Негизгиге Менин баяным Айжан: Кайрылып кел, балдарымдын атасы

Айжан: Кайрылып кел, балдарымдын атасы

344

Кудай аялдарга сабыр жана чыдамкайлык деген эки сапатты бербегенде бул аалам алда качан астын-үстүн болмок беле деп дагы ойлондум. Баланын азабына, күйѳѳнүн кылыгына, кайын журттун каарына, турмуштун тири укмуштуу талаптарына чыдаган аялзатынын сабыры эмнеден бүткѳн? Жүзүн жүз бырыш баскан эне эми эч качан эсимден кетпесе керек.

«Мен махабат бүтпѳйт го деп ойлогом»

            – Жолдошум жанда жок сулуу жигит эле. Аты Нурболот. Каруусуна күчү, жүзүнѳ нуру толуп турган кезинде жолуккан мага. Ал кезде мен да суналган сулуу элем. Демейде жаныма бала жуутпаган жаным бул жолу анын узатуусуна каршылык кыла албадым. Фрунзенин салкын кечинде кѳп сейилдедик. Беттегенин бербеген жайы бар экен, бир-эки жолукканыбызда эле мага «башкалар сен үчүн убара болушпасын. Ѳзүң да башканы ойлочу болбо. Меники болосуң» дечү. Мага да ушул сѳздѳрү жаккан белем, дилимдин тереңинде ага баш ийип, макул болуп алгам. Бирок биздин учурдун талабы менен кыз кылыгын катуу кылдым. Ал айланчыктап ээрчиген сайын бийик учуп, бир топ кызык күндѳрдү ѳткѳрдүк. Акыры ал мени ала качып кетти. Никебиз да ысык болуп бактылуу жашоо баштадык. Оо, биз кандай гана бактылуу элек. Мен ал кезде бул сүйүүбүз эч качан бүтпѳйт деп ойлочумун. Биздеги ысык жана таза махабат ар дайым алоолоп турчудай сезчү элем.

«Кызганычтын кыйноосу»

            – Жаңы тирлик болуп борборго келдик. Ашып кеткен деле оокатыбыз жок. Кайненем энчилеп берген экиден жер тѳшѳк, жууркан, жаздык. Бир баштык толо бербеген идиш-аягыбыз бар. Анан менин китеп, дептерлерим. Ушул дүйнѳбүздү кѳтѳрүнүп орус кемпирлердин бир топ батирин кыдырдык. Чынында жолдошумдун обу жок талапчыл, анан чорт кыялы бар эле. Бир жерге ишке кирсе деле, жаңы батирге барсак деле бирѳѳ менен уруша кетип жѳнѳп калчу. Бирок бул кыялын жеке мага кѳрсѳтчү эмес. Ушундан уламбы мага анын мындай кыялы баатырдык сезилчү. Анын эркектик ажарын ушул ороң-бараң мүнѳзү ачып жаткандай туюлчу эле. Дайыма аны менен макул болуп, айткан жагына ээрчип кѳчүп жүрѳ берчүмүн. Ушундай кѳчүп конгон жашообузда да бактылуу элек. Таңда мен окуума, ал ишине кетет. Кечке чейин сагынышып түштѳнүүнү шылтоо кылып жолукчубуз. Ушундай камкордук менен бакыт мени баштагыдан да сулуу кылып баратканын ѳзүм да туйчумун. Бакыт адамдын ажарын ачат экен. Курбуларым мага суктанышчу. Ошол маалда жолдошум кызганчаак күйѳѳгѳ айланып баратты. Кээде ашыкча коруганы адамды кыйнап жиберчү. Ошентип жүрүп окуумду араң аяктап, медайымдык кесипке ээ болдум. Аңгыча улуу балабыз, ага удаа эле кызыбыз жарыкка келип, анын шылтоосу менен мени иштетпей койду.

«Күлкүгѳ толгон үй»

            – 2005-жылдары пайдубалынан баштап курган үйүбүзгѳ үч балабыз менен кирдик. Ѳлкѳдѳ болгон чоң бурулушта айрымдар сызга отуруп калса, айрымдар сооданын ыгын таап буттан туруп кетишпеди беле. Жолдошум соодадан жолу болуп, ал кездин азабын анча тартпай калдык. Тескерисинче кытайга каттап товар алып чыгуу менен тез ирдендик. Үйүбүз ак жолтой болду деп кубанчу элек. Тууган урук деле, дос-жоролор деле тапырап келе беришчү. Баары жатып, баары батып бапырап турчубуз. Ушундай жашоодо жылдар агып кенжебиз мектепке кирди. Ошол маалда жолдошум «кыздан дагы баланын жалгыз болгону жаман. Уулума шерик тѳрѳп бер» деп баштады. Мен да бала жытын сагынып жүргѳн элем. Мындан ары кеч гана болуп калчудай. Андыктан жаштыгым барында тѳрѳп алайын дедим. Тилегенибиздей уулдуу болдук.

«Балама шал оорусу жабышты»

– Балабыз торолуп тѳрт айга толгон кезде денесине сыздоок ѳңдүү бир нерсе чыкты. Айыктырып алууга жакшы эле аракет кылдык. Бирок үйдѳн жасаган аракетибизден майнап болбой ооруканага жатып калдык. Бала кичинекей болгондуктан баягы ириңдүү жараны наркоз менен алмак болушту. Ошол наркоз баламдын бүт жашоосун талкалап кеткендей сезем. Наркоздон ойгонгондон кийин эле балам баштагыдай болбой калды. Колу-буттарында каруу жок, кѳз карашы да ѳзгѳрдү. Дарыгерлерге кайрылсам бара-бара жакшы болот деп коюшту. Ѳзүмдѳ да ушул ишенич күч эле. Тилекке каршы балам жакшы болмок турсун күн сайын артка кете баштады. Эки-үч ай ар кайсы доктурга алып бардык. Анан балама биз ыраа кѳрбѳгѳн жаман аныктамаларды коё башташты. Бир жашка толгонунда доктурлардын ДЦП деген аныктамасына макул болбогонго аргабыз калбады. Баламдын баягы болтойгон жагымдуу келбети, тоголонгонго аракет кылган кыймылдары элесибизде гана калып, колубузда шалдырап сулап жатты. Күлкүбүз үшкүрүккѳ алмашып баратты.

«Жолдошум бизден алыстап баштады»

            – Бала үчүн ата-эне колунан келгенин аябайт экен. Уулубуздун жакшы болушунан үмүт кылып мыкты деген жеке менчик ооруканалардан баштап, жакшы кылат деген табыптарга чейин каттадык. Жолдун алыстыгына, аба ырайынын ысык-суугуна карабай унаага уулума зарыл болгон нерсенин баарын жүктѳп жолго чыгуу кадимки жашообузга айланып кетти. Баягыдай каткырып-күлгѳндү койдук. Эптеп эле уулубуздун ден соолугун кайтарып алсак калганы баары ѳзү оңолчудай сезилчү. Чын эле ушул үмүтүбүз күч эле. Балам бешке чыкты, бирок жакшы жылыш болгон жок. Жаркыраган үмүтүбүз улам ѳчүп баратты. Мен баламдын бул абалын кабыл алып, мындан ары канча убакыт буюрса ошончо аны кароого макул болуп калдым. Анын абалына кадыресе караганга ѳзүмдү ѳзүм үйрѳтүп башка балдарыма, келбетиме да кѳңүл бурууну ойлоно баштадым. Баягыдай үйдѳн жумалап алыс кетпей калдык. Үй-жайга, балдарга тегиз кароого ѳткѳнү бир аз жеңилдей түштүм. Жолдошум болсо тескери кетти. Орой кыялы ого бетер күчѳп, жѳнсүз уруш чыгарып, балдарды каарып жиберчү. Оорулуу баланы болсо эсепке да кошойт. Колуна алып карашмак турсун жүзүн буруп карагысы да келбейт. Бул нерсени жоюу үчүн кепке тартканым да майнапсыз болду. Үй ичинде биз менен эле жүрүп бизден бѳлѳк болуп баратты. Башта эч кимибиз менен сүйлѳшпѳй тамак ичсе, кийин чогуу тамактанбай калды. Анан үйгѳ түнѳбѳй калган адат тапты. Баламдын азабына күйѳѳмдүн бул кылыгы кошулуп заманам куурулчу болду.

«Балдарым атасын таппай калды»

            –  Жылдар ѳтүп уулубуз жетиге чыкты. Бул маалда жолдошумдун үйгѳ түнѳбѳй кетмейи кадимки кѳрүнүшкѳ айланып, мага да баары бир болуп калган. Бир күнү келип калар деп жүрдүм. Бирок жумалар айга айланып кетти. Ал келген жок. Ошондо коркунуч пайда болуп алгач карындаштарына байланыштым. Алар да чочулап жапырт издей баштадык. Жоро-жолдошторунан аста сураштырдык. Баары эле бир ай мурда бир жерден кѳргѳн, бир ай мурун телефондон сүйлѳшкѳн боюнча жок экенин айтып жатышты. Ансайын ар кандай жаман ойлор жаралып, издѳѳнү күчѳттүк. Бир күнү кайынсиңдилерим менен кеңешип телевидениеге издѳѳгѳ берсекпи деп калдык. Ошондо буга чейин унчукпай жүргѳн кайним кепке кошулуп «ал аман-эсен эле. Болгону чет жакка чыгып кеткен. Мага ошону гана айткан, бирок кайсы жакка кеткенин мен так билбейм. Издебегиле деген. Канча жүрмѳк эле, бир күнү келип калар» деди. Баарылап аны сыр катканы үчүн урушуп алып отуруп калдык. Мен абдан ыза болдум. Ал бир гана оорулуу уулунан качып кеткенин билип жүрѳгүм жанчылып кетти. Канынан жаралган баласынан тажап кеткенин мен гана билип турдум. Катуу таарындым. Заматта жек кѳрүүм ашынып, аны кѳргүм да келбей калды. Бул кабар эс тартып калган балдарым үчүн да оор болду. Ачуум менен кайын журтумдан да кол үздүм.

«Баарын бирге кѳтѳрсѳк жеңил болмок»

            – Анын бизди таштап кеткенин ачык билген соң менде бир кайрат пайда болду. Белимди бек бууп, тиричилигимди тың кылууга тырыша баштадым. Улуу балдарым удаа мектепти аяктап студент болушту. Элден кем болушпасын деп жанталашып окуттум. Алар окуудан келип оорулуу инисин карашат, мен жүгүрүп базарга жѳнѳйм. Каш карайганча туруп соода кылып жүрүп эки студентти дипломдуу кылдым. Бирок бул жылдар мага оңой болгон жок. Далай ирет жалгыздыктан кабыргам кайышып, майтарылдым. Канча жолу жолдошумдун карылуу ийинине башымды катып ыйлап алууга зар болдум. Эч нерсе кылып бербесе да жанымда эле туруп койсо эмне деп зарладым. Керек болсо бир кездеги таарынычымдын баары таркап, кечирүүгѳ даяр болуп калдым. Босогомду эле аттам кирип келсе кучак жайып тосуп алгым келчү. Бирок ал келбей койду. Тымызын сураштырып да жигин биле албадым. Балким ѳлүп калгандыр деп ойлоп алып аза боюм дүркүрѳп кетчү. Мейли кайда болбосун аман жүрсѳ болгону деп дуба кылып коём ичимден. Ал оор жылдарда кайын журтумдун кол сунушун да күттүм. Бирок бирѳѳ да басып келбеди. Кыязы жолдошум аларды да тыйып, бизден алыстатып койсо керек. Анын орой мүнѳзүнѳ бир туугандарынын баары баш ийишчү. Акыры алардан да түңүлүп таптакыр жалгыз калдым. Кызымды турмушка узатып, куда-сѳѳктү жалгыз узаттым. Уулум болсо жакшы кызматка орношуп чет жакка иштеп кеткен. Үйдѳ оорулуу уулум экѳѳбүз эле турабыз. Ал азыр жыйырмадан ашып жигит болду. Атасынын жаш кезине абдан окшош. Кѳргѳндүн баары таң калышат. Шал экени чын, бирок акыл-эси жайында десем болот. Экѳѳбүз кадимкидей сүйлѳшѳбүз. Анын тилин толук түшүнѳм. Жанымда болгондо сен да билмексиң, Нурболот. Уулуң баягы кичинекей кезиндегидей мени кыйнабайт. Сойлоп болсо да ажатканага ѳзү барып келет. Тамакты тѳгүп-чачса да ѳзү жейт. Экѳѳбүз бир маал сейилдейбиз, чогуу отуруп телевизор кѳрѳбүз. Айтор элден калбай тиричилигибиз ѳтүп жатат. Сен жаныбызда болсоң мындан да жакшы болмок. Бизден качып кетип кандай күнгѳ жеттиң экен?.. Чексиз бакытка тунуп калганыңдан шегим бар. Буюрса жакында дагы бир неберелүү болобуз. Ар бир неберебиз тѳрѳлгѳн сайын сени жоктойм. Алар болгон кайгыны унуттурушат экен. Эгер кааласаң кайтып кел, балдарымдын атасы. Мен сени кечирдим. Эгер келсең мени бырыш баскан жүзүмдѳн улам тааныбай каласың го деп ойлой берем. А мен сени баягыңдай эле жаш, сулуу, нурдуу жигит элестетем.   

Гүлайым Калыбекова, Леди KG

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here