Негизгиге Ааламда Аскерде кандай кызыктуу окуяга кабылгансыз?

Аскерде кандай кызыктуу окуяга кабылгансыз?

502

Окуучулук, студенттик күндөрдөн кийинки кызыктуу учур – аскердеги унутулгус күндөр болуп саналат. Өзүн алып жүрүүдөн баштап, тарбия, мамиле тууралуу үйрөткөн мектеп десек да болот. Ал мектеп да кызыктуу мүнөттөргө бай, унутулгус эмоцияларды тартуулайт. Белгилүү инсандарыбыздын аскердеги кызыктуу окуялары тууралуу угалы.   

Мурат Мамбетов, актёр: “Барып эле дене табым көтөрүлүп ооругам”

  • Мен үчүн аскерде кызмат өтөө абдан оор болгон. Жаңы барып ротага түшкөндө эле дене табым көтөрүлүп лазаретке жатып калгам. Кыйналып барганга дарыларды берип, ийне сайганда эле уктап калыптырмын. Эртең менен көзүмдү ачсам бир топ жоокерлер мени тегеректеп турушуптур. Андайды күтпөгөн жаным чочуп кетиптирмин. Алар менден улам абалымды сурап жатышты. Ичимден “жоокерлер да ушундай боорукер болушат экен” деп ыраазы болуп коём. Жакшы экенимди айтсам бирөөсү “өзүңдү жакшы сезсең, ме!” деп колума швабраны карматып койду. Айла жок, туруп пол жуугам. 

Кубик Калыков, куудул: “Балдарды сүйүнтөйүн деп “наряд” алгам”

  • Мен 1987-жылы Москва шаарында кызмат өтөгөм. Бизди күнүгө “рота, тургула!” деген жагымсыз үн саат жетиде ойготор эле. Бир күнү мен нөөмөткө туруп калдым. Анан “балдар бир күн болсо да ошол сөздү угушпасын, аларга жагымдуу болсун” деген жакшы ой менен аспаптардын арасынан аккордеонду алып, жетиге бир мүнөт калганда бир музыка ойнодум. Балдар бир-бирден ойгонуп жатышты. Бардыгы сүйүнүп, мен ойлогондой эле болуп жаткан. Анан кимдир-бирөө ротанын чоңуна айтып коюптур, бул жакшылыгым үчүн мага “наряд” берилген.

Тотомидин Жолдошев, ырчы: “Гранатомёт менен башын жарып коюпмун”

  •  Биз 1996-жылы аскерге барып, тажик-афгандын чек арасында тажиктерди коргогонбуз. Мен гранатомётчу болчумун. Аны дайыма асынып жүргөндүктөн катарга тизилгенде эң акырына турушум керек. Бир күнү эртең менен “тревога” болуп калды. Чуркап барып эле акырына турсам, бир бала кечигип келип менден кийин туруп калыптыр. Анын турганын көрбөй калган экенмин. Командир келип “оңго!” деген буйрук бергенде шарт бурулсам жанымдагы бала “топ” этип кулап калса болобу. Көрсө, гранатомёттун аркасы анын башын жара коюптур.

Омар, ырчы: “Аскерге өзүм суранып баргам”

  • Кичинекей чагымдан ата, агаларымдын аскердеги сүрөттөрү, окуялары мага абдан кызык болчу. Ошон үчүн “мекенимдин алдында аз да болсо кызматымды өтөп келейин” деген максат менен аскерге өзүм суранып баргам. Ал жакта мен 15 баладан түзүлгөн чакан аскер бөлүктү карачумун. Музыкант болгон үчүн ритм жакшы болуп, менин аскерлерим бир калыпта жакшы баскандардын алдыңкысы болгон. Аскерде кызыктуу окуялар көп болот. Айрыкча орозо кармаганыбыз эсимден кетпейт. Күндүн ысыгында  талаада чуркап, суусуз жүрүү башында кыйын болгон. Күндөр ушунчалык узак сезилчү. Кээде талаага барып таштардын үстүндө, кескелдирик, кумурскалар менен аралашып уктачубуз. Балыкчынын абасы шамалдуу го, жөтөлгөн балдар көп болчу. Аскердик кызматымдын аягында Бишкектен көп ырчылар барып жогорку деңгээлдеги концерт коюп беришип, аскерлерге унутулгус майрам тартуулап беришкен.  

Ильяз Андаш, ырчы: “Бир даана тамекинин таштандысын көмүп келгенбиз”

  • 2006-жылы окуума байланыштуу эки айлык кыска мөөнөттүк аскерде кызмат өтөөгө Кой-Ташка бардым. Бир жолу прапорщигибиз жерден бир даана тамекинин таштандысын таап алыптыр. Кимдики экенин сураса эч ким мойнуна албай койду. Анан эртеси эртең менен тревога кылып баарыбызды тургузуп, 23 килограммдык атайын кап карматып, колдорубузга автоматтарды берип туруп баарыбызды аянтчага айдап чыкты. Замбилге баягы таап алган тамекини салдырды да, тогуз километрлик алыстыктагы тоого алып барып, жерди терең каздырып таштандыны көмдүргөн. Ошондо бир күнүбүз бир даана таштандыга кеткен. Тамактанбай туруп кеткенбиз да, баарыбыз ачкабыз. Же суубуз жок. Ошол окуядан кийин чылым чеккендер азайып калды. 

Мүзүр Мамбетов: «Кийимдерибизди кызганып кыркып чыкканбыз»

  • Мен 1995-1997-жылдары Баткенде аскердик кызматта болдум. Аскерге биринчи барганда бир жерге алып барып текшерип, анан аймактарга бөлөт экен. Баарыбыз катарда турганда «старший служащийлер» ар бир бирибизди карап «мунун курткасы, мунун шымы жакшы экен» деп алууга тандап башташат экен. А биз кетип баратканда кайра кийип кетишибиз керек да. Анан мен «буларга бергенден көрө кел айрып салабыз» деп сөз баштап, баарыбыз кийимдерибизди ар кайсы жеринен лезвие менен тилип салдык. Көрсө, кийинки бөлүккө чейин дагы бир канча километр жерди жөө басып барышыбыз керек экен да. Ошентип, кийимдерибизди кызганып жатып ит талап кеткен немедей тытык кийимдерибиз менен барганбыз. Көчөдөгү элдер бизди таң калуу менен карашкан. 

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуПайдалуу ундардан жасалган нандар
КийинкиАсхат Абжанов: Баладан кечирим сурагандан уялбаңыз