, таежелер, бѳлѳлѳр, эже-сиңдилер, классташтар, группалаштар, кошуналар, жадагалса тѳрѳт үйүндѳ бир палатада жаткан келиндердин да башын бириктирип койгом. Аларда сѳзсүз кызуу талкуу жүрүп турат. Андагы талкууларда да активдүү болуп, ар бир катты калтырбай окуйм. Группада жазбагандар менен жеке кат алышып, абалын сурап турууну да унутпайм.
«Телефонго кадалып отуруп кызымды күйгүзүп алдым»
— Жолдошум иштен келерде «Ютубдан» бир видеону коюп алып тамак жасап, үй иреттѳѳгѳ киришем. Аны ар дайым ысык тамак менен тосуп алганыма карабай күн сайын ачуулуу келчү болду. Келип эле ѳзү бар группаларга менин жазганымды жактырбай «эмне антип жазасың? Аны менен эмне ишиң бар? Баланчага туура эмес кайрылдың?» деген сыяктуу нерселерди айтып башты оорутат. Аны менен талашып, урушуп да кетчү болдук. Түндѳ уктабай сериал кѳрмѳй. Эртең менен эптеп эле жолдошумду узатып койгончо шашам. Ким бирѳѳгѳ телефон чалып аны-муну сураганча балдарымдын күн бою ичип-жечүлѳрүн дасторконго камдап коём да, калган убактымды интернетте ѳткѳрѳм. Эх, ушинтип отуруп кызымдын кантип бирге чыкканын да байкабай калыпмын. Ишенесизби, жадагалса башка энелерге окшоп балдарымды сүрѳткѳ , видеого оңдуу тартпаптырмын. Себеби жолдошум аларды баракчаларга, жадагалса «Вотсаптын» статусуна да койдурчу эмес. Эч ким кѳрбѳгѳн соң тартып эмне деп ойлочумун. Кээде балдарым телефон талашып же конструктордон жасаган оюнчугун, кагазга тарткан сүрѳтүн телефонго тартып коюусун суранса ошону да бирде тартсам, бирде урушуп койчумун. Бир тартсам кечке тартышымды сурана берет деп атайын кагып салчумун. Балдарымдын кашында туруп алардын эң кызыктуу, сонун кездерине күбѳ болбой калыптырмын. Ал күнү да балдарымды бир нерсеге алаксытып коюп бир канча жерге коммент жазып, кызуу талкууда отургам. Бир маалда кызымдын чыңырган үнү, ызы-чуу эле чыгып калды. Жетип барсам ысык чайнек кулап кызымдын колун ысык суу каптап кетиптир. Адатта ашканадагы жапыз столдун үстү күн бою жыйналчу эмес. Күйѳѳм келерде гана ары-бери жыйнай салчумун. Ага чейин балдарым кирип-чыгып тамак ичип жүрѳ беришчү. Ошол маалда кызым ашканага качан чыгып кеткенин байкабай калыптырмын. Айып менде экенин билип турсам да, ачуум менен балдарымды муштап-муштап алып кызымды ооруканага алып жѳнѳдүм. Бактыга жараша суу күйүк жеңил болуп, ооруканадан тез эле чыктык.
«Жолдошум үй-бүлѳмдү же телефонумду тандоо шартын койду»
Жолдошум бизди ооруканадан алып келип эле, баштыктарды жайгаштыра баштаган мени жанына чакырды:
— Айнура, кызым сенин телефонуңдун айынан күйдү, э?
— Эмне? Мен сага айтпадымбы, идиш жууп атсам келе калып күйдү деп.
— Токтот калпыңды, — ызырынып муштум кезеди: — Эй, эмне жаныңды жейсиң? Эмне калпычы болуп атасың? Балдар мага ошол күнү эле кантип күйгѳнүн айтышкан. А сен ошондон бери оозу-мурдуң кыйшайбай мага эле эмес, элдин баарына «идиш жууп атсам кызым келе калып күйдү» деп атасың. Ади, бери келчи.
Улуу балам ал күндѳгү окуяны саймедиреп айтып берди. Ооба, мен чын эле телефон чукуп отургам. Башым шылкыйып, үнсүз каттым.
— Азыр ары же бери болобуз. Кызым жакшы болсун деп күтүп аткам. Азыр же телефонуңду танда, же балдарды, үй-бүлѳнү танда.
— Эмне эле болуп атасың?! Кудайга шүгүр, кызыбыз аман-эсен турат го.
— Танда деп атам. Азыр балдар менен каласың же балдарды таштап, телефонуңду алып чыгып кетесиң?
Бул жѳн эле эскертүү эмес экенин түшүндүм. Кызым менен ооруканага жатып калгандан бери түнѳрүп, ачуусун бүркүп жүргѳнүнүн себебин түшүндүм. Чын эле жолдошум мага бир канча жолу телефонго берилип атканымды айтып, түнү туруп телефонумду колумдан жулуп алып «укта!» деп урушкан да учур болчу.
— Макул, мындан ары телефонду аз колдоном.
— Аз эмес, таптакыр колдонбойсуң!
Күйѳѳм телефонумду алып чыгып кетти.
«Жашоонун жаркын жактарын байкадым»
— Ал күнү кечке баалуу оокатымды жоготкондой алактап, алаканым бош болгонуна кѳнѳ албай кызыктай болуп жүрдүм. Бирде кѳрүп жаткан сериалымды ойлоп, бирде «Инстаграмдагы» талкуулардан куру калганыма туталанам, ар кимден сурай турчу нерселерим улам эске келип, «Вотсап» жок чолок болдум, статус кѳрүү да жетишпей жатты. Күн ѳтпѳй, же оокатка кѳңүл чаппай кайсалап, эптеп кызымды карап алаксып кеч киргиздим. Мындай абал мага аябай оор болду. Телефонго ушунча кѳз каранды болуп калганымды билбептирмин. Тим эле буулугуп, эмне кыларымды билбей жаман болом. Антсе да бир жума бою жолдошума батынып телефонумду сурай албай койдум. Ал дагы деле ачуусу тарабагандай капалуу жүрдү. Бир күнү ѳзү берип калар деп жагалданып тамактын түрүн жасап тосуп алып жаттым. Тилекке каршы, ал он күн дегенде жаңы симка менен жѳпжѳнѳкѳй телефон берип койду. Анын да бекер сүйлѳшүү мүмкүнчүлүгүн чектеп коюптур.
— Сен телефон колдонбой калгандан бери сонун болуп атат э?- деди бир күнү.
— Эмне сонун болуп атат? — дедим таңдана.
— Куурумач же сууга асып койгон эле тамактарды жеп калдык эле го. Тамактарың сонун болуп атат.
Аны ѳзүм деле байкап жаткам. Балдарыма баштагыдай таттууларды түрлѳп жасап берип, алардын тамактануусуна такыр кѳңүл бурбай калганымды мойнума алгам. Ашканада күйпүлала болуп жүрүп убакыт кызыктуу ѳтѳ баштады. Ашканам канчадан бери үстүртѳн жыйналып, ары жагы элден уялгыдай абалга жетиптир. Кырып-жышып жыйнап чыкканча шаштым. Анан кийим-кечебизди түп кѳтѳрѳ чачып алып ырахаттана жыйнап чыктым. Эки жылдан ашык убакыттан бери толук жыйноону кышта жайга, жайда жазга жылдыра берип жакшынакай эле кийимдер түпкүрдѳ калыптыр кийилбей. Колго тийип кийиле бергендер болсо абдан эскирип бүтүптүр. Баарын сорттоп жыйнап, иретке келтирип алып жыргаганымды айтпа. Үйүмдүн чукулбаган кычыгы калган жок. Кѳр оокатым бир сыйра жыйналган соң балдарым менен кызыктуу күндѳрдү ѳткѳрѳ баштадым. Алар менен чогуу ойноп, тамакты балдарым менен чогуу ичүү ырахатын билдим. Сүйлѳшсѳк кебибиз бүтпѳйт. Аларды кароосуз калтырган учурумду эстегенде байкуштарымды аяп да кеттим. Улуу балам мектепке барчу кез да жакындап келатыптыр, аны сабакка даярдап окута баштадым. Акыры жолдошумдун шарт коюп, талап кылганы туура болгонун билип, ага тымызын ыраазы да болдум. Баягымдай телефондон кѳз албай жашай берсем балам мектепке даярдыксыз калары бышык болчу.
«Телефонду пайдалуу колдонууга ѳттүм»
— Телефон үй-бүлѳбүздүн талылуу жерине айланып калгандыктан, жакшы телефон кѳтѳрүүгѳ каалоом болгону менен аны ачык айта албай жүрдүм. Тууган-урук, достор чогулган жерде баары менин группага кирбей калганымды кызыгуу менен сурап, тактап жандары калбайт. «Телефонумду ууртадып ийдим» деп кыска жооп берип коём. Ушинтип жѳпжѳнѳкѳй кара телефон менен жарым жылдай ѳттү. Мени издеп чалгандар апам, кайненем, бир туугандарым менен бир-эки курбум гана болду. Демек, мен ушуларга гана керек экенмин. Андай болсо отуз күндүн бир күнүн да куру койбой кимдерге чалып абалын сурап, кам кѳрүп жүргѳм? Алар мени эмнеге издешпейт? Ушул суроодон кийин телефонго байланыштуу эмнелер зарыл, эмне пайдалуу болгонун иргеп ойлоно баштадым. Толгонгон менен эсиме алгылыктуу эч нерсе келбеди. Ал учурдан эсте калгандар: түн уйкудан калып карайлаган абалым, чачылган үй, жүдѳгѳн келбетим. Ооба, абдан жүдѳгѳн элем. Ушуларды тизмектеп ойлоп келип телефонсуз жашай баштаган кезиме келгенде кабагым ачылып, абийирим күчтѳнгѳндѳй башым бийик кѳтѳрүлѳ түштү. Мындан ары интернет деген балакетти желкемдин чуңкуру кѳрсүн деп чечтим.
Бир күнү айылга бармак болдук. Жолдошум он ай телефонумду жоготпой катып жүрүптүр, кайтарып берди. «Инстаграм», «Фейсбук», «Одноклассники», «Вотсапты» ѳчүрүп салыптыр. Кенедей да кейиген жокмун. Элдей болуп жеке баракча түзүп, ѳзүм үчүн иштетсем ичим ачышмактыр. Кѳрсѳ, мен бирѳѳлѳрдүн эле жашоосун аңдып, шыкаалап отурчу экенмин да. Ал эми «Галерея» бѳлүмүн ачып, андагы баш аламандыктан башым айланды. Камерада эки жүздѳй сүрѳт болсо, «Востаптан» келген фото, видеолор миңден ашат. Аны папкасы менен ѳчүрүп, балдарымдын сүрѳттѳрүн иреттеп чыктым. Анан саналуу адамдардын номери сакталган жаңы симкамды салып алдым.
Айылда кичүү абысыным бар. Ал жакта интернет абдан алсыз. Үзгүлтүк кылбай пайдалануу үчүн бир орундан жылбай турууга туура келет. Келинимдин ушинтип телефон менен алышып калып атканын кѳрүп ичимден капа болуп, ѳз абалыма салыштырып аяп да жаткам. Бирок андан мен башка баалуу нерсени үйрѳнүп кайттым. Ал бир тренер айымдын сабагына, дагы бир сонун марафонго катышып, алардын талаптарын аткарып, отчёт жиберип турат экен. Анан сѳзсүз түрдѳ эртең менен эрте туруп интернет күчтүү маалда бир саат аалымдардын сабактарын угат тура. «Андан калган интернет тапшырмаларды аткарып, отчёт бергенге жетет, ар бир гигабайтты бѳлүштүрүп койгом. Кечки 8ден кийин мен да чарчайм, интернет да түгѳнѳт» дегенин угуп таң калдым. Ал сабактардан алган пайдалуу нерселерин айтып отурса оозум ачылды. Айылдагы түйшүктүү шартка, интернет менен шалдыраган телефонуна карабай ѳз пайдасына колдонуп, үй-бүлѳсүн да карап жетишип атканына суктандым. Шаарда, таза үйдѳ жатып чачым таралбай калганча керексиз нерселерди тиктеген кезиме ачууланып, ардандым. Абысыныма канчалык ичим күйүп турса да, телефонду минтип пайдалуу жактарга колдонуунун сырларын сурап, үйрѳнүп алууга ашыктым. Шаарга келген соң келиним айткан пайдалуу аккаунттарга катталып, ал үйрѳткѳн боюнча күнүгѳ бир-эки саат дин боюнча сабак алып, ай сайын бир пайдалуу марафонго катышып баштадым. Кечки 8де телефонумду таптакыр эле ѳчүрүп салам. Ашып кетсе бир күндѳ тѳрт саатка чейин колдонгон учурларым болот. Болбосо бир-эки саатта керектүү маалыматтарды алып жетишем. Башкысы, азыр баягыдай туш келди чукулап отурбай, ар бир нерсенин мага пайдалуу жагын алууга үйрѳндүм.
Гүлайым Калыбекова