Актан: “Жубайым абдан кыйын аял”
Феруза: “Актан кийин той беребиз деп мени алдап кеткен”
Ачык-айрым, тамаша сөздөрүн аралаштыра сүйлөшкөн жубайлар, тамашоучу, актёр, алпаруучу Актан Рыскелдиев менен жубайы Феруза апта каармандары. Түгөйлөрдүн махабат багын чогуу ачабыз.
Актан, Феруза, кайдан табышкансыңар?
Актан: — Экөөбүз бир окуу жайда окуганбыз. Мен 4-курста окуп жатканда Феруза жаңы окууга тапшырган. Активист катары факультеттер аралык КВНге башка курстардын студенттерин мен тандап, даярдачумун. Биздин мамиле ошондой күндөрдүн биринде башталган. Негизи, Ферузаны көргөндө эле жакшы жубай боло аларын сезгем. Билбейм, эмне себептен, мен кыздардын колдоруна карап баа берчүмүн. Ферузанын сулуу, кам көрүлгөн колдорун биринчи жактырып, анан өзүнө көңүл бургам.
Феруза: — Мага Актан жигит катары жакчу эмес, чынында. Бирок активист катары жогорку баа бергем. Анан репетиция учурунда, дегеле кайда барбайын жанымда жүрүп кантип жакшы көргөнүмдү өзүм да байкабай калдым.
Канча убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан баш коштуңуздар?
А: — Экөөбүз алты жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2014-жылы баш коштук. Үйлөнүү сунушун деле шаан-шөкөтү жок оңой эле киргизгем. Эл көрсүн деп 101 роза алып келип, тизелеп отуруп колун сураган эмесмин. Баары бат-баттан эле болуп кеткен. Анда шаарда өзүбүздүн үйүбүз жок болчу, батирде жашачубуз. Апама айтсам “өзүбүз батирде турсак, байлыгыбыз деле болбосо, кайсы үйгө келин алып келип, калыңына кайсы акчабызды беребиз” деп маанайы түшкөн. Апама бизге эч нерсенин кереги жок экендигин айтып көндүргөм. Феруза да абдан түшүнүктүү. “Байлык-бийлигиңдин кереги жок, жанымда эле болсоң, мага ошол жетиштүү” деп айткан. Ошентип, эч кимге айтпай эле, ата-эне, бир туугандарым менен үйүнө барып алып, Ак-Сууга барып кичинекей той кылып эле үйлөнүп алганбыз.
Ф: — Мен эрте эле турмушка чыккым келчү негедир. Ошондуктан “эки жылдын ичинде ал” дегем. Кийин мен Орусияга окууга кетип, эки жылыбыз алты жылга айланып кетти. Үйлөнгөндөн кийин той беребиз деп айткан, негизи. Анан алдап кетти (күлүп). Азыр деле тамашалап “качан тоюбуз болот?” деп сурай берем.
Жубайыңыздын улуту башка экендигин ата-энеңиз кандай кабыл алышты эле?
А: — Мен башынан эле ата-энеме “улутуна карабайм, башкысы, мусулман кызы болсо, өзүмө жакса үйлөнө берем” деп айтчумун. Ошентип айтып койгонум жакшы болгон экен. Жубайымдын атасы өзбек улутунан болсо, апасы кыргыз. Чолпон-Ата шаарында төрөлүп-өскөн. Өзбек тилинде сүйлөбөйт, бирок түшүнөт. Анан үйлөнө электе эле Ферузаны үйдөгүлөр менен тааныштырып койгом. Ошондуктан ата-энем жакшы эле кабыл алышкан. Ферузаныкы деле каршы болушкан эмес.
Өзбек салттарын да карманасыздарбы?
А: — Өзбектердин салтынан бизде палоо басмай эле бар. Кайнатам мага палоо басканды үйрөткөн, азыр келинчегим “сенин палооңду сагындым” дегенде жасап берип турам.
Азыр эки балалуу болдуңуздар, дагы канча балалуу болууну каалайсыздар?
А: — Менде аталык сезимдер кийин, тун уулум Жантай басып, тили чыга баштаганда ойгонгон. Азыр эки баламды көрмөйүнчө тура албайм. Жумуштан үйгө түн ичинде барсам дагы уктап жаткан жеринен өпкүлөп, жыттагылап алып анан жатам. Экөө тең мага аябай жакын. Феруза кичинекей кезинде апасына “жүз бала төрөйм, элүүсүн силер, калганын күйөөмдүн ата-энеси багат” деп айтчу экен. Албетте, Кудай ден соолук берсе 7-8 балалуу болгубуз келет.
Актан, бала багууда жубайыңызга жардам бересизби?
А: — Негизи, жубайым аябай кыйын. Мен гастролдоп бир айга кетип калган күндө деле эки балабызды эч кимден жардам сурабай өзү эле бага берет. Ооруп калса бат эле айыктырып алат, ийнелерин өзү саят. Экинчи балабыз төрөлгөндө мен жанында эмес болчумун. Улуу баламды жетелеп, бир колуна баштыгын көтөрүп алып төрөт үйүнө жөө барып өзү эле төрөп койгон. Мен Токтогулдан келип, төрөт үйүнөн чыгарда кайра Ошко кеткем. Ал күнү деле өзү чыгып, эки бала менен үйгө барган. Айтор, абдан кыйын. Мен деле Феруза бир жакка кетсе балдарымды карап кала берем, бирок экөө менен эшикке чыгууга нервим чыдабайт.
Ф: — Абдан жакшы карайт, бирок үйдү болушунча чачышат. Булардан кийин үйдү бир жума жыйнайм.
Феруза, сиз эмне менен алексиз?
Ф: — Мен беш жашымдан баштап эле ата-энеме айтпай көл жээгиндеги эжелердин пирожки, жүгөрүлөрүн алып сатып иштей баштагам. Окуп жүргөндө тейлөөчү, менеджер-уюштуруучу болуп иштеп жүрдүм. Бирок окууну аяктаганда турмушка чыгып кетип режиссёрлук кесибим менен иштей элекмин. Өзүм деле жулунуп иштейм деген жокмун. Себеби балдарым чоңойсо ансыз деле көп жанымда болбой калышат. Ошондуктан азыр бүт убактымды эки балама арнайм. Анан жакында үч кыз биригип айымдарга арналган долбоор түздүк. Долбоор аркылуу мага окшоп үйдө отурган айымдарга мастер-класстарды өткөрүп, айына бир жолу жолугушуу уюштуруп турабыз.
Учурда үй-бүлөлүк вайндарды да тартып жүрөсүздөр, бул кимдин демилгеси?
А: — Өзүм юморист болгондон кийин вайн тартуу идеясы алгач мага келген. Келинчегим да Искусство университетинде окуганга актёрлукка чымыны бар. Окуусун Орусиядан бүтүрүп келгенге, керек болсо менден да күчтүү актёр. Кээде идеяларды келинчегим айтат, а көбүн күтүлбөгөн жерден мен айтып, анан тартабыз. Атайын пландап көргөн эмеспиз. Эгерде пландасак көп вайн тартмакпыз.
Чыгармачыл адамдын убактысы тар болот дешет, сиз кайсы учурда үй-бүлөңүзгө убакыт бөлөсүз? Жубайыңыздын көңүлүн кантип алып турасыз?
А: — Ооба, чынында, менде убакыт тар. Күз мезгилинде эртең менен кетип, түн ортосунда келген күндөрүм көп болуп жатты. Ушундай убактарда деле келинчегимдин жакшы көргөн суши, пиццасын көтөрө келип же түнү менен азык-түлүк же башка керектүү нерселерин алып келип коюп турам. Айтор, бош убактым болору менен үй-бүлөм менен чыгып дүкөн кыдырып, паркка алып барып эс алдырып турам. Көңүлүн дагы күтүлбөгөн белектер менен алып турам. Негизи, аялзаты менен чай үстүндө 15 мүнөт жакшы сүйлөшүп койсоң, болду, бир жумага жетчүдөй энергия топтойт.
Жолдошуңузга кандай колдоо көрсөтүп турасыз? Кызганбайсызбы?
— Негизи, мен аябай кызганчаакмын, бирок ашыкча уруш-талаш болбосун деп анымды көрсөтпөйм. Өзүм билем да жумушун. Мен дагы жумушка чыксам эркек кишилердин арасында иштеп калышым мүмкүн. Ошондуктан көп жерде көзүмдү жумуп коём. Негизи, кызганууга себеп деле жок.
Уруштун көбү каражаттан келип чыгат дешет. Сиздер акча маселесине кандайсыздар?
А: — Менин колум ачык, мартмын. Ошондуктан үй-бүлөнүн капиталын келинчегим карайт, бөлүштүрөт. Келинчегиме ишенем, ал акчаны башкача кармайт. Сөзсүз түрдө акча сактап койгон болот. Бизде деле кризис болуп турат. Андайда эч кимге айтпай эле Ферузанын сактаган акчалары менен чыгып кетебиз. Негизи, үй-бүлө кургандан кийин тапкан кирешең эки эсе көбөйөт экен. Балдарың төрөлгөндө андан да ашат.
Үй-бүлөдө кичүү уул болсоңуз да, ата-энеңизден бөлөк жашайт экенсиздер.
А: — Анткени карындашым жана байкем бар. Экөө тең бойдок. Биз өз алдынча жашап, бутубузга туралы деп бөлүнгөнбүз. Эми байкем үйлөнөрү менен ата-энемдикине барабыз, ата-эне менен жашаганга эмне жетсин.
Ф: — Мен таята, таене, чоң ата-энелеримди көргөн эмесмин. Ошондуктан балдарым жакыныраак болсун деп чогуу жашагым келчү. Бирок эки жылдан кийин эле бөлүнүп кеттик.
Бүгүнкү күнү ажырашуунун саны көп болуп жатат. Негизи, үй-бүлөнү кантип сактап калуу керек? Ар бир үй-бүлөнүн өз принциптери, закону болот эмеспи, өзүңөрдүкү менен бөлүшө кетсеңер?
А: — Жаш үй-бүлөлөр “мүмкүн, ажырашабыз” деген нерселерди ойлобошу керек. Тескерисинче, үй-бүлөнү сактап калуунун жолдорун издеши керек. Ажырашуу динде да жаман нерсе. Ажырашуунун алдын алуу эркектин колунда. Эркек киши канчалык ажырашпайм деп аракет кылса, үй-бүлө ошончолук бекем болот. Эгерде андай болбосо, кайын журт, келинчегиң аракет кылабы, баары бир башканы карап кете берет. Ошондуктан эркек чечкиндүү болушу керек.
Ф: — Менин жаш келинчектерге берер кеңешим, тилди көп жерден тартып коюш керек. Айымдар амалкөй болобуз, дароо мээсин жей бербей, эркектерди алдап койсо болот. Эркектер деле иштеп, аракет кылып жүрүшөт. А биздин оюбуз дароо башкага кетет.
Айгерим Токтобай кызы