Негизгиге Адамга адам тирек Динара: Баламдын өмүрүн алып калган дарыгерлерге абдан ыраазымын

Динара: Баламдын өмүрүн алып калган дарыгерлерге абдан ыраазымын

563

Динара: «Баламдын өмүрүн алып калган дарыгерлерге абдан ыраазымын»

8-март күнү Ош шаарындагы Облустук балдар клиникалык ооруканасында 8 айлык наристенин өпкөсүнө туруп калган ийнени дарыгерлер операциясыз алып чыгышкан. Окуя кандайча болгонун наристенин апасы Динара айым айтып берди.

«Бул окуя мага чоң сабак болду»

— Биз Ош шаарында жашайбыз. Уулубуз Элес жолдошум экөөбүздүн тун балабыз. Жаңыдан ата-эне статусуна ээ болуп жытына тойбой абдан кубанып турган учурубуз. Мындай болуп кетери үч уктасам түшүмө кирген эмес. Негизи, үйдө жолдошум, балам үчөөбүз эле турабыз. Ошол күнү жолдошум жумуштары менен бир жакка кеткен эле. Үйдө кайним бар болчу. Ал сыртта бир иштер менен алек болуп жүргөн. Окуя саат үч-төрттөр чамасында болду. Өзүм бала менен үйдө жөн эле отура бербейин деп балама, өзүмө ылайыктап кийим тигип, кээде элден буюртма алып тигүүчүлүк менен алекмин. Ошондуктан үйүбүздүн бир бөлмөсүндө тигүүчү машина жана тикмечиликке керектелген бардык шаймандар турат. Азыр уулубуз жаңыдан жөрмөлөп жаны тынбай турган учур, абдан шок. Уктаар маалы болуп калган, уктатып коюп анан ишке киришейин деп жатсам жөрмөлөп жүрүп мен иш кылган бөлмөгө кирип кетти. Артынан чуркап жетип эле алайын десем колунда кийимди бычканда бекитип коё турган башында тоголокчосу бар ийнелерди колуна кармап алган экен. Оозуна салып албасын деп колунан алып үстөлдүн үстүнө койсом эле какап, бети-башы кызарып дем алуусу начарлап калды. Көрсө, бирөөсүн оозуна салып жутуп жибергенге үлгүрүптүр. Мунун баары бир мүнөттүн ичинде эле болуп кетти. Акыбалды дароо түшүнүп ооруканага алпарайын деп баланы көтөрүп алып чуркап жөнөдүм. Бактыбызга оорукана үйүбүздүн жанында. Ийненин башында тоголокчосу болгон үчүн эч жерине сайылбай бала дем алып ыйлаган сайын ылдый түшүп отуруп өпкөгө барып туруп калган экен. Дароо рентген аппаратына тарттырып, бир сааттын ичинде врачтар кеңешип ийнени баламдын өпкөсүнөн алып чыгуу үчүн операция бөлмөсүнө алып кирип кетишти. Кудайга шүгүр, ийне уулубуздун эч жерине залакасын тийгизбептир. Дарыгерлер бардыгы ийгиликтүү болуп өткөнүн айтып уулумду колума карматышты. Бул окуя мен үчүн абдан чоң сабак болду. Эмне кыларымды билбей шок абалына түшүп калдым…

«Айрымдар жаман сөздөрдү айтканга үлгүрүштү»

— Ошол ийнени жутуп алган күнү денемди кандай калтырак басса, ошол калтырак дагы деле тарабай турат. Баламды колума карматкыча Кудайга жалынып аман-эсен чыгышын суранып жаттым. Ата-энем, кайын журтум, жолдошум келип мени моралдык жактан колдоп жатышты. Уулумдун өмүрүн сактап калган бардык дарыгерлер жамаатына үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдиребиз. Мындай абалды душманыма дагы каалабайт элем. Адамдын башына кандай гана сыноолор келбейт. Бул окуядан кийин кээ бир адамдардан колдоо сөздөрүн уксак, кээ бирлер абдан жаман сөздөрдү айтып, психологиялык жактан басым жасагандар болду. Ансыз деле жүрөгүбүз ооруп турганда жаман акыбалда калтырышты. Кайсы эне баласын жамандыкка ыраа көрсүн?! Бул бир кокустук болду да. Алдыңда кырсык тооруп турганын алдын ала билсек, анда баары жакшы болуп коргонуп калбайт белек, тилекке каршы, кырсык, жамандык деген айттырбай келет тура. Эң негизгиси, уулумдун акыбалы учурда жакшы, баштагыдай күлүп-жайнап ойноп калды. Азырынча ооруканада врачтардын көзөмөлүндөбүз. Буюрса, жакынкы күндөрү үйгө чыксак мунун баары артта калып, далай жакшы күндөр бизди күтүп турарына ишенем.

Ош облустар аралык балдар ооруканасынын врач-хирургу Эркулов Элмурат Ибраимжановичке кайрылып, төмөнкү суроолорубузга жооп алдык.

Элмурат Эркулов: «Ата-энелер балдарынын коопсуздугуна кам көрүшсө»

—  Саламатсызбы, Элмурат мырза, балага жасалган операция тууралуу айтып берсеңиз…

— Баланын өпкөсүндөгү ийнени бронхоскоп аппараты менен алып чыктык. Бул процесс операция деп аталганы менен өзү жөн гана манипуляция. Башкача айтканда, мында эч жери кесилбейт. Адамга жалпы наркоз берилип, аппарат дем алуу жолдоруна уланып, андагы бөтөн затты сыртка алып чыгат.

— Мындай операцияны абдан кылдаттык менен жасабаса, өмүргө коркунуч жаралып калса керек?

— Албетте, бул баланыкы операциясы абдан ийгиликтүү өттү. Апасы дароо байкап калып бизге алып келгени жакшы болду. Болбосо кээ бирлер шок абалда эмне кыларын билбей туруп калышат. Эгерде ийне өпкөнүн бир жерин тешип кетсе же жөн гана чийип кетсе өпкөгө кан толуп, дем алуусу начарлап өмүрүнө коркунуч жаралып калмак. Кээде өпкөгө бөтөн зат кирип кеткенден улам жаракат пайда болсо, ал пневмонияга да айланып кетиши мүмкүн. Андыктан абдан кылдаттык менен алып чыгуу талап кылынат. Эң негизгиси, операция жасап жаткан врач өпкөнүн анатомия, физиологиясын жакшы билиши керек.

— Статистика боюнча, жылына мындай абалда сиздерге кайрылган балдардын саны канча?

— Жылына биздин ооруканада орточо эсеп менен 54-55 жаш балага бронхоскопия жолу менен операция жасалат.

— Бул жаатта кесипкөй катары ата-энелерге кандай кеңеш бересиз? Эгерде капыстан ушундай учурга туш келип калышса, оорукана алыс жайгашкан болсо, алгачкы жардам кандай болушу керек?

— Эң башкысы, ата-энелер балдары үчүн кам көрүп, мындай абалга жеткирбөөнүн алдын алуу керек. Мындай кырдаалда көпчүлүк учурда ата-энелер коркуп кетип баланын оозунда турган нерсени колун салып алып чыгабыз деп аракет кылышат. Бул жаңылыш аракет. Мындайда, тескерисинче, аны алып чыкпай эле ары жакка түртүп салып өзү дем ала албай араң турган баланын акыбалын андан бетер оорлотуп салышат. Ал аз келгенсип оозунун ичин, тамагын тырмактары менен тытып салышат. Эгерде ушундай учур кездешип калса, баланы дароо колго алып, башын ылдый эңкейтип далыга катуу чабуу керек. Мындай аракет кылууда бөтөн зат сыртка чыгуусуна өбөлгө түзүлөт. Анан «чыкты,болду» деп отуруп калбай дароо ооруканага алып келип врачтын көзөмөлүнөн өткөрүп коюу талапка ылайык.

Асел Эсенбек кызы            

СоӊкуАсел КАДЫРБЕКОВА: Салонума кирген ар бир айым өзүн ханыша сезип чыгуусу керек
КийинкиАйзада: Аяшым экѳѳбүздүн арзуубуз