Ушу тапта дүйнө жүзүнүн назары дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедовдо болуп турат. 32 жаштагы мушкер карьерасын жыйынтыктап, мындан аркы жашоосун жакындарына арнай турганын билдирди. Анын сөздөрү күйөрмандарынын жүрөгүн ого бетер жылытып, мушкерге болгон сый-урматын арттырды десек болот. Дүйнөнү багынткан Хабиб кандай үй-бүлөдө чоңойгонуна биз да кызыктык.
Кичинекей кыштактан түптөлгөн келечек
Хабиб Нурмагомедов 1988-жылы 20-сентябрда Дагестандагы чакан Сильди деген айылда төрөлгөн. Мушкерлик булардын тукумунда бар. Атасы Абдулманап Нурмагомедов 90-жылдары Украинанын чемпиону титулуна ээ болгон. Балалыгы спорт чөйрөсүндө калыптанган уулун атасы 5 жашынан баштап колго алат. Ушул жашында биринчи күрөшкө чыгаргандан кийинки мелдештери олуттуу болуп, баласынын келечегине ишенген Нурмагомедовдордун үй-бүлөсү Сильди айылынан Махачкалага көчүп келишкен. 15 жашына чейин кадимки балдардай көчө таптап, мушташып жүргөн Хабиб тынымсыз машыгуу, атасынын катуу талабынан чарчап үйдөн чыгып кетип өз алдынча кароолчу болуп иштейм деп чечкен. Бирок ата-энесинин суранычы менен жана колуна мушкерликтин кассетасы тийгенден кийин олуттуу күрөшкө кызыгып калган.
UFС клубуна 2012-жылы 21-январда кирип, баш-аягы клубдун алкагында 13 жолу рингге чыкса, баары жеңиш менен аяктаган. Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында болгон Джастин Гэйджи менен мушташынан кийин ал карьерасын жыйынтыктады. Атаандашын экинчи раунддан жеңип, күйөрмандарына төмөнкүдөй кайрылуу жасады: “Бул менин акыркы мушташым. Атам каалаган жеңиштерге жеттим, мен айылдан чыккан карапайым баламын. Мен жөнүндө дүйнө жүзү кеп кылат дегенде ишенбей кетем. Ушул күрөшкө чыгарда апамды макул кылуу үчүн үч күн сүйлөштүм. Эгер ата-энеңер бар болсо жанында болгула. Менин апам эле калды, мындан аркы убактымдын көбүн апама арнайм”. Бул расмий билдирүү көпчүлүктү жашытты. Ал эми спорт тармагындагы айрым серепчилер Хабибдин билеги күчкө толуп турган учурда карьерасына чекит койгонун кызуу кандуулук деп эсептесе, кээ бири карьерасы гүлдөп турган учурда баарына чекит коюуга бардык эле мушкердин эрки жете бербесин айтып Хабибдин бул кадамына суктанышты.
“Апамды жакшы көрөм, бирок атама айтпагыла”
Мушкердин эң жакын адамы апасы Патимат Нурмагомедова тууралуу өзүнчө кеп кылганга татыктуу. Үч бир туугандын ортончусу болгон уулун жаштайынан чарбага, короо-жайдагы жумушка үйрөткөн. Агасы окууга кетип, атасы керээлди кечке иштеп үйдөгү мал-жандын түйшүгү Хабиб менен апасына жүктөлгөн. Мушкер маектеринде “үй-бүлөбүздүн айыл-чарба министри мен болчумун” дегени бар. Апасы уулунун мушташканына алгач каршы чыккан. Мугалимдерине чейин барып, баласына көп тапшырма берүүсүн суранган. Убактысы спортко артпай калса деген тилеги орундалган эмес. Атасы аялынын аракеттерин билген соң кескин тыюу салып, уулун баш-оту менен спортко киргизген.
Апасы ушу күнгө чейин уулунун бир да мушташын көргөн эмес. Башталганда башка бөлмөгө чыгып кетип, “кимиси утту?” деп улам башын созуп сурап койгону болбосо, уулунун сабалганын же сабаганын көрүүгө жүрөгү чыдачу эмес. Ал тургай уулуна атаандашын кызыл жаян кылып сабабай дароо эле муунтуп эсин оодара турган ыкманы колдон деп суранат. Өзүнүн баласы эмес, өзгөнүн таяк жешин каалабаган жүрөгү жумшак эне уулунун карьерасын токтотуусуна себеп болду өңдөнөт.
Ал эми атасын таянычым, дем берүүчүм, машыктыруучум деп эскерет. Темирдей тартипти талап кылып, ошол эле учурда шыктандырган жападан жалгыз адамы атасы болгон. Атасынан айбыккан уулу басылмаларга тамаша-чыны аралаш “апамды жакшы көрөм, бирок атама айтпагыла” дегени бар. Абдулманап Нурмагомедов ушул жылдын апрель айында коронавируска кабылып ооруканага жаткырылган. Майдын башында абалы кескин начарлап кетип Москвадагы мыкты клиникалардын бирине которулган болчу. Көп өтпөй Хабиб атасынын абалы туруктуу экенин маалымдаган. Бирок инсульт алып, бөйрөгү иштебей 3-июлда 57 жашында каза болду. “Мен күндө эки ирет машыгам, кокус бир жолкусун калтырып койсом атам жинденип аткандай сезилет, “ата, мен машыгып атам, жакшы формадамын” деп оюмда сүйлөшүп турам, мага ыраазы болуп жылмайгансыйт”,- деп атасын эскерет.
Жубайынын жүзүн кылдат жашырат
Мушкердин жубайы, үч баласынын апасы Патиматтын ысымы кайын энесиникине окшош. Ал жубайын биринчи ирет мектептен көргөн. Сезимдери бала кезинен тутанганы менен кийин Нурмагомедовдордун үй-бүлөсү көчүп кетип Хабиб кыздан алыстап калган. 22 жашында кайра айылга кайтып келип кызды издеп тапкан. Ата-энесине Патиматты аларын айтканда алар куда түшүп 2013-жылы той болгон. Бирок тойго келген 1200 коноктун бири да кыздын жүзүн көрүшкөн эмес. Ушул күндөрү жубайын жакын достору менен туугандары эле көрбөсө, башкалардан жүзүн жашырып келет. Муну мушкердин атасы журналисттерге убагында “бизге чейин бул салт 400 жыл мурда калыптанган, күйөөсү жүзүңдү жап десе жабууга тийиш” деп түшүндүргөн. Патимат бүгүнкү күндө катардагы кожойке, үч баланын тарбиясы, чарбасы менен алек. Аны социалдык тармактан табуу мүмкүн эмес. Хабиб мушташтарынын бирине да үй-бүлөсүн албайт. “Оюңду топтоп машыгууда үй-бүлө тоскоол болот. Кээ бир мушкер аялын жанына алып алат, аларга жардам берсе керек. Жеке мен үй-бүлө мындай уруш-мушташтан алыс болгону оң деп эсептейм”,- дейт.
Мушкерликтен ишкерликке
Мушкер карьерасын 16 миң доллардан баштаган. Ал эми акыркы мушташы үчүн 1 1 млн 540 миң доллар алган. Атасы көзү тирүү кезинде уулунун иштеп тапкан акчасы өмүр бою жетерин ачыктаган эле. Акыркы эки жылдан бери ал Орусиядагы эң көп каражат тапкан спортчу болуп саналат. Бирок гонорары тууралуу мушкер “дайыма бирде көп, бирде аз сандарды көрсөтүшөт. Маалыматты кайдан алышарын да билбейм” дегени бар. Киреше алып келчү булагы катары айыл- чарба тармагындагы бизнесин көрсөтүп келет. Андан сырткары спорттук кийимдердин, кубаттандыруучу суусундуктарды, спорттук тамак-аштарды жарнамалайт. Байланыш тармагындагы бизнесте 25% акциясы бар. “Инстаграмда” 15 миллион катталуучусу бар. Бирок бул тармак киреше алып келерин мушкер жакында эле билген. Олуттуу ишкерлигин айыл-чарба тармагында кеңейтүүнү пландайт. Себеби бала кезинен малга жакын, ал жакынкы айларда 200-300 киши жумуш орун менен камсыз болгудай аракеттерди көрүүдө. Хабиб кайрымдуулук кылууда да каражат аябайт. Ал айылына спорт клубун салдырып берген, “Хабибге кат” акциясын баштап, ондогон мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам бергени маалым. Шарты начар, таза сууга зар болгон Африка өлкөсүнө да миллиондогон долларларды кайрымдуулукка жумшап турганын күйөрмандары айтып келет. Ал эми мушкер өзү дин менен жашагандыктан, кылган ишин эч кимге жарыялабайт.
Анара Дүйшөналиева