Баланын өзүнө болгон баасы жогору болгондо гана келечекте ишеничтүү кадамдарды таштап, жашоосун оюндагыдай кура алат. Бул үчүн ал кичинесинен кетирген катачылыгынан сабак алганды билиши керек. Бала бул нерсеге үйрѳнүшү үчүн ата-энеси билиши керек болгон айрым эрежелерди сунабыз.
- Өзүңүз үлгү көрсөтүңүз. Бала ата-энесин үлгү тутуп, алардай болууну кыялданат. Ошол себептен тарбияны өзүңүздөн баштаңыз. Балаңызга өзүңүздү идеал көрсөтпөй, катачылык да кетирериңизди ыңгайын келтирип көрсөтүп туруңуз. Ата-энесинин кемчилик кетиргенине карабай кыйын кырдаалдан чыгып кеткенин көрүү балага абдан пайдалуу.
- Баланын сырткы эмес, ички дүйнѳсүнѳ кызыгыңыз. Ага күн сайын берчү “кайсы жериң ооруп жатат?”, “бүгүн канча баа алдың?”, “жанагы жаныңда турган кыз ким?” деген суроолорду “эмне тууралуу китеп окуп жатасың?”, “тасмадагы каарман тууралуу кандай ойдосуң?”, “кайсы учур маанайыңды түшүрөт?” деген суроолорго алмаштырыңыз. Бул суроолордон бала анын жашоосуна, өзүнө кызыккандар бар экенин билип, өзүнө болгон баасын аныктайт.
- Сындоо, эскертүү баланын ишенимин жоготот. Балаңызды сындап, улам эскертүү бергенден алыс болуңуз. Чоң кишилердей эле кичинекей нарситенин деле мындан каалоосу өчүп, ишеними жоголот.
- Катачылыгын анализдѳѳнү үйрөтүңүз. Балаңыз жашоосунда баарын биринчи жолу жасап көрүп жаткан чагы. Тажрыйбасыздыктан ал сѳзсүз адашат. Андай учурда катачылыксыз иш болбой турганын айтыңыз. “Сен азаматсың! Эр жүрөк, күчтүүсүң. Дагы бир жолу аракеттенип көр” деген колдоо сөздөрүңүздү аябаңыз. Кемчилигин анализдөөнү үйрөтүңүз. Катачылык – балаңыздын жөндөмүнүн тѳмѳндүгү эместигин эскертиңиз. Бул, болгону, бир нерсени үйрөнүү процесси, өсүүгө карай жол экенин билсин.
- Мыктылыгы эмес, аракети үчүн мактаңыз. Эгер балаңыздын келечегин ойлосоңуз, аны ашкере мактоодон абайлаңыз. “Башка балдардыкы мындай болбойт, сен эле мыктысың!” деп айтуу – аша чабуу. Аны жеткен чеги үчүн эмес, чекке жетүү үчүн кылган аракетин баалап мактаңыз. Ийгилигинин сыры эмнеде болгондугун түшүндүрүп айтып бериңиз.
- Баланы коркуу сезимине туш кылбаңыз. Психологдордун айтымында, балдар коркунучтан улам жалган айтышат. Балада коркуу сезими болбосо алдоону токтотот. Чынчылдык баарына ийгилик алып келерин эске алып, балаңыздын коркуудан улам жалган сүйлѳшүнѳ жол бербеңиз.
- Бала кандай болсо ошондой кабыл алыңыз. Ар дайым чүрпөңүз тарапта болуңуз. Өзгөчө, балаңыз өзүн начар алып жүргөндө. Баланын ичинде да ар кандай эмоциясы бар, адилетсиз болуусу да ыктымал. Ага карабай балаңызды бардык кемчиликтери менен кабыл алыңыз. Анын позициясынан чыкпаңыз. Кандай гана кырдаал болбосун балаңыз сиз аны жакшы кѳрѳрүңүздү сезүүгө тийиш.
- Өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Биз, чоңдор, көпчүлүк учурда баланын оюн эске албай, анын сѳзүн ашыкча, маанисиз катары көрөбүз. Бирок муну менен биз эч качан ишенимдүү баланы тарбиялай албайбыз. Балаңыздан эмне каалап жатканын сурап, каалоосун ишке ашырууда көмөкчү болуңуз. Мисалы, бакчага кайсы кийимин кийгиси келет, кечки тамакка эмне жегиси келет, туулган күнүн кандай өткөрүүнү каалайт. Мунун баарын тандай билген бала келечекте да тандоо мүмкүнчүлүгүн пайдалана билет.
- Дем-күч бериңиз. Эгер балаңыз бир ишти колго алса сөзсүз колдоого алып, дем берип жанында туруңуз. Бирок эч качан анын ордуна ишти бүтүрбѳңүз. Балаңыз бир нече жолу аракет кылса дагы акыры аны ѳзү аягына чыгарсын.
- Башкага салыштырбаңыз. Ѳзү жасай албай жаткан нерсе башка бирөөнүн колунан келип жатканы үчүн бала кабатырланат. Бул тынчсыздануусуна кошул-ташыл кылып балаңызды башкаларга салыштырбаңыз. Андан көрө тиги балага кандай көндүмдөр жардам берип жатканын, ал нерсени өзүндө кантип өнүктүрүүгө болорун үйрөтүңүз. Эгер салыштыруу керек болуп жатса өзүнүн өткөн күнүн пайдаланыңыз. Мисалы, “кечээ күнү такыр окшошпой жатты эле, бүгүн үйрѳнүп калыптырсың” же “бүгүн эки эле ката кетирдиң” деп. Балага бул чоң шык берет.
Балаңызды катачылыгы үчүн жазалайсызбы?
Гүлзада Рыскулова, ырчы: “Жаза менен тарбиялоого каршымын”

— Балдарымды катачылыгы үчүн жазалабайм. Ар бир катасы үчүн эле жаза колдоно берсек бала жалтак болуп калат. Кээде балдарымдын эркелиги ашып-ташып кетет. Анда акырын эскертүү берем. Үч уулум удаа эмеспи, үчөө оюнчук талашып деле уруша беришет. Андайда эч качан бирөөсүн бөлүп алып урушпайм. Анткен себебим, уруш уккан балам башка бир туугандарын жек көрүп калуусу мүмкүн. Ошого бирөөсү ката кетирсе да баарына бирдей эскертүү берем. Дегеле, баланы кандайдыр бир жаза менен тарбиялоого каршымын.
Назми Байзакова, ырчы: “Балдарым көз карашым, үнүмдөн эле сестенип турушат”

— Негизи, балдарды жазалабаганга аракет кылам. Биринчи катачылыгында жөн гана сүйлөшүп, түшүндүрүп айтам. Мындай түшүндүрүү ишин экинчи, үчүнчү ирет да колдоном. Эгерде төртүнчү ирет да ката кетирсе катуураак айтканга туура келет. Менин эң катуу жазам ушул – үнүмдү бийик чыгарып, кабагымды бүркѳп калам. Балдарым ошол көз караш, бийик үнүмдөн эле сестенип калышат.
Аскат Сулайманов, актёр: “Балдарым кичинесинде какыс-кукус кылып койчумун”

— Ачыгын айтканда, балдарым кичинекей кезинде какыс-кукус деле кылып койчумун. Бала 12 жашка чыкканча минтип жазалап койгон деле туура. Өзүмдүн балам да, бир жерин сындыра чаап же катуу урбайм дегендей. Балдарыма азыр катуу жаза колдонгум келбейт. Ошол эле кезде өз эркине да койбойм. “Балам, муну мындай кыл” деп акырын айтам. Эгер аябай ачуума тийип баратса анда катуу урушуп калам. “Балага такыр тийбеш керек” дегендей, биз Европада жашабайбыз. Биздин менталитет башка. Өзүм деле катуу тарбияда, таяк жеп эле өскөм. Апамдын катуу тарбиясынан жаман адам болгон жокмун.