Негизгиге Менин наристем Балаңыздын эс тутумун жакшыртыңыз

Балаңыздын эс тутумун жакшыртыңыз

2020

Эс тутум – адамдын күчтүү куралы. Анын күчү менен адам терең билим алып, кѳп тил билет, кызыктуу маалыматтарга байып, жаңы маалыматтарга тез ээ болот. Сиз балаңыздын ушундай ийгиликтүү болуусун кааласаңыз, анын эс тутумуна азыртан кам кѳрүңүз. Сиздин аракет балаңызды сѳзсүз ийгиликке жетелейт.

Адамдын эс тутуму 25 жашка чейин күчтѳнүп жүрүп отурат. 40-45 жашка чейин бир калыпта кармалып, 50 жаштан баштап начарлоого ѳтѳт. 25 жашка чейин ар кандай кѳнүгүүлѳрдүн, туура тамактануу жана башка эрежелердин жардамы менен эс тутумду машыктырып, мыкты деңгээлге кѳтѳрүүгѳ болот. Бала канчалык кичинекей болсо, анын эс тутуму ошончолук күчтүү болору аныкталган.

Эс тутумду жакшыртуучу азыктар

1. Балык. Негизи эле балык эң пайдалуу азык экендиги маалым. Анын ичинде лосось, скумбрия, сардина, тунец сыяктуу майлуу сорттогу балыктар мээ клеткаларын азыктандырышат. Андагы D витамини айрыкча мааниге ээ. Баланын менюсунда жумасында жок дегенде бир жолу балык болсун.

2. Жумуртка ушул эле D витамини менен камсыз кылуучу дагы бир пайдалуу азык. Белгилүү болгондой, жумуртка – белоктун булагы. Ал эли эс тутумга жумуртканын сарысы салым кошот.

3. Суу. Мыкты иштеген мээде эс тутум да мыкты болот. Ал эми мээнин жакшы иштеши үчүн нейрондорго кычкылтек жеткиликтүү болушу шарт. Дал ушул кычкылтекти мээге суу гана жеткире алат. Балаңыздын сууну жетиштүү ичишин кѳзѳмѳлдѳңүз. Ѳзүңүз да ичиңиз.

4. Мисте жана грек жаңгагы. Маалыматты эске сактап калуу менен бирге маалыматтарды тез иргѳѳгѳ В6 витамини зор салым кошорун аныкташкан. Ал эми В6 витамини мистенин курамында эң кѳп кездешет. Ошондой эле грек жаңгагы да мыкты эс тутумга салым кошкон пайдалуу азык.

5. Цитрус жемиштери. Ар кандай себептер менен эс тутум начарлап же таптакыр жоголуп кетиши да мүмкүн. Мындай шартта эс тутумду кайтаруу милдетин С витамини колго алат. Ал эми С витаминине эң бай азыктар цитрус жемиштери: грейпфрут, апельсин, киви, ананас. Ошондой эле чычырканак, укроп, помидор, алма.

6. Шоколад. Туш келген шоколад эмес, курамында какао камтылган кара шоколад эс тутумду жакшыртат. Себеби какаодо кан айлануу менен мээнин иштѳѳсүн жакшыртуучу флавоноид антиоксиданты бар. Ал эми кара шоколад ѳзү маанайды кѳтѳрѳт. Жаркын маанайда жүргѳн адамдын эс тутуму мыкты болору аныкталган.

Эс тутумду жакшыртуучу оюндар

“Кѳз таңмай” Бала кезде баарыбыз ойногон бул оюндун эс тутумга зор салым кошорун билчү белеңиз? Кѳрсѳ, кѳздү таңып туруп кармаган адамын кийип жүргѳн кийими аркылуу таануу эс тутумду машыктырат экен. Илим бул оюнду кичинекей балдарга эле эмес, чоңдорго да сунуштайт.

«Эмне жоголду?»

Балаңыз менен чогуу беш буюмду тандап алыңыз. Аларды жерге тизип кайсы буюмдар экенин жакшылап эстеп калсын. Эми аны артты каратып туруп буюмдардын бирин алып коюңуз. Бала бери бурулган 30 секунддун ичинде кайсы буюм жок болуп калганын тапсын.

«Айырма тап»

Бул окшош сүрѳттѳрдүн майда кемчиликтерин таап, толуктоо. Гезит-журналдарга кѳп басылчу бул сүрѳт-оюн тапкычтыкка, маани берүүгѳ да машыктырат. Балаңызга ѳзүңүз деле интернеттен мындай сүрѳттѳрдү таап, кагазга чыгарып берсеңиз болот.

Эс тутумду жакшыртуучу кѳнүгүүлѳр:

Элестетүү менен эске сактоо. Балага жомоктуу элестүү кылып айтып бериңиз. Каармандын келбетин, ал жүргѳн жерди шашпай сүрѳттѳңүз. Бала аны канчалык деңгээлде эске сактап калды, текшерүү үчүн кайталап сураңыз. Элестеткендерин сүрѳткѳ тартканы да мыкты натыйжа берет.

Кѳрүү менен эстеп калуу.

Бул үчүн баланы майда нерселерди эске сактоого үйрѳтүңүз. Мисалы, бет келген адамдын 5 майда нерсесин жаттап калсын: топчусун, сѳйкѳсүн, сумкасынын боосун, тырмагын, бут кийимин. Барган жеринен жети нерсени жаттап келсин: дубалда эмне илинип турат, шкафтын үстүнѳ коюлган бир оокат, кандай чайнектен чай куюлду жана башка.

Туура дем алуу.

Терең дем алуу менен мээни кычкылтекке толук кандыруу шарт. Айрыкча тапшырмага жооп берерде, экзаменге кирерде, олуттуу адамдар менен жолугушарда 15 мүнѳт терең дем алып отуруу керектүү маалыматтарды эстѳѳгѳ шарт түзѳт. Ата-эне буга маани берип, баласына үйрѳтүүгѳ милдеттүү.

Жѳѳ басуу да эс тутумду жакшыртуунун негизги жолу. Күнүнѳ 1000 кадам жѳѳ баскан адамдын ден соолугу эле эмес, ой соолугу, акыл-эси да чың болорун аныкташкан. Адистер деги эле адам физикалык жактан канчалык кѳп кыймылда болсо ошончолук мыкты эс тутум болорун айтышып, бул үчүн бийди сунушташат. Бала каалагандай кыймылдары менен бийлеп туруусу да керек.

Манжа менен сезип эске сактоо.

Манжалардын учтары мээ менен түз жана тыгыз байланышта. Андыктан баланын манжаларын кѳп кыймылга келтириңиз. Ал үчүн оюн сезилген пластилин, шуру тизүү, кагаздарды айруу, кумду кармоо мээсине жасалып жаткан кѳнүгүү экенин сиз түшүнүңүз.

Чет тили жана шахмат.

Жаңы сѳздѳрдү жаттоо эң пайдалуу. Бала бир убакта бир нече тилди катар үйрѳнѳ алгандай зор мүмкүнчүлүккѳ ээ. Андыктан балам кичине деген ойдон алыс болуңуз. Ошондой эле шахмат пайдалуулугу боюнча оюндардын падышасы.

Эс тутумду эмнелер начарлатат:

Максатсыз маалыматтар. Балдар эле эмес, чоңдор деле телефонду максаттуу пайдаланууну билишпейт. Аны тиктеп отуруп убакыттын ѳткѳнүн, айланасында болуп жаткан окуяларды байкабай калышат. Минтип маалыматтарды максатсыз барактоо, зарыл эмес жаңылыктарды окуй берүү башты чарчатып, эске тутууну тѳмѳндѳтѳт. Андыктан балаңызга смартфонду маалыматты туура издеп, эске сактап калуу максатында колдонууну үйрѳтүңүз.

Телефон. Бир нерсени ѳз алдынча эстеп калууга аракет кылбастан техникага таянуу эс тутумду алсыратат. Техника ѳнүккѳн сайын эс тутум кылчу милдетти смартфондогу ар кандай функцияларга табыштап, эске сактоо аракетин унутуп барабыз. Мындай шартта бала жок дегенде ата-энесинин, мугалиминин телефон номерин жатка билсин, эсепти оозеки же кагазга жазып чыгарсын, манилүү даталарды эскерткичсиз эске сактап жүрсүн.

Иретсиздик. Кимдин кѳп убактысы бир буюмду издѳѳгѳ коросо, демек, ал адам илээндиликтен жапа чегет. Керектүү оокатты дароо таба албоо ойлордун баш аламандыгын пайда кылат. Ою чачыранды адам кармаган оокатын кайда койгонун унутуп калат. Андыктан баланы иреттүүлүккѳ үйрѳтүңүз. Оюнчуктардын баарын аралаштырып бир баштыкка шыкап койбой түрүнѳ карай бѳлүп бѳлѳк-бѳлѳк кутуларга салып үйрѳнсүн. Кийимдерин ирети менен жыйнаганды билсин. Мектеп жашына келгенде окуу-куралдарын тыпырайта күтѳ билгенге жарап калсын. Мындай тартипке кѳнбѳгѳн балада мыкты эс тутум болбойт.

Эс тутум тууралуу жаман ой. Баланын кѳзүнчѳ “эс тутумум начар”, “унутчаак болуп калдым” деген кептерди айта бербеңиз. Балага андан да жаман таасир калтыруучу сѳздѳр “жалдырабай бол эсте”, “кайда койгонун билбейт бул”, “жаштайыңдан ушундай унутчааксың”. Мындай тилдѳѳлѳр баланын эске сактоосун эмес, эске сактап калууга болгон аракетин талкалайт. Ал “мен баары бир унутам”, “жок, эстей албайм” деген ой менен жашайт да, чын эле эне-атасы айткандай жаш күнүнѳн унутчаак болуп ѳсѳт.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуКубаныч Эсенбаев: Улуу балдарым Аселди абдан жакшы кѳрүшѳт
КийинкиЖанат: Элимдин жардамы менен кызыма операция жасалды